Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы уюштурулду

Прозаиктерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунда Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлык уюштурулду. Адабий сыйлыктын Жобосу менен таанышып алыңыздар. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун адабият жаатындагы Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы улуттук адабияттын өсүп – өнүгүшүнө өзгөчө салым киргизген эстетикалык жана тарбиялык таасири бар, кеңири коомдук таанууга ээ болгон мыкты прозалык чыгармасы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет. Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыкка Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, маданият бирикмелери, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана толугу менен…..