Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын алкагында  илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Конференция Э.Эрматовдун өмүр-чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма менен башталды. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороев куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соң, ОшМУнун кафедра башчысы п.и.д. Сатканбай Момуналиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, соц.и.д. Маматалы Мурзаев, БатМУнун окутуучусу Анара Миралы кызы маңыздуу баяндамаларын окуду. 
Эске сала кетсек, фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда  КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун уюштуруусу менен өтүп жатат.