Керез Зарлыкова: Илбериңки бала

Илбериңки бала

Улан сабактан тарап, үйүн көздөй келаткан. Алар шаардын микрорайондорунун бириндеги жаңы бүткөн тогуз кабат үйдө турушчу.

Өздөрүнүн үйүнө жакындай бергенде бир карыя кишини көрдү. Анын айылдан келгендиги сырткы түрүнөн эле байкалат. Күн жылуу болуп турса да кийгени жылуу бешмант. Башында ак калпак. Тээ обочороокто жүгү да бар өңдөнөт. Кабат-кабат үйлөрдүн улам бирин карап бушайманданат.

Чоң атанын жанына келип, салам айтты:

-Ассолом алейкум, чоң ата!

-Алеку салам, уулум.

Чоң ата өзүнүн алдында турган ак көйнөк, кара формачан, портфель асынган татынакай балага назарын салды.

-Ии балам, кайдан келатасың?

-Мектептен, чоң ата.

-Кайсы класста окуйсуң?

-Биринчи класста.

-Аа, жакшы экен, уулум. Аңда тамга таанып, окуганды билип калган турбайсыңбы?.. Мына бул кагазды окуп көрчү…

Карыя колундагы кагазды Уланга карматып сурады:

-Бул үйлөрдүн кайсынысы? Уулумдукун таппай жүрөм. Бая эле келдим эле. Бу жерде баары эле окшош…

-Улан адрести шар окуду.

-Сиз издеп жүргөн үй тетиги, чоң ата,— деди ал колу менен балкондору кызыл тогуз кабат үйдү көрсөтүп. — Жүрүңүз мен жеткирип коёюн.

Чоң атанын баштыгын өзүнөн мурда барып ала коюп көтөрүп алды.

Айылдан келген абышканы көрүп уулу, келини жана неберелери аябай кубанышты. Алар карыяны адашпай кантип таап келди дешип таңданышты.

-Мынабу уулум жеткирип келди… — Карыя бурулуп артын карады.

Улан болсо айылдык абышканы адаштырбай жеткиргенине кубанып, азыр эле лифт менен төмөн түшүп кетип калган.— Атаа чунак ай-я! Бу, баштыктагыдан бербей калганымды кара! Атаа, чунак ай-я! — деп өкүнө берди карыя.