Алик Акималиев: Кел, ойнойбуз ушуну (балдар үчүн)

Мен бешик термете алам, а сенчи?

Жел бешиги термелип,

Жер бешиги термелип.

Ай мончогу байланып,

Күн мончогу айланып.

Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк,

Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк.

Бешик боосу бек болсун!

Бейкут күн-түн көп болсун!

Бала мышык талашып,

Бал каймагын жеп койсун!

Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк,

Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк.

Аймончоктой алтын бол!

Күнмончоктой күмүш бол!

Анан бизге чачырап,

Акылдуу бол! Сулуу бол!

Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк,

Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк.

 

Асан-Үсөн

Булут ыйлап басылып,

Күн күлүңдөп чачылып.

Ой, ой! Кызык! Асманда,

Кылыч турат асылып.

 

Түрлүү түстүү шоолалар,

Көк бетине чийилип.

Жаркырайт айыл үстүндө,

Асан-Үсөн ийилип.

 

Кандай асем! Суктанам –

Тоо жаркырап нур агат,

Сүйүнчү алам атамдан,

Сүйүнчү алам апамдан!

 

Ким эмне болду?

(оюн)

-Айры кулак, алаң көз,

Ак коёнмун деп коём.

-Анда сени басам тез,

Ач бөрүмүн, жеп коём.

 

-Көйрөн балык болом да,

Көк иримге сүзөмүн.

-Чоң тор салып коём да,

Мен балыкчы, илемин.

 

-Кула кулун ойноокмун,

Карматпаймын дегеле.

-Мен жылкычы болмокмун,

Байлайм сени желеге.

 

-Аппак көйнөк татына,

Кызың болом деп коём.

-Чолпу тагып чачыңа,

Анда апаңмын деп коём.

 

Үч жөжөм

Агыш жөжөм айга окшоп,

Сары жөжөм күнгө окшоп.

Ала-була балапан,

Ай-ии-ий, калган кимге окшоп?

 

-Ку-ку-ку, ко-ко-кок…

Ушул биздин чаар тоок,

Кедеңдеген кызына,

Кеп айткансыйт кызыга.

 

Кел, чыпалак алышып,

Кеңешип калыс коёлу.

Ак жөжө менен сары жөжө

Чоң мекиян болобу,

Же короз болобу?

 

Кел, ойнойбуз ушуну

Таруу кууру, буудай кууру,

Жөжөңдү бак, чыпалакты жап.

Таруу кууру, буудай кууру,

Күчүгүндү бак, аты жокту жап.

Таруу кууру, буудай кууру,

Мышыгыңды бак, ортонуңду жап.

Таруу кууру, буудай кууру,

Музооңду бак, сөөмөйүңдү жап.

Таруу кууру, буудай кууру,

Козуңду бак, башбармакты жап.

Шап!

-Кыты, кыты, кытыгы…

Төшүңө жетейин,

Алкымыңа жетейин,

Айланып кетейин.

-Кыты, кыты, кытыгы.

Кел, ойнойбуз ушуну.

 

Суунун ыры

Көчө бойлой арык менен,

Көбүк үйлөп агып келем.

Ырчы суумун, бийчи суумун,

Шыңгыр үнүм, эбелек –

Көк көйнөкчөн секелек.

«Кош» деп өтсөм топ гүлгө

Конбой учат көпөлөк.

Шыңгыр үнүм эбелек –

Көк көйнөкчөн секелек.

Мени балдар жетелеп.

Аттап, кечет эркелеп.

 

Бөбөгүм

Тоок болуп бөбөгүмө,

Койсом кукулуктап,

Тып басылып ыйлабай,

Күлөт кыткылыктап.

Жадап улам минткенден,

Күчүкчө үрсөм «обу-лап».

Ууз жүзү мемиреп,

Уктап калды момурап.

 

Тай-тай

Тай, тай, тай

Кас, кас, кас,

Каздан жакшы бас.

Бир, эки, үч,

Кадам ташта,

Шашпа, шашпа,

Келегой, келегой,

Оң колуңду,

Соз, колуңду.

Соз, кичине берегой,

Сол колуңду,

Соз, кичине, берегой,

Соз колуңду

Берегой

Келегой, келегой,

Тай, тай, тай,

Кас, кас, кас,

Каздан жакшы бас.

Аз, аз, аз,

Бир, эки, үч,

Бас!

Басып кетти, азамат!

Оп-па.

 

Үч көз

Оозун ачып балыктай,

Кош кареги мөлтүрөп,

Ормодо наристе,

Ойгоо жатса мемиреп,

Карап күлдү аңкоо Бек,

«Көздөрү көп экен» деп.

 

А сенчи?

Мен бешик термете алам,

А сенчи?

Бөбөгүмдү көтөрө алам,

А сенчи?

 

Апама, мама бер дебейм,

А сенчи?

Кээде бир аз эркелейм,

А сенчи?

 

Мен бешикке жатпаймын,

А сенчи?

Жатат элем, батпаймын,

А сенчи?

 

Бала мышык

Мый, мый, мышыгым

Мыёолоп берчи.

Жонуңдан сылайын,

Жаныма келчи.

-Мыяу…

Коңурук тартасың,

Коюнума жатасың.

Эреркеп, эркелеп,

Эмнени айтасың.

-Мыяу, мыяу,

Курсагың ачкабы?

Же каалооң башкабы?

Апаңды сагынсаң,

Акырын айтчы, аны?

-Мыяу, мыяу, мыяу.

 

Күлкүм келет

Кошомат кылып шыйпаңдап,

Коркуп качкан артына, –

Күлкүм келет бир иттин:

«Жолборс» деген атына

 

Ажайып көл

Көк асманда, көлдө да,

Кардай аппак каз учат.

Жапайы өрдөк, чүрөктөр

Ары-бери жарышат.

 

Айланасы чер токой

Табийгаты татына, –

Десем, эртең апкелип,

Көрсөтчү дейт Фарида.

 

Улам айтсам түшүнбөйт,

Не деп жооп беремин.

Көлдүн көркүн көтөрүп,

Кантип алып келемин?