Алтындын алааматын айткан алтын мурас
Улуу калемгерибиз Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө быйыл он үч жылдын жүзү болду. Улам мезгил өткөн сайын залкар жазуучунун улуулугу Ала-Тоонун ак муз баскан аскар-зоосундай болуп андар бетер асман тиреп, андан бетер көз жоосун ала шаңкайып көрүнө баштады. Улуунун улуулугунун, түбөлүк өлбөстүгүнүн бир белгиси ушунда – улам мезгил өткөн сайын бийиктей бергенинде – эмеспи…
Бардык эле залкар калемгерлер сыяктуу Чыңгыз Айтматовдун артында да бүткөрүлбөй калган, бүтсө да кандайдыр бир себептерден улам окурман журтка тартууланбай жазуучунун өзүмдүк жеке корунда сакталып калган чыгармалары болбой коймок эмес. “Бүткөрүлбөй калган” демекчи, Ч.Айтматовдун башталып, ал турсун айрым үзүндүлөрү атпай журтка тартууланып, бирок, кандайдыр бир себептерден улам соңуна чыгарылбай (а балким, башка чыгармалардын тулкусуна сиңирилип, же жаңы чыгарма болуп жазылып) калган көркөм туундулары бар экенин окурмандар билишчү. Башталып бирок ташталып калган мындай чыгармалардын эң алгачкылары тууралуу болочоктогу улуу сүрөткердин СССР Жазуучулар союзуна караштуу Максим Горький атындагы Адабият институтуна (Москва) тапшырып жатып (1956) өткөргөн өздүк делосунда тиркелип турган, өз колу менен жазган “Өмүр баянында” маалымдалат. Анда минтип жазылып турат: “Ошол эле мезгилде айыл мектептеринин мугалимдери жөнүндөгү жаңы повестимди жазуунун үстүндө иштеп жатам”. (1) Бул 1956-жыл экенин эсибизден чыгарбай туралы. “…айыл мектептеринин мугалимдери жөнүндөгү” бул повесть тууралуу Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы А.Салиев тарабынан кол коюлуп, Жазуучулар союзунун мөөрү басылып берилген жолдомодо да айтылат: “Ушу тапта жол. Айтматов айыл мугалимдеринин турмушу менен эмгегине арналган “Сабак жүрүп жатат” деген көлөмдүү повесттин үстүндө иштеп жатат. Биздин секциябыздын (Кыргызстан жазуучулар союзунун проза секциясы тууралуу айтылып жатат – С.А.) айрым мүчөлөрү бул повесттин кол жазмасы менен таанышып чыгышты жана бир топ оң баа беришти. Ушул эле учурда айрым бир кенемтелерин көрсөтүшүп, алардын үстүнөн кайрадан иштеп чыгууну авторго сунуш кылышты”. (1) Мына ошентип, “айыл мектептеринин мугалимдери” жөнүндөгү повесть Ч.Айтматов Москвага Жогорку адабий курска келер жылы – 1956-жылы – бүткөн бир чыгарма катары Жазуучулар союзунун секциясынан талкуудан өткөн экен.
Башталып, бирок, бүткөрүлбөй калган дагы бир чыгарма тууралуу да ушул өздүк делодон кабардар болобуз. Болочоктогу улуу калемгер ошол 1956-жылы минтип жазыптыр: “Азыр Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу жөнүндөгү “Ал күндөрдө” деген пьесамды бүтүрдүм”. (1) Пьеса жазып бүтүргөндүгү жөнүндө калемгер Жогорку адабий курстун ошол кездеги окуу бөлүмүнүн башчысы Беленькаяга документтеринин артынан жиберген кошумча катында дагы айтат. Бул пьесаны конкурска (Жогорку адабий курска өтүү үчүн болгон конкурска — С.А.) жибергенин жазат. Ушу күнгө чейин эч бир кабары билинбеген бул пьесанын тагдыры көптөгөн китепкөйлөр үчүн та6ышмак. Бул, албетте, үйрөнчүк кезде жазыла берчү, улам мезгил өтүп, чыгармачылык жактан өскөн сайын купулга толбой өздүк архивде кала берчү адабий туундулардын бир көрүнүшү.
Жазуучунун өмүр тагдырында башталып, бирок, бүткөрүлбөй калган чыгармалар тууралуу сөздү улантчу болсок, анда 1963-жылы жарык көргөн “Саманчынын жолу” повестинен он жыл өткөн соң – ортодо орус тилинде жазылган “Прощай, Гульсары” (1966), “Белый пароход” (1970) деп аталган атактуу повесттеринен кийин – кайрадан калемгер тарабынан кыргыз тилинде жазылып, 1972-жылы март айында үзүндүлөрү “Кыргызстан маданияты” жумалыгына жарыяланган (2) “Кайрылып куштар келгенче” деген бүтпөй калган романы, 1988-жылы үзүндүсү алгач “Литературный Киргизстан” журналына, ушуга удаа эле Москвадагы “Литературная газетага” жарыяланган (3) “Бахиана” деген чыгармаcы эсибизге түшөт.
Ошондой эле улуу сүрөткердин көзү өткөн соң “Земля и флейта” (“Жер жана чоор”) деген романы да табылып, калың элдин арасында кызуу сөз болгону да эсибизде.
Албетте, кайсы гана жазуучунун болбосун көзү өткөн соң жарык көргөн чыгармаларына карата окурмандар арасында ар кандай пикирлер жаралбай койбойт. “Эмне үчүн калемгер көзү тирүүсүндө жарыялабай койду?”, “Эмне үчүн аягына чыгарбай таштап салган?”, “Кандай себептери болду экен?” – деген сыяктуу суроолор жаралат. “Начарырак жазылып калганы үчүн жарыялабай койсо керек го” – деген бүдөмүк бүтүм да пайда болбой койбойт. Албетте, мындай бүдөмүк бүтүм айрым учурда туура чыкканы менен кээ бир учурларда чындыкка дал келбей калат. Мындай көрүнүштүн айкын мисалы катары Нобелдик сыйлыктын лауреаты, америкалык улуу жазуучу Э.Хемингуэйдин көзү өткөн (1961) соң өмүрлүк жары Мэри Уэлш айым тарабынан даярдалып, өз өзүнчө китеп болуп басылып чыккан “Өмүр бою өзүң менен жүрчү майрам” (“A Moveable Feast”, (1964), “Праздник, который всегда с тобой”) деген өмүр баяндык чыгармасы менен “Коркунучтуу жай” (“The Dangerous Summer” (1985), “Опасное лето”), “Океандагы аралдар” (“Islands in the Stream” (1970), “Острова в океане”), “Бейиш багы” (“The Garden of Eden” (1986), “Райский сад”) деген романдарын көрсөтүп кетсек болот. Калемгердин бул чыгармалары – айрыкча соңку үч романы – анын көзү тирүүсүндө окурмандарга тартууланган “Кош бол, курал!” (“A Farewell to Arms” (1929), “Прощай, оружие!”), “Чал жана деңиз” (“The old man the sea” (1952), “Старик и море”) деген даңазасы таш жарган көркөм туундуларындай кабыл алынбаса да, өмүр баяндык китеби болгон “Өмүр бою өзүң менен жүрчү майрам” деген чыгармасы америкалык гана эмес дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөрдүн арасында да өзгөчө бир жаркын маанайда кабыл алынбадыбы…
Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун да үй-бүлөлүк архивинде калган айрым колжазмалары да минтип окурман журтка жете баштады. Атпай журт үчүн зор кубаныч болуп эсептелген мындай табылгалардын бири, албетте, азыр биз сөз кыла турган “Алтын жана кар” (“Золото и снег”) деген бүтпөй калган чыгармасы болуп эсептелет. Табылган бул мураска жанрдык жактан “повесть” деген аныктама берилген. Окуя улуу калемгердин “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Эрте келген турналар” деген даңазалуу чыгармаларындагыдай Улуу Ата Мекендик согуштун алдыңкы айларын жана башталыш мезгилин көркөм баяндоо менен нук алат. “А тогда летом 41-года Оймо заканчивала среднюю школу в Акбуре”. (4. стр. 76). Чыгарманын эң алгачкы сүйлөмү ушул. Андан ары окуя Арал көчөсү бүткөн жерде, айылдын четиндеги түзөңдө жайгашкан тамеки сарайда уланат. Жүздөй, ал турсун андан да көп тамекичилер бата турган бул сарай жай менен күздө турмуштун кайнаган чордонуна айланар эле. Планды аткаруу үчүн апалары баш көтөрбөй, уйку бетин көрбөй иштешсе, Оймо сыяктуу каны кызуу жаштар үчүн тамеки сарайдагы турмуш таптакыр башкача кабылданчу, таптакыр башкача маанай тартуулайт болчу. “Лето, ночь, звёзды, – скоро начало учёбы в школе, – и ожидание чего-то непонятного, но желанного кружило Оймо голову…” (4. стр. 77) “Лунными ночами она мысленно летела из табаксарая наверх, на бугор, где за аилом была школа и она в мечтах шла на учёбу.
Оймо уже была девушкой, повзрослела сразу за последнее лето…” (4. стр.78).
“…сбежались сюда <в табаксарай> на свидания, на песнопение “Коктом-Жоро”, на “Секетбай”, когда поётся только о любви и про любовь, распевали песни, чтобы любить, тосковать, признаваться, ревновать, клясться в любви глядя на луну, улетать вдвоем, чтобы всем было видно как станут целоваться они там на луне, чтобы весь свет видел, завидовал и восхищался…” (4. стр. 78 – 79).
“В табаксарае девушки и парни рзделялись. Каждая группа пела свои песни.
Парни пели – девушки отвечали, девушки пели – парни отвечали.
Песнопения продолжались, разговоры, смех длились до поздна”. (4. стр. 80).
Дал ушул керемет кечте Оймо Батай менен таанышты…
Ооба, бул керемет кеч эле. Элдик ырлар (“Көктөм-Жоро”, “Секетбай”), алардын эң башкы өзгөчөлүгү (“поётся только о любви и про любовь”) жөнүндө айтылган кеч эле…
Дүйнөдөгү бардык калк сыяктуу кыргыздар да элдик ырларга өтө бай. Улуу эпосторду айтпаганда да майда жанрдагы ырлардын өзү чоң үч топко (1.Эпикалык чыгармалар; 2.Лирикалык ырлар: 3.Дидактикалык чыгармалар) бөлүнүп турганы эле биздин улуттук фольклорубуз канчалык бай экендигин айгинелеп турат. Лирикалык ырлардын тутумундагы турмуш-тиричилик ырларынын курамына кирген махабат ырлары бардык эле элдердегидей бизде да өзгөчө керемет. Улуу калемгер жазып жаткан “секетбай ырлары” ошол махабат ырларынын бир бутагы. Махабат ырларынын дагы бир бутагын “күйгөн ырлары” түзүп турат. Белгилүү фольклортаануучу Сапарбек Закиров моминтип жазат: “Сүйүү ырларынын биринчи түрүнө жалпы дүйнөлүк адабиятта өкүм сүргөн ашыктык ырларын киргизүүгө болот. Кыргыз элинде мындай ырлардын тобу “Секетпай” деген ат менен белгилүү… “Секетпай” ырларында сүйгөнүнүн сулуулугуна суктануу, аны ар түрдүү сонун нерселерге салыштырып сыпаттоо, акырында ага ашык болгондугун билдирүү негизги орунда турат.” (5. 107-б.) Бул айтылган ойдо баса белгиленгендей, секетбай ырларында ашык болгон адамынын ай чырайына, нур төгүлгөн жамалына суктануу биринчи сапта турат.
Элдик махабат ырларынын дагы бир чоң тобу болгон күйгөн ырлары да эл ичинде өтө кеңири тараган. Оймо менен Батай сыяктуу жаштар чогулган жерде дамамат ырдалчу чыгармалардан болуп дал ушул күйгөн ырлары эсептелинет эмеспи. Бул тууралуу ошол эле окумуштуу Сапарбек Закиров минтип жазат: “Күйгөн” ырларынын пайда болушуна коомдогу тарыхый шарттар негизги себептерди түзгөн. “Күйгөндөр” мазмуну жактан арман ырларына өтө жакын. Эгерде муну орой айтсак, сүйүүгө арналган арман ырлары деп да атоого болот”. (5. 114). Албетте, мындан көрүнүп тургандай, күйгөн ырлары ашыктык, махабат жөнүндө баяндап жаткандарына карабастан маанилик жактан пессимисттик маанайда боло тургандыктары, экинчиден, күйгөн ырларында арман, касирет биринчи сапта туруу менен алар, үчүнчүдөн, коомдук жагдай-шарттар менен ажырагыс биримдикте экендиги баамга урунат…
Оймо менен Батайлар, Арал көчөсүнүн баш жагындагы, Ак-Буура айылынын четиндеги тамеки сарайга чогулган жаштар, айлуу да, жылдыздуу да түндө секетбай ырларын ырдап жатышты. Чыңгыз Айтматов бүтпөй калган бул алтын мурасынын ушул жеринде өз калеминен жаралган, отуз үч саптан турган ашыктык ырын сунуш кылат.
Ооба, улуу калемгерибиздин башка чыгармаларынан да өз калеминен жаралган ырларын окуп келгенбиз. “Жамийладагы” Даниярдын ыры, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттөгү” Айым-Балык жөнүндөгү ыр, “Фудзиямадагы кадыр түндөгү” Сабырдын ырлары, (“Эзелтен чечилбеген улуу талаш, – Канткенде адам уулу адам болот?”), “Кылым карытар бир күндөгү” Раймалы менен Бегимайдын атактуу ыры ж.б. не деген керемет саптар.
“Алтын жана кар” деп аталып, бүтпөй калган бул алтын мураста улуу калемгерибиз эзелтен келаткан элдик секетбай ырларынын өз калеминен жаралган өзүмдүк үлгүсүн сунуш кылат. Арзуу менен сүйүүгө, ашыктык менен махабатка ширелген ошол отуз үч саптын тогуз сабы мынакей:
Когда тебе семнадцать лет,
Цветы цветут у ног твоих.
Когда тебе семнадцать лет,
Когда ручьи звенят весной
Когда тебе семнадцать лет
Весь мир открыт перед тобой.
Я на бегу с седла скачу,
И поселуй твой унесу,
Как драгоценный амулет. (4. стр. 79 – 80).
(Он жетиге толгонуңда,
Баскан изиң гүл болот.
Он жетиге толгонуңда,
Булактар ырдайт көктөмдө.
Он жетиге толгонуңда,
Кең аалам сага ачылат.
Ээрде учуп баратып
Эңкейип өпкөн эрдиңди,
Тумар деп тагып кетемин.)
(Сапма сап котормосу биздики – С.А.)
Тамеки сарайын жаңырткан секетбай ырларынан кийин Оймо менен Батай таңды чогуу тосушту. “Лица их были одухотворены и счастливы. Только любовь так преображает людей, наполняя, выплескивая наружу все самое чистое и красивое, сокровенное, что есть в человеке”. (4. стр. 81).
Бүтпөй калган бул мурастын ушул жерине келгенде Толгонай менен Субанкулдун алгачкы таңы – Ай жарыгында орок оробуз деп элден бөлүнүп калып калышкан эки жаш, “Субанкулдун таар күрмөсүн төшөнүп, арыктын кашатын жазданып жаткан” эки жаш ошол түнү “өмүрлүккө шериктеш жар болуп кошулганы” – эсиме түштү. Толгонай да Оймо сыяктуу дал он жетиде эмес беле. (“Анда менин он жетидеги курагым. Ошол жылы орок тартып жүрүп Субанкулга жолукпадымбы”, – дейт эмеспи Толгонай Жер-Энеге… “Бир убакта карасам, мени көтөргөн бойдон Субанкул дөңсөгө жүгүрүп чыкты да, кылтыйып баш баккан күнгө кайрылып: “Эй, күн, көрдүңбү? Көрдүңбү менин жубайымды! Мына, мынакей, көрүп ал, көрүндүгүңдү бер, бергин сүйүнчүңдү аябай!” – деп кыйкырды”. (6. 258, 260-беттер).
Тилекке каршы, Оймо менен Батайдын мындай бактылуу күндөрү узакка созулган жок. Ал турсун үч уулдуу болуп, аларды эрезеге жеткиришкен Толгонай менен Субанкулдун бактысынан да кыска, өтө эле кыска болду бул эки жаштын бактылуу күндөрү. Анткени, Оймо менен Батай таң тоскон ошол жайда эле Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Батай да өзү мүчөсү болгон осоавиахимчилер[1] менен чогуу кан майданга аттанды. Болгондо да өзүнүн Качанак деген торусу менен колоннанын астында баратты. Эки жаш үн алыша кыйкырышып коштошуп калышты. Батайдын акыркы сөздөрү мындай болду:
Оймо! Оймо! Я вернус. Жди меня! Пошлю Качанака!” (4. стр. 81).
Батайдын акыркы сөздөрүн окуган окурман кызыктай абалда калышы толук ыктымал. “Кантип Качанакты жиберет? Кан күйгөн алыскы-алыскы Орусиядан Качанак ээси жок өзү жалгыз кантип келмек эле?” – деген сыяктуу ойлор окурманды түпөйүл ойго туш кылары турулуу иш. Бирок, алдыга шашпайлы. Баары ирети менен болсун…
Алтын мурас тариздүү бул повесть андан ары өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто чени (кайра куруу жылдары) менен 90-жылдардын орто чениндеги (алтын кендерин казуу) окуяларды сүрөттөө менен уланат. Улуу согуш башталган 1941-жылы он жетидеги Оймо азыр алтымыш жаштын кырына келип калган байбиче куракта эле. Мугалимдин окуусун бүткөн Оймо жалгыз бой жашап келди. Албетте, бир тууган сиңдиси Зейнептин кызы Санатгүлдү багып алды. Аны тартиптүү, адептүү кыз кылып чоңойтту. Санатгүл да Оймонун өз канынан бүткөн кызындай эле болуп калды. Ал турсун университетти бүтүп, телевидениеде журналист болуп иштей баштап, ошол жерде ищтеген Жапар деген жигитке турмушка чыккан Санатгүл менен Жапар тун кызы Айдананы да Оймого беришти. Бул, албетте, Оймо үчүн чоң кубаныч, чексиз бакыт эле. Неберелүү болуу, неберени кучактап чоңойтуу оңой кубанычбы анан.
Ал эми Айдана болсо таптакыр башка мезгилдин мууну болуп чоңойду. “Судьба Айданы, …судьба поколения, совпавщая с годами перестройки и всего того, что последовало за тем, потрясая, выворачивая, обнажая страшные глыбины прежного и нового существования. И не стало покоя, не стало прежней смены тьмы и света…”– деп (2. стр. 84) жазат улуу сүрөткер.
Ооба, “…не стало прежней смены тьмы и света…”
Ооба, жашоонун көнүмүш ыргагы түп-тамырынан бузулду.
Ооба, бул кайра куруу жылдары эле…
1982-жылы 10-ноябрда жер шарынын алтыдан бир бөлүгүн ээлеп жаткан СССР деген империяны 18 жыл башкарган 78 жаштагы Леонид Ильич Брежнев көз жумуп, анын ордуна ошол мезгилдин көз карашы менен алганда жаңычыл, реформатор делип эсептелген, дээрлик он беш жыл боюн улуу державанын Мамлекеттик коопсуздук комитетин башкарып келген Юрий Владимирович Андропов өлкө башчысы болуп, бирок, 1 жыл 3 айдан кийин (1984-жылдын 9-февралында) 69 жашында ал жетекчи да дүйнө салып, ордуна 1984-жылдын 13-февраль күнү 74 жаштагы оорулуу абышка Константин Устинович Черненко отуруп, арадан 1 жыл 1 ай өткөн соң ал да көз жумду. Мамлекет башындагы абышкалардын минтип биринин артынан бири о-о дүйнөгө аттанышы улуу державанын жетекчилерин да, 360 миллиондон ашуун калкын да ойлондурбай койгон жок. Натыйжада, СССР делген империянын жетекчилигине 1985-жылдын 11-март күнү жаш, тажрыйбалуу делинген 54 жаштагы Михаил Сергеевич Горбачёв келди. Келди да кийинки апрель айындагы КПСС БКнын пленумунда өлкөнү жаңылоо, сенектиктен алып чыгуу үчүн мамлекетти башкаруунун демократиялык жолунун зарылдыгын, жаңыча ойлонууну биринчи сапка коюунун муктаждыгын, жалпы жонунан алганда мамлекетти кайра куруу керектиги баса белгиледи. Мына ошентип, “кайра куруу” (“перестройка”), “жаңыча ойлоо” (“новое мышление”), “демократия” деген сөздөр улуу империянын Камчаткадан Калининградга чейин созулуп жаткан, 11 сааттык алкакка бөлүнгөн, 22 млн. 400 миң кв.км. жерди ээлеген аймагында эртеден кечке айтылган эң маанилүү сөздөргө айланды. Кайра куруу процессин Орус империясынын тагдырын мурда болуп көрбөгөн жаңы нукка бурган Улуу Октябрь Социалисттик революциясы менен кош катар коюп жатышты. Ал турсун Нобель сыйлыгынын лауреаты, колумбиялык улуу жазучу Габриэль ГАРСИА МАРКЕС 1989-жылы СССРге келген сапарында “Латынская Америка” журналынын редакция жамааты менен маек куруп жатканда да:
–Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын маанисин кандайча баалайсыз? –деген суроо узатышкан. Кеменгер жазуучу болсо:
–Октябрь революциясынын мааниси кайра курууңардын жыйынтыгы кандай болору менен тикеден тике байланыштуу, – деп жооп берген. (7. стр. 76).
Тилекке каршы, өлкөнү демократиялаштыруунун, жаңыча ой жүгүртүүнүн, кайра куруунун жыйынтыгы таптакыр теңирден тескери натыйжаларга, түпкүлүгүндө келип улуу державанын кыйрашына алып келди. Өлкөнүн турмушу астын үстүн болду. Бүтпөй калган бул повесттин авторунун сөзү менен айтканда “…не стало прежней смены тьмы и света…” . Ал турсун “мир одел шубу навыворот. И ходит в шубе навыворот”. (4. стр. 85). Кыскасы, кайра куруунун натыйжасында, улуу өлкөнүн тону тескери кийилди.
Кеменгер калемгерибиздин чыгарган жыйынтыгы ушундай.
Коомдук турмуш тууралуу мына ушундай удургуган ойлордон кийин жазуучу Ак-Буура тоолору, анын ак кар баскан аскалары, күнгө чагылышып, көргөн адамдын көз жоосун алып, суктануусун арттырган күмүштөй болгон мөңгүлөрү, жайын, кышын ал мөңгүлөрдөн агып түшкөн көк кашка мөлтүр суулары (“чистые, первородные воды”) тууралуу жүрөктү элжиретип, жүлүндү эзген баяндоосун сунуштайт.
Ушуга удаа Ак-Бууранын алтыны жана кары жөнүндө маселе (“злополучное дело”) эл ичине желдей тарады. Оймо бул экөөнөн тең – алтындан да, кардан да – көз көрбөгөн, кулак укпаган жакка качып кеткиси келет. Бирок, небереси Айданадан – “вовлеченную волею судеб в круговерть этого великого столкновения Золото и Снега” – санаасы тынчыбайт. Эл да экиге бөлүнүп, бир жагы “алтынды казыш керек” десе, экинчи жагы “кар менен мөңгүнү сакташ керек” деп кызылчеке боло башташты. Гезиттерде ар кандай кайчы пикирлер жазылып, эл ичинде түркүн-түс айың кептер айтыла баштады.
Улуу жазуучу калк арасын будуң-чаң түшүргөн мындай абалды гезиттерде айтылган ойлор таризинде кудум репортаждык мүнөздө өтө таамай берген. Ошондон уламбы, бүтпөй калган бул повесттин ушул эпизоддору ошол учурдагы турмуштун өзүндөй шакардай кайнаган абалында көрсөтүлгөн. Анан калса, повесттин биринчи бөлүгү гезиттен алынган мисал таризинде сунушталган, бирок, түпкүлүгүндө кеменгер жазуучунун өзүнүн таамай-так айтылган ою болгон төмөнкүдөй сүйлөм менен бүтөт: “Открытие разработок по добыче золота на Акбуринском перевале неизбежно приведет к разрушению и уничтожению высокогорных снегов, что в свою очередь неизбежно повлечёт экологическую катастрофу всего горного края”.(4. стр. 89). Чекеге черткендей айтылган бул жыйынтык ой бүгүнкү күндөгү – болжол менен повесть жазылгандан чейрек кылым өткөндөн кийинки – кыргыз баласынын ар биринин жүрөгүн өйүп, көөдөнүн эзген, канын кызытып, мекенчилдик сезимин андан бетер буркан-шаркан түшүргөн ой-пикир болуп эсептелет.
Улуу калемгерден калган, алтынга тете бул көркөм мурастын кийинки бөлүмчөсү өзү менен чогуу окушкан осоавиахимчилер менен бирге, алардын алдыңкы сабында бараткан Батайга, тагырак айтканда, Батай минип бараткан тору атка, Качанак деген ысымдуу кара жал кашка торуга (“белолобый… гнедун черногривый…”) арналган. Батайдын:
“– Оймо! Оймо! Я вернус. Жди меня! Пошлю Качанака!”– деген сөзүнүн маанисине арналган.
“…под конец суровой зимы 41 года в Жувалинской степи появился однажды вольный конь – гонец с фронта”, – деп (4. стр. 89). башталат бул бөлүмчө. Маалымат үчүн айтып койчу нерсе, бул жерде Казакстандын Түштүк-Чыгышындагы Жамбул облусуна караштуу Жували районунун талаалары жөнүндө сөз болуп жатат. Бир караган адамга чабарман кашка тору төрт тарабы кыбыла болуп, көзү көргөн тарапка учуп, күйүп бараткандай таасир калтырар эле. Майдандан келаткан бул чабарман аттын чаап келаткан ээси турмак башына салынган чылбыр, жүгөн дегенден да эч нерсеси жок болчу. “Поистине, как с неба явился…” – деп жазат калемгер. Ушуга удаа эле кийинки бетте: “Ведь у лощади тоже бывает своя судьба, и, подчас, не от мира сего…” – деп да айтат. (4. стр. 91).
Ооба, асмандан түшкөн, көл түбүнөн чыккан аттар, канаты бар күлүктөр, пенде баласы сыяктуу эле өзүмдүк тагдырга, болгондо да бу жашоодо, бу турмушта кездешпеген тагдырга ээ канаттуу тулпарлар тууралуу уламыш сөздөр, аңыз кептер, ар түрдүү афсаналар оголе көп эмеспи. Дүйнөлүк көркөм дөөлөттөргө көз жүгүртсөк, анда, албетте, эң эле биринчи болуп атактуу Пегас – Посейдондон Медуза төрөгөн Пегас – көз алдыбызга тартылат…
Дегеле канаттуу жылкы баласы тууралуу уламыштар бардык элдерде бар. Түркмөндөрдө алардын ахалтекин тукумундагы аттары – дүйнөдөгү жылкы баласынын эң мыкты тукумдарынын бири, Раймалы ырчыга “түркмөндөрдөн бир чоң тойдо тартуу болуп келген”, Раймалы ырчынын “жанына шерик жалгыз аты ахалтекин Сарала” (8. 252-б.) – тууралуу “асмандагы айгырдан туулган” деген да, “деңиздеги жапайы айгырдан туулган” деген да уламыштары сакталып калган.
Башкортостанда Кичи деп аталган райондун гербинде бул элдин “Урал-батыр” эпосундагы Акбузаттын сүрөтү түшүрүлгөн, тагыраак айтканда, дүпүйгөн чоң дарак (бу дүйнөнүн символу) менен дарак жанында сол бутун бир аз көтөрүп турган канаттуу тулпардын – Акбузаттын – сүрөтү тартылган.
Ал эми жалпы түрк тилдүү элдердин дээрлик баарында айтылган “Алпамыш” эпосунун өзбектердеги вариантында андагы Байчибар күлүк мындайча сүрөттөлөт:
Два крыла в своих подмышках он таит, –
Знай, что в три аршина каждое крыло,
Даже с половиной! И, как снег, бело.
…………………………………………………………
По небу парить он может на крылах,
Быстролетных птиц обгонит в облаках.
Этот конь – совсем особенный тулпар! ж.б.
Мындай аттар тууралуу маалыматтарды кыргыз калкы да элдик эпосторунда, ар түрдүү көркөм баяндарында, ал турсун, тоо бетиндеги таштарга чегилген петроглифтеринде да сактап келишкен.
Канаттуу күлүктөр дегенде эле эсибизге “Манастагы” калмактын ханы Коңурбайдын Алгарасы келет. Манасчылар да ар качандан бир качан:
Коңурбайдын кара аты,
Кара атынын бар экен
Капталында канаты, – деп баяндашат. (9. 172-б).
Ал эми жаралышын жан билбес, туулушу туңгуюк сыр болгон – жазуучунун сөзү менен айтканда “…как с неба…” “…не от мира сего” болгон – тулпарлардын бири тууралуу улуу эпосубузда момундайча айтылат:
Туудум деген эне жок,
Туудурган айгыр ата жок,
Тунук кайып баласы
Тайбуурулду мингизип… (9. 164-б).
Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү эң байыркы, тагырак айтканда, биздин заманга чейинки III, II, I миң жылдыктарга таандык болгон Саймалы-Таш сүрөт-жазмасы (петроглифтери) менен азыркы Араван районундагы Дулдул-Ата сүрөт-элестеринде тартылган канаттуу аттар, “андагы үйүр айгыр абал, анын ритуалдык калыбы” (10. 95-б.) кыргыз жергесинде жашап өткөн тээ байыркы Даван өлкөсүнүн канаттуу тулпарлары кыргыздарда жылкы культу эң байыркы мезгилдерде эле өкүм сүргөнүн далилдеп турат. “Манас”, “Эр Төштүк” эпосторунда сөз болгон сопол куйрук, сом туяк күлүктөр” (10. 97-б.) тууралуу, “мындай күлүк элестери байыркылардын Саймалы-Таш сүрөт-жазмасында кеңири учурай” тургандыгы жөнүндө (10. 99-б.) чыгаан тилчи-окумуштуу Лутфилла Жусупакматов өзүнүн “Саймалы-Таш сүрөт-жазма сырлары” деген эң сонун эмгегинде терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, кеңири баяндап берген…
Мына ошол “кайып баласы Тайбуурулдун”, Тогуз-Тородогу Саймалы-Таштагы таш бетине, Араван районундагы Дулдул-Ата сүрөт-элестеринде чегилген канаттуу аттардын тукумунан болгон Качанак деп аталган кашка тору “…бежал не останавливаясь, держа путь сам по себе, шел то рысью, то снова переходил со скача на дорожный трот, путь держал откуда-то издали, и судя по всему, направлялся в сторону Таласского нагорья, пятнисто белевшему полузаснеженными отрогами на востоке, за рекой, за глинистыми размывами поймы, за правобережными сопками веками глядевшими в степь… Туда и следовал конь, к тем вздымавшимся вдали горам”. (4. стр. 90).
Мына ушундай автордук баяндоолордон кийин окурман ээн талаа, эрме чөлдө бирде жай, бирде төрт туягынан чаң ызгыта учуп-күйүп калаткан бул кара жал кашка тору (“белолобый… гнедун черногривый…”) алыскы Батыштагы кан күйгөн алаамат согуш талаасынан (“Далеко позади остались поля сражении, горяшие дома, ухающая и стонущая от взрывов земля, крики и стоны людей… все это позади…” 4. стр. 90) сапар тартып келе жаткан, ээси Батайдын адам билбес аманатын алып келе жаткан (“– Оймо! Оймо! Я вернус. Жди меня! Пошлю Качанака!”) деп кыйкыра кол булгап майданга кеткен Батайдан салам-дубай алып келе жаткан, ээси менен бирге Батышка кеткен жолду унутпай, кайра ошол жол менен жылдыз санап, Күн карап (“…мчал, не сводя с пути…”) Таласка келе жаткан Качанак деген ысымдуу күлүк экенинене эми ар бир окурмандын көзү жетет. Ал турсун, мунарык тартып көрүнгөн алыскы тоо чокулары Качанак менен чогуу окурмандын да көзүнөн уча баштайт. Ошончо алыстан аман келаткан Качанак күлүк бачымырак, тезирек, эсен-соо Таласка жетсе экен деп окурман да сарсанаага түшүп , ар түрдүү ой жан дүйнөсүн алай-дүлөй кыла баштайт. Кылымдардан бери асман тирей бой керип, тээ алыстан казактын учу-кыйырсыз талаасына көз салып турган Талас тоолору боз мунарык боло көзгө көрүнүп калган учурда, танапташ Жувалин талааларына келип калган кезде Качанак тулпар аман болсо экен, көзү сук адамга, жолу кандуу кашабага кабылбаса экен деп сарсанаага түшө баштайт окурман. Анткени – окурмандын мындай абалга түшүшүнүн башкы себеби – окуянын сүрөттөлүшү улуу калемгердин калеминен өзгөчө маанайда, психологиялык жактан өзгөчө бир ички чыңалууда көркөм баяндалган.
Жогоруда биз асмандан түшкөн, көл түбүнөн чыккан аттар, канаты бар күлүктөр, пенде баласы сыяктуу эле өзүмдүк тагдырга, болгондо да бу жашоодо, бу турмушта кездешпеген тагдырга ээ канаттуу тулпарлар тууралуу уламыш сөздөр, аңыз кептер, ар түрдүү афсаналар оголе көп экени тууралуу жөндөн жөн эле кеп салган жокпуз. Байыртан келе жаткан ошол уламыштардын баарын бириктирип турган эң башкы нерсе – ТУЛПАРЛАРДЫН КЕЛБЕТ СЫНЫ жөнүндөгү баяндоолор. Дүйнөнүн бардык элдеринин уламыштарына дыкат саресеп салган адам ал баяндарда жылкы баласынын сүрөттөлүшү дээрлик окшош экендигин байкабай койбойт. Жылкы баласынын ИДЕАЛДУУ КЕЛБЕТИ дүйнөнүн бардык элдеринин түшүнүгүндө окшош, ал турсун бирдей экендигине көзү жетет.
Анан, албетте, дүйнөлүк көркөм казынаны казып үйрөнгөн улуу талант Чыңгыз Айтматовдун жылкы баласын, анын өзгөчө түрү болгон сайкүлүк менен тулпарларды – “опол куйрук, сом туяк күлүктөрдү” – сүрөттөөсү жылкы баласынын ошол ИДЕАЛДУУ КЕЛБЕТИНЕ үндөш, жакын, ал турсун окшош болуусу турулуу иш эмеспи. Чынында эле биз Батыштан Чыгышка учуп-күйүп келе жаткан Качанактын жазуучу тарабынан сүрөттөлгөн момундай кыска, бирок, так, таамай, элестүү, образдуу тартылган портретине туш болобуз:
“Телостроением лошадь напоминала гончую собаку – широкогрудую, узкобедрую, дальнебегающую. …гнедун был красив и статен…” (4. стр.91).
Албетте, мындай керемет жаныбарды кандай адам жамандыкка кыйсын!..
Ээн талаа, эрме чөлдө бирде жай, бирде төрт туягынан чаң ызгыта учуп-күйүп калаткан бул кара жал кашка торуга (“белолобый… гнедун черногривый…”) кайдан-жайдан экени белгисиз (“…невесть откуда…”) эки карга туш болду. Кан күйгөн Батыштан жылдыз санап, Күн карап келаткан Качанак тулпарга какылдаган бул түгөй каргалар, албеттее, жолтоо боло алышпайт эле. Бирок, “…они долго летели следом, нагло каркая, мотая головами и переглядываясь, зыркая очами от напирающего возбуждения, летели то рядом с конем, то с боков, то в обгон, то над головой, почти задевая крылями конские уши… А может быть, нужда была какая – опевещать кого, смотрите мол, глядите, что происходит в нашей степи: скачет куда-то беспризорная лошадь, а куда и зачем? Кто его знает, а что если у ворон расчёт был какой-то, свой расчёт…” (4. стр. 92). Ушинтип, каргалар менен жарыша чуркаган кара жал кашка тору (“белолобый… гнедун черногривый…”) батып бараткан күндүн кыйгач тийген нурунан улам ак мөңгүсү андан бетер жалтырап көздөн учкан Талас тоолоруна улам жакындап келе жатты.
Бирок, казактын учу-кыйырсыз ээн талаасында эш тутар ээси жок, караан болор киши жок учуп-күйүп келе жаткан кара жал кашка торуну (“белолобый… гнедун черногривый…”) чоң кырсык күтүп турду. “И тому следовало было быть. Не зря каркали вороны, совсем не зря…” – деп (4. стр. 93) жазат жазуучу. “Первыми заметили бегущего гнедуна в призрачной дымке ранних сумерек пятеро голодных волков…” (4. стр. 94) Чынында эле булар ачка бөрүлөр эле, ачкалыгы ушунчалык эле, кокус алдыларынан мылтык атылса да эч нерседен тайбай кол сала турган абалга жетип калышкан ач карышкырлар болчу. Ал эми кара жал кашка тору (“белолобый… гнедун черногривый…”) болсо бул учурда тоо этегиндеги дөңсөлөр менен кең талааны бөлүп турган дайраны карай бет алып, ага жакындап бараткан болчу. Ал эми ач карышкырлар, күлүктүн тер аралаш жытына андан бетер ичтейи ачылган ач карышкырлар болсо жер менен жер болуп жылып, капысынан капталдан чыгып, Качанак тулпарды дарыяга жеткире койбой кайра талааны карай үркүтүп, ээн талаа, эрме чөлдө аны кууп жүрүп, акыры чарчатып, алдан-күчтөн кетирип, суй жыгылтып максаттарына жетүү болчу. Дал ошондой болду. Жер менен жер болуп жапыс өскөн жапан дарактардын арасынан чыга калган карышкырлардан үрккөн кара жал кашка тору (“белолобый… гнедун черногривый…”) чынында эле – карышкырлардын ойлогону ишке ашып – түптүз болгон талаага бурулуп учуп жөнөдү. Бирок, анча алыс кеткен жок. Айбан да болсо өзүн өзү сактоо инстинкти ойгонуп, кайра жаадай болуп ийиле оңго тартып, көздөрү чоктой болуп келаткан карышкырларды жандай жаа огундай сызып учту жаныбар. “А волки гнались следом, не позволяя удалиться лошади, и пока не в силах догнать её. Их было пятеро, серых из звериного рода, – летящих над землей в яростной жажде настичь добычу, вцепиться в прыжке ей в глотку, в паха, завалить бьющуюся в судорогах жертву и давясь живой горячей плотью, рвать в бешенном ослеплении еще живое тело лощади, нажраться, кроваво нажраться, до отвала нажраться, только нажраться”. (4. стр. 95 – 96).
Күн болсо уясына батып баратты. Бул кара жал кашка тору (“белолобый… гнедун черногривый…”) үчүн коркунучтун коштоочусу эле – караңгыда кокус мүдүрүлүп кетсечи… Албетте, күндүн уясына батып баратышына улуу калемгер, сөз жок, символикалуу да маани сыйдырган… Бирок, шашпайлы. Сөз нугу ирети менен болсун.
Куугун-жарыш уланып баратты. Тоо этегиндеги дөңсөлөр менен кең талааны бөлүп турган дайрага улам жакындап баратты Качанак тулпар. Дайрага жетсе, көбүктөнүп агып жаткан сууга боюн урса, агым менен кошо сүзүп, аркы жээкке чыгып кетсе… Карышкырлар да бар күчү менен кууп келатышты. Бирок, октой учуп бараткан тулпарды дайрага жеткирбей алкымдан алып сулатууга болгон үмүттөрү улам өчүп бараткандай…
“И тут, откуда-то спереди, выскочили ещё трое волков…” Жазуучунун таамай белгилөөсү боюнча айтчу болсок: “Это был роковой случай”. Ушинтип, Качанак тулпардын жолун үч карышкыр тозсо, беш бөрү артынан келатты. Кара жал кашка тору (“белолобый… гнедун черногривый…”) чукул бурулганга үлгүрдү да, жер менен жер болуп сызып, жар жакка учуп жөнөдү. Карышкырлар да сая түшүп, эми Качанак тулпарды бучкактай келатышты. Бирок, кашка тору жаныбар ушунчалык бир жанын оозуна тиштеп учуп жөнөдү дейсиң, бөрүлөрдүн үйүрү кайрадан артта калып калгандай… Алдыдагы жар – куткаруучу сыйкырдай туюлду Качанак тулпарга. Жаа огундай учуп келаткан бойдон күү менен бул чоң жардан секирип өтүп кетиш керек. Куйрук улаш кууган ач карышкырлар бул аңдан секирүүгө, албетте, батынышпайт. Алар жарды айланып келишкенче Качанак тулпар кууса жеткис жерге узап кеткен болбойбу…
Кара жал кашка торунун (“белолобый… гнедун черногривый…”) бул секиригин калемгер “великий судьбоносный прыжок” деп атайт. Албетте, кыргыз окурмандары бул сыяктуу тагдыр чечер улуу секириктин бир мисалын билишет. Ал чынында эле жеке бир баатырдын эмес атпай журттун тагдыры менен бекем чырмалышкан тагдыр чечер секирик болгон. Ата Журт, анын эркиндиги үчүн башын канжыгага байлаган баатырынан ажыраткан, жамы журттун башына каран түн түшүргөн болчу ал секирик. Эстеген сайын каңырыкты түтөткөн, окуган сайын көздөн жаш агызган секирик эле Койкүрөң аттын ал секириги.
Кош аңдан алыс түйүлүп,
Койкүрөңдүн бели үзүлүп (11. 113-б.)
очорулуп барып жатып калган секирик эле.
Эгер ошондо Курманбек баатырдын мингени Койкүрөң эмес
Алты ай минсе талбаган,
……………………………………..
Соорусу тоонун сеңирдей,
Теке жоомарт Телтору ат (11. 112-б)
болгондочу. Ал тагдыр чечер секирик башкача бүтмөк…
Эпостогу Койкүрөң аттын секириги сыяктуу эле кара жал кашка торунун (“белолобый… гнедун черногривый…”) тагдыр чечер бул секиригин да улуу жазуучунун өз калеми аркылуу кандай кагазга түшсө, дал ошондой турушунда окубасак болбос. Чыңгыз Айтматов минтип жазат:
“…не всякий конь пошел бы на такой перелет через овраг, а он шел неотвратимо уверенно, точно бы был натренирован на такие прыжки. Оставалось немного, совсем немного до оврага и теперь, ни остановиться, ни повернуть… Оставалось мгновение… Оставалось сделать в то мгновение великий судьбоносный прыжок через ров. Жувалинская земля выдала в ту секунду всю свою силу – подбросила коня в высь! Прыжок! Звездолобый завис в могучем прыжке, вытянув голову, шею, ноги, как птица, сложившая крылья в полет, и в следующую секунду распрамляя ноги, звездолобый, опустился на другом конце пропасти. Прыжок чудесно удался, но тут же под ним неожиданно рухнул край оврага. Огромная глыба обрыва пошла оползнем вниз, увлекая за собой в яму судорожно застывшего в оцепенении тело коня. Последнее, что увидел звездолобый – край резко опрокинувшегося сумеречного неба и так же резко обнажившуюся глиной и влагой мокрую стену оврага”. (4. стр. 97 – 98).
Өмүр менен өлүмдүн жарышы, казактын ээн талаа, эрме чөлүн кудум жер титиреген учурдагыдай дүңгүрөткөн жарыш (“…жувалинская земля стремительно уходила из-под копыт, содрогалась и гудела, как бывало при землятрясениях и ветер свистел в прижатых ушах…”), кандуу куугун мына ушундайча соңуна чыкты. Бул учурда жар түбү аң караңгы тартып, күн болсо уясына батты. Кара жал кашка торуну (“белолобый… гнедун черногривый…”) болсо эки үйүр ач карышкыр “…пожирали заживо”. Тэ-э алскы Батыштагы кан күйгөн алаамат согуш талаасынан (“Далеко позади остались поля сражении, горяшие дома, ухающая и стонущая от взрывов земля, крики и стоны людей… все это позади…” 4. стр. 90) сапар тартып келе жаткан, ээси Батайдын, (“– Оймо! Оймо! Я вернус. Жди меня! Пошлю Качанака!”) деп кыйкыра кол булгап майданга кеткен Батайдын адам билбес аманатын алып келе жаткан, эч ким билбес салам-дубайын алып келе жаткан, ээси менен бирге Батышка кеткен жолду унутпай, кайра ошол жол менен жылдыз санап, Күн карап (“…мчал, не сводя с пути…”) келе жаткан Качанак деген ысымдуу күлүктүн көрөр күнү, ичер суусу ушинтип Талас тоолору мунарык тартып көрүнүп калганда, барар айылына, аманатты тапшырар адамына жетүүгө – эпикалык чен-өлчөм менен айтканда – бир аттам жер калганда түгөндү…
Качанак тулпарды тирүлөй тытып жеген (“…пожирали заживо”) бөрүлөрдүн ичинде карып калган канчык карышкыр бар эле. Жаш, күчтүү бөрүлөр бул байкушту аттын эттүү, жумшак жерлерине жолотпой кубалап жатышты. Акыры тулпардын сөөктүү мойну тийгенине ыраазы болуп, (“кул моюн жейт, моюн жебесе союл жейт”дегендей) тоскоол болгон жалды ары-бери силкип, жулкулдатып моюнду жеп кирди. “В какой-то момент волчица судорожно дернулась и взвизгнула – ей что-то попало на зуб, в пасти у неё оказалось нечто жесткое, совершенно несъедобное, что-то твердое как камень, продолговатое и холодное. Этот странный предмет, попавшийся на зуб, поранил волчице зуб и нёбо точно бы гвоздём, и она тотчас же выплюнула эту чужеродную штуку и взрычала люто”. (4. стр. 99. Астыларын биз сыздык – С.А.). Алды сызылган сөз айкаштарын улуу калемгер ар түрдүү варианттарда дагы эки жолу окурмандарга сунуштайт.
Биринчи жолу Качанак тулпар карышкырларга жем болгон күндүн эртеси Жували талаасында учуп жүргөн каркылдаган карга аттуунун баарысы жар түбүнө келип, кечкурункудан калган-каткан сөөк-сактарды чокуп жүрүшкөндө, бир карга тазкаралардын жанынан “…успела стащить …что-то поблескивающее, думала – косточка какая, однако, это оказалось что-то непонятное, твердое, холодное, куцее, несъедобное…” (4. стр. 100. Астыларын биз сыздык – С.А.).
Экинчи ирет көп жылдар өткөндөн кийин да, бир кездеги бийик жар жамгырдын, кардын, анан да шамалдуу күндөрдүн таасиринен улам көрүнүшүн өзгөртүп, терең жар эмес жайык коктуча болуп калган кезде да бул жылгачада “…что-то продолговатое, непонятное, поблескивающее валялось там среди костей многие годы” деп (4. стр. 101. Астыларын биз сыздык – С.А.) баяндайт автор.
Окурмандардын да бул “непонятное, твердое, холодное, куцее, несъедобное… продолговатое, непонятное, поблескивающее” буюмга болгон кызыгуусу артат. Ар кандай жоромол ойлор пайда болот. Бирок, калемгер бул буюмдун сырын ачууга шашпайт. “Кылым карытар бир күн” романындагы Абуталиб эл ичинен жазып жүргөн баяндар эмне жөнүндө экендигин да шашпай, сюжеттин ички өнүгүүсүнүн ылайыгына жараша гана кийин-кийин, алгач маңкурт жөнүндөгү, андан бир топтон соң Раймалы менен Бегимайдын армандуу махабаты жөнүндөгү терең маанилүү, түбөлүктүү проблемалар сыйдырылган уламштарды сунуш кылгандай, бул жерде да шашпайт, “непонятное, твердое, холодное, куцее, несъедобное… продолговатое, непонятное, поблескивающее” буюмдун сырын шарт эле ача салганга ашыкпайт…
Арадан дагы көп-көп жылдар өткөн соң (“…через многие годы и годы, счет которым был никому не ведом…”) жадыраган жаз күндөрүнүн биринде “Джувалы” совхозунун чабаны бир короо коюн жайып, оттотуп жүрүп, “Үч терең” – “Три рвы” – деген баягы аң болгон жарга келди. “…обрушившиеся, оплывшие рвы за многие годы претерпели такие изменения, что можно сказать, сохранилось только название бывших оврагов”. (4. стр. 102). “Почти у самых ног он увидел на земле странный предмет, напоминавший гильзу от стрелькового оружия… Полюбопытствовал удивленно – откуда она здесь – пулеметная гилза” (4. стр. 102). Мына, окурманым, көрсө, бул патрон экен, болгондо да мылтыктын эмес пулеметтун чоң патрону экен! “Горлышко гильзы было плотно сплющено, как бы смято, ударом чего-то тяжелого. …И ещё, гилза была обкручена в основании обрывком медной проволоки, точно бы её прикрепляли к чему-то таким способом или привязывали”. (4. стр. 103). Албетте, бул патрон кара жал кашка тору (“белолобый… гнедун черногривый…”) Качанак күлүктүн жалына байланган патрон экендигин окурман жазбай түшүндү.
Алгач “дат баскан бул патронду эмне кылмак элем” деп ыргытып жиберген чабан, бир аз баскан соң кайра кайрылып келип, ар качан жанында алып жүргөн бүктөмө бычагы менен патронду ачып көрдү. Бир тиктегенде эч нерсе жок сыяктанган патрондун түбүн үңүлө караса, кылдаттык менен салынган кагаз көрүндү. Патрондон өтө акырындык менен чыгарып, бүктөмүн жазды. “То была записка, а вернее, письмо, написанное химическим карандашом. Такими карандашами писали когда-то ещё до войны”. (4. стр. 104). Улуу калемгердин алтындын кертими сыяктуу бүтпөй калган бул повестинин ушул жерине келгенде “Кыргыз жери” деп аталган өлбөс-өчпөс ырдын автору, А.А.Фадеев атындагы алтын медалдын ээси, көйкашка акын Түмөнбай Байзаковдун “Патрондогу каттар” деп аталган поэмасы эсибизге түшөт. “Паризат” дастанынан кийин эле акынга зор аброй алып келген, өз учурунда кызуу сөздүн объектисине айланган “Патрондогу каттар” поэмасы эсибизге түшөт. Поэмадагы окуялар ретроспективдүү баяндоо иретинде берилип, согуш ардагери арадан алда канча көп жылдар өткөн соң өзү бир кезде согушкан Брест чебине келип, кан күйгөн согуш жылдарында узун-туура траншеялар менен окоптор казылып, тамтыгы чыккан талааны араласа,
Окоптор жок.
Кара буудай көйкөлөт! (12. 347-б.).
(“…обрушившиеся, оплывшие рвы за многие годы претерпели такие изменения, что можно сказать, сохранилось только название бывших оврагов”).
Сылтый баскан ардагер талаа четиндеги чоң дарактын саясында эс алып олтуруп, дарактын сөңгөгүндө чоң көңдөй бар экенин, ал көңдөйдө согуштагы жоокердин жанынан түшпөй жүрчү буюмдардын бири болгон эски солдат челеги жатканын көрүп, акырын алып караса, ичинде стакан, стакан ичине салынган төрт-беш патрон, алардын ичинде дыкаттап салынган каттар болот. Ар бир патрондун ичиндеги катта айтылган окуялар поэманын ар бир бабынын сюжетин түзүп, залкар акын Түмөнбай Байзаковдун мындан тупатуура элүү жыл (жарым кылым) мурда жазылган “Патрондогу каттар” деп аталган поэмасынындагы Санар менен Анардын армандуу махабатын (“Анар күтөт бул дүйнөдө Санарын, // Санар күтөт ал дүйнөдө Анарын”. Астыларын сызган биз – С.А.) баяндап турат…
Ал эми Батай менен Оймонун 41-жылдын жылдыздуу жайында башталган баёо, тунук, аруу махабатын баяндоодон нук алган, алтындын сыныгындай болуп бүтпөй калган бул повесттеги патрондогу кат эмне жөнүндө болушу мүмкүн? Эмне үчүн “Жували” совхозунун чабаны катты баары жокту унутуп калып окуп чыкты?
“Он принялся удивленно читать, читал с большим трудом и усердием, отключившись от всего на свете, забыв об отаре, пасшейся вокруг, читал слова и строки вслух, прочитывал и снова читал сначала, чтобы понять, что к чему и чем больше вчитывался, тем больше удивлялся, пораженный произошедшим случаем. Он то и дело замирал вдруг, оглядывался по сторонам, точно бы не веря тому, где он находится и что открывалось ему в тот день”. (4. стр.104). “Жували” совхозунун чабанын мына ушундай туңгуюк абалга, үйүнө эртерек жетип, очок боюна олтуруп, ысынгысын гана келтирген абалга туш кылган кат өз ичине кандай сырларды катып турушу ыктымал эле? Албетте, бул сырлардын түйүнүн бүгүн эч ким чече албайт…
Он жылдар өткөн соң тээ жаш кезинде жазылган “Бетме-бетке“ кайра кайрылып, акыл-парасаты, чыгармачылык тажрыйбасы толуп турган бийиктиктен кайра карап, повестти дагы да көркүнө чыгарган эпизоддор менен толуктап жазгандай; бир топ убакыттан кийин “Кылым карытар бир күнгө” кайра кайрылып, тоталитардык бийликтин темир капканынан бошонгон соң, көздү жапкан темир томого алынып, бийикке шаңшып учкандай бүркүттөй абалга туш болгон соң романды “Чыңгызхандын ак булуту” деп аталган керемет бир көркөм баян менен толуктагандай, “Алтын жана кар” деп аталган бүтпөй калган бул повестине улуу жазуучу эми эч качан кайра кайрыла албайт…
Ал эми “Жували” совхозунун чабаны таап алган пулеметтун чоң патронуна катылган катта “момундай окуялар айтылышы мүмкүн, тигиндей окуялар баяндалышы ыктымал” деп ар түрдүү божомолдорду айтуунун өзү бүгүнкү биз үчүн эч бир адепке сыйбайт. Бул сырдын учугу 2008-жылдын 10-июнь күнү – улуу жазуучу акка моюн сунган күнү – үзүлгөн…
Жыйынтыктап айтканда, улуу жазуучубуздун алтындын сыныгындай болуп бүтпөй калган бул повести өткөн кылымдын 90-жылдарынын экинчи жарымында жазылып, мезгилдик жактан дээрлик жарым кылымдык аралыкты өзүнө камтуу менен ушу бүгүн да кыргыз элинин арманы менен үмүтүнө айланып олтурган Ала-Тоо койнундагы алтын кендерин өздөштүрүүнүн өтө оор маселелерине арналгандыгы менен баалуу. Арийне, дал ошол бүтпөй калган абалынан улам повестте бир катар суроолордун жооптору айтылбай калган, кыйла меселелердин түйүнү чечилбей калган, сюжеттик линиялар аягына чыкпай калган.
Бирок, биз үчүн, улуу калемгердин артында калган урпактары үчүн, Чыңгыз Айтматовдун калеминен жаралган – бүтпөй калса да – бүтүндөй бир чыгарма гана эмес ар бир сүйлөм да баалуу жана аруу дүйнө болуп эсептелет. “Алтын жана кардын” кымбаттыгы да дал мына ушунда.
Адабияттар
- Садык Алахан. Адабият институтуна апарган жол. // “Кыргызстан маданияты”, 1991, 25-июль; дагы: “Кыргыз Туусу”, 2008, 12-декабрь; дагы: К-те: Садык Алахан. Адабият – аруу дүйнө – Б.: Полиграф-ресурс, 2015, 106 – 112-беттер); дагы: “Айтматовдук окуулар – 2016” (Эл арлык илимий-практикалык конференциянын материалдары) – Б.: ”Мукай”, 2016. 63 – 66-беттер.
- Чынгыз Айтматов. Кайрылып куштар келгенче. (Романдан үзүндү) // “Кыргызстан маданияты”, 1972, 9 март, 6 – 7, 14 – 15-беттер; 16-март, 8 – 9, 14-беттер.
- Чынгыз Айтматов. Бахиана. Фрагмент из нового романа. // “Литературный Киргизстан”, 1988, № 11, стр. 3 – 19; Бахиана. Жаңы романдан. // “Кыргызстан маданияты”, 1988, 9-декабрь, 8, 9, 10-беттер; Бахиана. Отрывок из нового романа. // “Литературная газета”, 1988, 21 декабря; Бахиана. (Жаңы романдан. (Которгон А.Жакыпбеков) // “Ала-Тоо”, 1988, № 12, 40 – 50-беттер.
- Чынгыз Айтматов. Смерч. (Киноповесть). Золото и снег. (Неоконченная повесть). – Б.: “Турар”, 2019. (Комментарии Папана Дуйшенбаева). (Мындан ары тексттин ичинде беттерин гана көрсөтүп кетебиз).
- Сапарбек Закиров. Сүйүү ырлары. – К-те: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. – Ф.: “Илим”, 1973.
- Чыңгыз Айтматов. Саманчынын жолу. Повесть. – К-те. Айтматов Ч. III томдон турган чыгармалар жыйнагы. I том. – Ф.: “Кыргызстан”, 1982.
- Габриэль Гарсиа Маркес. Многое я рассказал вам впервые… // “Латинская Америка”, 1990, № 1.
- Чыңгыз Айтматов. Кылым карытар бир күн. Роман. – К-те: Айтматов Ч. III томдон турган чыгармалар жыйнагы. III том. Роман, аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1983.
- Манас. Эпос. (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча). 2-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1986.
- Лутфилла Жусупакматов. Саймалы-Таш сүрөт-жазма сырлары. 1-китеп – Б.: Илим, 1998.
- Курманбек. Эпос. (К.Акиевдин айтуусу боюнча). – К-те: Курманбек. Жаныш, Байыш. Эпостор. (Басмага даярдаган Сапарбек Закиров) – Б.: Кыргызстан, 1970.
- Түмөнбай Байзаков. Патрондогу каттар. Поэма. – К-те: Байзаков Т. Тандалмалар: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1983.
Садык Алахан,
филология илимдеринин доктору, профессор
[1]Осоавиахим – общество содействия обороне, авиационному и химическому строительству– советская общественно-политическая оборонная организация, существовавщая в 1927 – 1948 годы. (Сокращённо Осоавиахим. Предщественник ДОСААФа).