Сулайман Рысбаев: Арсендин өтүнүчү

Таяк катуу

Эжеси үй жыйнаш десе болбой, сиңдиси Аяна “менин курсагым ачты” деп, куурчагы менен ойноп отуруп алды. Алдаса да болбоду.

-Эмне, таяк жегиң келип жатабы? -деп коркутту эжеси Асел.

Анда курсагы ачып отурган Аяна:

-Иги, таяк катуу да, жей албайм аны…-деди бултуңдап.

 

Буту жөтөлүп

Күн суук болчу. Апасы улам байпагын кийгизген сайын, Элнура кайра эле чечип таштайт. Аны көргөн апасы Бүбүсара кейип кайрадан кийгизет.

-Болду эми, байпагыңды чечпегин. Уктуңбу? Карачы жөтөлүп да калыпсың.- деди апасы эскертип.

Анда Элнура:

-Мине, байпагымды чечсем, бутум да жөтөлүп калабы?-деди апасын ормое карап.

 

Кичинекей бир саат

Дем алыш күнү бакчага барбаган Айбийке үйдө отуруп эрикти го:

-Ата, бакка байып, селкинчекке түшүп ойнобойлубу?-деди эркелеп.

Ỵйгө жакын жерде бак, анын ичинде балдар ойной турган селкинчек, айлампалар бар эле да. Дем алыш күндөрүндө атасы колу бош болгондо дайыма ошол жерге барып, кызы экөө ойноп келишер эле да.

-Макул, кызым, бир саат күтө тур э… Ишим бүтөрү менен баралы. Макулбу? -деди атасы, дубалда илинген чоң саатты карап.

Кызы кыйылып туруп макул болду:

-Анда чоң бий саат эмес, кичинекей бий саат ээ…-деди чыпалагын серейтип көргөзө.

 

Аттардын “наручниги”

Шаардан айылга келген балага баары кызык көрүнөт- деген туура экен. Аттын башына жүгөн каткан кызык, Аны токуган-кызык, минип бастырып жүргөн-кызык. Баарынан да, мамыга байлап койгон кызык көрүнөт экен.

Бир күнү дагы бир кызык окуя болду.

Айбийке атасы экөө ат минип айылчылап келишти, атасы аттын бутуна тушамыш салып, отко коё берди.

Аны көрүп Айбийке атасынан сурады:

-Ата, аттын колуна да “наручник” тагабы?

 

Баракка батпайсың

Кичинекей Тимка колуна калем кармап алып, кагазга ар түрдүү нерселерди тартып жаткан. Аны карап атасы Өмүралы жана анын досу мактап отурушту.

-Ата, мен сизди сүйөткө тайтам…-деп, ансайын түр калемин оңдой кармап, Тимка бир нерселерди чиймелеп кирди.

Ошол маалда атасынын досу “Эми мени тартчы” деп калды.

Атасынын досу курсактуу болчу. Тимка аны бир карап алып, башын чайкады:

-Иги… чени тайтпайм… Ченин куйчагың чоң…Баякка батпайчың…

 

Короз

Айжаз дем алыш күндөрү бакчага барбай калганда күндөгүдөн кеч турат. Апасы эрке дагы уктасын деп жөн коёт.

Бир күнү эртең менен ойгонуп эле, атасына нааразы боло буларды айтты:

-Ата, короздор дем алыш дегенди билишпейт окшойт …

Атасы кызынын сөзүнө күлкүсү келип:

-“Эмне болду, кызым? Азандан кыйкырып, уйкуңду алдыбы?”- деп сурады.

-Ооба, ата. Ушул корозду союп таштайлычы…-деди анда Айжаз, көзүн ушалап, аябай капа болгон калыбында.

 

“Түшүмдө тебем”

Эрмекке атасы ролик сатып берди. Эрмек көптөн бери эңсеп жүргөн роликти тээп, кечке ойноду. Адегенде түзүктөп тебе албай, бир нече ирет жыгылды. Анан кичине үйрөнүп калды, ал үчүн атасы менен апасына кубанычын айтып мактанды.

Роликти кечинде жатарда да бутунан чечпеди. Уйкусу келгенде да чечпей, ошол боюнча төшөгүнө жатып алды.

Аны көрүп атасы:

-Балам, мунуң кандай жорук? Ролигиңди чеч да, укта. Эртең ойнойсуң.

Анда эселек Эрмек уйкусу келген калыбында:

-Түшүмдө да тебем, – деди үргүлөп уктап баратып. -Ошентсем болобу?…

 

Беш дөңгөлөктүү машина

Асанбектин байкеси жаңы машина алган.

-Байкемдин машинасынын беш дөңгөлөгү бар экен… – деди Асанбек, досторуна мактанып.

-Койчу. Машинанын да беш дөңгөлөгү болчу беле? – деди анда кошунанын баласы.-А деги, бешинчи дөңгөлөгү каеринде экен?

-Багажында…

 

Уялып калышты

Айгерим эшикте ойноп жүрүп, короого кирди. Ал дарбазанын каалгасын ачкан кезде, короодогу бакта таранчылар ызы-чуу болуп сайрап жатыптыр. Айгерим кирип келгенде, баары жапырт унчукпай калышты.

Айгерим таранчылардын унчукпай калганын туюп: “Алар менден уялып калышты”– деп ойлоду.

 

Тооктун оозу

Кичинекей Айбек китептен тооктун сүрөтүн карап отуруп, апасынан сурады:

–Апа, бул тооктун эмнеси?

–Тумшугу.

–Анда оозу кайда?

 

Жөжө жана апасы

Үч жашар Үмөт апасы экөө жөжөлөргө жем берип жатышкан.

–Апа, жөжөлөр да апасын жакшы көрүшөбү?

–Жакшы көрбөй анан.

–Анда алар апасын кантип өбүшөт? Тиштеп албайбы “өбөм” деп атып…

 

Аттардын мүйүзү

Жайында айылга барып, таенеси бээ саап жатканын төрт жашар Жанара биринчи ирет көрдү. Шаардыктарча кийинген чоочун кызды көргөн бээ кулагын куушура, Жанарага таң калгандай карады.

Аны көргөн Жанара чоочуп кетти. Таенеси бээ саап бүткөндө мындай деди:

–Таене, бул аттын мүйүзү болгондо мени сүзүп коймок экен ээ…

 

 Кулагыңды жулат

Жай аяктап калган. Кубан менен анын кошуна досу Жыргалбек экөө мектепке бара турган болуп даярданып жатышкан.

Бир кезде экөө ойноп жатышып, кокусунан чырдаша кетишти.

–Сен минтип, айткан сөздү укпай турган болсоң, мугалимиң кулагыңды жулат…–деди коркута, Кубан.

–“Жулат” деп ким айтты сага?

–Эжем айткан…

 

“Сызгыч”

Бакчада төрт жашар Жамийла далисте жүргөн тарбиячы эжейине энтигип чуркап келди:

–Эжей, тиги Элдос деген балачы э…Сиз тентек балдарды чапчу сызгычыңызды сындырып таштады!

 

Түндүк

Үч жашар Айгеримге чоң энесинин боз үйү айрыкча кызык көрүндү. Чалкасынан жатып алып, ууктарын санап, түндүгүн карай берди. Анан мындай деди таң калганы тарабай:

–Чоң апа, ушунча ууктардын башына түндүктү кантип сайдыңыз?!

 

Чымчыктын мотору

Асманда самолёт учуп бараткан. Аны карап турган Ильяс байкесинен сурады:

–Байке, самолёт асмандап кантип уча алат?

–Билбейсиңби ошону дагы. Анын деген мотору бар да…

Анда Ильяс ойлуу туруп, кайра сурады:

–Чымчыктын дагы мотору барбы?

 

 “Сегиз дөңгөлөк

Байкеси Ильясты сынамакка мындай деди:

–“Мерседестин” алдында канча дөңгөлөгү бар?

–Эки.

–Артындачы?

–Эки.

–Оң жагындачы?

–Эки…

–Сол жагындачы?

–Сол жагында дагы эки…

–Ошондо “Мерседестин” канча дөңгөлөгү болот?

Анда Ильяс ойлонбой туруп эле мындай деди:

–Сегиз..!

–Билбейсиң. Эмесе, сага да “эки”!

 

Эмне үчүн менде аз?

Саадатка эжеси эсептегенди үйрөтүп жатты.

–Эсептечи. Мисалы, менде эки балмуздак, сенде эки балмуздак болсо, баары…

Анда Саадат эжесинин сөзүн бүтүрбөй, минтип сурады:

–А эмне үчүн менде бирөөгө аз?

 

“Доктур болбойм”

Эмканага эмдетип келгенде уктап ойгонгондон кийин үч жашар Алия апасына мурчуюп мындай деди:

-Апа, мен чоңойгондо доктур болбойм..! Алар жаман экен. Балдарга оорута укол сайышат экен!

 

Теректер

–Чоң атамдын короосундачы ээ… Теректер түп-түз болуп тизилип өсүп алышыптыр, спортсмендердей болуп…-деди мактанган Нурсултан досторуна.

 

Ташбаканын “сумкасы”

Сүйүнтбек бакчага жөнөгөндө китеп баштыгына китеп, дептер, пластилин жана түр калемдерин салып алат. Алардын баары оор экенин ойлоп да койбойт. Кечинде китеп кабын көтөрүп, чарчап үйгө келет.

Бир күнү үйгө келди да, китеп кабын жонунан алып жатып, апасына мындай деди:

– Апа, ташбаканын баласы деле сумкасын жонуна көтөрүп жүрө бербей, чечип таштабайбы э…

 

“Тазасынан жедим”

Элнура кечке эшикте ойноп жүрүп, кечинде үшүп, жөтөлүп келди. Аны көргөн энеси кейиди.

–Кар жегенсиң го э…

–Тазасынан эле жегем. Кир нерсени жебе дедиңиз эле го, апа…

Жароокер кызынын бул сөзү апасынын капалыгын жууп койгонсуду.

 

Бир саат артка

Жазгүл бакчага баргысы келбей, апасын кыйлага убара кылды.

–Кызым, карачы, бир саат кечиктик.

Анда Жазгүл апасын тынчтандырмак болуп, олуттуу түрдө мындай деди:

–Апа, эми такыр шашпаңыз. Саатты бир саатка артка жылдырып койдум.

 

Кайык

Бекзат чоң атасы менен Ысык-Көлгө барган. Алар көлгө түшүп, алыста сүзүп жүргөн параходдорду карап жатышкан. Аңгыча жанынан кайык айдагандар өтүп баратышты.

–Чоң ата, кайыктар пароходдордун балдары го, э.–деди анда Бекзат аны көрүп.

 

Мөндүр

Жайлоодо бир күнү мөндүр жаады. Жердин бетине ак момпосуй төгүп койгонсуп, бармактай мөндүрлөр жайнап калды.

Аны көргөн Бекзат минтет:

–Чоң ата, мынча мөндүрдү асманда отуруп алып ким томолоктойт?

 

Балык алганда

Үч жашар Сыргак байкесин ээрчип суу боюна барды. Байкеси Куту кайырмак салып, балык алмак.

Кутунун кайырмагына балык бачым эле илинип, ал балыкты серпип ыргытты. Туйлап жаткан балыкты Сыргак таң калып карап отурду. Куту бат эле дагы бирди серпти.

Анда байкесине таң калган Сыргак мындай деп сурады:

–Байке, сизге суунун ичинен балыкты ким илип берип жатат, ыя?

 

Арсендин өтүнүчү

Эшиктен шайдоот чуркап келип:

– Ата, мени кытыгылачы, — деди, кичинекей Арсен атасына.

– Эмне үчүн?

– Күлгүм келип атат…

 

Дарыга да курсак тоёбу?

Төрт жашар Аида чоң апасына:

– Апа, чай ичиниз, – деп чай сунду.

–Ырахмат, айланайын кызым, азыр эле дары ичип алдым, анан ичейин… – деди ага чоң апасы.

– А… чоң апа, ошо дарыга да курсак тоёбу – деди анда Аида таң калып.

 

Кара улак менен Ак улак

Кара улак менен Ак улак жарчанын башына чыгышты. Жарчанын башында көк чөп өсүп турган. Экөө көк чөптү талашып жеп жатышты.

– Чөп меники, – деди Ак улак.

– Жок, меники, – деди Кара улак:

Анан экөө кичинекей мүйүздөрү менен сүзүшө кетишти. Сүзүшөбүз деп жарчанын башынан кулап түшүштү.

 

Чемичке

Асел менен Кубат сабактан чыгып келатышты. Бир аз эс алууну чечишип, паркка кайрылышты. Колдорунда кагаз баштыкка салынган чемичкелери бар эле. Экөө орундуктарда отуруп, чемичке чагып киришти.

-Пөчөктөрүн кайда таштайбыз?-деп, Асел ары-бери карады.

-Таштанды челек да жок экен…- деди Кубат.

Экөө эмне кылабыз дешип, айлананы карашты. Айлана таптаза эле. Таптаза айлананы алар булгагылары келген жок. Анан чемичке чагууну токтотушту.