“Суроокана” китебинен, 2012-жыл
Чак түштө
(поэма)
Бул, менин башымдан өткөн окуя.
Анча-мынча гана боёк кошпосом, болгону болгондой жазылды.
Автор
Жаткам соолуп тура албай,
жаткан өңдүү жүрөгүмдү
бирөө туурап, майдалап,
жаткан өңдүү, кан, жанымды
бирөө кууруп кыпкызыл,
чымчык жаным чырылдап,
уясынан учууга азыр аз калып.
Жаткан элем алдастап,
кылган баардык иштерим
көз алдымдан чубалып
жамандыгым, жакшылыгым
кылган убал, соопторум,
таразага тартылып.
Өчтү жарык…
шарт өчкөн жок,
өчтү акырын бүлбүлдөп.
Сезип турдум өзүмдү,
көзгө сайса көрүнгүс,
бир үңкүрдүн ичинде,
калган өңдүү камалып.
Бүттү дедим:
кош бол жарык, жаш дүйнө,
кана электе ойнуңа,
кызыгыңа бата электе гүл өмүр,
сүрө электе дооруңду жакшыраак,
кеттиң окшойт куйругуңду карматпай,
тебетейди тегеретип кийгиче,
тегеренип кеттиң окшойт мезгилим,
жибек жибим бүттүңбү,
чимирилген ийигиңде ийрилип.
Кайран жаштык, көздөгөн да көксөгөн
максатыңа жете албай,
чаңкаганың баса албай,
чаңкап жүрүп өттүңбү бул дүйнөдөн.
Кош бол жарык жаш дүйнө…
Жанды жарык кайрадан,
жанды, жанды болгон өңдүү жарылуу,
калдым такыр эч нерсени түшүнбөй,
болду баары көздү ачып, жумганча,
жер огунан чыгып кетип,
тоголонуп топ сымал,
топ – деп түшүп калгандай.
Турдум башка ааламда,
көз уялып Күндү тике
тиктей албай тургандай,
жаркыраган катмар – катмар түстөрдүн
ортосунда кылкылдап
туруп калдым бир саамга.
Кош аягым тийип-тийбей кең жерге,
жеңил сезип өзүмдү,
канат бүтүп пырр – деп учуп кетчүдөй.
Алар экөө болучу.
Колго түшкөн туткундай
баратышты айдактап,
экөө эки жагымдан.
Баратышты сүйлөшүп,
мен тууралуу талашып да, тартышып,
кызыл чеке болууга да барышты.
Бирөө айтты:
Алып калалы,
жибербейли кайра артка,
кетти жаны кыйналып,
Кожоюндун үйүндө
конуп кетсин эс алып,
чыгып кетти тамтыгы,
сыйкыр оттор тешип салган денесин,
нур денеси калбыр болуп бүтүптүр,
жүрөгүнө, сөөгүнө
аз калыптыр жетүүгө,
чучугуна жетсе эгер,
куурайт мунуң тирүүлөй,
дарыласын, чыңасын,
жаны менен сезимин.
Барбайт артка,
барбайт кайра, ал элге,
бүттү алардын ызаты,
башка жакка жөнөтөбүз жан кылып,
төрөтөбүз башка жерде, башка элде,
кайра баштан наристе күн кечирип,
жигит болуп торолсун.
Күңк этти анда бирөөсү:
Сен эмне деп жатасың,
мунуң кайра башка жерден төрөлүп,
торолгуча жаңы акыл, эс кирип,
адам болуп калыптанып бүткөнчө
өтүп кетет жердин убак, сааты.
Кожоюндун милдети бар, моюнунда,
аны аткаруу керек бул, өз маалында.
Кажылдашып баратышты
бир – биринин мээсин жеп.
Эсимде жок калганы.
Үчөө болду эми алар.
Келген өңдүү суракка
туруп калдым, үчүнчүнүн алдында.
Ал сүйлөбөй, үндөбөй,
так үстүндө олтурат, тек жылмайып.
Ушунчалык сулуу экен,
жүзүндөгү нурунан
караңгы түн жарык болуп кетчүдөй,
көктө жанган жылдыздардын бардыгын
бир ушуга берген өңдүү чогултуп,
жыпар жытын чачып турса аңкытып,
жердин бети, асман да,
кызыл-тазыл гүлгө толуп чыккандай,
эс тандырган көркөмүнө көлкүлдөп
кеткиң келет, эрип эле жок болуп.
Аны, айтуу, сүрөттөө колдон келбейт,
сөз жетпейт, барак түтпөйт жазууга,
көрүү керек тек гана.
Магдырап да, жалдырап
тура бердим үн катпай,
бир оокумда келдим араң эсиме.
Көздү ачып, жумганча
качан, кантип, каяктан
пайда болду сыр аяк,
ичи толо камырдай зат ийленген.
Такта олтурган үчүнчү,
жылмайган кейп түрүндө
сүйлөбөй да, үндөбөй
басып келди жаныма.
Наабайчыдай ийкемдүү
колу менен акырын
сыр аяктан камырды үзүп алып четинен,
чаптап кирди денеме.
Көрсөтпөсүн мындайды,
мен биринчи, акыркы
жан болоюн кабылган.
Эмне шумдук, Кудай ай,
өзүмдү-өзүм ошондо,
көрдүм, көрдүм биринчи,
буга чейин өзүмдү,
көрбөптүрмүн таптакыр.
Нур денемдин жаркырак
түк тамтыгы калбаптыр,
тешик, оюк, тытылган.
Карегимден кашайган
мончок, мончок жаш ыргып,
турдум боздоп, өңгүрөп,
үнүм жетип чучукка,
үнүм жетип Кудайга.
Жыртык, тешик, оюлган,
шор денемди четинен
жамай берди Үчүнчү.
Тешиктерди толтуруп,
жыртыктарды бүтөдү,
тытыктарды жамады,
так төбөмдөн таманга
чейин чыктым шыбалып.
Колун коюп төбөмө,
өз нурунан бөлүшүп
куюп жатты денеме,
түштүм бир аз тирилип,
түштүм бир аз жандана.
Калыбына келгенсийт,
кайран денем мурунку.
А, мен, дале баладай,
ыйлай бердим солуктап,
даамындай шор суунун,
жашым жатты агылып.
Эсимде жок калганы.
Экөө эки жагымда.
Үчүнчүсү маңдайда.
Сары майдай эритип
салчу назик үн менен
чыгарды эми добушун:
Акылы бар, эси жок,
асыл эрке балам ай,
эсиңди жый, токтоткун
акылыңды кур кыял,
оттоп кеткен оюңду
жыйнагының болду эми.
Жаштык жериң калган жок,
максатыңды беттегин,
кыбыраган кыр ашат,
кыбырай бер токтолбой,
жан жагыңды караба,
кылчайбагын артка да,
алдыңды да мээлебе,
уч жогору, жогору уч,
сыртка карай чубалбай,
ичке карай чубалгын.
Укпа эч кимди, өзүңдү ук,
Жүрөгүңдү, эсиңди ук,
башкалардын тек гана,
кеп-кеңешин алып кой,
таразалап бардыгын,
акыл калчап иш кылгын.
Сырыңды айтпа жаап жашыр,
жел, шамалга ал тургай,
учуп кетет жел менен,
тарап кетет жер кенен.
Ээн жайга олтуруп
жалгыз мага кулак сал,
салып берем дилиңе,
салып берем оюңа,
керек десең эгерде,
көрсөтөмүн көзүңө.
Байка мени, бир мени,
ичиңде да, сыртыңда
турам өзүм байкалбай,
ач көзүңдү, көзүңдү ач,
кыялыңды чуркатпа,
мен жаныңда, жадыңда
сен көрө бил жөн гана.
Акылы бар, эси жок
асыл эрке балам ай,
тыңша өзүңдү тыңшагын,
аңда өзүңдү аңдагын,
жүрөктү уккун, жүрөктү.
Жүрөгүңдө олтурам,
сан жетпеген көлөмдө
кичирейип алганмын,
жүрөгүңдү укпасаң,
аңдабасаң акылың,
аткарбасаң ишиңди,
чакыртамын тагыма.
Акылы бар, эси жок,
кайран эрке балам ай,
кирдеп калсаң жуунуп,
таранасың ар качан,
чаң жугузбай ал эмес,
сырткы кийген кийимиңе.
Сен аманат жанды ойлон,
жанды жуунт, киринткин,
жок дегенде эки маал,
таң атаарда, жатаарда,
Мага кайрыл дилиңден,
өзүм жуунтам, киринтем.
Көрдүң өзүң-өзүңдү,
бирдей эмес беш манжа,
мал аласы сыртында,
киши аласы ичинде,
көзүндө бар бирөөнүн,
сөзүндө бар бирөөнүн,
бийиги бар, пасы бар,
шайтаны бар, жини бар,
периштеси, пири бар,
батасы бар, анан да,
каргышы бар пенденин.
Ар ким өзүн эр ойлойт,
өзүн-өзү пир тутат,
болгулары келет элдин алдында.
Сен алардын алдында
бара жатсаң зуулдап,
тийет көзү көздүүнүн,
кетет жарып үрүңдү.
Калсаң кокус аркада,
сөзү тийет, тийет шылдың күлкүсү.
Боору оорумуш болгон таштай мээрими
дал төбөңдөн басып салат ныгырып.
Айрым жандар төрөлө элек кезде эле,
жин-шайтандар уурдап кетип жандарын
бөлөп салган касиетине тескери,
мына ошолор, жарыгыңды жаркырак
көрүп алып чабуул коёт душмандай.
Жок алардын кылар иши түк башка,
кызмат кылат жер бетинде шайтанга.
Пендечилик кетирип,
кай бирөөнү койсоң кокус ызалап,
каргыш айтат дилинен,
дуба кайтат, каргыш кайтпайт билип ал.
Назарына калбоо керек адамдын,
эң биринчи жетим менен жесирдин,
анан кемпир-чалдардын.
Негизгиси өзүңдөн,
тилиң менен оюңдан,
кыялыңдан текебер,
улук болсоң кичик бол,
жер үстүндө бардык жан
бирдей Менин алдымда.
Жок жынысың, улутуң,
жан-жаныбар, макулук
баары бирдей Мен үчүн,
ар биринде Мен жашайм.
Болгону ушу айырма,
айланкөчөк жашоодо
бири эрте, бири кеч
өз өмүрүн кечирет,
бири тааныйт Мени эрте,
бири тааныйт кечирээк.
Сыноокана жашоодо,
кимиси өтсө сыноодон,
мына ошолор чыныгы
болот Менин көчүрмөм.
Акылы бар, эси жок
асыл эрке балам ай,
жолуңа түш бара гой,
алып калсамбы деди элем,
жолуң жатат алдыңда,
жолду Мен да бузбаймын.
Түш жолуңа, түз кеткин,
арт жагыңды карабай,
сак болгунуң, сак тургун,
шам чыракты байкасаң
тегеренет, айланат
дайым шайтан көпөлөк,
өзүңдү аңдап, байкап жүр.
Жарыгыңды өчүрбө,
сага эч ким өзүнүн
жарыгынан бөлүшпөйт,
бөлүшсө да ал жарык
сеники эмес, аныкы.
Аба менен дем алып
жашаганың билесиң,
Ошол аба Мендеги
дем экениң билбейсиң,
Мени менен дем алып
турганыңды билип ал,
Эсиңе түй, мен сага
өзүңдөн да жакынмын,
Мени менен бол ар дайым.
Эсимде жок калганы.
Ушунчалык акылман,
ушунчалык нурданган,
укмуш сулуу адамды
көрбөгөнмүн эч качан.
Аны айтуу, сүрөттөө
кыйын, кыйын сөз менен,
барак түтпөйт жазууга,
сөз да жетпейт айтууга,
көзүң болсо көрө алган,
көрүү керек көз менен.
Пайда болду аздан соң,
кайдан жайдан белгисиз,
даңгыраган узун жол.
Үчүнчүсү калды артта,
экөө мени узатып
келе жатты жол менен.
“Акылы бар, эси жок
асыл эрке балам ай,
Мен менен бол ар дайым” –
улам добуш алыстап
бара жатты үзүлүп
Жан жыргаткан бир обон
жатты, анан жаңырып,
андай обон, андай күү
жер бетинде жаңырбайт.
Көзүмдү ачсам жаткан экем суналып,
болбогондой эч нерсе,
дене башым коём улам кармалап,
бул өзүмбү, башкабы,
үйдөмүнбү чын эле.
Жан кыйнаган ооруу жок,
жүрөгүм бош жепжеңил,
учуп эле кетким келет кыргыйдай.
Турдум дагы акырын,
терезеге келдим да,
карап турдум сырт жакты,
Күн төбөдө тийип турат чакчайып,
асман ачык, жер жашыл.
Кандай сонун тирүүлүк,
кандай бейиш бул дүйнө,
кандай гана керемет,
терең, терең дем алып,
денең менен жашаган,
алты саның аман-соо,
ачуу-таттуу даам сезип.
Дайым таңда, күүгүмдө,
Күндү тосуп, узатып
маек курчу чалдардын
дөңсөөсүндө тиги үчөө
маектешип олтурат.
Атып чыгып эшикке:
Эй мен мында, мен мында! –
деп кыйкырып, күйүгүп
жетип барсам, эч ким жок.
Дөңсөө бош да, аалам бош.
Кимдер алар?…