Драматургия

Суранчы Жетимишов, КР эл жазуучусу: Жер кудурети

Катышкандар:

  1. Ажы бий-Ош аймагынын Баргы уруусунун бийи

                                               Алымбек датканын бубасы.

2.Кубат бий-Анжиан аймагындагы Кушчу уруусунун бийи.

3.Эрдене-Кокон калаасынын беги.

  1. Фазыл-Кожент калаасынын беги.
  2. Элчи-Ажы бийдин уулу.
  3. Абдырахман-Эрдененин иниси.

7.Хун Ли-кытай императору.

  1. Чжао-Хой кытай аскер башчысы.

 

Эл өкүлдөрү, бийлер, энелер, аялдар кызматкерлер ж.б. катышат.

Окуя XVII кылымдын 58-63-жылдар аралыгында Фергананын Кокон, Ош аймактарында жана кытай императорунун ордосунда өтөт.

 

I бөлүм

       Ош аймагы.

Адигиненин желеги алдындагы элдик жыйын.

Ажы бий: Туугандар! “Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок” демекчи, элибиз эчен кыйынчылыкка моюн сунбай  биримдикти сактап келди. Учурда туш-тараптан жоо каптап, кайрадан коркунучка кабылдык.

         “Баспай жүргөн жоо беле, кармашпай койчу биз белек”-деп ата-бабаларыбыз айткандай, баягындай сабырдуулукка эрдикке салып, Ата Журттун, эл-жердин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн колго курал алып турабыз.

1-бий Ырас баатыр! Калкыбызды калаба каптап айланабыздын баары душман. “-Аз кыргызды оной эле багынтып алабыз” дешеби, калмактар бир тараптан, кытайлар экинчи тараптан кол салып, тынчыбыз кетти.

Ажы бий Калмактарга да, кытайларга да туруштук бердик.  Манжу-кытайлардын сыпайлары каптап келгенде жерибизге жакын жолотподук.

1-эне   Каканчиндер “кек алабыз” деп, өчүгүшпөс бекен?

Ажы бий  Жоокерлерибиздин каршылыгына туш болушкан кытайлар, чегибизден алыстап, калмактар тарапка сүрүлүштү.

Карыя  Жоо аяган жаралуу. Тийишкендерден аянбайлы.

1-үн Бийим, манжу-кытайлар калмактарга катуу кыргын салыптыр деп угабыз?

1-аял  Алардын кесепети, бизге тийбес бекен?

Ажы бий “Тийбейт” деп болбойт. Канткенде да, абал оор. Этият болгонубуз он.

1-бий Баатыр, калбадан кутулбас болдук. Канткенде бул коркунучтан элибизди аман сактап, кала алабыз?

Ажы бий Кептин баары ушунда. Баарыбыз ушул ой менен чогулуп турабыз. Саныбыздын аздыгына санаа тартчу элек. Тагай бабабыздын урпактары калмактардын катуу кыргынына кабылып, бизге келип кошулушту. Алардын караандары бизге дем. Бири-бирибизге эш болуп, эр-азаматтардын катарын да, күчүн да чындайлы. Жоокерлерибиз калмактардын кетчү жолун бууп, Нооруз менен Сарт ашууларын тосуп, эч кимди жакын жолотпой турат.

2-бий  Баатыр, жакшылар!  Айткылачы? Канткенде коркунучсуз жашоого болот?

1-эне  Ач айкырык, куу сүрөөндөн жадап бүттүк. Качан көрсөң калба.

2-бий Тынч жашай турган, күн болоор бекен?

Ажы бий Бул ой дайыма тынчымды алат. Эркиндикти эч ким бербейт..

2-эне   Кудай кыргызга калбасыз күндү берер бекен?

Ажы бий Аман калуунун элибиз бир аз тыныгып, кубаттанып алуунун жолун издедик.

Үндөр:  Айт! Жолу барбы? Угалы!

Ажы бий Жоо менен жоолашып, саныбыз азайды. Кармашып жүрүп каруудан кеттик. Уккула! Дүйнөдө, эн зор өлкө кытай дейбиз.

Үндөр: –Оо! -Кыргызга кытай эзелтен жоо.

Ажы бий Ошол, кытайлар менен алакага келүү, зарыл болуп турат.

Үндөр –Кантип алака кылабы? -Кытай кылымдап чабышкан жоо эмеспи?

-Айт! Угалы?

Ажы бий   Кытай качан, кайсыл өлкөгө кол салганын билгенин, барбы? Жок!

Үн  Баатыр, сен ишенген кытайлар, калмактарга эмнеге кыргын салып жатат?

Ажы бий Аны да билгенибиз жакшы. Калмак ханы Галдан Церен дүйнө салганда, мураскор Лама Доржудан иниси Дабачы такты талашты. Контайчынын карындашы: “Ата-бабалардан калган эски эреже боюнча, ордодо менин да үлүшүм бар”-деп уулу Амурсанага бийликти алып бермек болду. Талаш акыры барып, чырга айланды. Калмак ичинде өз ара кыргын күч алып, калкынын көбү качууга аргасыз болушту. Абалды байкаган кытай падышасы өкүм чыгарып:

“-Жунгар төбөлдөрүнүн бийлиги жоюлду” деп, төрт ойроттордогу дербеттерди Черинге, кошоуттарды Бонжурга, чоросторду Галдан Церендин балдарына, тыргоуттарды Амурсанага бөлүп берди. Баарын жалгыз өзү ээлөөнү эңсеген Амурсана: -“Казак-кыргыздардан аскер курап, кытай падышасына каршы аттанам” деп, өзүнө баш ийгиси келбегендерге кыргын кылды. Аман калуу аракетиндеги, калмактар баш паанек издеп, туш тарапка чачылып кетти.

Калмактарды биротоло тынчытыш үчүн кытай падышасы сан жетпеген аскери менен Чыгыш Түркстанды каптап, кырып-жоюп талкалады. Алардын калабасы элибизге тийбесин деп, жоо колун тостук. Согуштун кесепетинен, элибиздин   башына мүшкүл түшүп турат.

Калмак-кытайлардын кыргынына каршы, Жаркен, Кашкар Кучар, Ак-Суу, Уч-Турпан, Ак-Чий өрөөндөрүнүндөгү өзүбүздүн кандаш туугандары-быз кыргыз бийлери. “Ойрот-кытайларга каршы аттандык” дешип, кабар жөнөтүшүптүр.

1-бий   Таркы кеткен заман ай!

2-бий  Калаба элге тийбесин деп, курал кармоого аргасыз болуп отурабыз.

Ажы бий Кытай ханы бизге кат жөнөтүптүр. Баарына жарыя болсун!

Кызматкер (окуйт) Бурут журтчулугунун башчысына! “Калмак каны Галдан Церен дүйнөдөн кайткандан баштап, Жуңгарияда кишилер бирин-бири өлтүрүп, журт ичинде бүлүк түштү. Ааламдын ээси болгон биз, алардагы баш аламандыкка чыдап, кол куушуруп отура албадык:

-Иле чөлкөмүндөгулөрдү караткыла, Дабачиге чара көргүлө! Бардык ойрот урууларын тынчтандырып, мурдагы журттарына кайтып кетишине мажбур кылгыла!-деп даңазалуу аскерлерибизди аттандырдык.

Бирок, ойроттор Амурсана бузукунун тилине кирип, кайтадан жандана баштаганда даңазалуу аскерлерибиз таш талканын чыгарды. Амурсана казактарга качты. Биздикилер аскерлерибиз артынан куугун кылып, капыстан сокку урду. Казак Абылай чон кыргында талкаланды. Ушул кезде ойроттор козголоңчунун азгырыгына алданганына өкүнүп, өкүл жиберип, бой сунганын билдиришип, “-Амурсананы кармап беребиз” дешип убада кылышты. Ал Орусияга качып  барып, чечектен каза тааптыр.

Жуңгарлардын жазыгы ушунча оор. Чек ара кыйырларына тынчтык орнотуш үчун аларды кырып- жойгондон башка арга жок. Силер, буруттар жуңгарлардын ишине эч качан киришкен эмессиңер. Бирок, эзелтеден коңушу турасыңар. Бул күндө жунгарлар толук багындырылды. Силердин жеринер биздин чек ара менен ирегилеш болуп калды. Эгер силер казактар сыяктуу биздин дөөлөткө ыктап, баш ийип келсеңер, мен силерге мурдагыдай жашаганга, кийим-кечеңерди өзгөртпөгөнгө мүмкүндүк берем. Мансап даражаларына дайындабайм жана салык төлөтбөйм. Арийне өкүл жөнөтүп, өтүнүч кылсаңар жакшылыгымды, сыйлык-сыйымды аябайм.

Силер салт-санааңар менен ордо мамлекеттен айрымалансаңар керек! Андыктан, биз тарапка өтүштү жана баш ийишти, каалабашыңар ыктымал. Бул өзүңөрдүн ишиңер. Бирок, өзүңөргө караштуу. урууларды эч качан чек ара  бузбагандай тескөө зарыл. Ошондо мен  аскеримди көбөйтпөйм жана тынчыңарды албайм. Жок, жоошуп, тынчыбайт экенсиңер, же империянын чегинен көчүп өтүп, өз билгениңерди жасап, талоончулук   кылсаңар, анда чатакты өзүнөр чыгарган болосуңар. Аскерибиздин каарына каласыңар. Өкүнөсүңөр. Кийин биздин ырайым кылышыбыз кыйын болот!

(Цзюньлун 22-жыл (1957-жыл) Кытай булактарынан).

 

Ажы бий Мына! Кытай падышасынын катына кандай жооп берүүнү чечели .

1-бий    Баатыр! Эртенки күндөрдү эске алалы.

Ажы бий Элдин тагдырына, келечекке кам көрүү баарыбызга милдет. Кеңешип, бир бүтүмгө келбесек, коркунуч күчөп баратат.

2-бий Баатыр! Кытай ханы “Салык төлөтпөйм” –дептир. Эгер убададан тайбаса, казактар сыяктуу ымала  кылып, ыкташып, жашай бербейлиби?

1-бий Кыйшык көз кытайдын, уйгактын  жалбырагындай болгон кагазына кантип ишенебиз?

2-бий Бийим, ата-бабаларыбыз убададан тайбас үчүн чыбык кыркып, шерттенип сөз бекитишкен.

1-бий Баатыр, башка элдер кагазга кат чийип, мөөр, же “бармагын басат”дешет. Ал атадан-балага чейин күчүн жоготпойт” дешет. Ырасбы?

2-бий Биз да өзүбүзгө ыңгайлуу жагын карайлы.

Ажы бий  Кандай шарттарды коебуз?

1-бий “Кытай-кыргыз чек ара бузбай, коңушу, ынтымак жашайлы” –дейли?

Бийлер: Туура, Ынтымак түбөлүк болсун! деп шарт коёлу.

Кызматчы Баатыр, меймандар.  Сизге жолугууну өтүнүшөт?

Ажы бий    Келишсин!

Чжоа Хой  (ийилип)  Нихао Салам!

Ажы бий    Келгиле, меймандар?

Чжао Хой  Урматтуу бурут журтундагы Адигине уругунун бийи.

Ажы бий    Ооба, Адигине уругунанбыз. Атым Ажыбек.

Чжао Хан  Мен кытай императорунун аскер башчысымын.

Ажы бий   Мага караган он беш уруунун бийлери, билерман журт башчылары.

Чжао Хой    Биз Улуу урматтуу аалам эгесинин, тапшырмасы менен келдик.

Ажы бий    Жакшы болот.

Чжао Хой  Улуу даражалуу императорубуз, Адигине уругунун Ажы бийине, чын ыкласы менен ысык салам айтты.

Ажы бий    Улуу урматтуунун саламын кабыл алабыз.

Чжао Хой Улуу урматтуу өкүмдарибиз, сиз жарлыгын жиберди.

Ажы бий    Улуу өкүмдардын көңүл бурганына курсанбыз.

Чжао Хой Урматтуу бий, Улуу императорубуздун жардыгы элинизге маалым болсун. (окуйт) 25-а Императордун жардыгы

“Адигине уругунун Ажы бийине!

Мен ичкериде да, сыртта да бүт ааламдын өкүмдарымын. Мен үчүн биздин дөөлөткө кайрылгандардын баарысы бирдей. Алар биздин камкордугубузга карк болушат. Тынч-аман жашаш үчүн ар ким өз жол-жосунун тутат. Эгер силер, биз менен байланыш түзүп, кабыл алуу каадасына катышууну кааласаңар, келе берсеңер болот. Өзүңөрдүн оордуңарга бир тууганыңарды, же уулуңарды жибергиле. Аларга да сый-сыпат көрсөтүлүп, сыйлыктар тартууланат.”

  (78-бап 24-жыл Цзяньлун (1759-ж. 9-ай) Кытай булактарынан).

Ажы бий Урматтуу өкүл. Биз менен байланыш түзүүгө болгон аракетине ыраазычылык билдиребиз. Ынтымак болууга биз да кызыктарбыз. Эки элдин ортосунда алдамчылык болбостугуна, кандай кепилдик бересиздер?

Чжао Хой Ишениңиз? Императорубузда жаман ой жок. Сиз белгилеген шарттарды келишебиз.

Ажы бий    Өкүл мырза! Элибиздин тагдырына эртенкигине коркунуч болбойбу? – деген кооптонууну жашыргым келбейт.

Чжао Хой  Урматтуу Ажыбек бий, Улуу өкүмдардын сизге байланыш  түзүүсүнүн максаты да ушундай. Эгер мамилеге келишсе “Коңшу  өлкөдөгүлөрдүн баш кийимин да алмаштырбастыгын” мурунку кайрылууда да жана бүгүнкү жарлыгында да белгилеген. Анан да, сиздин эсиңизге салып коеюн. Элюттар (өлөттөр-калмактардын кытайча айтылышы). Силердей эле, көп жылдар боюу биздин чек араларды бузуп, тынч жашоого мүмкүндүк бербей келишкен. Кийин жунгарлар Чыгыш Түркстандагы элдерди өлтүрүп, чаап, тополоң чыгарышты. Ааламдын эгеси, биздин улуу император тополончулардын таш талканын чыгарууга, аймактагы коопсуздукту сактоого даңазалуу аскерлерине буйрук бергенден соң, жуңгарлар   Орусияга качып, сүрүлүштү.

Биздин келишибиз элдин тынч, коопсуз жашоосуна шарт түзүү болуп эсептелет.

Ажы бий    Биздин негизги максатыбыз да, элибиздин коопсуздугун сактоо.

Чжао Хой Мына, эки элдин көздөгөнү максаттары окшош. Улуу урматтуу императордун сизге арнаган чинин, мөөрүн жана жарлыгын элиңиздин алдында тапшыруу мен үчүн чоң сыймык деп эсептейм.

Ажы бий Улуу урматтуу өкүмдарга жана сизге элибиздин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Чжао Хой Урматтуу бий. Ааламдын өкүмдары мага: “-Эгер Ажы бий урмат көрсөтүп, падышанын дидарын көрүүгө дилгирленсе, келе берсин! Ошондой эле өзүнүн оордуна уулун, же бир тууганын жиберсе да  болот. Алыска аттанып чыгыш кыйын десе,  өзүнө ынгайлуу жагын карасын” деп көрсөтмө берди. (78-бап 1759-ж. 9-ай) 13-а Чжао Хойдын маалыматы.

Ажы бий  Уруу башчылары, жалпы элибиз менен кеңешели.

Чжао Хой Айткандай, эгер өкүл жөнөтчү болсоңуз, биздин топ коштоп барарын эске алыңыз!

Ажы бий Сизге, ыраазычылык. Биздин кадырлуу мейманыбыз болуңуз?

Жигит  Бийим, калайык калк! Ишеним берсенер, элдин атынан мен барайын?

Үндөр -О, азамат. Бул жигит өткүр. Колунан келет. Элинин талабын жеткирерине ишенебиз.

Эне     -Эр азамат, элинен аянбайт. Жоопту милдетти алган, жолуң ачылсын!

 

2-көрүнүш

                       Кытай императорунун ордосу

Фаншанжин хан сарайы. Император Хун Ли сейил багында эс алып жүрөт.

Чжао Хой (ийилип) Улуу урматту өкүмдарым. Чыгыш кыргыздарындагы Адигине элинин Ажы бийи сизге саламга, өзүнүн уулун жөнөттү.

Император Кабыл алабыз.

Элчи   (ийилип) Кыргыз элинин атынан салам айтабыз.

Император (баш ийкейт)

Чжао Хой Улуу урматтуу өкүмдарим! Сиздин жардыгыңыз менен буруттардын арасынан эң алгач Ажы бийге, сиздин атыңыздан грамота, чин ыйгарып, жибек жана капчык тартууладык.

Элчи   Сиздин жардыгыңызды алып, таанышып, атам -Адигине элинин Ажы бийи, кабыл алуу каадасына өзүнүн ордуна мени жөнөттү.

Император Жардыгымды кабыл алганына курсантмын.

Элчи  Кыргыздардын карапайым эл башчысы, атам Ажы бий, аалам ээсине чын дилинен салам жолдоду.

Император Мага ичкилер да, сырткылар да бирдей.

Элчи  (сыпатталып оролгон кагазды ачып окуйт) “Улуу урматтуу аалам эгесине! Урмат билдиребиз.

 Учу-кыйырсыз кең мейкинге жабуу болгон, чексиз асман сыяктуу, мүлдө макулуктардын камын көргөн, ашкан адамгерчилик касиети даарыган, ааламда теңдеши жок баатыр, төрт деңиздин ээси, улуу мартабалуу өкүмдар!

Сиз тарабынан өтө бийик урмат менен дайындалган алдыңкы сап аскериңиздин кол башчысы сиздин жардыгын бизге тапшырды.

Атайлап тартуулаган грамота менен мөөрдү алып, кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм. Биз каалагандан да ашык болду. Улуу даражалуу Цзяньцзюнду ушунча узак жерге өкүл кылып жибергенинизге ыраазылык билдиремин.

Баш урган букараңыз буруттардын Ажы бийи мен өкүмдарды туулган күнү менен куттуктаймын.

Бухарадан чыгышка карай созулуп жаткан он беш уруудагы эки жүз он миң адам, бүт бойдон сиздин камкордугуңузга алынарына ишенемин. Бизге чын ыкыластан ыкырарлык кылганынызга ыраазылык билдирип, өзүмдүн ишеничтүү уулумду сизге жибердим.

(78-бап. 24-ж.. Цзяньлун (1759-ж.) 9-ай. Кытай булактарынан)

Император          Биздин дөөлөткө кайрылгандардын баарысы, биздин камкордугубузда болушат.

Элчи   (ийилип) Ыраазылык билдиребиз.

Император          Чын дилден айтылган саламга, мен да курсанмын.

Элчи  Өкүмдарым, айлана-тегерегибизди душман курчап кыргыз элинин абалы оорлоп турат. Сиздин көмөгүнүз тиерине терең ишенебиз.

Император Тынч-аман жашаш үчүн ар ким жол-жосунун тутуусу тийиш.

Элчи  Сизге ишенебиз.

Император Кабыл алуу каадасына арналган салтанат улантылсын!

(Финшанжын сарайындагы кабыл алуу салтанатындагы акындын ыры).

Акын: Балык ойноп, элик эркин секирет,

Ваншу бакта, көңүл ыры чечилет.

Эски будун, жаны эл болуп көрүнүп,

Кеч жамгырдан түсү өзүнчө керилет.

 

Тил салтынын алысына карабай,

Тилектештик байлап турат элдерди.

Оолактангын бирок, тилиң агытпа,

Чек коргошуп, берген иши эң ийги.

 

Паннус турат, бал-бал этип асылып,

Күйгөн оттон бейтааныштык басылып.

Дарбазадан кербен тартып киргенде,

Көз уялткан жарык шоола чачылып.

 

Паннус менен падышаңды билбеген,

Кыргыз бүгүн түш көргөндөй ээленди.

Мөрөй болуп, мааракеге чумулуп,

Дилге шаттык, жакшылыктар тиленди.  (котормочудан)

Аалам өкүмдари Фаншанжын сарайында меймандарды өзү менен бирге Нанван,  Ваншун гүл багында жана паннуста сейилде алып жүрдү.

2-бөлүм

3-көрүнүш

Эрдене (сүйлөнүп) “Кытай өкүлү Ажы бийге байланыш түзгөнү келиптир” дешет. Кытай ханынын максаты эмне? Ажы бий ага кантип жагып калды? Атайлап, чин ыйгарып, мөөр бериптир дейт. Эмне деген кызмат? Эмне деген чин болду экен? Мүмкүн, сүрүлүп келген аркалык туугандарынын көңүлү-деп, чин берип, башчы атап жүрбөсүн?

Башчы болсо эмне? Баягы эле Ажы бий, бир ууч Адигине уруктарынын бийи да! Кытай ханы –“Байланышалы, катташалы” дегенине караганда, өзүнө тең ата кылып, бийлик берип, Ошту өзүнө бириктирип, башкаргысы келеби?

Кокус “хан” деп… Жо-жок. Кантип эле? Андай аталбайт! -Ха-ха-ха кыргызга хандыктын эмне кереги бар? Көчмөн, ар кими, ар тарапта чачылып, көчүп жүргөн кыргыз, хан боло алабы? Бир ордого, хандыкка бириге алмак беле?

Ордо түзө албай, бириге албай жатып, хан боло коймокбу? Хан да, чыкчуу жерден чыгат. Анын эрежеси бар. Кеминде жети атасынан бери бий болуп, эл башкарыш керек. Аны Шоорук атабыз мураскорлоруна эскертип, -“Ордо түптөп, бийлик башкарууну колго алгыла! Жетинчи урпакка барганда, ал өзүн хан атасын. Ага чейин бийлик тизгинин эч кимге бербегиле!” деген.

Ал керээзди аткарууну миң тукумундагылардын ар бири “милдетим” деп эсептейт. Ага чейин анын жерин ээлеп, элин тартып алам. Өзүн куурчак кылып ойнотуп, ишке салам! Ажы бий хан болбойт!

 

             Ош калаасы

Ажы бий (катты окуйт). “Адигинелердин башчысы Ажы бийге!

Кудай биздин уруктагыларга Паргана аймагын каратып, бийлик жүргүзүүнү тапшырыптыр. Талапты аткарбагандар бизге душман болуп эсептелет.

Менин айткандарыма маакул болсоң, Ош аймагындагылардан алым-салык алдырбайм. Сенин башкаруу укугуңду чектебейм.” Кокон бийи Эрдене.

Эрдене! Баары эле сен айткандай боло бербейт! Кечээ эле “Кокондун беги” аталчу элең. Жылма сүйлөп, жылдырып кабар жөнөтүп, өзүңдү “бий” атап, оштуктарга бийлик жүргүзүп, бий болгун барбы?

Сага жагынып, салык төлөгүдөй биз көз каранды эмеспиз, Эсине кел Эрдене!

Ажы бий (аркы-терки  басып)  Кабарды алып келген кайда?

Үн   Сыртта. Жооп күтүп отурат.

Ажы бий Чакыр бери! Ал бизге жакшы ой менен келген жок. Ата-бабалардан бери

киндик каныбыз тамган эзелтеп берки биздин конушубуз Ошту самаган, Кокондун жарамсыз бегинин, жагымсыз талабынын жазасы деп, элчинин кулагын култуйтуп, мурдун мултуйтуп, башын алдырсам болмок…

Мен антпейм. Элимдеги кастарланган кааданы бузбайм. “Түбөлүк коңушу”-деп жазалабайм. Бирок, эскертем.

Абдырахман (жүгүнүп) Элчиге өлүм жок таксыр? Жан соога, бийим?

Ажы бий  -Ооба. Жазалап, колуму булгагым келбейт. Болумуш бийиңе, болорун айтып бар! Алым алмак тургай, “Ош” деп экинчи оозанбасын! Уктуңбу?

Абдырахман  -Уктум, таксыр. Уктум!

Ажы бий  -Эсил кайран бабалары жердеген Кокон кыштагын канча жолу келген жоодон, кимдер, кантип аман алып калганын, ата-жотосун бийлик сересине кимдер жөлөгөнүн билсин! Билбесе, билгендерден сурап алсын! Ош илгертен кыргызга кымбат! Ата-бабаларымдын киндик каны тамган ыйык жер!

Ата конушу үчун тоолук кан-жанын аябайт. Айтып бар, агана! Сугалактанып, суук көзун артып, от менен ойнобосун!

Абдырахман (кетенчикте) Куп болот, таксыр. Куп болот.

 

 

 

 

Кокон  калаасы

Эрдене “Коконду коргогонбуз”–деп, колко кылабы? Коргосо коргогондур. Калкаласа калкалап, тоссо-тоскондур. Мурдагы болгон иштердин изи суубадыбы? Бир кездеги атасы  үчун баласы жооп бермек беле?

“-Бийликти алып берген – биз” дейби? Бийликти алса өзү бийлей бербейби? Бийликтиди, эптеген бийлейт. Бийликке кызыгышса, жапайыдай талаада чачылып жүрө бербей, чогулуп келишип, өздөрү бийлебейби?

“-От менен ойнобосун!” -дейби? Ойногонду ага көрсөтөм! Болбосо, алоолонгон дымагын жалп эттире басып, быкшытып, түтүнгө айландырып, өчүрүп коем.

Токто! Бул дымакты ал, кайдан алды? Же, кытай менен байланышканына эрдемсип жатабы? Жо-ок. Ойлогон оюнда да, сүйлөгөн сөзүндө  да мандем бар! Чин-кытай кыргыздарды неге өзүнө тартып жатат? Кыргыздардан кытайлар сестенеби?

-Ха-ха-ха-ха! Күлкү келе турган иш. Кыргыз кумурска болсо, кытай арстан. Арстан кумурсканы тоготобу? Токто, токто.Ажы бийдин көнүлүн алып, же кытайлар Ошту базарга айлантабы? Андай болгондо, Паргана, Түркстан мусулман колунан кетти дей бер!

Оо куулугу ашкан чин-кытай. Базары менен кимди, кантип пайдаланууну билет! Ажы бий баш болгон кыргыз башыларына чин ыйгарып, жалган убада берип, буюм- тайым тартууулап, өзүнө имерип алгысы бар. Кыргыздар менен кошо Ошу кетсе, Паргана менен Түркстандын оомады кетет Кокон Ошту эч кимге бербейт!

Эрдене  (кыйкырып) -Абдырахман!

Абдырахман  -Лаппай! Мындамын, таксыр?

Эрдене       -Аркадан келген кыргыздарды,  ким дегендер башкарат?

Абдырахман –Маматкул деген карысы бар. Саяктарды Турчу бий, сарыбагыш- тарды Черикчи, кушчуларды Майтык, сарууларды Акбий, кытайларды Каработо бий дегендер бийлейт.

Эрдене   -Алардын, ынтымактары кандай?

Абдырахман  Ит тыркын, Өздөрүн бий бийик сезищип, бирин-бири тоготушпайт.

Эрдене   Ажы бийге ойлору кандай?

Абдырахман  Баарынан эле оюу-дити эски конуштарына көчүп кетүүнүн камында.

Бул жайда аран эле жүрүшөт.

Эрдене        Аларды кетишине ким тоскоол болууда? Же Ажы бий бизден сестенип аларды  кетиргиси келбей жатабы?

Абдырахман Андай эмес, бийим!

Эрдене Анан эмне?

Абдырахман “-Калмактар кыргыздардын эзелки душманы. Калмактар басып киргенде аркалык кыргыздар Анжиан-Ош аймагына жеринерди таштап, качып келгенсинер. Калмактар ата-конушунарды ээлеп алышкан эле. Биз калмактарды кубалаганда алар ээлеген жер, биздики болуп калды. Ал тарапка кетүүнөргө биз гана уруксат беребиз” дешип, кытайлар талап коюшуптур.

Эрдене  А эмнеге, Ажы бийдин артынан кытайга саламга барып жүрүшөт?

Абдырахман Кетүүнү каалашкандар, кытай ханына белектерин тартуулап барышса “-Бийлигими кармасанар салт-сананаарды өзгөртпөйм. Эски журтунарга менин уруксатым менен гана барасынар” дептир.

Эрдене –Абдрахман, сөзүмү кунт коюп ук! Кыргыздар ортосундагы ынтымагын буз! Бирине бирин кагыштыр. Кылган мээнетинин ырааты  бар. Канчалык ортолоруна от таштап, ырктарын кетирсен, Оштун бийлик тизгини сенин колуна тийет.

Абдырахман Айтканыныз аткарыларына бөркүнүздөй ишениниз, таксыр.

 

6-көрүнүш

Кожент калаасы

Абдрахман менен Фазыл бий

Абдырахман (жагынып) Таксыр? Экөөбүздүн гана ортобуздагы бул иш,  купуя болушу керек! Байланышканыбызды жан билбесин? Сизге келгенимди, башка    бирөөлөр укмак тургай, туйбасын! Купуянын кулпусу, экөөбүздүн гана колубузда болсун, таксыр?

Фазыл бий Купуялуу иштердин эченине кулпу салган мына бул баш, эчен сырлардын күбөсү болуп, бышкан. Сен мадыра баш, аны билбей, эмне деп дөөрүп жатасын!

А мен жөндөн-жөн “Фазыл шайтан” аталбасам керек? Же, “Фазыл шайтандын оозу бош” дегендердин бирөөсүн тапчы? Баштарын алып, же тилин кесип, алдына коюп берейин?

Абдырахман Жоо, жогуңуз таксыр? Андай шекти, бир да жандан, түк уккан эмесмин.

Фазыл бий Эмесе, күмөндөбөй ачык сүйлө! Болорун айтышалы. Болбосо, сенин келишиң, бирөөлөргө шек туудурбай койбойт.

Абдырахман Күмөндөбөңүз, таксыр? Менин акылымдагы, ойлогон оюмдун баары сизге жат. Алаканыңызга жазылгандай билип алдыңыз, таксыр?

Фазыл бий Куусун ээ, шумпай! Аган Эрдене шегинди билсе, барбы? Басып келген эки аягындан гана эмес, ушунча аралыкты көрүп келген көзүңдүн кирпигинен асары шексиз. Же тирүүлөй жерге көмөөрүн, билбейсинби?

Абдырахман  Билбей анан. Билгеним үчүн башымды тобокелге салып…

Фазылбек  Ап-бали! Аны менден да жакшы билесиң да. Акылдуу  жанга айла жок.

Абдырахман Мендеги сырды эмес, оюмдагыны айттырбай, билип алганыңызга таңмын? Акылмандардын акылманы экенинизге,  ынанбай коюга, айла жок!

Фазыл бий          Сен байбатча! Жашабай жатып, тилиңден бал тамызып, шекер агызасын. Аган Эрдененин баралына келгениңде барбы, барган жериңде- гилердин баарын халба менен майга балкыткыдайсын.

Абдырахман Моюн сундум, башым сиздики бийим! Караанымды көрбөй, сүйлөөр сөзүмдү укпай туруп, менин ички сырымды түгөл билип алганыңызга, ары танданып, ары  тамшанып турганымды, сизден түк жашыра албайм.

Фазыл бий         -“Фазыл шайтан” аталышың, жөн жеринен эмес экен, дегиң келип турабы?

Абдырахман  Жаман ойдо эмесмин, таксыр?

Фазыл бий Сен да, жөн көрүнбөйсүн. Менден өтсөн өтөөрсүң, кем калбагыдайсын.

Абдырахман -Көрөгөч экендигиңизди билип, атайлап, арзып келдим, улугум?

Фазыл бий Бир Жатында аган -Эрдене, көңүлүндү кирдетпесе, келбес элең, ээ?

Абдырахман  -Ана-а, ан-а! Акылга айла жок да. Сизди асмандан издебей, жерден тапканым үчүн кубанычым койнума батпай турат. Чын. Ишениңиз?

Фазыл бий Ишенбегендер менен сүйлөшүп көргөн жан эмесмин. Болжогон оюнду, боло турган кебинди айт!

Абдырахман   -Кожент…

Фазыл бий -Ооба. Кожент дегенде, амакиңдин эки көзү төрт.

Абдырахман  -Таксыр! Байланышыбызды, сизге келгенимди жан билбесин?

Фазыл бий Эчен сырларды сырдап, камырдан кыл сууругандай жиксиз өткөрүп, башыбыз бышкан. Ишти баштадыңбы? Күмөндөбөй, болорун айт! Көңүлүн эмнеге кирдеди?

Абдырахман Билармандыгыңызга айла жок, таксыр!

Фазыл бий Кимге нааразы болдуң? Ой-мүдөөңдү айт!

Абдырахман (кулагына) Кожент коркунучта!

Фазыл бий (көзүн жуумп) Ооба. Ээлегиси келип, Эрдененин көзү кызарып жүрөт.

Абдырахман -Ана! Жараткан сүйгөн пендесин, жышаналуу кылат деген чын окшойт?

Фазыл бий Эл ошон үчүн “Фазыл шайтан” дешет. Сен баралыңа келгенде, менден да өткөн, шайтандын шайтаны болчуудайсын.

Абдырахман  Ичтеги сырды билиш, бир жараткандын кана колунан келет дечү элем. Көрөгөчтүгүңүзгө эч бир жан жеткидей эмес. Тфу, тфу! Көз тийбесин.

Фазыл бий Амакин, “Ошту ээлеп, Кашкарды алсам” дейби?

Абдырахман Кожентти дагы

Фазыл бий Кожентти менчигиндей сезеби?

Абдырахман “Ошту каратып, Адигине кыргыздарынан кол курап, Кашкар, Жаркен баш болгон алты шаарды бир хандыкка бириктирсем” дейт.

Фазыл бий Адигинелер ага жол бербестигин, эсине эмнеге албады экен? “Чин-Кытайлар Чыгыш Түркстанга орун-очок ала элегинде, “өзүмү хан” атап, кайыр диндегилерден азат кылууга аттансам, жаамы мусулман мени колдойт” деген кыялы да, дымагы да күч экен! Вазирлик орун кут болсун!

Абдырахман (ызалуу) Балээгеби? Бир Ошту ыраа көрбөйт.

Фазыл бий  Акылды иштетиңиз, “таксыр-байбатча!”

Абдырахман Өзүңүз жакшы билесиз, Ажы бий алданып калчуулардан эмес! Эрдене аны билип туруп, менин башыма ага садага чапкысы келет.

Өмүр бою кызматыңызды болойун? Отунуз менен кирип, күлүңүз менен чыгайын, таксыр?

Коконду эле алып берин? Ошол үчүн баарын, баарын кечип, атайлап бир өзүнүзгө келдим, улугум. Ынтымакташып, экөөлөп Ош-Өзгөндү, тен бөлүп, убайын көрөлү?

Фазыл бий          Ха. Мунун башка кеп. Ойлонолу. Кызматың барк-баасына чак келеби?

 

 

7-көрүнүш

Кокон калаасы.

 

Кытай аскер башчысы Чжао Хой.

Чжао Хой -Эрдене мырза! Кашкар аймагында козголоң чыгарып, бузукулук кылган кожолор биздин аскерлебизден качып, сиздер тарапка өткөндүгү маалым. Аларды жашырсаңар күнөөлүү болосуңар!

Эрдене       –Жашырбайбыз, төрөм. Андай бузукуларды жаныбызга жакындатпайбыз. Кокустан келген болсо, сиздерге кармап берүүгө даярбыз.

Чжао Хой -Кимде ким биздин улуу урматтуу өкүмдарибиздин буйругуна, каршы-лык кылса, же аткарбай турган болсо, ал биздин душманыбыз.

Эрдене       Сиздердин кызматыңыздардабыз, таксыр?

Чжао Хой -Эскертүү! Бузуку кожолордун өкүлдөрү Кокондо, Наманганда же Маргалаңда жашырынып жүргөн болсо, Сизди күнөөлү деп табабыз.

Эрдене       -Талабыңыз, биздин көңүлдө таксыр.

Чжао Хой -Эрдене мырза! Биздин мамлекеттик кеңештин министрлигине Сиз жөнүндө “Азыркы учурда Кокондун Ирданасы адигинелердин конуш – журттарын басып алган окуя болду. Бул чалкеш чатактын кайчылыгы канчалык экенин аныктап, тийиштүү чара көрүш керек. Маалкатып кайра кайтарып бербөөчү болсо, күч менен жоопко чакыруу зарыл” деп биздин өкүлдөр. Дай-Циин. Анча Шиау кабарлашкан. (Цзяньлун 677-бап 27-ж (1962-ж) 12-ай)

Эрдене   -Жо-ок, таксыр. Андай болгон эмес.

Чжао Хой -Угуп кой! “Эрдене бектен угушубузга караганда адигинелерди карактоодо, адигинелер оболу анжиандыктарды карактаган. Анан Эрдене алардан кек алган. Биз ал маселени караганда, ал жалтаңдап. “Эгер элчи келип, жарлык жеткирсе, анын айтканындай аткарат элем”– деп жооп берген. Ыраспы? (Цзяньлун 678-бап 28-ж (1763-ж) 12-ай)

Эреден  -Ырас

Чжао Хой  -“Андан Ажы бийди камап, Оштон салык жыйнаганы жөнүндө сурасак -“Ажы бий оштуктар менен жакшы боло албагандыктан ортого түштүм.  “Ош кыргыздарынын бөлүнүп–тозуп кетишинен коркуп, элүү түтүндү ал жерге отурукташтырдым” деген. Салыкты жеке ээлеп алыштан корккон. Эрдене шалы айдоочу жерлерди кайтарып берип, көчүрүп барган 50 түтүндү кайра көчүрүп, алып кеткен” деген кабарлар жалганбы?

Эрдене Чын, таксыр!

Чжао Хой Анда, эмнеге жалган сүйлөп жатасың?

Эрдене       Мени кечириниз таксыр? Мойнума алам?

Чжао Хой -Улуу урматтуу аалам эгесинин, сага атайын жөнөткөн жарлыгын ук! Кокондук Эрдене бекке кат “Сенин жиберген элчиң Бабашүкүр саламга келди. Мен шапаат көрсөтүп, сыйладым. Адигинелер былтыр силердин Анжиандык  соодагерлерди  карактаганда, сен “Өч алам” деп, Ош сыяктуу жерлерди талап-тонопсуң.  Бирок, адигинелер, сенин кусаматын болсо да, аларга кыял келди чабуул жасабастыгың, талабастыгың керек эле Сенин адигинелерден тартып алган эл-жерди аларга кайтарып беришиңди  буйрам. Бүгүн мен сенин элиңе бетме-бет жарлык түшүрдүм. Сен ал жардыкты алсаң дароо ошол жарлыкта көрсөтүлгөн өтөлгөңдү өтө. Жасак аттандырып, айыбыңды сураганда, айыптуу болуп калаарыңды ойло!” (Цзяньлун 678-бап 28-ж (1763-ж) 1-ай)

Мамлекеттик кенештин министрлиги императорго кат жолдогон.

    17-б. Императорго “Ош бул буруттардын эзелки шаары. Ирдана аны өзүнүкү кылышка шылтоо таппай турат. Ажы бийди камап, Оштон салык жыйнаган. Арийне аны кайра кайтаруу жөнүндө ою бар. Кокус каршылык болчуудай кырдаал туулса, жоокерлерди жортуулга даярдашты сурайбыз?

(23-б. Цзяньлун 1762-ж. 12-ай. 677) Бул маалыматтар улап, сага чыгарган. Императордун жарлыгы “…Мурда жиберилген грамоталарда сен бек аталчу элең. Эми, эмне үчүн келесоолук кылып, өзүңдү “хан” деген атакка кондуруп алдың? Же, Кашкар тоолору чек ара болот деген жарлыкка арзыган белең!

Сенин каалаганың өкүмдардин амирине көз каранды. Биз сени кантип түшүнсөк болот?”

Эрдене – Кечирим сурайм, таксыр? Сизден, сиз аркылуу улуу урматтуу өкүмдардан кечирим сурайм?

Менин тапкан-ташкан бар дүнүйөм сиздердики. Мындан кийин ак кызмат кылууга ант берем.

Эрдене улам жүгүнүп, бүгүлөт.

 

8-көрүнүш

Ош калаасы

Ак-Буура дарыясынын боюнда эки бий, жай сүйлөшүдө.

Ажы бий -Кашкар, Жаркен аймагындагылардын эркиндикти самаган тилектеринин аткарылышы бир эле Чыгыш Түркстандыктардын гана эмес, жаамы дини мусулман элдеринин ийгилиги. Өзүң башында турган кыргыздар үчүн чоң сыймык. Чын дилимден куттуктаймын.

Кубат бий Ырахмат! Ата Журт атынан айттырган саламыңар катуу кармаштарда бизге чоң дем болду. Чынын айтсам, беш кошкон эл бирикпей, жалан кыргыздардан түзүлгөн жоокерлерибизди жоготуп аламбы деп, аябай кабатыр болдум эле. Каниет. Чыгыш Туркстандагы эл жабыла колдошту. Чин-кытайлардын жардамы тийди. Бирок, качкан калмактар кыргыз жерин аралап өтүп, Ала-Тоо аймагы бүлгүнгө түшөбү деп, эси-көөнүм силер тарапта болду.

Ажы бий Калмактарды, аларды кууган кытайларды да кыргыз жерин аралап  өтүшүнө  жол бербедик. – “Казак- кыргыздардын эски кектери эсине келип, бизди тирүү калтырбас” деген ойдогу калмактар, кыргыз жерине көп эле жакындай алышпады.

Кытай төбөлдөрү жарлык жибериң, келишүүгө чакырышты. Сүйлө-шүүлөрдү жүргүзүп, келишим түзүүгө жетиштик.

Кубат бий Абал мындан ары да жеңилдегидей эмес. Эл-жер, бийлик талашы кайрадан курчугудай. “Калмактардан калган жерлер “бизге таандык”                    дешип, кытайлар ачык эле талашкыдай.

Ажы бий Ата-бабалардан калган жер, балдары үчүн мурас. Баарыбыз “эли-жерибизди эч кимге бербейбиз!”- деген намыс менен жашайбыз.

Кубат бий -Туура. Бөтөндөрдөн калка издебей, элдигибизди сактап, өз алдыбызча болгонубуз зарыл.

Ажы бий Андай ой, көптөн бери көңүлүмдө уялап, сен менен кеңешейин деп жүрөм.

Кубат бий Менин оюм да ошондой. Макул болооруна ишенгем. Айлана-теге- ректегилер өз алдынча болуу аракетибизге жол беришеби?

Ажы бий Алардан уруксат сурамак белек? Бир туу алдында биригүүгө убакыт келди.

Кубат бий Хандыкты талашкан, кожолордун саткындыгынан жазыксыз жүз миңдеген Чыгыш Түркстандагы карапайым калк кыргын болду. Айыпсыз эл таланды. Кытай аскерлеринин жырткычтыгын, адамзатына сыйбаган канкордугун өз көзүм менен көрүп, көбүнө  күбө болдум.

Ажы бий Деги, кыргыз туугандарыбыз кырсыктан оолакбы?

Кубат бий Кандаштарыбыздан карабагыш, мунгуш, черик, кытай, мундуз урууларынын өкүлдөрү көп кырган табышты. Калмактардын качкандары аман калышты.

Ажы бий Кан күсөгөн  апаат, эч бир жанды аябастыгы белгилүү.

Кубат бий Манжу-кытайга жана аларга сатылгандарга ишенүү, жебирейилге ишенгенге барабар. Аларда адамдык сезим жок. Өлтүрүүгө гана жаралган жандар. Сен “асман ээсимин” дегендерге ишенбе!

Ажы бий Айтканын ырас. Сен “колдогон Кокон”. “Тирек болгон Эрдене”, кыргызга эзели жакшылык кылбайт. Кытай менен алдыртан мамиле түзүп, кыялында кыргыз аймактарын ээлеп, Кашкардын Кара-Тоосуна чейин басып алууну көздөп жүрөт.

Кубат бий Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Түркстан аймагындагы мусулмандарды,   дили буру кытайларга сатып   жиберүүдөн кайра тартпайт.

Досум, экөөбүздү эки эне төрөп, эки башка эне торолтту. Аталарыбыз да башка. Бирок, экөөбүздү кыргыз деген сезим бириктирип турат. Жоого каршы күрөштө каны-жаныбызды  Мекенибизге, кыргыз элибизге арнайлы.

Ажы бий Ата журт, топурагы экөөбүз үчүн ыйык. Аны кастарлап, баалап, элдин амандыгы, эртенкилер үчүн кызмат кылуу ыйык милдети.

Кубат бий Ата Журт дегең, сага маакулмун, досум.

Ажы бий Бүгүндөн баштап элибиздин эртеңи, ынтымак, биримдиги үчүн, биротоло баш байлайлы.

Кубат бий (кучактап) Экөөбүздүн жолубуз бир. Башыбыз Ата Журтка, элибиздин эртенине арналат.

Эх! Тагай бий бабабыздын тукумдары биримдикке келе албаган-дыгынан калмактарга жем болуп, ата конуш-тарынан сүрүлүп келишти. Арка, Анжиан, Ош кыргыздары бириккенде ким эле бизге даап тийише алмак!

Ажы бий Мен аларды күнөөлөгүм келбейт. Туугандарыбыздын ата конуштарынан ажырап,   азап тартышына, жердин алыстыгы, ашуу-белдердин татаалдыгына карабай, жардамга барбаган Анжиан-Ош аймагындагы бир туугандарынын, алардын ичинен экөөбүзгө окшогон эр азаматтардын айыбы бар деп сезем.

Кубат бий Туура эмес. Ал учурда бир эле Тагай бабабыздын тукумдарынын би-римдигинин жоктугу себеп болдубу? Жок. Бүтүндөй казак боордоштордун кыргын табышына, ынтымакка келе албагандыгы, согушчан калмактардын колунун көптүгү, чектен ашкан мыкаачылыгы себеп болду.

Ажы бий Ырктын болбогондугунан “Казак кайын, саап, ак таман шуурунду болду, кыргыз Гиссар- Көлөпкө сүрүлдү” деген лакап калды.

Кубайт бий         Кесепеттин чыгышы баатырлардын, карапайым элдин эмес, өз кызык-чылыгын көздөгөн билармандардын бирин бири укпагандыгы, ынтымакка келишпегенинен болду. Байлык, бийлик талашкандар элди эмес, өздөрүн гана ойлошот.

Ажы бий Элге күйгөндөр, бай-бийлерден эмес, карапайымдардан  чыгат.

Кубат бий Биз да эл-жерди сактай албасак, тарых кечирбейт. Ата-бабалардын арбактарынын, кийинки урпактардын каргышына калабыз. Аны моюнга алышыбыз керек.

Ажы бий “Келме кезек.” Кезинде казак-кыргызды кан какшатып, кыргынга алган калмактар, эми минтип, чин-кытайлардын чапкынына кабылышты.

Кубат бий Бул абалды аркалык туугандарыбыздын “жакшылары” гана эмес, жалпыбыз эске алуубуз зарыл. Кайрадан ата-конушуна көчүп барган аркалык туугандарыбыз, жамандыкты эстен чыгарышып, “кайрадан жер-суу талашып, чабышып жатат” деп уктук. Бөлүндү-жарылды болгонубузду койбосок, өткөндөгүгө кайрылып, эртенкибизге ой жүгүртпөсөк, элдиги-бизди жоготуп алабыз.

Ажы бий Тагай бабабыздын алтын туусун ырксыздык жоготкон эле. Ал кийин-килерге сабак болор. Дагы да бөлүнө берсек, бөрүгө жем болобуз.

Ичи тардык, көрө албастык, өзүмчүлдүк кыргызды кылымдар бою бириктирбеди. Бул укумдан-тукумга өткөн дарт. Ушул дарттан элибиз жапа чекти. Дарттын дарысы, дабасы барбы? Аны кайдан издесек болот?

Кубат бий Дарттын дарысы ынтымак. Дабасы биримдик.

Ажы бий Аны канткенде таап, түшүнөбүз?

Кубат бий Ынтымак элдин койнунда. Биримдик ар бир адамдын жүрөгүндө.

Ажы бий Ошол жүрөктөрдү канткенде жандыра алабыз?

Кубат бий Эл-жердин кымбаттыгын сезген намыс, козголбой койбойт.

Ажы бий Эл, Ата Мекен деген күчтү, ага берилген сезимди канткенде туюнтабыз?

Кубат бий Ар бир кыргыз баласынын жүрөк отун жандырар сезим болушу керек!

Ажы бий Элим, жерим деген сезимди ойготор, намысын козгоор күчтү кайдан табабыз?

Кубат бий Ал сүйүүдөн табабыз. Ар бир кыргыз Ата Журтун, элин сүйсө, ата-бабаларынын күрөшүн, биримдигин  бааласа, ариет-намысы көтөрүлөт.

Ажы бий Элди ынтымакка келтирүүнүн күчүн тапкандар барбы?

Кубат бий Бар. Адамзаты ал күчтү миңдеген жылдар издеп, таба албай келди.

Ажы бий Ооба. Табууга ырктары келишпеди. Ыркка келүү ойлоруна келбеди. Женилүүдөн тарткан азап-тозоктордо жанданганы менен бийликке,  байлыкка умтулган кызганыч, менменсинүү, жеке кызыкчылыктын камын көргөн өзүмчүлүк, элдин убалында калып, элим дечүүлөргө жол бербей  келди.

Кубат бий Акыры аны эмирдик, хандык ордо бийлик түзүп, миңдер табышты. Ондогон жылдар бою бийлик даражасын көтөргөндөр, элди бириктирди. Казак-кыргыздар ага маани бербеди. Андай ой, алардагы билермандарга келбеди.

Ажы бий Кыргыздар үчүн чоң коркунуч кимдер? Сырткы душмандарбы?

Кубат бий Жок. Кыргыздар үчүн чоң коркунуч ырксыздык! Өз ара араздашуу. Кур намыс!

Ажы бий Душмандарга кыргыздын кереги барбы?

Кубат бий Душманга кыргыздар ээлеген берекелүү жер, тунук суу, таза аба, тоо ичиндеги жайнаган байлык керек. Аларды алыш үчүн душман кыргызды бирин-бирине кайраштырат. Аны кыргыздар өздөрүнөн көрөт.

Ажы бий Бири-бирине жоо болуп, ит-мышыктай тытышып жүрүп бийликтен да, байлыктан да кур калышат.

Кубат бий Мен Коконго барам. Эрденеге эскертип: “-Ажы бийге тийиштик кылба. Ошту басып алам дегениңди кой!” деймин. “Коңшу катары ынтымак жашайлы. Жоо келсе бирге тосуп, элди сактайлы” деп эскертем. Ага ынабаса өзүнөн көрсүн, чарасын көрөбүз.

 

 

9-көрүнүш

Эрдене Кубат бийди “Кокондун колдоочусу”, “Эрдененин тиреги” дешкен эле. Эми, “хан Кубат” аташып, тоолуктардын демине, тоо батпай турат. Жада калса молдо-кожолор баш болуп, “исламдын коргоочусу”, “кайырдинде-гилерге каршы казабат кылды” дешип, ого эле, көкөлөтүп жиберишти.

“Баатыр хан мамлектин түзөбүз” дешкен Бурканидин кожо менен анын иниси Жахан кожо аны башкы душманы санашты. Ушундай учурма кептер учуп, чыга берет тура.

Жо-ок. Абайлап карасак, кеп жөндөн жөн чыкпайт. Айтылган сөздө жан бар. Болбосо, көрүнгөнгө эле, мындай атак-даңк бериле бербейт. Кубат чын, кезинде Коконду колдоду. Мага тирек болуп, бийлигимдин өсүшүнө, байлыгымдын артышына акыл-күчүн жумшады. Ал учур өттү кетти. Өткөндү эстеп, кайталоонун кереги эмне?

Жо-ок. “хан Кубат” аталышчы? “Хан” аталып, Кашкар, Жаркенде жүрө бербейби? Эмнеге келди? Ал жөн келген жок. Же Паргананы менден талашам дейби? Анын даңазасы арткан сайын, менин кимдигим анын көлөкөсүндө калып баратат. Эртеңки максатыма, анын кедергиси тийбей койбойт. Ажы бий экөө бириксе, барбы, чин-кытайларды да сестендирери анык.

Тообо, жапайы кыргыздардан да хан чыгабы? Бейдаарат тоолуктар да биригип, ордо түптөн, мамлекет түзө алышабы? Качан эле хан чыкты эле? Алардын бийлиги өздөрү жашаган кокту-колоттон ашпайт. Жайыт талашып, бирин-бири чапкан тоолуктун ар бири өзүнө бий, өзүнө хан. Бирине бири оңсунуп, бириккен эмес. Бириге да алышпайт.

Эрдене оозундагы ырыскысын, алдындагы ашын эч кимге берген эмес! Бербейт дагы. Аны менин душмандарым, баары билиши керек.

Кандай кылсам? “хан келди” деп, түгөл Коконду көтөрүп, ат чабым аралыка килемдерди төшөлтүп, дар ойнотуп, күү чалдырсамбы? Зор салтанат менен кучак жайып тосуп алсам кантет? Анын кереги мага тийбей койбойт. Анын алдында мен киммин?  Же Кокондун эшигин аттаттырбай… Анткенге Ажы бий баштаган тоолуктар жол бербейт. Коконду көз көрүнө каптап кетээри анык.

Эрдене! Ойлон, ойлон! Бардыгы колуңдан келип, Кашкардын Кара-Тоосуна кулачың жетип турган чакта, алдына адам өткөрбө! Алгач душмандарыңдан кутулуунун жолун изде. Башкы душманын Кубат! Кубатка жүзүңдү көрсөтпө! Анын кимдигин жакшы билесин. Бир көрүш менен ички сырыңды окуп алат. Анда “Кеч калдым” дей бер! (Кыйкырып)  Абдырахман!

Абдырахман   -Мындамын, таксыр!

Эрдене       -Кыл мергендерден жүздү!… Кылыч чабарлардан минди…

Абдырахман -“Хан Кубаттын келишин тойго айландырабыз” дебедиңиз беле?

Эрдене       -Тойду оозуна алба. Риштандын алдын тос! Мергендериң кырылса кырыл-сын, Кубат бий чектен өтпөсүн! Адам эмес, бир паранда өтө турган болсо, кыл мергендерге өзүңдү бута кылып коем.

 

10-көрүнүш

Ажы бий жалгыз.

Үн (сырттан) Баатыр, жаман кабар.

Ажы бий  Айт!

Үн   Кубат баатырдан айрылдык!

Ажы бий  (кыйкырып) Кайдан кабар? Кимдер айтыптыр?

Үн  Эч бир жан билбейт.

Ажы бий Көрө албастар, анын түбүнө жетишкен экен! Күнөөкөрдү таап, чыккын-чынын жазасын колуна берип, башын алдырмайын, тынбайм.

Аттин! Кубат бий өлду, кут өлдү,

Күшчү мундуз журт өлдү.

Саруу кытай дагы өлдү,

Сан кыргыздын баары өлдү.

Ынтымак болбойт, баары өлдү.

Кубат жок. Сол канаттагылар бириктейт.

Күрөштө колдоор кубатым,

Жалгыз калды бир башым.

Кубат мага, арка-бел эмес беле? Кубат! Кубат!

Канжыгага баш байлап, “Кыргыз!” деп, чыгаар ким бар? Кана, кырк уруу кыргыз? Эл ынтымакка бириксе, күрөштө утулбайбыз. Кана, оң-сол канат, ичкилик уруу бийлери?

Көз көрүнө, көзүбүз тирүү туруп, ата конушубузду душманга алдыра-бызбы? Бул кордук!

Ушул калбадан тирүү чыксам, бир башынын камын  көргөн, намысы                              жок, эл биримдиги менен ынтымагы ээсине келбеген чириндилер менен эсептешем! Эл-жердин кадыр касиетин убактылуу бийлигине, утурумдук байлыгына алмашкан дүнүйө-корлорго каршы аттанам!

Ата-журт, асыл эл эч качан душманга кор болбойт! Эл эркиндигин, жер кудуретин кийинкилер үчүн сактап калыш, баарыбыздын милдетибиз!

 

 

11-көрүнүш

Кокон калаасы

Эрдене менен Абдрахман экөө жалгыз.

 

Эрдене   -Кана, кай жерде болдуң, кандай иштерди бүтүрдүн?

Абдырахман  Ош,Анжиандагы Адигине уруктарын калтырбай кыдырдык.

Эрдене  Ошонча аймактарга, кантип жетише алдың?

Абдырахман Таксыр, сиздин тапшырманы аткарууга Кокон, Маргалаң, Наманган баш болгон калаадагы чоң соодагерден баштап, далдалчы, аттарчы, тамыр-чы, эмчи-домчу жаамы эшен-молдолорду пайдаландык. Баары сиз дайында-гандай  “эл кыдырган болуп”, сиздин тапшырмаларды  аткардык.

Эрдене  Эмне кеп? Кубат бий жөнүндө кандай сөздөр болуп жатат?

Абдырахман “Кубат бийдин колдогону Эрдене. Экөө эң жакын адамдардан- дедик

Эрдене  Анын өлүмүнө, кимдер себепкер дешет?

Абдырахман  “Сол” аталган уруулардын бүтүн калтырбай кыдырып чыктык. Мен бутум жеткен, үнүмдү уккан жерлерге чейин бардым. “Кубат бий бийликти талашат. Биротоло хандыкка аттанды деп, Ажы бий аны атайлап өлтүрдү”-деген сөздөрдү айттырдык.

Эрдене  Уккандар ишеништиби?

Абдырахман -“Ажы бий Кубаттын жан досу. Бул иш Эрдененин эле колунан келди. Кокон “тоолуктарга душман”- дешип, көбү ишенген жок.

-Кыргыздын эки бийин, бири-бирине каршы койгон кепти, кимдер чыгарды? Ким айтып жүрөт?-дешип, териштире башташканда, ал жерден жылып, башка айылдарга бардык. Кээ бир аңды-дөңдү карабай сүйлөгөн бакан ооздорго.

-“Кубат бийди Эрдене өлтүрсө, Кокондо  болбойт беле? Ээн талаа, эрме чөлдө, анын артынан аңдыгандар өлтүрүптүр. Кубат бийдин өлгөнүн уккан Эрдене куралдуу аскерин ар тарапка аттантып, “Кубат бийди ким өлтүргөнүн тапмай сайын тынбайм. Көргөндөргө айткандарга ат башындай алтын берем”-деп жар салдырыптыр дешти. Аны уккандар “Кубат бийдин кадырына бир Эрдене жетет” дешти.

Эрдене Мейли, кыргыздар бири-биринен көрүп, ит-мышыктай тытышсын. Аркалык аталчу кыргыздардын абалы кандай?

Абдырахман Аркадан келген саяк, сарыбагыш, солто, кытай, кушчу, саруу урууларыын бийлирене барып “Эрдененин белеги” деп, соодагерлер аркылуу тартууларды тараттырдык.

Эрдене  Ажы бийден, кандай кабар бар?

Абдырахман  “Кубат бий үчүн Эрденеден өч алабыз. Топтолгула!”-деп, Ажы бий кыргыз бийлирине кабар жөнөтүптүр. Аркалыктардын баш бийи Маматкул менен Арзымат Ажы бийге жардам берүүгө черүү жыйып, даярданып жатканда, сиз жиберген Эшмат кожо Арканын бийлери Черикчи менен Темиржанды өз жерлерине көчүп кетүүгө шаштырышып, Ажы бийге жардамга бараткандардын жолун тостуруп, аркага кайтарып жибергенин билдирди.

Эрдене  Ырас болуптур. Ишиң айтууга арзырлык экен. Калганын бизге кой. Калаа башчыларына кабар бер, черүүлөрү менен камдуу келишсин!

Фазыл  (шайдоот кирип) Ассолому алейкум.

Эрдене  Ва алейкума ассолом. Келиң-келиң арстаным?

Фазыл Вай-вай таксырым! Турушуңузду караң а! Бий десем бийге, хан десем ханга ылайык жансыз да, чиркин!

Эрдене  Ыракмат! Ыраазымын. Айткан сөзүңүзгө, ушул ойду ойлогон оюнузга ыраазымын. Мындай сөз ичи таза пендеден гана чыгат эмесби. Бий да, хан да биздей эле адам болот. Көңүлдү табыш жагынан, алдыңызга адам чыгарбайсыз ээ?

Фазыл Таксыр, Кандай атак менен атасак да, бийлик даража сизге жарашып, оомадыңыз келген чагы.

Эрдене Оозуңуздан шекер төгүлүп, тилиңизден бал тамган бекзадам. “Мага арналган бийлик, сизге да ылайык келсин” деп айтаарымда, оозунуп кеттиңиз.

Фазыл  Кантип айтсаңыз да, сиздей адамдын оозунда болуш сыймык. Эмне болсо

да, сизден ашканы, бизге болсун?

Эрдене Көп эле көөнүңүз бөксөрбөсүн. Сиздин да, биздин да ата-бабалар эл сурап

калк башкарып, бий өтүшкөн.

Фазыл Ал ырас. Не болсо да, ак сөөктөрдөнбүз. Бирок, башкарган аймагыбыз

чектелүү, бийлик күчүбүз чакталуулугунанбы, башкалар бизди бий катары тааныгысы келбейт.

Эрдене Ким эле өзүнөн башканы бийиктен көргүсү келсин.

Фазыл Сиздей акылдуу адамдын айткан ар бир сөзү көңүлгө дал келгенин караң а? Бул да болсо акылдын тунуктугунан. Ой-дитиниздин тазалыгынан го, таксыр?

Эрдене Бали, бали Фазыл бий. Айтканыңыз көңүлгө дал келгенин караң а чиркин!

Фазыл Акылдуулугуңузга айла жок, таксыр.

Эрдене Аныгын айтыңызчы? Сиздин “Аймагыбыз чектелүү, күчүбүз чакталуу” деген сөзүңүз мени ойлонтуп койду?

Фазыл  Туура эмес айтсам, үзүр, таксыр?

Эрдене Көптөн бери көкүрөгүмдө уялаган сырды ачкандай болуп турасыз.

Фазыл Көкүрөгүңүздө багып, барктаган оюңуз жөндөн жөн болбосо керек?

Эрдене Фазылжан, сиз дилдегини айттырбай билген, акылмандыгыңыздан улам,  “Фазыл шайтан” аталбагансыз да, туурабы? Айтайын деген сөзүмдү гана эмес, ойлогон оюмду да, окуп алар олуялыгыңызга  таңданып да, суктанып да турам. Бир гапка, көнүлүнүз кир болгондой сезилди?

Фазыл  Мына, гап тагида, гап бар дең?

Эрдене  Өзүңүз козголуп, тепкиче бут койбосоңуз, сереге сизди ким чыгарат?

Фазыл Ээ таксыр, козголгондон коргоонору көп учурда, кайдагы тепкич, кайдагы

сере?

Эрдене Ушундай коркунучка кабылышыңызга, не себеп?

Фазыл Сизден жашырып эмне! Биздин башка келген көйгөй, сизде да бар. Өзүңүз билесиз, калмактардын аесуз чапкынынан казак-кыргыз катуу талкаланып, алды Кожентке келсе. Гиссар, Көлөпкө көбү ооду. Бир бөлүгү Анжиян-Ошко калкаланып келишти.

Эрдене А сизге эмне? Келсе, келгендир. Алты саныңыз аман, конушуңуз тынч.

Фазыл  Ага мейли таксыр,  манжу-кытай калмакка кыргын кылды деп?

Эрдене Ие. Бири өлүп бири калат. Бизге жердин бошогону, элдин чачылып,

бириндегени керек.

Фазыл Куугундагы калмактарды шылтоолоп, кытайлар жерибизге басып кирсе эмне болот?

Эрдене  Илгертен бери Паргананы коргоочусу-тоолуктар бар. Камтама болбоң!

Фазыл   Көп кытайга туруштук бере алышабы?

Эрдене Туруштук бермек тургай, кууп келген кытайларды өз жерине кетирбей капчыгайларда таш талканын чыгарышыптыр. Тоодогу шарттын оордугу-нан улам, кытайлар кайрылып келгис болушканынан кабарыңыз жокпу?

Фазыл  Эми, эмне болот?

Эрдене  Кабатырланбаныз. Калган иш, экөөбүзгө баглык.

Фазыл   Кандайча?

Эрдене Ажы бийдин көзүн тазаласак, бир нанды тен бөлгөндөй Ош аймагы сиз менен биздики.

Фазыл Ажы бий бизге Ошту жөн бере койбойт, таксыр? Кан-жанын аянбай кармашат.

Эрдене  Кожент менен Кокон бириксек, Ошту тебелеп кетпейбизби? Ажы бийдин

аз колу, бизге туруштук бере албасына ишене бериңиз.

Фазыл Таксыр, Ажы бийдин колун алаксытып, ачык талаага алып чыгып,

бириндетип, кыргын кылууга болот. Бирок, жардамга келген тоолуктар биригип, аркадан кол салышса, аргабыз кандай болот?

Эрдене  Кыргыз бийлеринин эзелтеден ынтымактары келишпейт. Бири-бирине баш

ийишпейт. Учурда көбү алыскы жайлоолордо. Чачылып баштары бирикпейт.

Аз күч менен келген Ажы бийдин колун сиз айткандай “качымыш болуп”, Боз чөлдүн ээн талаасына эрчитип барып, ортого алып, кылычтын курчтугун, найзанын түздүгүн сынап ойнобойлубу?

Фазыл  Таң-ай, таксыр! Ажы бий эле болсо, сиз менен бизге эрмек болуп бербейт. Көп койго карышкыр тийгендей, бизди ойнотоору бышык.

Эрдене  Тоолуктардан чочуп, сестенээр жайыңыз барбы?

Фазыл  Эчен жылдардан бери кара кытай, калмактар менен кармашып, Парганага

калкан болгон тоолуктардын кайра тартпастыгын билген, сиз менен биздин ата-бабалар -“Эсиңер болсо, эзели тоолуктар менен каршылашпагыла!”

-деген керээздерин унутканыбыз болбос!

Эрдене  Ал заман өттү, кетти. Бүгүн тоолуктардан ал өктөмдүктү тартып албасак,

эртең эле экөөбүздү тең чөгөлөтпөй койбойт! “Өзүбүзчө өлкө болобуз. Кытайлар менен байланыш түзүп, алака кылабыз” дешип, чин кытайларга элчи жөнөтүп, “каттоону калыңдайбыз” деп жатышат. Анткенде Алтын өрөөн аталган Парганабызды кайыр диндегилер кошо бийлеп, дини мусулман Түркстан эли, каапырстан болуп калабызбы деп, санаам санга бөлүнөт.

Фазыл  Дини мусулмандардын эртеңин ойлоп, Түркстан элинин келечегине кам

көргөн аракетиңизге ыраазыбыз. Сиз баштаган акыйкат аракетке ыктыяр-быз, таксыр? Бирок, экөөлөп  Ошту жеңип алдык дейли, “Ажы бийдин эли-жерин  кандай бөлүшөбүз?”  деген ой келип турат мага?

Эрдене  Бар тобокел! Сиз ойлогондой болсун.

Фазыл Таксыр, Биссимилланы оозаңар алдын, ашыбызды алалдыгын билип алсак?

Эрдене Ко-ош. Көңүлүңүз кирдебесин. Оюңузду ачык айтыңыз, эшители?

Фазыл  Кимдер бирөөлөргө Ошту “Энчи кылып берем” – дегениңизди күнөөкөр кулагыбыз уккандай болду эле? Ачунуз келбесин, таксыр! Ачык айтып, ак сүйлөшүп алганыбыз он. Бул  сунушту чын дилинизден айтып жатканызга ынагандай бололу?

Эрдене  Бир өзүңүз турганда сизден “энчини”  ким талашмак?

Фазыл   Таксыр, орой болсо да, оюма келгенин сурасам, айып этпейсиз?

Эрдене  Айтыныз, айтыныз. Кеп оролун кетирбениз.

Фазыл  Деги, Ош кимге? Магабы, агабы? Же ар жылаңдын башын көрсөтүп,

сынагыңыз келдиби? Бир ар жакындарыңызга “Сенин энчиң” деп оозан-бадыңыз беле? Эркекче, ачык айтын!

Эрдене Ата-бабам эки сүйлөгөн эмес! Ата-баласымын. “Аймагыбыз чектелүү,

күчүбүз чакталуу. Башкалар бизди бий деп, таанышсын деген мүдөөңүздү ойлоп, эртеңки ийгилигиме өнөктөш кылсамбы деп жүргөм.

Фазыл Үзүр, үзүр ыраазыбыз таксыр! Бирок, өзүңүздү хан атаганыңызды, каңы-рыш укпадымбы? Эл “уккан кулакта жазык жок” -дешет. Ашыкча айтсам, кечирим сурайм?

Эрдене Хан десек, хан болоорубуз кыял эмес. Анын осолдугу барбы?  Же күмөн санап турасызбы?

Фазыл   Биз, сиздин букараңыз болуп калабызбы?

Эрдене Ха. Өзүңүздү “бир элдин бийи” деп атай беребиз. Бирок, экөөбүз тең мусулман баласыбыз. “Өзүн хан атады. Хан даражасына ылайыксыз” дегиниз келеби?

Фазыл Өзүңүзду шашыла “хан” атап, бирөөлөрдү Ошко бийликке дайындаганы-ңыздын чын-төгүнүн билейин дегем, таксыр.

Эрдене Айтпаганды айтты деп, баягы “шайтандыгыңызга”  барат  экенсиз да?

Фазыл  Хан деп айтканыңызды каңырыш уктумбу?

Эрдене Мусулман баласы калп айтпайт.

Фазыл  Мусулман экендигиңиз чын э?

Эрдене Ха, Алхамдулла мусулманмын. Пайгамбарымын үммөтүмүн. Эмнеге мусулмандыгыма шек келтиресиз? Тозок отуна күйбөн. Бул сөзүңүз үчүн барбы! Өнөктөш деп, өзүм тандаганыма өкүнүп турам. Болбосо…

Фазыл Эмне кылмаксыз? Кожент Коконго карай элек, таксыр? Карабайт дагы! Сиздин арам оюңуз, бизге эчактан эле дайын болгон.

Эрдене Оюмдун арам экенин, кайдан билдиңиз?

Фазыл Ажы бийдин көзүн тазалап, Ошту ээлекмексиз. Кашкардын Кара Тоосун чек кылып, Кокон хандыгын түзмөксүз?

Эрдене Эмне, болбойбу? “Бийлик даражамдан айрылам” деп, күмөндөп жатасыз-бы? Айтып коеюн! Айтканга көнүңүз, өнөктөш болууга чындап ниеттенсе-низ, бийлигиңизди алмаштырбайм.

Фазыл  Кудайдан улук сүйлөбөңүз. Сиздин айтканыңыздай эле боло бербейт. Калп убада берип, мени Ажы бийге каршы койбоңуз?!

Эрдене Андай сөздү  ким жеткирди? Ачык айтыңыз? Ал ким?

Фазыл  Аныгын айтсам, эмне чара көрүлөрүн ачык айтыныз, таксыр!

Эрдене Калп менен сырды ачкандын  жазасы бир.

Фазыл  Өзүңүзгө жакын адам болсочу?

Эрдене  Аябайм. Жаза, бир. Өлүм!

Фазыл  “Жан күйөөр ининизди”  чакырыңыз?

Эрдене  Абдырахман!

Абдырахман (кирип, Фазылбекти көрүп, чакап) Лап-пай, та…

Эрдене  Фазылбек!

Абдырахман (түшүнө калып) А “Коконду сага алып берем, өнөктөш бол” дегени-нен, жүзүнө түкүрүп, басып кеткем. Кекенип калган экен да?

Эрдене Фазыл бийим, куулугуңуз эчактан эле мага белгилүү. Иниме айгак болуп,  экөөбүздүн ынтымагыбызды бузгуңуз келди беле?

Фазыл  Иниңиз менен сөздөрүмү кай жерде, укканын айтсын?

Эрдене  (инисине карап) Экөөн кай жерде жолугуп, кантип сүйлөштүңөр эле?

Абдырахман  Кожентте жоолукканбыз.

Фазыл  Эмнеге бардың?

Абдырахман Өзүңүз чакыргансыз.

Фазыл Бей нысап, “Кокондо” десең, уккандар ишенип калмак. Кана, таксыр! “Мусулман баласы эки сүйлөбөйт” дегениңиз? Өзүнүз арам болбосонуз да  сөзүңүз арам болуп калбадыбы? Жазасы эмне дедиңиз эле?

Абдырахман Жан соога? Жалган!

Эрден Аа-х! (кылыч шилтейт) Кан жолубузга садага. Убадага моюн толгоп, жалган сүйлөсө, шерттен тайып, артка кайтса, жазасы ушул!

 

 

Ош аймагы

Сахна карангылайт, дүңгүрөгөн туяк үндөрү.

-Аттангыла! Аттангыла! Жоо басты. Жоо басты

Чабаганчы (шашкалактап) Баатыр! Капылеттен, жоо басып келди.

Ажы бий Он-солго  кабар бергиле!

1-үн  Тагай бий бабабыздан  таркагандар жапырт Аркага көчүп жатышат.

2-үн  Сол канттагылар: -Башчыбыз Кубат бий өлгөн. Бизди бириктирер баатыр жок дешти.

Ажыбий  -Аттин! Кубат бий өлдү, кут өлдү

Кушчу, мундуз журт өлдү.

Саруу, кытай бүт өлдү.

Сол канаттын баары өлдү.

Күрөштө колдоор кубатым.

Жалгыз калды бир башым.

Кайран гана Кубат, сенин жоктугуну билинди.

Армандуу дүнүйө! Ынтымактын жоктугу ырыс кесет! Ата Журт башына оорчулук түшкөндө, жоо тоскондо колдун аздыгы көкөйдү кесеби?  Элин-жерин коргоор  эр азаматтардын намысын “бий болом” деп, боло албагандар, элди ээрчитер азаматтарды көрө албаган бузукулук, бөлүнүү, жарылуу кендерди кесеби? Эл кызыкчылыгына, журт тынчтыгына жер кудуретине күйө тургандар барбы? Элге келген жамандык, эртенкилерге салакасын тийгизбей койбостугун ойлонушпайбы!

Күч биримдикте! Кеч болсо да биригүү керек! Атандын көрү түркөйлүк, ай!

Намысты бийик койгон жоокерлер! Ата-бабаларыбыз эзелтен душман-дан жалтанган эмес.

Бир туугандарым, силер эли-жерибизди коргоп, кандуу майдандарда торолуп, жетилдиңер! Мен силерге өзүмдөй ишенем! Бүгүнкү кармаш баарыбыз үчүн кымбат. Элибиз үчүн чон сыноо. Жоо менен, кармашуу бизге адат. Жерибиздин байлыгына, элибиздин ынтымагына көз артып, элдигибизди, эркиндигибизди көрө албаган кара санатайлар, ыйык ата конушубузду басып, өзүбүздү күнкор кылганы келе жатышат. Бабалардан уланган ариет-намысты бийик тутуп, ата-конушубузд  сактап калалы!

Касиеттүү бабалардын, бизден кийинки урпактардын каргышына калбас үчүн кан-жаныбызды аябайлы! Акыркы күчүбүз калганга чейин кармашабыз. Өлүм бизди коркута албайт. Эл жерди коргоо сыймык. Баатыр бабалардын урпактары ар дайым намысты колдон чыгарган эмес. Ата уулу катары, ар бириң баштаган колуңарды, эрдикке, жеңишке шыктандырып  алдыда жүргүлө!

Үндөр: Аттангыла! Аттангыла!

Ажы бий Туугандар! Биз кылымдар кыйырын кечкен элдин ар намыстуу уулда-рынын урпактарыбыз. Бизге ата бабаларыбыз эрдик менен намысты мурас-ка калтырышкан. Алардын өмүр жолдору, тарыхы, кан кечкен кармаштары күрөш менен коштолуп, эркиндиктерин эч кимге алдырышкан эмес.

Баарыбыздын алдыбызда эл-жерибизди коргоп, көздүн карегиндей

сактоо милдети турат. Аны ар бириң туура тушүнөсүңөр. Элибизди туш тараптан жоо каптап, абал оор!

Эл-жерди коргогон адилеттик биз тарапта. Жалтануу бизге жат. Жер кудурети кымбат. Киндик кан тамган ата конушубузду элибиздин эркиндигин, кийинкилердин эгемендүүлүгүн сактап калууга жан аябайбыз.  Ата-бабалардын арбактары колдосун. Алга!

Үндөр: -Ылгоол! Ылгоол. -Эрөөлгө! Эрөөлгө! -Жекеге, Жекеге!

Кагышкан найзалар. Чабышкан кылычтар.

Көрүнүш

Ажы бий туткундалып, ор жарадар.

Ажы бий  Эрдене! Сен Кудайдын адамзатына бергендериндин баарын энчилеп

алгыдай ким элен?

Эрдене   Бийим, билип ал! Кудайдын сүйгөн пендесибиз. Заман күчтүүнүкү.

Ажы бий  “-Багынсаң, жалынсаң алым-салым албайм” – дегидей, Паргана аймагын

башкаргыдай, Ош – Өзгөндү өзүңкү кылгыдай сен кимсиң?

Эрдене Колундан келеби? Сен да тартып ал.

Ажы бий Эсиңе алып, билип ал! Коконду Кокон болуп тикеленишиңе саруу Ажибек баатыр, баргы Тилеке баатыр колдоого алган. Жоо кай тараптан Парганага келсе да, төшүн тоскон тоолуктар экенин билесиңби?

Чоң атаң Шоорук, өз атаң Абдарахим, абаң Абдыкеримдерге кубат болуп, сүйөгөн тоолук баатырлар экени түшүңө да кирбесе керек! Тагы өчө элек, калмактар менен чин – кытайлар селдей каптаганда Паргана аймагына коргон болгон тоолук элдин уулдары экенин унутсаң, сен Кудайды унуткандай болосуң!

Эрдене  Коргосо коргогондур. Аны эмнеге милдет кыласын?

Ажы бий  Абдыкерим агаң калмактарга алым төлөөнү мойнуна алып, агаң Бабабек менен  иниң Абдырахманды барымтага бергени эсиңден көтөрүлүп кеттиби?

Дини мусулман балдары ынтымакташып кайырдиндегилерди бир нече жолу Парганадан сүрүп, айдап чыкканын кантип унутуп каласың? Эси жок Эрдене! Эртерээк эсиңе кел! Эси жоктугуңдун кесепети элге тийбесин! Улам Ош-Өзгөнгө сарбаздарыңды баштап барып тынч жаткан, элди талап, алым алып, тийиштик кылып, эмнеге тоолуктарга жоо болосуң? Өнбөгөн өчүң, ала албаган кегиң болсо ачык айт! Чечишип алалы. Курал менен сүйлөшкүң келсе, чык жекеге!

Эрдене  Мен туткунум менен айтышкым, чабышкым да келбейт.

Ажы бий  Жекеме-жеке кармашуу колундан келбейт. Дини, дили бир эки элдин ортосундагы ынтымакка кыянаттык кылдың. Илгери-кийинки биримдикти ойлободуң. Сенин кычы-лыгыңды билмексен, куулугуңду сезмексен болуп келдик. Бейиштин төрүндөй болгон Паргана аймагындагы мазары, базары бир, жада калса ичээр суусу, дем алаар абасын бөлүп аларга эч кандай шарт жоктугу эсиңе келбедиби?

Эрдене  Төп айттын. Талаштык кылбай, бийликти бирөө жүргүзүшү керек.

Ажы бий Ач көздүгүң, бузукулугуң акыры барып өз башыңа тиерин түшүн! Эгер эки эл кектешип кала турган болсо, ортодо жер өрттөлүп, эл кырылып, адам каны күйөт. Анда сен, кайсы муратка жеткен болосуң?

Эрдене Алдуунун алдында алсыз дайыма мүнкүр. Аны сен жакшы билесин.

Ажы бий Сен эки элдин ортосундагы, биримдигине доо кетирбей, жаман оюңдан кайт! Ниетиңди оңдоп, дилиңди тазартып, ынтымак майданына кел! Согушту токтотуп, элдешели?

Эрдене  Акылдуусунбагын, Ажыбек баатыр! Сага-“багынсаң, жагынсаң, алым-албайм” деп, эскертпедим беле»?

Ажы бий  Сага бөгүлүп-чөгүлүп, багынбайм да, жалынбайм дагы. Андай жорукту ата-бабам кылган эмес. Жагынып жашоо, кыргызга жат.

Эрдене  Шарт үчүн жагынып, сурап коюш кыйынбы?

Ажы бий  Андай кесел сенде бар. Биздин урпактарга жукпасын.

Эрдене  “Мекеним кымбат. Жерим асыл” дейсин. Мен сараң эмесмин. Сура!

«Мекениңди, жериңди кайтарайын». Менин кең пейил экеними жаамы мусулман билсин! Сенин “баасы кымбат, кудреттүү жериңди жанындан кымбат көрүп, алып калганың кийинкилерге айтылып калсын.

Ажы бий Ата-бабам эзели душманына тизе бүгүп, башын ийип көрбөгөн. Сага күнкор болгучакты, өлгөнүм артык.

Эрдене  Өлө элексин. Алдыда эчен жыргалдуу жашоо, көрөр күндөрүң бар.

Ажы бий Мен көрбөгөн күндөрдү, жашоо доорун кийинкилерге  тапшырам.

Эрдене   Сен өлгөндөн кийин, жыргалдуу жашоону балдарыңа ким алып берет?

Ажы бий  Эй, кеңкелес! Макоо! Менин жашоом, көрөр күндөрүм сени менен эле

бүтүп калбайт.

Эрдене  Өлдүң, өчтүң, баары жок. Жанынды сура? Жалын!

Ажы бий  Мээси жок. Сага жалынбаганым, Ата – Журтумду баалаганым.

Эрдене -Ха, -ха, -ха. “Жагын дегеними”, ага ынабаганыңды, ким көрүптүр? Ким күбө боло алат?

Ажы бий  Сен күбөсүң. Баарын көрдүң.

Эрдене  Мен айтмак белем?

Ажы бий  Айласыз айтасың.

Эрдене  Кимге?

Ажы бий Өзүңө, өзүң айтасың. «-Эмнеге жалынбайт? Мекенин эмнеге кымбат дейт? Жарыкчылык жашоону “белек кылып, берейин десем, эмнеге албайт?” -деп, ойлонуп жатасың. Дагы да ойлоносуң. Себеби, сенде  Мекен-дин кымбаттыгын, жашоонун асылдыгын баалаган сезим жок. Түшүн-бөйсүн! Ата Журтту баалоо, элге жакшылык кылуу оюна да келбейт.

Эрдене  Эмне себептен?

Ажы бий “Байлыктын баары менде болсун. Бийликти эч кимге бербейм. Башкалар менин колумду карап, бөгүлүп-чөгүлүп турса. Айтканга көнбөгөндү жазаласам” – деген ой менен жашап келесин, туурабы?

Эрдене   Туура айттын. Аны, кантип билдиң?

Ажы бий  Сенин жашооң,  мага жат.

Эрдене       Жашоодо дүнүйө топтобосоң, ойлогонуңду бирөөгө аткарта албасаң, эмнеге келдиң? Жараткан сени “жашоонун жыргалын көрсүн” деп жараткан.

Ажы бий  Жашоонун жыргалы:  дүнүйө, байлык, бийлик менен чектелбейт.

Эрдене  Анысы кандай?

Ажы бий Жашоонун улуулугун, дүйнөнүн сулуулугун, Ата журтундун асылдыгын баалап, сезип, барктаганыңда гана жашоонун кадыры көтөрүлөт.

Эрдене  Андай сезим, менде эмнеге болбойт?

Ажы бий  Мындан кийин да болбойт.

Эрдене  Эмнеге?

Ажы бий Жашоону өмүрдү, Ата Журтту чын дилинден сүйө албасаң, андай сезим сага келбейт.

Эрдене Айткандарыма маакул болбодуң. Өзүңдүн  балдарың, ини-туугандарың, сен деп келген жоокерлериңдин аман калышын каалайсынбы?

Ажы бий  Ар кимдин буйруган насиби бар.

Эрдене Жакындарыңдын жанын сура! Болбосо, көз алдыңда баштарын алдырам. Менин бийлигиме ыкрар болушса, азаттык берем.

Ажы бий Тизе бүгүп, жанын сурагандар, мага тууган эмес. Душманга моюн сунуп, кечирим сурап, эркиндик алуу ыпластык! -Андай ишке тирүү туруп, барба-гыла! деймин.

Эрдене Жаагын жаап, зынданга салгыла! (чыгып кетет)

Ажы бий Тагдырын да өзүнүн жеке камын көрүп, убактылуу

байлык менен бийликти эч кимге бергиси келбеген, өзүмчүл, көр дүйнөнүн сазына баткан, биринен бири өөдөсүнгөн, эл келечегиң, ата конуштун ыйыктыгын баалай албагандардын колунда калган Ата Мекеним, асыл элим!

Бир кездеги даңазаң кылымдын кыйырынан артып, эзели душманыңа тизе бүкпөй, ар дайым күрөштө чыңалып, катылганды каң какшатып, эркиндигиңди сактап келген элең. Канчалагандар элиңдин биримдиги менен ынтымагына суктанып, тарых таржымалыңа танданышкан, кызы-гышкан. Эл-жери үчүн кымбат өмүрлөрүн аянбаган азаматтарыңдын эрдиктери, ыр болуп жаңырып, күү болуп төгүлүп бүтүндөй ай-ааламды аралабады беле!?

Эчен бир гүлдөгөн доорлоруңда баркталып, бапестелген бактыңа көз тийип, арамдык менен ыпластыктыктын, адилетсиздик менен чагымчыл-дыктын, көрө албастык менен кызганычтын мезгилдери келип, кылыч мизинен кансырап, жалындаган өрттүн табына, ташкындаган селдин эпкининде жапа чеккенсиң! Ал учурларда да, мүңкүрөп калган эмессиң. Эгемендигиңди эч кимге тарттырбай, эчен оорчулуктарды, эртеңки тагдырыңды күрөш менен жеңип, ар дайым ынтымак менен биримдикти сактагансың. Бирок, түркөйлүк менен түшүнбөстүктүн оорусуна кабыл-гандар, жеке башынын камын көргөндөр, байлык менен бийликти өйдө көрүп, өз элине душман болуп, жан багып келишүүдө.

О кыргызым! Сен качан ач көздүн, сараңдын, аңкоонун, саткындын кызыкчылыгынан арылганыңда, кетпес дарттан кутуласың. Ал үчүн сенин кадырыңа жетип, сени баалап, сүйгөн “Ата Журтум, асыл элим, кадыры кымбат мекеним” деген урпактар жаралганда гана, ажарың ачылып, келбетиң жашарып, даңкың тазарат.

Ал учурду ынтымак менен биримдиктин күчүнө таянып, элиңдин бактысын, жериңдин тынчтыгын көксөгөн уулдарың алып келет. Алардын ой-максаттары, келечекке умтулган үмүттөрү, акыйкат күрөшкө арнаган өмүрлөрү тунук дагы, таза дагы. Ал күндөр келерине мен ишенемин!

 

Аягы!

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу