ЖҮРӨКТӨГҮ БОРООН
( Акындын бир күнү)
КР эмгек сиңирген ишмери , акын Зайырбек Ажыматовтун жаркын элесине
1 -көрүнүш
(Туш, аян же элес сыяктуу көрүнүш,) Музыка.
Сахнада акындын атасы, тайенеси, бешик терметкен апасы, иниси.
Кайдандыр бир назик, жагымдуу, жылаажын үн угулат. Үн бирде андан , бирде мындан угулуп өспүрүм бала коңгуроонун үнүн эрчип издей баштайт.
Бала– Апа баягы Кызкайып жөнүндөгү уламышты айтып бериңизчи….
Тайене– ( өзгөчө стил менен уламышын баштайт, балким Манастын стилинде)
Бар экен жок экен…
Илгери бир өткөн заманда …
Аскасында ойногон
Аркар кулжа кайберен.
Биздин улуу тоолордо,
Кайрат эрки шай келген,
Журтун багып жашаптыр
Көзгө атар жигит Кылмерген .
Ал бар кезде калкынын
Карды дайым ток эле ,
Оргуштаган жанардай
Ооматы жалын чок эле,
Журт бийи болчу өрөөндө
Андай баатыр жок эле.
Ошол Кылмерген жигит бир күнү тоолордун ар жагындагы тойго барып,
Айдай сулуу кыз көрүп
Ашык болуп калыптыр
Ак сүйүүнүн айынан
Тоо ашып күндө барыптыр.
Эки ашыка бир күнү
Көзү ачык төлгө салды дейт
Бактынарга экөөңдүн
Бир жылдыз көктө жанды дейт.
Баш кошкон күнү буйруса
Уктабай тоскун таңды дейт.
Мындайды угуп , сыр түйүп
Ажырашпай бир жүрүп
Ээрчишип өмүр сүрүүгө
Ант бекитти кыз жигит
Айлына келген Кылмерген
Жыйып бүтүн уруусунун
Кичүү менен улуусун
Жакшыларын элинин
Чогултуп барын алыптыр
Колун сурап күн кыздын
Кайын журтка барыптыр .
Кырк күн тоюн түшүрүп
Кыз оюнун салыптыр.
( Уламыш айтылып атканда Кызкайып пайда болуп , акын Кылмергенге айланат . Алардын ортосундагы сүйүүсү, анташуусу ырым жырымы пластика бий менен көрсөтүлөт, акырындап масса кетип сахнада Кызкайып менен мерген ( акын) гана калат да, арзуу, суйуу ырлары окулат)
Зайырбек – Мелмил
Бир сулууга жолуктум Мелмил деген,
Сулуулукка, мээримге мелмилдеген.
Эриниме төшөлүп эриндери,
От ичкенди үйрөндүм эрдим менен.
Жаңырууда, бардыгы жаңырууда,
Жалын, оттор денемде агылууда.
Катаал күндөр какшытып катып калган,
Каным ташыйт дүркүрөп тамырымда.
Муза – Сенсиз мокоп, жашоодон сууп келдим,
Сүйүү, сүйүү – туткасы улук жердин.
Согуп жүрөк демиңден демиктирген,
Соолуп жаткан жеримден туруп келдим.
Зайырбек – Башым тийип Күн, Айга тура калсам,
Аңкайышат аскалар улагамдан.
Мен өзүмдү эң бийик сезип турам,
Корком, корком, эх, андан кулагандан.
Мелмил, Мелмил, Мелмилим-мелмилдеген,
Мээрим бердиң, күч бердиң мен билбеген.
Кайнап турса канымда улуу сүйүү,
Кармашууга даярмын мезгил менен.
Муза-
Эх, жаным , сени куткомун, күткөм келсе деп
Экөөбүз бирге болууга өмүр жетсе деп
Эзилип көңүл, элжиреп турам жаныңда,
Эркелеп мага эркелеп алчы эркелеп.
Мезгилдер аттиң, мезгилдер сынбас канатчан
Мээримсиз мерез, мейкинге сиңип бараткан
Сен мүмкүн мага бир гана келген бакытсың
Сенделем таппай, өзүңдөн эртең адашсам.
Зайырбек –
Мунайба жаным , мунайбай туруш керекпиз
Махабат, жаштык, өмүргө кана элекпиз
Муунтса ажал, муунду муздай катырып
Муздаган денең бир дагы жанга керексиз
Ашыкса күндөр ачышып жүрөк сестенет,
Азгырып мени кетчүдөй ажал эртелеп.
Агарса көңүл узарат дешет өмүрдү
Алгым бар сага , алгым бар бүгүн эркелеп.
Кыз кайып кетип , ыр окуп жаткан акын жалгыз калат.
Сахнанын артынан жаштардын күлкүлөрү, куттукташкан үндөр угулуп анан өздөрү да кирип келишет.
Балдар– Кут болсун! Кут болсун!
– Тарыхта калчу күн болду !
– Куттуктайм! Азаматсынар!
1- бала – Тегин жерден жаралышпайт терендер
Бир улуу куч таасир этет керемет
Акын болбойт акын болом дегендер
А акындар акын бойдон төрөлөт.
2-бала – Оо, мына , мына,
4- бала- генийлер гений бойдон төрөлөт. (күлүшөт)
3- бала – Нуке кубөлүгүндү берсең көрөйүн?
1-кыз – Кана, кана көрсөтсөң.
3-бала (күбөлүктү колго алып , ачып окуп кирет) күбөлүк, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу, Калыбеков Нурлан . Күбөлүктүн номери 295
– Оо , кут болсун! Куттуктайбыз!
– Жуксун, Жуксун.
– Баскан жолун узак болуп буйруса жазуучулар союзунун төрагасы бол ( күлүшөт)
3-бала – Заке сеники канчанчы экен, кана көрсөтсөң, Заке кана?
4- Бала- Эй Заке Сократтын ой тоогоосуна түшпөй келбейсиңби бул жака, кубөлүгүндү көрсөтсөң , көрөлү.
Зайырбек келип жаштардын тобуна кошулат, күбөлүгүн берет
2-бала – ( кимдир бирөөнү туурап аткансып окуйт) Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун комиссиянын чечими менен Ажыматов Зайырбек жазуучулар союзунун мүчөсү болуп кабыл алынды . Күбөлүктүн номери 296 ( Значок тагып, күбөлүк тапшырып аткандай ишарат кылып анан Зайырбектин колун кысат) Кут болсун! Арышынар кенен, туягынар талыбаган тулпар болгула. Ар дайым изденип, жалкоолук кылбай, ташыркабай жазгыла. Талыкпай жаз ( далыга таптап коёт, балдар күлүшөт)
1-Бала – Жана Мавлян агай айтпадыбы .. .
3-бала- ии ушу сен качан туура сүйлөгөндү үйрөнөсүң агайдын аты Жунай , Мавлянов фамилиясы жазуучулар союзунун төрагасы жанындагы агай жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросунун төрагасы Маркабай Ааматов. ( Күлүшөт)
1-бала- ыр окуп кирет
«КУРМАНДЫК»
Үлүл сымак кырк жыл ашпай бир кырды,
Үшкүргөнчө ойлор ээлеп миң жылды.
Үмүт менен ойго кылып курмандык,
Үтүк менен «мууздап» салдым бир шымды.
Өкүт болуп келе калган ыр жаңы,
Өкүндүрдү кыялымдын кылганы.
Өлүм жыты мурунду өрдөп «бур-р!» этип,
Өлдү, «чыр-р-р!» деп чыгып кетти шым жаны.
Ойлонбосом мүмкүн эле соо калууң,
Ойлор болду башталышы кооганын.
Опол тоодой бел болчусуң белиме,
Ойрон шымым, түштү бүгүн доораның.
Кийген кезде майрам эле аймагым,
Киши колдуу, кокус жерден жайрадың.
Кирдегениң билдирбестен турчу элең,
Кир көтөрүм кайран шымым, кайраным!
Белге таңуу жалгыз элең мен үчүн,
Бердиң далай үзүр менен жемишиң.
Бересем бар, аласам жок, акым жок,
Берен калгыр, болсун эми бейишиң…
1-бала – оо баракелде , ыр эмес бекен.
2-Бала- бали, бали .
Кыз- кана эми ким окуйт? Зайыр сенда ыр окубайсынбы?
Зайырбек– Мен бир ыр жаздым эле , Кимге дебейсинерби?
Балдар – ии
Зайырбек– Биздин Какеге
Балдар– Кимге Какегеби?
Каке– Магабы?
Зайырбек— Ооба, ооба Какеме…
1 Кыз – Тынчтансанар ой, биз ыр угабызбы деги. Кана Заке анда сен.
Зайырбек– – Ак боз ат сызат чанды сапырылтып
Баш бербей убакыттын ченемине
Арышы сезимиме жалын буркуп
Жол салат журокторлун теренине
Ай барат сызып ундун ыргыгында
Армандуу суйуунун да жашы тамат
Арбалткан табышмактуу сырларына
Ай чырай перилердин жузу жанат
Толкуткан журокторду обон сыздайт
Чогултуп алган сымал дуйно кучун
Жарылып кетпей комуз аран чыдайт
Карытып мезгилдерди келген учун.
Балдар– Баракелде Заке, баракелде. ( Коштоп кетишет)
- Бала– Каке эмне турасын, калем акы бере сал, чонго жыгылдын. ( Каткырышат)
- Бала– Эй Каке бол нан менен майонез алып келе кал.
- Бала-сабиз салатты менен десең э. Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичиптир дегендей курсакты кампайталы ( күлүшөт)
Калмурат эмне кылаарын билбей, онтойсуз абалда кайсалактап анан бутун карап, тапканына суйунгондой
Каке– Ээ , Заке муногу ботсту кечээ эле эжем алып берди эле , ырындын калем акысы ушул болсун. Озу да бутумду бир аз кысып атты эле , Ме ушуну сен кийип алчы . ( бутунан ботусун Зайырбеке чечип берет)
Зайырбек— ээй Каке кой, кой а озунчу.
Каке– Мен сеникин кийип алам .
Балдар– кана Заке, калем акынды байкайлычы, ары бери басып көрчү.
-Олжолуу күн болду бүгүн сага. ( кыраан каткы кулушот.)
– Жууш керек…
– Ооба , жууш керек мындай нерсени
– Кеттик жатаканага
Калмураттын ырын жаштардын бири ырдап баштап калганы коштоп кетишет
Курбуларга
Жазда жамгыр жааганда
( Жаштар ырдаган боюнча сахнада кетип акын кайрадан жалгыз калат)
Зайырбек – ыр окуйт
КМУ. ЖУРФАК. 10-ЖАТАКАНА
Көр турмуштан көңүлүм жадаганда,
Көрүү үчүн өзүңдү барам сага.
Жаштыгымдын өрт күнү сенде калган,
КМУУ. Журфак. Онунчу жатакана.
Эх, кыздардын бөлмөсү жанга ысык,
Кирсек дешип көп жигит жарданышып.
Китеп берип, китепти алышуулар,
Кетүүчү эле сүйүүгө айланышып.
Апамды эстеп – эч жакка узатпаган,
Сагынычтан кээ күнү бышактагам.
Шаар мага туруучу өгөй болуп,
Элет жыттуу баланы кучактаган.
Анткен менен көөдөндү жарып чыгар,
Көңүлүмдү эңсеткен алыстык бар.
Көчөдө кар. Сабакка шашып барам,
Бутта ботац, мойнумда галстук бар.
Сени эстесем тазарам, жашарам да,
Үмүт жанып улуу иш жасаганга.
Кымбат баалуу күндөрүм сенде калган,
КМУУ. Журфак. Онунчу жатакана
Зайырбек – Эх, жаштык деген өмүрдүн көктөмү экен го.
(Акын ыр окуп жатканда сахнага бир караан пайда болот)
Караан – Жакшы күндөр бекен? Эстеп атасыңбы?…. Жүрөгүңөр от- жалын, баарынар курч, алдыңарда чоң максаттар…..анан эмне болду эле ?
Телефон чырылдайт. Караан көздөн кайым болот.
Аялы – ( сырттан) Зайыр , телефонду албайсыңбы. Зайыр. ( телефондун үнү чырылдайт берет, акын нес болгондой турат, аялы келип акынга таң калып карап тел алат)
Аялы – Алло.
Үн – Саламатсызбы
Аялы – Саламатчылык
Ун– Зайыр агай барбы ?
Аялы – А- аа ал… тынч элеби ?
Ун- Эртеден бери агайга чалып ала албай жатабыз
Аялы– Кайдан чалып жатасыңар?
Үн – Нур борбордон чалып атканбыз…
Аялы– Нурборбордон?… ( Аялы трубканы Зайырга сунат. Акын албай, коюп кой дегендей ишарат кылат). .. Аа.. азыр үйдө эмес эле, келсе айтып коем. Аа.. макул. (Трубканы коюп , акынды карап) Эмне болду… ? Эмне нес болуп калгандай турасың, Эмнеге албай койдуң?
Зайыр – Эч нерсе. Жөн эле
Аялы – Кантип жөн эле. , Нур борбор дегенде узулуп түшүп турчу элен го …
Зайырбек – ( өзүнчө ) … азыр эмес… мен өзүм байланышам, айтып түшүндүрөм… ушул иштер бутсунчу өзүм барып келем…
Аялы – Эмнелерди күбүрөнүп атасың? Сага бирдеме болдубу? …эмнеге сүйлөшпөй койдуң…Канча күндөн бери кабагын ачылбай түнөргөнуң түнөргөн. Бир нерсе болдубу. Кишини кыжалат кылбай айтсаң боло.. . Бирөөгө таарындыңбы, уруштунбу? Бирөөдөн жашынып атасыңбы? Туура эмес бир нерсе кылдынбы?
Зайырбек – Болдучу кайдагыларды жобурай бербей. Эч нерсе болгон жок дебедимби? Мени сурагандарга үйдө жок,кайда экенин билбейм деп койгула болду.
Аялы – Эмнеге…? түшүнсөм буйрубасын. Чогу жашап атып эле анан билбейм деп калайынбы? … себеби болот да ….же мен билбешим керек болгон бир нерсе барбы? …дайыма бирдемени чыгарасың да турасың. ( Жини келип) Ээ айтпасаң койчу. Сага баары бир эмеспи…
Зайырбек– Анаркан… жумушка байланыш бир түйшүк бар ….сени кыжалат болбосун деп атпаймынбы….( Эркелете жакындап) Түшүнсөң…
Аялы- ( эреркеп ) Өмүр боюу эле тушунуп келатам го сени … мени деле ойлоп, мени деле түшүнсөң боло. Керелден кечке жаным тынбайт… ысык суукта жүрүп көрүнгөн жерим ооруйт… балдар болсо чоңоюп калды , эртең үйлөнөм десе кантебиз . Кандай жерден куда сөөк күтөсүн кудай билет , акын экен, укмуш экен деп келишет, анан …. короо жайындын акыбалын көрүп кулбойбу… . Сен болсо Кыргызстанды жалгыз өнүктүрчудөй ыр менен алексиң, бизди ойлобойсуң. Сен деле ойлонсон боло, сен деле түшүнсөң боло… Ырдан башка да дүйнө бар, эки жагыңды карасаң мына, биз барбыз. Элдей болуп эки жакты ондо… ой жок дегенде эркектей болуп эшикте бузулуп жаткан машиненди оңдогонго да эбин келбейт сенин…
Зайырбек– Анаркан…
Аялы– Эмне Анаркан, эмне Анаркан жалганбы? …. Анан тим эле сүйдүм куйдумду жазып жалын болгонун кантесиң … кана, ошо мээрим , ошол сүйүүлөр мага жарашпайбы. Мен да жанмын, мен да аялмын… чарчадым мен. ( Чыгып кетет)
Акын жалгыз калат.
Зайырбек – Кай жерде сага кайгысыз болсо алтыным
Кай жерде күлкү төгүлсө сенин жүзүңдөн
Бара гой, а мен жашаймын алып жылуулук
Бир кезде сенин сүйөм деп айткан сөзүңдөн
Караба мага .. аяба мени, кечикпе
Ууланып өлбөйм , кулаткан ачуу кайгыдан
Ак сүйүүм сени бактылуу кыла албасам
Кетпе деп, кантип тосоюн сени жолуңан
Арнасан мага бейиттей болгон жалгыздык
Тутайын ыйык өзүңдөн калган белек деп
Жөн гана тыптынч эч кимди сүйбөй жашаймын
Кутпойм да сени кайрылып кайра келет деп
(Баягы караан кайра пайда болот)
Караан – Дагы жалгыз калдыңбы ? Айрылуу , сагынуу, кусалануу , оо булар сага эзелтен тааныш да. Эсиңдеби … анда да далай жолу ыза болгонсуң, куса болгонсун.
Зайырбек – ооба
Караан– Суукта жылаңбаш жүрүп, көлчүк кечип бутуңду суу кылчуусуң.
Зайырбек – ооба
Караан– Анын айынан суук өтүп ооруп калчусуң.
Зайырбек – мен…
Караан – этин ысып алдастаганда райондогу ооруканага жатып калчусуң
Зайырбек– ооба
Караан – Жол алыска, кыя жолдун ак кар көк музуна күн – түнгө карабай апаң келчү…
Зайырбек – башка аргам жок эле да …
Караан – Анан аны кетирбей , эртең да келчи -деп кыйначусуң
Зайырбек – мен апамды сагынчумун, апамды көргүм келип куса болчумун …
Караан – билем…, апаңдын жоолугуна окшош жоолук салынган, окшош пальто кийген аялдарды көргөндө жүрөгүн дүкүлдөп алдынан тосо чуркап, башка экенин билгенде эмне дээриңди билбей кайпактап, уялып калчусуң
Зайырбек – мен, апамды кудайдын куттуу күнү күтчүмүн, биз менен жашаса деп тилечумун…
Караан – Бирок анын үй бүлөсү бар эле да …
Зайырбек –ооба
Караан – сен аны кызганчусуң
Зайырбек– балалык да …
Караан – Ал да силерди сагынып азап тартканын билчусуң…
Зайырбек – ооба
Караан – сен аны этектеп кетпечи деген сайын, анын да жаны куйуп, эрдин тиштеп ичинен сыздаганын билчусуң…
Зайырбек – жок
Караан – азаптуу тадырына миң ирет наалат айтып, эки оттун ортосунда кыйналганын, ыйлаганын билчусуң
Зайырбек -жок
Караан – Чийедей балдары, көңүлүндө санаасы бар апаңды аяган жоксуң…
Зайырбек – жок…
Зайырбек – Эх, апаке, апкем ай , апам ай
Эмгегине татыр эмгек жасабай
Тентип жүрөм жарык издеп, ыр издеп
Тек гана бир жөн адамдай жашабай
Тири шумдук кездер коштоп ыргагын
Тирүүлүгүм азабым да , жыргалым
Баарын сизге айтып туруп апаке
Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.
Ыйламакмын кур намыска кыйылбай
Ыйламакмын, алкымыма муунбай
Бирок апа, болбойт ал ый тек гана
Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.
Болот анда сагынычка , бук дагы
Болот анда сиз билбеген бүт баары
Болот анда атакемдин капилет
Бала бойдон бул өмүрдөн учканы
Болот анда боз тумандуу күндөрүм
Болот анда дос, туугандан күйгөнүм
Агып турмак ар бир тамчы жаш менен
Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.
Бул ыйыма көөдөн тиреп жашаган
Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам
Бардык муңум , бардык бугум арылмак
Бала кездей сооротсонуз, эх анан….
Зайырбек – …. Апааа…. Апа…. Апаке…Апакебай кечир….Апаа…
Баягы Кызкайыптын музыкасы угулуп, коңгуроо угулат.
Зайырбек– Апа, Кызкайып окуясын айтып беринизчи, андан кийин эмне болду эле ?
Тайене – Кылмерген жигит баягы
Жети күн соң, келин той
Өткөрөрүн айтыптыр.
Кайынга берип убада ,
Кубаныч менен кайтыптыр.
Элине келип токтоосуз
Камылгага кириптир
Каадасы кылып коноктун
Каз катар боз үй тигиптир.
Той болоор күндүн алдында
Кийик этин алалы
Келгендерге сый болсун
Куш этинен салалы
Кийит болсун ийинге
Аң терисин жабалы
Деп Кылмерген ашыгып
Тоо тарапка жүрүптүр
Жамандык кууп артынан
Жетерин кайдан билиптир.
Арманы көп дүнүйө…
От жалын болгон сүйүүгө
Кара мүртөз адамдар
Каргаша касын тигиптир.
Туш ченде тууган уругу
Мергенди издеп барыптыр
Кыйкырышат алыстан –
«Кырсык бизди басыптыр
Жүзү кара келинчек
Антташына качыптыр »
Мындай уу сөз мергендин
Сай сөөгүнө жетиптир
Арам ойго чыдабай
Түнөрбөй асман нетиптир.
Таарынып мерген дүйнөгө
Улуу тоого кетиптир.
Көрсө кара мүртөздөр
Арам ойду жагыптыр
Кызды уурдап ал түндө
Атка арта таңыптыр
Кутулууга аргасыз
Кыз боюн сууга таштаптыр
Кайып кылып, куш кылып
Сыйкыр берип жараткан
Кыз өмүрүн сактаптыр.
Кызкайып ошондон бери улуу тоолор арасында мергенин издеп боздоп жүрөт дейт.
Караандар баягыдан көбөйүп акындын Кызкайыбынын жолун тороп алып кетишет ( бий)
1 караан- Каршымдагы басар жолду карасам
Каптап алган тунарган бир кара чаң
Кайыктырган бороондорго бет келип
Кандай жолдо, кай тарапка баратам?
2 караан
Сунуп мага санаа менен азапты
Суук көздөр , супсак сөздөр жадатты
Сестендирген күндө жашап жүрөмүн
Баарысынан артык көрүп аракты
1 караан
Ичсем деле дүйнө мындан турлонбой
Өтөт өмүр, ай – жылдызсыз түндөрдой
Көңүлүмдө улуп турат бир кайгы
Көрүстөндүн арасында жүргөндөй
2 караан
Болду! Бүттү! Тойдум ушул тагдырга
Талкаланды турмушум да , бактым да
Келбейт эми алсыз болуп жашагым
Арман, азап, куйуттордун алдында
1 караан
Бузуп алып пенделиктин чектерин
Бул жашоонун мыйзамынан четтедим
Кечир мени , кереметтүү тирүүлүк
Сенден жадап, муздагандан кетпедим.
2 караан- Аялын кетип калдыбы?
Зайырбек – жок, кеткен жок?
1 караан- сен бир жаш кызды сүйүп калыпсың го?
Зайырбек – эмнеси бар экен
Караан- Ал сени түк сүйбөйт экен го….
Зайырбек – анын күнөөсү жок ?
Караан 2– Сени саясатка аралашкан атат дейт го
Зайырбек -ким айтат.
Караан 2 – (каткырып) Саясат , маясат, Азаттык , акча деп атып сен өзүңдү жоготуп баратасың. Сен баягы эле шарабын менен аялыңды, жалгыздыгынды жазып жүрө берсең болмок. Ошол эле жакшы болчу
Зайырбек – Рух дүйнөсүнүн чеги жок. Мен болгону ыр махабатынын кулумун.
Караан 1 – ырларыңдын баары эле куру кыйкырык экен го.
Зайырбек- жалган
Караан 2– ( караандарга карап) Ойлосоң, алдыдагы доорго акындар керекпи же керек эмеспи?
Караан 1 – Менимче керек эмес…
Караан 2– таптакыр керек эмес
Зайыр – жаңылышасыңар … Акындардын доору эми келет. Анткени жакында адамзат коомунда ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТИ менен ЖАН ДҮЙНӨ согушу башталат. Бул согушта акындар адамдардын жан дүйнөсүн коргогон жоокер катары кызмат кылат!
Караан 1- керек эмес.
Зайырбек- керек, сөзсүз керек, көрөсүңөр го акындардын доору эми келет. Биз азыр келечектеги ошол муунга жакшы көпүрө болуп беришибиз керек. Акындар сөзсүз керек
Караандар каткырышат да анан ыр окуп киришет
Караандар –
Каршылашуу жүрөгүмдө, башымда.
Карсылдашып кан – жинимди чачууда.
Өзүммүн мен чоң душманы өзүмдүн
Өзүмдөн түк болбойт экен качууга.
Каршылашуу жан дүйнөмдө кайнаган
Каршылашын кансыратып жайлаган
Азаптанган жан дүйнөмдү аяйм да
Азат кылбай жүргөнүмө арданам.
Канча жолу тазаланды , булгандым
Кайдагы бир кыялдарга чулгандым
Өмүр жетпес, чокулардан карап мен.
Өзүмдү өзүм шылдыңдаган бир жанмын
Акын бирдеме издей баштайт
Караан – Ачууну ачуу басат деген турасыңбы? « Арака жем болушун чындык, тең болушун жалган.
Зайырбек – ( деги эмне каалайсынар) деги эмне каалайсынар?
Караан 1
Бүгүнкү оюм билем эртең каталык
Каршылыктар алкымыма такалып…
Тангының дейт тантыраган ырлардан
Таңдар атат, жаздар келер жасанып
Караан 2
Конулумду өзүм жүрсөм калтырып
Кайран жүрөк жооруп бүттү, жанчылып
Билем мени коштоп барат өлүмгө
Тирүүлүктө бүтпөй ушул каршылык….
Караан- өзүн казалчы болсоң, аялың базарчы болот
Зайырбек – мен ага ыраазымын
Караан – Сен ага бар түйшүктү артып койгон жоксуңбу?
Зайырбек- балким ошондойдур…
Караан – жаңы турмуш курган таттуу кездер эсиндеби ?
Зайырбек – баары эсимде, мен Анарканга ыраазымын, ал менин уучумду узартты… мен эч нерсе унуткан жокмун.
Караан – Аялыңдан айрылгандан коркпо, балдарыңдын энесиз каларынан корк.
Карлыгачтын үнү угулат
Карлыгач- мен силейдин кызыңаймын, мен силейдин кызыңаймын….
Зайырбек – Карлыгач…Каку…Какутайым… Айназик.. периштелерим менин… силердин турмуштан оорун таап, бактылуу болгонунарды көрсөм арманым жок… Назыке, Мелисим …
Төрт үмүтүм , төрт тилегим, кубатым
Төлгө таштай көз алдымда турасың
Тортоонордо төрт бөлүнгөн мен бармын
Төп болсо экен абийир , намыс,уятың
….
Кызкайыптын музыкасы менен коңгуроосу угулат бирок , акын үндү ээрчип издейт . Бул жолу Кызкайып акынга жакындабай, же экөө бири бирине жете албай убара болушат.
Зайырбек- ( ыр окуйт) Сүйдүм сени , сүйүү эстен чыгаарда
Сүйдүм сени , кургуйларга кулаарда
Аруулады көңүлүмдү махабат
Мин ырахмат, миң ырахмат кудайга!
Сүйдүм сени, аалам батпай сыярга
Сүйдүм сени жүргөн кезде туманда
Булут тарап бул дүнүйө шанкаят
Жан дүйнөм бүт айланып жаш тулаңга
Сен аркылуу дүйнө кайра жаңырды
Сен аркылуу жоготконум табылды
Сар санаага батам сени көрбөсөм
Сагынгандай балалыкты айылды.
Суйдум сени , айланып боз уланга
Сары күз бу келген кезде кыраңга
Махабаттын болбойт кечи эртеси
Мен уялбайм, сен да андан уялба!
(Канча ыр окуп жакындаса да акын Кызкайыпка жетпей убара болот)
Зайырбек–
Көңүлүмдөй кунгурт күздүн асманы
Сарсанаамдай саргаюду бак дагы
Эх аттиң ушунча кең ааламдан
Байкуш сүйүүм өз орунун таппады
Бул жазадыр,,, азыр алсыз , бечелмин
Арманымды кабырга алып кетермин
Аттин аттиң, тээ бир кезде манчыркап
Сүйүү жок деп бекер айткан экенмин
Махабатым, жанылуумбу , катамбы
Күздө неге курган көңүл жашарды?
Боор этимди толгоп барат бул сүйүү
Болбогондой кой дегенге ажалды.
Кантем , кантем жүрөгүмдү ураган
Мейли мейли… мен баарына чыдагам
Кайдасың сен кагылайын жалгыздык
Кайра мени кабыл алчы суранам.
Акын музасы кетип кайрадан жалгыз калат. ( кыялындагы акындар Байрон, Назым Хикметт кирип келет)
Зайырбек – Оо келгиле, келгиле.Мен силерди күтүп аткам. Бүгүнкү кечти силерге арнайм. Кана төргө өткүлө, эч нерсеге көңүл бурбагыла, үй чачык, катыным жок, кетип калган
– А силер буларды тааныбай жатасыңарбы?. Ооба тааныбайсынар, себеби окубайсынар да.
(Назым Хикметти карап)
–Чыгыштын улуу акыны Назым Хикмет. Учурунда мекенинен куулуп “эл душманы” аталган, далай жолу түрмөгө түшкөн Түрк акын. Өзү ак сөөк бүлөдө төрөлсө да элинин көйгөйүн айтып , чындыкты туу туткан акын.
Сенселет мажүрүм тал
Сен суйгон ошол дүйнө азыр да бар
А бирок жалгыз гана
Аарчыган талдын жашын
Жарыкка жарала элек
Жаралбай калат окшойт
Сендей акын!
Кенкелес окумдарлар
Коркушуп алардан көп билеринден
Коркушуп алардан көп
Калкынды суйорундон
Тыгышты камерага
Куушту мекенинден
А бирок ырларыңды
Болбоду кулпулоого
Болбоду кармаганга.
– А бул батыштын улуу акыны Байрон. Төрөлөрү менен ата энесин ажыраштырган , мендей атасыз өскөн акын .Тубаса аксак болгон. Чын айтамбы. Сүйүүнү баалаган, суйуунун азабын көп тарткан, шарапты жакшы көргөн акын . Биз бул жагынан да окшошпуз.
– Мм . Эмне ичели. Чай, кофе?
Бирок кофе жок. Айла жок чай ичебиз же…( жаңсап шарап ичүүнү сунуштайт). Аа мейли , мейли
– Биз бүгүн ыр окушабыз. Ким баштайт. Ким улуу. Байрон улуу да , Байрон баштайт. Кана.
Байрон ыр окуйт
Байрон – ЖАРАЛУУ ЖАНЫМ МЕНИН
Жаралуу жаным менин, тез бол акын,
Алтындан арфаны алып келгин жакын.
Манчалар ойноктосо катар кылды,
Бейиштин үнү чыгар жанга жакын.
Эгерде үмүт, тилек калбаса өлүп,
Жүрөктө кайра ойгонор, кетпес чөгүп.
Көзүмдө катып калган бир тамчы жаш,
Бар болсо байкайынчы аны төгүп.
Мейли ырың тагдырымдай татаал болсун,
Маган жат шаттык үнү, күлкү оюн.
Шолоктоп бугумду бир чыгарайын,
Жүрөгүм тарс жарылбас, муздап боюм.
Азабым бойго сиңди уудай жуткан,
Кыйналдым арылбадым асты муңдан.
Мына эми кайгы-зарга толду жүрөк,
Чөйчөктөй мелт-калт болуп ууну куйган.
Зайырбек— Эх кандай саптар, укмуш, укмуш.
-Эми сен оку.
Назым Хмхмет – Деңизге кетким келет.
Көгүлтүр суу күзгүсүн
кучактап өпкүм келет.
Деңизге кетким келет!
Кемелер кетип барат,
кемелер чөгүп барат
мейкинге алыстагы;
сарсанаа шамалына,
муң-кайгы шамалына
керилбей парустары;
бир күнү кеме үстүнө
чыгармын, балким, мен да
өрөпкүп таалайыма,
акыры келер өлүм
айныбай жазылган соң
ар кимдин маңдайына
нурундай батар күндүн
деңизге чөккүм келет,
нурундай батар күндүн
толкунда өчкүм келет.
Деңизге кетким келет!
Деңизге кетким келет!
Зайырбек – керемет … эми мен окуюнчу. Мен сага кат жазгам . Сендей улуу адам болсун ден уулумдун атын Назым койгом .
Улугум, Назым акын
Сен өзүң бир учурда
Сагынып мекенинди
Сагынып жан балаңды
Батып муңга
Москвадан Стамбулга
Кат жазгандай Мамедиңе
Кат жазгым келди бүгүн
Жашоого жаңы келген
Уулума Назым деген!
Бул мезгилден бир мезгилге
Кат таанып калганыңда
Жазганым жетер балам
Теңирим өмүр берип
Ылайым болчу аман
Апаңдын тартсаң экен
Айкөлдүк кенендигин
Анан да көктүк менен өжөрлүгүн
Айтаарым дагы сага
Сүйгунүң мекенинди улутуңду
Таза тут жүрөгүңдү рухунду
Назыке Назым балам
Мен сенден суранаарым
А Тургай талап кылам
Өзүнө коюлган бул улуу атты
Эч качан булгабагын!
Зайырбек – Уулум сендей мекенин сүйгөн азамат болсун деп тилек кылгам бирок сеникиндей тагдыр кутконун каалабайм. Сен жашаган доордон бери адамдар кылдай өзгөргөн жок, ошондой эле . А баса мен дагы бир ыр жазгам. Азыр окуп берем
Кара күчүк
Улуйт көңүл, көөдөнгө жара бүтүп,
Ушул кышта жүрөктү алат үшүк.
Жалгыз калдым, жапжалгыз дебейинчи,
Жандап калды бир гана кара күчүк.
Кетти жарым баамды барктабаган,
Кейигенде көзүмдү жаштап алам.
Кара күчүк, бир гана өзүң белең,
Каран күнү ээңди таштабаган.
Багытым жок, максат жок жетелеген,
Барам түнкү ызгарлуу көчө менен.
Кара күчүк, калбастан жанымдасың,
Калганымды сездирбей көчөдө мен.
Кара күчүк, күчүгүм, күчүгүм ай,
Кыш түнүндө калчылдап үшүдүк ай,
Карегиңден сен дагы жаш айлантып,
Карайсың да ээңди түшүнүп ай.
Бир өмүрдү ушинтип суулайбызбы,
Бир көчөдө бир күнү куурайбызбы.
Бир кездеги бактылуу бүлөбүзгө,
Биз экөөбүз ашыкча турбайбызбы.
Жан дүйнөмө калды зор жара бүтүп,
Жашайм эми арман, муң, санаа күтүп.
Сүйөм дечү жарымдан өйдө экенсиң,
Таштай көрбө сен эми, каракүчүк.
Зайырбек– бул шедевр ырды силер гана тушуносунор. А баса чакырып алып эч нерсе берген жок дебегиле. Эмикиде жакшылап коноктойм. Азыр болсо кеткиле ооба, ооба, болду кеткиле , иттен да чыгара албайм.
( Акындар кетишет.)
Зайырбек – Апа, апааа, апакебай….
Дүк-дүк, дүк-дүк-аяр, жумшак какканда,
Дүйнө ойлонуп, кан айланып аккан да.
Алгач ирет ушул үндү эшиткем,
Апакемдин курсагында жатканда.
Дүк-дүк, дүк-дүк-сээп өмүр үрөөнүн,
Дүкүлдөгөн, айтып мага сүйөрүн.
Эгиз болгон бир чымчым эт менде да,
Ээрчип кагып энекемдин жүрөгүн.
Жаңылышып кээде ыргак, ирмемден,
Жайлай түшүп, анан кайра күүлөнгөн.
Туурап улам, дүкүлдөктү жүрөкчөм,
Тирүүлүктү апакемден үйрөнгөм.
Эне жүрөк жакын турса муюучу,
Эгер азга алыстаса туюучу.
Көкүрөгүн жыттап жатсам апамдын,
Көөдөнүбүз бирдей согуп туруучу.
Зайырбек – бала кезде мага Кудай асманда бизди байкап отурган ак сакалдуу чоң ата сыяктуу туюлчу, азыр болсо наристенин ичинде отургандай сезилет. Балалык бакыт тура.
( Балыгын элестетет, арткы планда балалыктын элестери көрсөтүлөт)
1 – элес
(Жүн тытып отурган эне жанында китеп окуп отурган бала)
Бала -Чалынызды суйчусузбу?
Тайене – Ок ошентип да сурайбы?
Бала – сүйөм деп эле ырдап жүрүшпөйбү?
Тайене – Сүйбөй сумурон кал.
Бала – Айтсаңыз
Тайене – Каалап эле тийгем.
- – элес
Кучагына алма көтөрүп келаткан апа
Тайене – Жалбоко кушайте
Балдар – Ураа жалбоко жейбиз.
Тайене – Кана дневнигинерди алып келгиле подпис коём
- – Элес
Тайене – Бүгүн суббота , субботникке келгиле жүгөрү чабабыз.
4 -Элес
Тайене – Атаңар да жакшы киши болчу. Эрте эле жайрабадыбы.
Сахнада ак койнок кийген тайэне турат.
Зайырбек– .Апа сиз келип алдыңызбы? Мен сизге барайын деп эле…баралбай жаттым Апа башка көйнөк кийип алгансызбы? Баягы гүлдү көйнөгүнүз жакшы эмес беле, ошону кийип келбейт белеңиз.
Апа– Уулум мен сени аябай күттүм. Мени койчу…өзүн эмне ондон азыр калгансың? Сени келет деп күнүгө келин экөөлөп май токоч жасайбыз.
Зайырбек– Ооба, күтүңүз, мен жакында барам. Мен сиздин мээриминизди сагындым апа. Түшүмө дайыма балалыгым калган айыл, биз чоңойгон эски үй кирет .Айылдан кеткениме быйыл 24 жыл болуптур… Апа менин сизге жакшы кабарым бар. Дагы жаңы китебим чыкты. Окурманы арбын болду , Москвага, чет өлкөдөгү чейин сурап алып кетишти. Эмгек сиңирген деген наам беришти. Мен сиздин колуңуздан узап баратканда бийик максаттар менен кетпедим беле? Аз калды… Менин бир аз бүтпөгөн иштерим бар. Сөзсүз барам апа мени күтүңүз
. АЛГАЧКЫ ЫР
Шаарга кеткен кабар жок менден,
Шаардан барган сурайсың элден.
Шаабайың сенин суутат далай,
Шашылыш барып көрбөдүк дешкен…
Санаалар анан эңшерип ичиң,
Аларга кейип көрбөгөн үчүн.
Чаалыгып үйгө келесиң араң,
Чаң жолго таштап кепичтин изин.
Көңүлгө кайра үмүт от жагып,
Жүргөндүр дейсиң жылдыздай жанып.
Сезимде мени жатасың калчап,
Серейип жалгыз отуруп алып.
Мен жүрөм таене арманым ичте,
Мезгилдер учат, кармалам ишке.
Ар мүнөт сайын эңсесең мени
Ай сайын а мен барбадым сизге…
Ырбаган чыгаар көңүлдө жаран
Качандыр уйкуң тынчыбай санааң
Мен жүрөм таене, жол тосо чуркап
Мектептен эгер кечиксе балам
Озумду , сизди алдадым, аттиң
Барам деп далай барбадым аттиң
Кантейин сизден артыктай болду.
Катыным менен балдарым аттиң
Мен барбай же сиз шаарга көнбөй
Сагыныч, санаам чеги жок көлдөй
Көмө албай сизди калбайын кокус
Байыйын таене туруңуз өлбөй.
(Акын ыр окуп бүтүп таенесин карайт. Сахнанын төрүндө таененин жанында комуз кармаган Элмирбек отурганын көрөт . Ал апага ырдап берип атат. Элмирбектин ыры угулат .)
Зайырбек – Эмике апама ырдап берип атасынбы?
(Элмирбек акынга көңүл бурбайт жайдары ырдай берет. Элмирбектин ырын тыңшап бир саамга турат да анан анын ааламда жок экенин түшүнөт )
Зайырбек – Элмир…Эмике… булбулум ай…кургурум ай….Эмике, мен сага эч качан таарынган эмесмин. Себеби сен таарынта турган адам эмес элең… Мен сага эми таарындым…. Элмирбек, Элмирбек…Түгөнбөс элең, кенч элең , терең элең кең элең ….Элмир…
Зайырбек–
Көздөдүң ажал куу жолду, Элмир,
Кыргызың жоктоп чуу болду, Элмир.
Жарылып жаным, өрттөнүп ичим,
Жаздыгым көлдөп суу болду, Элмир.
Ааламдан келген сыр элең, Элмир,
Агылып турган ыр элең, Элмир.
Акылгөй сендей көрбөгөм такыр,
Адамдын сырттан нуру элең, Элмир.
Ак таңды дайым сүйчү элең, Элмир,
Ак тилек айтып жүрчү элең, Элмир.
Ак таңың атты, сен кайда кеттиң,
Арманым болдуң бүтпөгөн, Элмир.
Зайырбек- Акын деген сүйүнүн менен ажалдын алдында гана алсыз тура, аттиң… Сени башка эч нерсе жеңе алмак эмес. … Куу ажал сени колубуздан сууруп кетти бирок, ырларыңдан миңдеген элмирбектер чырылдап учуп чыгып сенин атыңды ырдап жатат . Эмике Сен чындап жашадың, чын дилиңден сүйдүң. Чын дилиңден ыр жаздың. Чын дилиңден ырдадың. Чын дилиңден обон создуң. Чын дилиңден жашадың. Жигитче жүрдүң. Нарктуу, салттуу жашадың. Чөөдөй эмес, дөөдөй жашадың. Элиң да сени чын дилинен сүйгөнүн көрсөттү. Мен сенин жок экенине ишенбейм, , сен туболуко жашайсың Эмике , сен кайыптар дүйнөсүнө кеттиң. Мен кайыптар дүйнөсүнө ишенем. Мен Кызкайыпка ишенем.
(Баягы караандар дагы көбөйүп туш – туштан чыгышат)
Караан 1 – көөдөнүң өрттөнүп атабы?
Караван 2 – журогун сыздап , көкүрөгүн күйүп атабы?
Караан 1- кабырган кайышып , ичиң от жалын болуп атабы? жан дүйнөң аңтарылып боортоктоп калдыңбы?
Караан – ааламга батпай атасынбы?
Караан – ызага муунганда , ырдан күчүңдү чыгарчу элеңго ?
Караан – мекен жүгү оор бекен?
Караан -, мокодунбу, боксордунбу ,жалгыздыгын толбойт бекен?
Караан – сен өмүр бою ушинтип жашадың…
Караан – адамдардан Мээрим издедиң , сүйүү издедиң, адамдардан адам издедиң….
Караан – өзүн күнөөлүсүң!
Караан – сен өзүңдү гана ойлогон озумчулсуң
Зайырбек – жок андай эмес, жоок…
Караан – жай адамдай тынч эле жашасан болмок….
Караан – башка жашоо да бар эле го…
Караан – сен өзүңду өзүң мүлжүп,, өзүңдү өзүң кемиттиң,
Караан – өзүңдү аябадың, жүрөгүңдү сактабадың
Караандар ыр окушат
Зайырбек –
Убактымды жашап бүтүп ченеген,
Учуп чыгам кишендеген денемен.
Уч-кыйырсыз чексиздикке кетемин,
Үйүм – аалам, асман болот керегем.
Кутуламын бул тирүүлүк, түрмөдөн,
Кутуламын сенден – сүйгөн, сүйбөгөн.
Куну кымбат эркиндикти, чындыкты,
Кубанамын таап ошол дүйнөдөн.
Оо, ал жакта, жаман ой да ойлобойт,
Оо, ал жакта, бирин-бири кордобойт.
Ободогу аппак нурлар таңдарда,
Оргуп турган сүйүү менен ойгонот.
Кедей, бай жок – бирдей баары ал жакта,
Кереги эмес акча, атак, мансап да.
Күлүп кетет ошондуктан өлүмгө,
Ким тирликте парызын толук аткарса…
Мелмилдешет чексиздиктер, айдыңдар,
Мезгилдердин алдында зор айбым бар.
Милдетимден абийир менен кутулуп,
Мен өлүмгө уялбастан баргым бар…
Зайырбек – Мен сенин жок экенине ишенбейм, , сен туболуко жашайсың Эмике , сен кайыптар дүйнөсүнө кеттиң. Мен кайыптар дүйнөсүнө ишенем. Мен Кызкайыпка ишенем.
Кызкайып кушка айланып бүгүнкүгө чейин кылмергенди издеп жүрөт дейт. Азыр да улуу тоолор арасында Кызкайыптын кошогу угулуп турат дешет. Мен андагы улуу сүйүүгө ишенем . Мен түбөлүктүүлуко ишенем. Түбөлүктүү дүйнө бар экенине ишенем.
Кыз кайыптын элеси Зайырбекти ээрчитип кетет.
Аягы.