Тенти Адышева: Ушул жыргал, жаркыраган күн бүтүп, Боз топурак кучагына барармын

Дайыма уктум

Таалайдын таттуусунан

татып ичип,

Турмуштун ачуусунан

кана жуттум.

Тагдырдын татаал жолун

тамтаң басып,

Эчен жол аскасынан

алыс учтум.

Өмүрдүн өжөрлөнгөн күрөшүндө

Көп жеңилип, аз гана уттум.

Бирок да жашоо нурун

күндө көрүп,

Жагымдуу музыкасын

дайыма уктум.

 

Тагдыр мени эркелетпеди

Тагдыр мени эркем деди,

Алчаңдатып эркелетпеди.

Каарына алган канча күндөр

Эч бир эстен кетпеди.

 

Рас, тагдыр эркем деди,

Эмнеликтен эркелетпеди?

Ката кетсе, кырсык басса

Эч бир качан кечпеди.

 

Тагдыр айтат, – эркем дедим

Бирок сени эркелетпедим.

Билсең сага таалай бердим

Баркын билсин жашоонун деп,

Бала кезден каардай келдим…

 

Ойлор келет

Ойлор келет,

Оолжуй басып,

Оор ичигин жамынып.

Кайда барсаң

Каршы чыгып,

Жоктон сага табылып.

Бирде силкип,

Бирде кайра

Сунган колун кармайсың.

Мына кызык,

Мына ойдон

Мынча неге чарчайсың…

Ойлор келет,

Кунан, тайча

Кубалашып жарышып,

Дуу көтөрүп

Көк майданда

Дүрбөп оюн салышып.

Өзүң ээрчип,

Кыялданып

Кызуу көңүл эргийсиң.

Мына кызык,

Мындай ойдон

Мынча неге сергийсиң..

 

Жалбырак

Теңселесиң, термелесиң жалбырак,

Телмиремин карай берип жалдырап,

Күүгө келип, күлүңдөгөн көркүңө

Күн да нурун төгөт көктөн жаркырап,

Көлөкөңдө көөшүп калган сыяктуу

Көк шибериң көйкөлүңкү магдырап.

 

*****

Билгенмин мени көздөй жол тартканын,

Утурлап алдың тосуп мен баспадым.

Бүгүндөй жете келген мезгилиңде

Негедир жашынаарга жер таппадым.

Жалооруп адетиңче карап туруп,

Жанымды кейитээрлик сөз баштадың…

 

‒Жол бастым чейрек кылым сени эңсеп,

Жаш жуттум далай жолу сени эстеп.

Улгайып, чарчап сага келип турам

Суусун бер, тартынбачы эми четтеп…

 

Колума чөйчөк алып басып барып,

Калтаарып колдо суумду төгүп алдым,

Тагдырдын татаалына өкүнгөндөй

Томсоруп шагым сынып туруп калдым.

 

Эңкейип куру чыным колдон алып

Муңайдың, ичпесем да суусун кандым…

Жүрөктө эки түрлүү сезим калды,

Билбедим кимиси анын утуп алды…

Бирок да ак пейлимден сунган суумду

Жердеги киргил килем жутуп алды…

 

Бир күн

Мен элүүгө жеткенимде‒

Он сегизге бир күнү кайра келдим.

Канаттуудай закымдап өтө берип,

Кайран жашым жашынган жайга келдим…

 

Мен элүүгө барганымда‒

Жетелесе он сегизге жүрө бердим,

Оюнкара ак ошол жаш кытыгылап,

Ошол күнү негедир күлө бердим…

 

Мен элүүгө келгенимде‒

Бир күн кечке жорго миндим

Эркелеп он сегизге бара жатып

Элүү деген эмине, жолдо билдим…

 

Эне тилеги

Кубанып эне мээрин төгүп турат,

Баласы ойноп жатса гүл ичинде.

Ар дайым эне тилек- тынчтык бер дейт,

Баласын уктатаарда түн ичинде.

 

Тынчтыктын желбиреген жели согуп,

Эне жашы кургаса экен жер бетинде.

Адамдар төрөбөстөн ажыдаарды,

Эр туулсун тынчтык сактар эл четинде.

 

Акыры кайда болсо тынчтык жеңет,

Түтөгөн жер бетине тынчтык келет.

Бирок да өлгөн бала согуштагы

Эненин жүрөгүнөн качан кетет?!

 

*****

Бул дүйнөгө,

Ыйлап келем

Ыңаалап мен,

Көздөрүмдөн жаш чыкпай,

Эрбең сербең

Энтелеп

Эки колум камчылай.

Бул дүйңөдөн,

Эми кетем

Эрдим тиштей,

Илкий басып унчукпай.

Бирок гана,

Көздөн жашым

Көлдөп агар тамчылай…

 

Өмүргө

Өмүр барат колдон алып жетелеп,

Коё турчу деген сайын энтелеп?!

Басканда улам андан бетер ыкчамдап,

Жаш баламдай жаракөрлүү эркелеп.

Мен ишимди жаңы гана баштадым,

Кеч калыпмын ойгоно албай эртелеп.

Өктөм өмүр өжөрлөнүп шашпагын,

Өткөн келбес, бир азыраак бастагын!..

Эне сүтү эмдигиче мойнумда,

Мен ишимди эми гана баштадым…

 

Ой жүгүртүп

Ушул жыргал, жаркыраган күн бүтүп

Боз топурак кучагына барармын.

Сайран күндүү, сансыз сырдуу дүнүйө

Жан кеткен соң бирин сезбей калаармын.

 

Жашыл токой, көк шибердин үстүндө

Курбуларым үлпөт куруп олтурар.

Мени эстеп ошолордун ичинде

Балким бирөө көзгө жашын толтурар…

 

Мен өлбөймүн

Мен өлбөймүн,

Жер энемдин кучагында уктаймын.

Эне-жерим, эне чиркин,

Эч бир качан мен эсиңден чыкпаймын.

Анткени сен

Кам көрөсүң дайыма:

Жай ысыкта бак өстүрүп жаныма,

Кыштын күнү үшүбөсүн дегендей

Ак ичигиң

Ала келип жабдуума.

Мен өлбөймүн

Көөшүй берем түбөлүккө мемиреп,

Айланчыктап бейитимде

желиң жүрөр желбиреп.

Булбул сайраар

Мукам үнүн чыгарып,

Күн да чыгар

Эртең менен кызарып,

Адетинче ага бермек өзөн суу

Көлбүй түшүп,

Көк шиберди сугарып.

Мен өлбөймүн

Оор уйкуда уктаймын.

Ошондуктан булбул үнүн укпаймын,

Бирок дайым кучагыңда кумарлуу,

Эне-жерим

Эмчек жытын жыттаймын.

Мен өлбөймүн,

Изим калат тигил тоонун төшүндө,

Үнүм калат

Суу шарынын өзүндө.

Баш булакта,

Мен суктанып караган

Сүрөт болуп түрүм калат көзүндө.

Мен уктаймын

Эне сактаар сырларым,

Эртели-кеч эсине алар кырларың.

Баарынан да

Курбу-курдаш окушаар,

Аздыр-көптүр

Арнап жазган ырларым.

 

Таң калба

Кундуздай кара чачты ак аралап.

Карылык этектесе көңүл ирийт.

Муңайып неге мынча тигилесиң

Көзүңдөн айланайын сулуу жигит.

 

Сен көрүп саамайымдын кыярганын

Далайга көз ирмебей таңыркадың,

Каакымдап жазы өтүп, кышы келет

Көрбөгөн адам, жаштын жаңырганын.

 

Элирип тыным албай аккан дайра

Эркелеп көбүк чачкан толук жайда,

А дагы бүгүн сурайт таң калгандай:

–Гүлгүндөй жаш өмүрүң кеткен кайда?

 

Кезинде мен да ачылып гүлгө окшодум.

Келишкен жашыл сайма түргө окшодум.

Жүрөктүн сырын чечип көңүл ачып

Чебер кол акын черткен күүгө окшодум.

 

Таңданба, айтайын мен билгиң келсе:

Өмүрдү учурбадым элпек желге.

Сыймыктуу адам деген атымды актап,

Күчүмдү, жаштыгымды бердим элге.