Элдар Аттокуров: Мүмкүн бүгүн, бир падыша төрөлдү?

ЫРДЫН ПИРИ – “ПЕГАСКА”  Жетем деп айга желпинип Сугарбай күндө желдирип Канатын какпай жыгылды Жөө жүрүп калдым энтигип. Көөдөндө түнөп аргымак, Көк жайык көлгө азгырат… Өзөндүн суусун бургандай Көзүмдөн ылдый жаш кулап. Ай алыс, орто, жыл алыс Өмүрдөн биз да жылабыз Аргымак минип өткөндү Тамшанып карап турабыз. * * * Токтобогон кадамдардай арыштап Бара жатат өмүр бизден алыстап, Келер күндүн чыгара албай эсебин Өткөн күндөн неге издейсин  табышмак? * * * Падышалар баштап койду эрөөлдү, Кылычташып күнөөсү жок – эр өлдү. Ошолордун жолун улап кетүүчү. Мүмкүн бүгүн, бир падыша төрөлдү? толугу менен…..