Т.Кожомбердиев: Көлчүктөгү ай

Кумурска көргөн тоо

Келатыптыр жумушка

Кыл муруттуу кумурска.

Топчуну алып колума

Тосуп койсом жолуна:

Тыягынан карады,

Быягынан карады,

Аркы-терки бойлоду

Тоо экен деп ойлоду…

 

Минип жүрүп атын издеген

Түш болгондо Малабай

Жылкыларды санаса,

Бирөө жетпейт караса,

Мына кызык тамаша!

 

Андан-Мындан көрүнүп,

Атын чүлөп теминип,

Издеп жүрөт Малакең

Кара терге чөмүлүп.

 

Тапкан өңдүү акылды

Чоң атасы чакырды:

-Санадыңбы, – деди ал, –

Минип жүргөн атыңды?

 

Алды артына карабай

Кызык экен Малабай!

Издеп жүргөн турбайбы

Минген атын санабай…

 

Түн ортосунда

Түн ортосу. Өчкөн үйдүн чырагы,

Айлананын уктап жаткан убагы.

Ушул маалда көзүн ачып Токторбек

Апасынан алма бер деп сурады.

 

– Көрчү, уулум, үйдүн ичи караңгы,

Ушул кезде ойгоо жүргөн калдыбы?

Укта, секет, энекеңди кыйнабай,

Уктап калды алмалардын бардыгы.

 

Көлчүктөгү ай

Эшикке чыксам укмуш, апа,

Ары бери калтырап,

Чоң көлчүктүн ортосунда

Ай жатыптыр жалтырап.

 

Басып барып акырын

Колум сунуп батыраак.

Жаңы кармап алаарымда,

Сынып калды чачырап.

 

Кетик тиш бөбөгүм

Эки бетин бөрсөйтүп,

Колун сунуп бырсыйтып.

Күлүп калат «кел десең»

Кетик тишин ырсыйтып.

 

Атамды да «апа» деп,

Мени дагы «ап-ал-ап»

Балдар муну укканда,

Күлүп калат «ха-ха-лап».

 

Коёнек

Чуркайт биздин коёнек,

Кулактары сереңдеп.

Карап турам күнүгө

Капустаны белендеп.

Көлөкөсүн көргөндө

Корко берет элеңдеп.

 

Улагым

Энесинен сакалчан,

Төрөлүптүр улагым.

Жакшы багам. Тарткылап,

Оорутпаймын кулагын.

 

Баары бир

Эжекеси Сайра,

Жуугун десе бетин:

– Эртең эле баары бир,

Кир болот, – дейт Бекин.

 

– Көйнөгүң кий, Бекинтай! –

десе эжеси Сайра.

– Кечинде эле баары бир,

Чечем да, – дейт кайра.

 

Айткан тилди укпай,

Бекин мойнун бурады.

Аздан кийин, – мага

Тамак бер, – деп сурады.

 

– Ачып калат курсагың,

Эртең эле кайра,

Андан көрө ичпегин, –

деди эжеси Сайра.

 

Музда

Тайгаланып жыгылып,

Күлүп атат Жайна.

Чана менен бөбөгүн

Сүйрөп жүрөт Айна.

Бир конькичен сороктоп,

Чуркап барат Майра.

– Туруп тепсем баары бир,

Жыгылам деп кайра –

отуруп алып муз тебет,

Томпоңдогон Сайра.

 

Айдын теңин карасаң, атка какчу такадай!

Калкып сүзөт асманда,

Ай иймекей, ороктой.

Аппак нурун жылмайып,

Жерге төгүп коротпой.

 

Айдын теңи асманда –

атка какчу такадай.

Көлөкөсү көлчүктө –

алтын жондуу бакадай.

 

Чоң энесин жетелеп:

– Бол эне, – деп энтелеп, –

– Тигил айдын жарымы,

Чоң көлчүктө жатпайбы,

Көрөлү, – дейт Эркебек.

 

Көлчүк суусун терметип,

Жел жүгүрөт талыкпай.

Айдын теңи калкылдайт

Күмүш жондуу балыктай.

 

Жалкоонун тилеги

Жүрөгүмө майдай тийди ызалык,

Күндө чыгам сабак билбей кызарып.

Кулактарым шыбырды тез угууга,

Кетсе боло бир метрдей узарып.

 

Жашынмак

Токон, Ташын,

Адыл, Ашым,

Жашынышты бачым.

Издеп жүрөт Касым.

Келе жатса Касым

Чыгарып башын:

– Мен бул жерде жокмун, – дейт

Кичинекей Ашым.

 

Айлуу түндө

Көк мейкинге быжырап,

Сансыз жылдыз чачылды.

Ай булуттан жарк этип,

Караңгыны качырды.

 

Айдын нуру заматта,

Аралады токойду.

Бак-дарактар балпаят,

Кийип тонду, чокойду.

 

Дөңдөр жатат катарлаш,

Ак бууралар чөккөндөй.

Кар жылдызы жылтылдайт,

Ак шекерин төккөндөй.

 

Уйку чылап ичине,

Кымыз берип койгондой.

Ай нуруна магдырап,

Жерим уктайт ойгонбой.

 

Жарты баш

Жашын төгүп жамгырдай,

– Аний, кой, – деп Садырбай.

Качып чыкты көчөгө,

Чачын толук алдырбай.

 

Чуркап барды балдарга,

Жылаңайлак, жылаң баш.

Анда балдар кыйкырды:

– Эй, жарты баш, жарты баш!

Карга менен кык талаш!

 

Бул сөздү угуп Сайрадан,

Нурдан, Гүлдөн, Айнадан,

Калкалап башын Садырбай,

Үйүнө качты кайрадан.

 

Менин күчүгүм акжолтой

Кетпей ойнойт жаныман,

Көрбөй калсам сагынам.

Кумшекерге көндүргөм,

Кичинекей чагынан.

 

Бүгүн жаңы кар жаады,

Кубандырып балдарды.

Аздан кийин боёду,

Аппак кылып тамдарды.

 

Көргөн кезде буларды,

Акжолтоюм кубанды.

Шыйпаңдатып куйругун,

Үнүн борс-борс чыгарды.

 

Кар үстүндө сойлоду,

Буртулдатып ойноду.

Кардан чоң-чоң сугунду,

Кумшекер деп ойлоду…

 

Инисине агасы

– Күндө эле ээрчип аласың,

Эми качан каласың?

Түшүнбөгөн айтканды,

Деги кандай баласың,

 

– Сен кетесиң мектепке,

А мен үйдө ар дайым.

Тилиңди алып жүрөмүн,

Эртең үйдө калайын.

Бүгүн эле бир жолу,

Китебиңди мектепке,

Көтөрүшүп барайын.

 

Чычкандар

Найза жасайт чычкандар,

Мышыктардын жүнүнөн.

Жүрөктөрү жарылат,

Мыёологон үнүнөн.

 

Мышыктардын эрдигин,

Жолборсторго теңешет.

Түн ичинде чогулуп,

Өздөрүнчө кеңешет:

 

– Мышыктардай чарчабас,

Күлүк болуп алсакчы.

Же алар менен илгертен,

Дос болушуп калсакчы.

 

Мышыктардай бизде да,

Күчтөр арбын толсочу.

Мышыктардай биздин да,

Тишибиз курч болсочу…

 

Ар түн сайын ушинтип,

Өздөрүнчө кеңешет.

Мышыктардын айбатын,

Арстандарга теңешет.

 

Чоңмунбу же….

Бөбөгүмдү ыйлатсам,

Апам мени «чоңсуң» -дейт. –

Кичүүлөрдү ыйлаткан,

Кантип жакшы болсун дейт.

 

А чоң болсом эмнеге,

Маалим агай «жашсың» – деп,

Албай койду мектепке,

Жетиден жашың ашсын деп?

 

Бөбөктөрдүн суроосу

Күндүн барбы түнөгү?

Курттун барбы жүрөгү?

Кубанганда бизчилеп,

Күчүктөр да күлөбү?

 

Эрмектин эмгеги

Эрмек улам жыгылат,

Өз бутуна чалынып.

Эне көрүп жалбарат,

Эт жүрөгү чабылып.

 

Эки куурай колунда,

Эдиреңдеп кубанып:

– Мына, апа, отун, – дейт,

– Үнүн бийик чыгарып.

 

– Баарын кантип апкелдиң?

Ии, секетим, Эрмегим!

Энесине арнады,

Эң биринчи эмгегин.

 

Күн нуру

Жылтылдатып санатсыз,

Жыбыраган шиберди…

Күлмүң этип заматта,

Күн нурларын жиберди…

 

Уялдырды күн нуру,

Уктап жаткан балдарды.

Сакалынан өпкүлөп,

Эркелетти чалдарды.

 

Күлүп ийип кылтыйып,

Күндүн мурду кызарды.

Кирпиктери чачырап,

Узаргандан узарды…

 

Эми ойлосом

Бак тиккенбиз кык төгүп,

Кудайберген экөөлөп.

Анын талы чоңойду,

Баккан эле бөпөлөп.

Мен талымды сындырып,

Ойногом кууп көпөлөк.

Эми эстесем уялам,

Ошол кезди эселек.

Сындырбасам аларды,

Көлөкөсүн тийгизип,

Өсүп турмак көкөлөп.

 

Кичинекей Анаш

– Кайдан келдиң эңтеңдеп,

Ий секетим, Анашым?

– Кармап келдим көчөдөн,

Мобу өрдөктүн баласын.

Жылаңайлак кызартып,

Үшүтүптүр салаасын.

Боорума кысып жылытам,

Чолок болуп калбасын.

 

Айдын баласы

Эшике чыгып күлүмсүрөйт,

Канатбектин бабасы.

– Бери чыкчы, тентек чүрпөм,

Ай тууптур карачы!

– Көрсөт, ата, кана айдын

Кичинекей баласы?

 

Жүкөн

Картаң эне Күлайым,

Мындай деди Жүкөнгө:

-Туз апкелчи, чырагым,

Чуркап барып дүкөнгө.

-Дайым эле мен барам,

Айтпайсыңбы Бүкөнгө.

 

Кайра эле Күлайым,

Мындай деди Жүкөнгө:

-Алма берип жатат дейт,

Баргандарга дүкөндө.

-Азыр чуркап барайын,

Айта көрбө Бүкөнгө.

 

Жалакай Жантай

Жалбыракка шыбырап,

Жамгыр септи дsбырап.

Чөп үйгөнү бараттык,

Бир топ балдар ыр ырдап.

 

Бир кезекте Жантайбек,

Жатып калды чалкалап,

Энекелеп бакырып,

Эки бутун калкалап.

-Ашымахун бутумду,

Басып кетти талкалап.

 

-Кой, тур, – десек болбостон,

Жантай жатты бырылдап.

Бир кездерде арт жактан,

Күчүк чыкты ырылдап.

Сынайлы деп Жантайды,

Чуркап калсак дырылдап.

Жантайбекти карасак,

Бардыгынан ири алда,

Качып барат зырылдап.

 

Ашым кубанганда

Түшүндө төө кубалап,

Качып барат Ашым.

Төө артынан жеткенде,

Тиштеп алды башын.

Чыдай албай “апалап”,

Төгүп кирди жашын…

Эртең менен ойгонуп,

Ооруйт го деп акырын,

Сылап көрүп башын:

-Сопсоо бойдон тура, – деп

Күлүп ийди Ашым…

Т.Кожомбердиевдин “Көлчүктөгү ай” китебинен