Шабданбек Кулуевдин эстелиги орнотулду

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Гимнин автору, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевди эскерүү болду. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жаш курагында дүйнө салган. Эскерүү иш-чараcsнын алкагында “Ала-Арча” көрүстөнүндө эстелиги ачылып, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук-маданий ишмерлер, жакындары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылдын 1-январында жарык дүйгөгө келген. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков менен бирге Кыргыз Республикасынын Гимнинин сөзүн жазган. Акынга 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси, 2011-жылы ” Кыргыз Республикасынын эл мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган.