Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын алкагында  илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Конференция Э.Эрматовдун өмүр-чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма менен башталды. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороев куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соң, ОшМУнун кафедра башчысы п.и.д. Сатканбай Момуналиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, соц.и.д. Маматалы Мурзаев, БатМУнун окутуучусу Анара Миралы кызы маңыздуу баяндамаларын окуду.  Эске сала кетсек, фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, толугу менен…..

Ош шаарында жаш акын-жазуучулардын фестивалы өтүүдө

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалы Ош шаарында жүрүшүн баштады. 29-30-апрелде жана 1-майда өтө турган фестивалга республиканын 7 дубанынан келген жаштар катышууда. Катышуучулар алдын ала жарыяланган сынак аркылуу тандалып алынган. Ыр майрамдын жүрүшүндө катышуучулар Э.Эрматовдун ырларын, Э.Эрматовго арналган ырларын көркөм окуп, Э.Эрматовдун ырларына жазылган обондуу ырлар жаңырды. Иш-чаранын программасына ылайык, 30-апрелде Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда толугу менен…..