Нурлан Абдрахманов: Чырпыктан чынарга

Нурлан (Мукаш уулу) Абдрахманов

Чырпыктан чынарга

(Өспүрүмдөрдүн жашоосу тууралуу пьеса)

Катышуучулар:

1) Өткүр – 10-класстын окуучусу

2) Нурпери – Өткүр экөө кошуна, параллель класста окуйт 

3) Ринат – Өткүрдүн классташы, досу

4) Айтеңир – Өткүрдүн классташы, досу

5) Мираида – Өткүрдүн классташ кызы

6) Ди-джей – 10-класстын окуучусу

7) Манты кулак –Спорт мектептеинтернатта окуп жүрүп кайра келген 11- класстын окуучусу

8) Өткүрдүн атасы

9) Көпчүлүк  Мектеп окуучулары

Пролог

(Мектеп. Танапис маалы окуучулар коридордо сүйлөшүп турушат. Алардын кажыкужусун Өткүр жактырбай, чөнтөгүнөн телефонун алып чыкты да бирөөнө чалып атып окуучуларга кыйкырды.) 

Өткүр:  -Эй, акырынгылачы, эмне, базарда жүрөсүңөрбү?

(Окуучулар Өткүрдү анан бири-бирин карап унчукпай тарап кетишти.)

1-картина

(Москва. Курулушта иштеп жүргөн Өткүрдүн атасы телефондон сүйлөшүп атат.)

Атасы: (Кабатырланып) -Алло… Алло… угулуп атабы? Алло… балам… Өткүр, угулуп атабы?

Өткүр: (Жайбаракат, ишенимдүү)-Ооба ,угулуп атат ата.

Атасы: -Чоң атаң, чоң апаң, айылдагылар аман эсен турушабы?

Өткүр: -Чоң атамдын кечке урушканы эле болбосо калганынын бардыгы сонун.

Атасы: -Аа, чоң атаң сени жакшы бала болсун деп атат да. Айтканын ук, мени да ошентип тарбиялаган. Эмне кылып атасың?

Өткүр:-Мектепте. Азыр эле танаписке чыктык.

Атасы: -Аа, ырас болду. Сүйлөшө алат турбайсыңбы… Сага туулган күнүңө карата белек камдайлы десем, апаң өзүнөн сурайлы эмне каалайт экен, ошону алып берели дейт… Кана айтчы, эмне белек берели?

Өткүр: -Магабы… ыыы… (ойлонуп, шашпай) Эмне десем? (тамашалап) Мм… Машина алып бербейсиңерби?

Атасы: –Машина деле алып беребиз… Бирок азырынча сенде айдоочунун күбөлүгү жок да, ошондуктан болбой калат экен… Жашың да жете элек, кана айтчы, башка эмне каалайсың?

Өткүр: -Башкабы?.. мм… Билбейм ата… Мен көп нерсени каалайм… Мисалы.. мисалы эмне десем? Мисалы, баарынан мурун апам экөөңөрдүн биз менен чогуу болушуңарды каалайм… Майрамдарды биз менен чогуу тосушуңарды каалайм.

Атасы: (ордунан туруп, беймаза болуп)-Ай балам ай, анан ушинтесиң да. Бизди эмне бул жерде, Москвада жыргап жүрөт дейсиңби? Элден калбай тыңыраак оокат кылалы деп жүрбөйбүзбү? Ошо сени, элдин балдарынан кем калбасын деп иштеп жүрбөйбүзбү?

Өткүр: -Бул жактан, Кыргызстандан деле оокат кылсак болот го эл катары?!

Атасы: (кыжаалат болуп)-Ошо болбогон үчүн бул жакка келип иштеп атпайбызбы балам?! Бөлөк бөтөн элде тентип жүргөн эмне, бизге кызык деп ойлоп атасыңбы?

Өткүр: -Түшүнөм ата.

Атасы: (жайгарып) -Түшүнсөң жакшы балам. Окууңду калтырба. Эмне кем-карчың болсо айт, биз бардыгын алып берип турабыз! Туулган күнүңө эмне белек кылалы, ойлон.

Өткүр: -Эртең айтам.

Атасы: -Сабагыңды жакшылап оку.

Өткүр: -Мейлиңиз. Эртең сүйлөшөлү. (телфонду коюп өзүнчө) Сабак, сабак эле дешет. Эмне, сабак окугандан мүйүз чыкмак беле?..

2-картина

(Мектеп. Коридор. Окуучулар. Өткүр менен Нурпери өтүп баратып кагылышып кетет. Нурперинин колундагы китеп дептерлери жерге чачылат. Бирин-бири тиктеп тынымга туруп калып анан)

Нурпери:-Абайлабайсыңбы?

Өткүр:-Кандай абайлабайсыңбы? Сен өзүң келип сүздүң го?

Нурпери: -Менби?

Өткүр: -Ооба, анан ким? Менби?

Нурпери: -Кызыктай суроо бересиң го. Сен шак бурулбаганыңда мындай болбойт болчу… (жумшак) Чачылгандарды алып берип коёсуңбу?

Өткүр: -Күнөө менде болсо алып беремби же жөн эле алып бере беремби?

Нурпери: -Жөн эле алып берип койсоң эмне болот?

Өткүр: -Колум көтөрүлбөй калат.

Нурпери: -Тамашалабай эле жардамдашып кой эми?

Өткүр: -Жок албайм, тамашасы жок эле, өзүң ал.

Нурпери: – “Гордость не позволяет да”?

Өткүр: -А эмне “гордый” болсом эмне экен?

Нурпери: -Гордыйлыгыңды кыздарга көргөзгөн кыйын экенсиң.

Өткүр: -Кыз эмес балага деле көргөзүп коём. Болгону бул жакта бала эмес маңдайымда кыз турат. (бой көтөрүп) Эгер эркек болгонуңда

Нурпери: -(таңкалып) А ошондойбу?… Сен аябай өзгөрүлдүң.

Өткүр: -Ооба өзгөрүлдүм… Өзүң чачтыңбы өзүң жыйна.

Нурпери: -Өткүр сен мындай эмес элең го?

Өткүр: -А сен мени кандай болсо деп ойлодуң эле?

Нурпери: -Мурдагыдай эле?!

Өткүр: -Мурда кичинекей болчумун. А, азыр чоңойдум.

Нурпери: -Мурда жакшы бала элең, адамкерчиликтүү, жөнөкөй.

Өткүр: -Жөнөкөй анан элпек болчумун. А азыр элпек болгум келбей калды, тентек болгум келип калды, түшүндүңбү?

Нурпери: -Түшүнүктүү… Бирок тентек болбой эле билимдүү болсоң жакшы болмок.

Өткүр:-Ал өзүмдүн ишим. (жердеги кагазды көргөзүп) Алып ал.

(Чыгып кетет. Нурпери артынан карап, чачылгандарды жыйнайт.)

3-картина

(Ринат, Айтеңир Өткүрдү издеп келип калышат. Өткүр менен Ринат алгач күрөшө кетишет да анан.)

Ринат: -Туулган күндү кандай өткөзөлүк? Каяктан, кантип, эмне кылып дегендей?

Өткүр:-Э доске силер айтпайсыңарбы? Менин майрамым да.

Ринат: -Планың кандай болуп атат? Олтурабызбы, эмне кылабыз?

Өткүр –Сурайсың да дос. Албетте эсте калаарлык кылып жакшы тосуш керекпиз. Бирок үйгө чакыра албайм. Чоң атам ызылдап атат. Чоң энеңди тамак жасатып кыйнаба дейт. Өзүң билесиң энемден бөлөк үйдө тамак жасачу эч ким жок.

Ринат: -(тамашалап) Сен өзүң жаса да?

Өткүр:- Койчу тамашаңды, мен Айтеңир белем… (тийишип)

Айтеңир:-Тамак жасагандын эмнеси жаман, сонун да.

Өткүр:- Сага сонун болсо мага сонун эмес.

Ринат:- Азыркы кеткен Нурпери кошунаңа айт да. Жардамдаш, конок тосуш дебейсиңби?

Өткүр -Эй койчу тамашаңды. Алып алган аялым болсо да эмне болуптур. (дүк этип Ринатты төшкө бир койду)

Ринат: Ох, ий э акырын сокпойсуңбу?! (чычалатып) Бирок аны жакшы көрөсүң да, туурабы?

Өткүр: -Сен жинге тийбечи.

Ринат: -Чын чычалайт болуп атасың ээ. (Тийишип) Эмитеден эле кичине, үйгө алып келип дегендей… Чоң ата, чоң энең менен тааныштыра бер да.

Айтеңир:-Чай куйдуруп дегендейби?

Ринат: -Ооба да Айтеңир… (тамашалап) Эй сен кыпчылбачы.

Айтеңир:-Кыпчылган жокмун… Колдоп атпаймынбы.

Ринат: -Аа анда жакшы… Берчи бешти (экөө тарс эттирип алакан чабышат)

Өткүр -Силерге тамаша болсо эле болду. Алтынчы күнү мектепте дискотека болот экен.

Ринат:-Анан туулган күнүң дагы.

Өткүр:-Ооба. Дискотекадан кийин бир үйгө олтурсак деген ой бар. (экөөнү суроолуу карап) Бирок кайсыл үйгө? Кимдикине? Ким үйүн чыгарып турат? Мына ушундай суроо?

(тыным)

Эч кимиңер унчукпайсыңар го достор? “Один за всех, все за одного”-деген сөзүбүз кайда? (тыным)

Ринат: (ойлоно калып) –Иий доске, мен үйдү чыгарат элем, бирок дал ошол күнү биздин үйгө да коноктор келет да.

Өткүр: -Качан болсо сенин шылтооң даяр.

Ринат: -Жо-ок эй, шылтоо эмес, чын эле айтып атам.

Өткүр: -Айтеңир сенчи? Болгону эле үй, калганынын баары менден. Атама мынча акча салгыла десем салат. Эмне кааласак баарын алабыз, кенен олтурабыз. Үйгө деле “келин на час” кылып заказ кылсам болмок. Бирок чоң атамды билесиңер го “ызылдай берет”. Кенен олтургузбайт. Ошол үчүн…

Айтеңир: -Өткүр, мен үйдөгүлөргө айтып көрөйүн. Ушул жума алар шаарга кетмек. Макул болушса анда айтам.

Ринат: –Классташ кыздар келишет, чогуу олтурабыз. Тамакты деле чогуу жасайбыз. Ага тынчсызданбай эле кой досум. (Күчөп, түшүндүрүп) А так, вот так “Келин на час” “Муж на час” дебейлечи эу..! Туурабы Айтенир?

(Өткүр Ринатты  дагы төшкө дүк эттирип согот)

Охий, эй доске акырынчы.

Өткүр: -Тилиң сайрайт ээ?

Ринат: -Эй, досум (Өткүрдү кучактап) Мына мен, Айтеңир болуп тимеле сен дегенде цементтен секирип кетебиз го. Аны го билесиң. Анан сен да биздин шартты  аткарышың керек.

Өткүр: –Кандай шарт?

Ринат:- Сен ал күнү  Нурперини, кошунаңды чакырышың керек.

Өткүр: -Досум койчу тамашаңды.

Ринат: -Жок, тамашалабай эле. Калп эле “гордый” боло бербечи? Муну деген “шанс” деп коёт.

Өткүр: -Эми Нурпери болбосо деле классташ кыздарды чакырабыз го.

Ринат: -Классташ кыздар деген классташ кыздар, а Нурпери деген өзгөчө да, сен үчүн өзгөчө… Билемин го. Чакыр досум. Чакыр.

4-Картина

(Дискотека. Музыка. Балдар кыздар бийлеп жатышат. Өткүр Нурпери жакты улам-улам карап коёт.)

Ринат: (Өткүргө) -Барсаңчы досум, барсаңчы. Бийге чакырсаңчы?

Өткүр: -Кой эй, кереги жок.

Ринат: -Духуң жетпей атабы?

Өткүр: -Дух “вагон го”.

Ринат: -Анда эмне карап турасың?

Өткүр: -Жөн эле бара беремби?

Ринат: -Жок, жөн барба, бийлеп бар. (Тамашалап, ашыкча бийлеп көргөзүп)

Моминтип.

Өткүр: -Кой эй, алдагындай бийлесем качып кетет. (Ринатты төшкө дагы бир коёт)

Ринат: –Ох… ий, эй досум… ушинтип эле соккулай бересиң. Күчүңдү мага көргөзбөй башкалардан чыгарбайсыңбы?

Өткүр: -Кана айтчы, кимге көргөзөйүн? Каалаганыңды айт. Мага чыгам дегенин бери чакырсаң.

Ринат: -Тигине тээтиги “Манты кулакты” көрдүңбү?

Өткүр: -Көрдүм. Жүрү ошол жакка. (бийлеп аткан Манты кулакты көздөй басат) Тартчы бери, сүйлөшөйүн…

Ринат: -(жумшарып) Эй.. ээй.. тамаша… тамаша. Андан көрө Нурперини бийге тартып… кечкиге, туулган күнгө чакырып дегендей… кыймылдабайсыңбы? Сөз бергенсиң, билесиңби?

Өткүр: -Сөз берген эмесмин.

Ринат:- Сүрдөп атасыңбы?

Өткүр:-Дагы төшкө жегиң келип атабы?

Ринат:-Сөз бергенсиң. (ушул маалда ди-джей музыканы токтотот)

Окуучулар:- (нааразы, ызы чуу болушат) Эй музыка… Ди-джей музыка… бийлейбиз…

Дж: Көңүлдүү кушубак кечиңиздер менен. Албетте, музыка азыр кайрадан жаңырат. Бүгүн Өткүр досубуздун туулган күнү. Жалпы 10-А класстын атынан салам жолдоп жатышат. Мына бул музыка Өткүрдүн туулган күнүнүн урматына жаңырмакчы. Ак бийге түшөбүз.

(Жай музыка берилет.)

Ринат: –Мына Нурпери менен сүйлөшчү убак келди досум. Чакыр… бийге чакыр.

(Өткүр Нурперини көздөй баратканда, “Манты кулак” биринчи озуп Нурперини бийге чакырып кетет. Өткүрдүн туруп калганын көрүп Ринат шылдыңдайт.)

Ринат: Манты кулак жаман кылды ээ досум? (Өткүр тунжурайт. Ринат күлөт)

Айтеңир: -(Ринатка) Эй сен жөнчү, калп эле кайраштыра бербей.

Ринат: -Кайраштырбай эле, каратып туруп эле Нурперини тартып кетти го. (Өткүргө) Чын да ээ досум. Сен баратканда атайын эле алдыңан чыгып, биринчи бийге чакырды го. Туулган күнү экен деп сыйлап койсо деле болмок да. Нурпери деле сени күтүп аткан. Ал “Манты кулактын” кебетесин көрүп, коркконунан деле аргасыз бийледи окшойт. Байкагам да, ал деле сени карап аткан. Ошон үчүн айтпадымбы сага.

Өткүр: -Туура айтасың. “Манты кулак” дагы деле өзүн кыйын сезип жүрөт. Спорт мектептен балдардан тепки жеп, окуй албай келгенин унутуп калган го?!

Ринат: -Бизди билбейт деп ойлойт го. Бирок анткен менен азыр бизге мурдакыдай чоң болбой калды ээ? Сенин чонойгонуңду көрүп, кой деп калды окшойт ээ?

Өткүр: -Билбейм…

Ринат: -Ошондой эле. Ээй, досум, биздин мектептен ушул манты кулакты эле ордуна коюп койсоң болду. Анан мектепте өзүң бий, өзүң хан болосуң.

Айтеңир: -(чоочулап) Кой эй балдар, кайдагыны баштабай. Ал бизге эч нерсе кылган жок ко?

Ринат: (таңданып) –Эмне-е? Эч нерсе кылган жок?.. Мурда кандай кылчу эле билесиңби? Эски сарайга алып барып алып, баарыбызды сабаганычы? Эсиңдеби Өткүр?

Өткүр: -(Кыжырланып) Эсимде.. Болгондо да кандай эсимде.

Айтеңир: -Кой эй достор, кайдагыны баштабай жөнгүлөчү. Ринат сен жөнчү, күчөтө бербей.

Өткүр: (Ачууланып) –Мен азыр ага көргөзөм.

Айтеңир: -Э, Өткүр, койчу эми аны. Ал го өттү кетти. Аны эстегенде эмне?

Өткүр: -Бул дале мени мурдагыдай алсыз ойлоп жүрөт окшойт. (Ишенимдүү, демдүү, шаңдуу) -Кана жигиттер бийлейбиз. Уу… кеттик… Бүгүн менин туулган күнүм, бүгүн мен каалагандын баары болушу керек. Кана бийледик!

(Музыка катуу жаңырат. Өткүр топтун ортосуна өтүп мыкты бий көргөзөт. Андан соң четте бийлеп аткан “Манты кулакты” атайылап жөөлөп өтөт. Экөө жулмалаша кетет. Окуучулар ажыратып калышат.)

5-картина

(Дубалына графити чийилген мектептин четиндеги эски сарай. 10-11-класстын балдары котолоп турушат. Ортодо Өткүр менен “Манты кулак”)

Манты кулак: -Чакыртыпсың?.. (тыным) Эмне унчукпайсың? (тыным) Эмне болду?

Өткүр: -Эмне болду эмес, Өткүр, кечирим сурайын деп келдим дебейсиңби?

Манты кулак: -Өткүр, мен сенден эмнеге кечирим сурашым керек?

Өткүр: -Күнөөңдү эстетсем кечирим сурайсыңбы?

Манты кулак: -Биринчи айтчы.

Өткүр: -Сөзүңө турасың, кечирим сурайсың!..

Манты кулак: -Чоңойуп калгансың го ээ?

Өткүр: -А эмне мени чоңойбойт деп ойлодуң беле? Дагы деле буларды сабай берем деп жүргөнсүң да ээ?

Манты кулак: -(күлүп) Аа, сен мурдагыны эстеп атасыңбы? Таарынычың бар окшойт да. Э, анда биз кичинекей бала болчубуз. Аны унут досум. Андайлар боло берет кичинекей чакта. Кой эми, илгерки үчүн урушпай эле коёлук.

Өткүр: – (көшөрүп) Кечирим сура!

Манты кулак: -Кой досум тамашаңды.

Өткүр: -Мен сенин досуң эмесмин. Эмне “ачкоң” ойноп атабы?

Манты кулак: -Өткүр токтот деп атам…

Өткүр: -А токтотпосом эмне кыласың? Колуңдан эмне келет?

Манты кулак: -Колумдан көп нерсе келет.

Өткүр: -Кечирим сура же болбосо “жекеме-жеке” чыгабыз, уктуңбу?

Манты кулак: -Күчүң ашып ташып калган экен го ээ? Кел анда… мушташкың келип атса, мушташалы. Мени качат деп ойлодуң белең, качпайм. Бирок мындан пайда жок экенин мен билем, а сен билбейсиң. Жашсың!

Өткүр: -Көрөбүз азыр. Эй мобул жакта турган 10-11-класстар уккула. “Манты кулак” экөөбүз азыр “бирге бир” чыгабыз. Мушташабыз. Ким жеңсе мектеп ошонун сөзүн угат, түшүндүңөрбү?…

(Баарын кыдырата карап) Анан кыздан бешбетер бул жактан чыгып алып апасына, атасына, эжейге, агайга, милицияга айтмай жок, уктуңарбы?! Бардык нерсе ушул жерде калышы керек. Ушул жерден чечилиши керек. Ким мугалимге же милицияга айтчу болсо ал эркек эмес. Сүйлөштүкпү, макулсуңарбы?…

Манты кулак: -Эй, көп сүйлөбөчү. Сен мени ким ойлоп атасың?

(Мушташ башталат. Күрөшүп, кийимдери айрылып, мурду башы кан болот. Акырында “Манты кулак” Өткүрдөн тепки жеп, жерге көмкөрөсүнөн жатып калат.)

6-картина

(Уруштан кийин. Өткүр мектепке көйнөгүнүн кан болгон жерин алаканы менен басып, байкатпай кирип келаткан. Алдынан китеп, сумкасын көтөрүп Нурпери чыгып калат.)

Нурпери:- (Чоочуп) – Өткүр сага эмне болгон?

Өткүр:- Жакшы эле. Мага көңүл бурбай, өтө берсең.

Нурпери:- – Токто. Көйнөгүң кан болгонбу? Колуңду алсаң.

Өткүр:- Өтө берсең дейм?

Нурпери:- (чоочуп) Аиий… Кан… Эмне болду сага? Ким мындай кылды?

Өткүр:- Акыры-ын.. акырын. Эч ким укпасын, жүрү бул жакка. (четке жетелеп) Акырын дейм.

(ашкананын оозундагы кол жуугучтун жанына келишти)

Нурпери: – Ушул кантип жакшы болсун? Көйнөгүңдүн баары кан. Оозуң да шишип калыптыр? (шишиген оозуна колун тийгизет)

Өткүр: – Кхм.. ох… Кандай неме бул?

Нурпери: -“Гордый” болом деп жүрүп ушуну көрмөксүң. Чеч көйнөктү!

Өткүр:- Эмне?

Нурпери: –Эмнени уксаң ошол. Көйнөктү тазалайын деп кирдиң белең?

Өткүр:- Ооба.

Нурпери: – Анда чеч, мени карабай. Тазалап берейин. (Өткүрдүн дагы деле турганын көрүп) “Гордый” болгонуң менен аябай уялчаак окшойсуң ээ? Мен сени карабайм, уялбай эле кой.

Өткүр:-  Сен кишини сүрдөтөсүң го?…

Нурпери:- Чындап эле уялып атасыңбы?

Өткүр:- Ооба…

Нурпери:- Таң калычтуу. (тамашлап) Дайыма эле “кыйын” боло бергениңден сени эч нерседен тайманбайт го деп ойлоп жүрбөймүнбү?

Өткүр:-А сен мени билбейт турбайсыңбы. Мен сенден сүрдөйм… ошол үчүн да сага айтчу оюмду көптөн бери толук айта албай жүрөм.

Нурпери: (шашып) Билем… Билем… Мен сени жакшы эле билем деп ойлойм. (сөздү буруп) Үшүбөйсүңбү?

Өткүр:- Жок. Эмнеге үшүмөк элем…

Нурпери: Келе анда. (Өткүр көйнөгүн чечет. Нурпери карабай көйнөктү алып, так болгон канды жууп, кайра берди.) (мээримдүү) Бетиңди да жууп алсаң, чачтарың да үрпөйүп калыптыр.

Өткүр:- ( Жуунуп атып) Нурпери сага чоң ырахмат!

Нурпери:- Эч нерсе эмес. Биз кошунабыз да.

Өткүр: – Ооба… Туура… Кошунабыз…

Нурпери:-Мен сени билем да.

Өткүр:- Эмнени билесиң?

Нурпери: Сыртыңдан ушундай көрүнгүң келгени менен ичиңден мээримдүү, жакшы эле баласың.

Өткүр:- Мени жаман деп ким айтты?

Нурпери: -“Рекеттерге” окшошкуң келе берет ко. Эмне, келечекте “Черный” болсом деп кыялданасыңбы?

Өткүр: – А эмне тегерегиңдегилерге авторитет болсоң жаманбы?

Нурпери: –Кара күчкө таянып, кадыр барктуу болом деген туура эмес деп ойлойм.

Өткүр:- Эмнеге?

Нурпери: – Бүгүн кара күчкө таянып бирөөгө чоң болгонуң менен эртең андан да күчтүү бирөө келип кордоп кетсечи? Ошондуктан алардын келечеги коркунучтуу…

Өткүр:-Аа, ошондой дечи? А кимдердин келечеги коркунучтуу эмес деп ойлойсуң?

Нурпери: –Билим алгандардын. Алар кара күчкө таянышпайт. Душман топтошпойт. Билимине, акылына таянып иш кылышат. Эмгеги натыйжалуу болсо өзү гана эмес башкаларга да пайдасы тийет.

Өткүр: – (Өткүр сөздү башкага буруп) – Уктуң да бүгүн менин туулган күнүм.

Нурпери:- Ооба, билем.

Өткүр: – Досторду конокко чакырып аткам. Сен да келип биз менен чогуу олтурбайсыңбы?

Нурпери: Мен олимпиадага даярданып аткам. Үйгө барып дагы даярданышым керек эле.

Өткүр:- Көпкө деле олтурбайбыз. Анан кайра өзүм жеткизип коём.

Нурпери: Үйдөгүлөргө айтып көрөйүн. “Кошунам” чакырып атса кантип барбайын. Барганга аракет кылам.

Өткүр:- Күтөм. (Нурпери чыгып кетет. Өткүр сүйүнөт)

7-картина.

(Бөлмө жасалгаланган. Ышкырык трубочкалар, шариктер. Өткүрдүн достору, классташ кыздары баштарына майрамдык калпакчаларды кийип алышкан.“Happy birthday to you” ыры жаңырып атат. Өткүр менен Нурпери кирип келишет.)

Бардыгы: (ырдап) Туулган күнүң менен,

Туулган күнүң менен,

Туулган күнүң менен Өткүр,

Туулган күнүң меее-неее-н!..

(Кол чабуулар. Бөлмөнүн жарыгы өчөт. Торт, анын үстүндөгү жаркырап күйгөн свечалар.)

Ринат: -(шаңдуу) Кел эми үйлөп кой. Өчүрө албай уят болбо!

Мираида: -Өткүр уят болбойт.

Ринат: –Ооба, жанында Нурпери турбайбы.

Мираида:- (тамашалап) Жо-ок мен турам.

Ринат:- Ошондойбу?

Өткүр: (үйлөйт) -Уфф, үфф!

(Өчкөн таякчаларды сууруй коюшат да, тортту Өткүрдун  бетине шыбап салышат. Ызы-чуу, күлкү. Нурпери салфетка менен Өткүрдүн торт болгон бетин аарчыйт.)

Ринат: -Оххо…-хо мынакей, Өткүргө жардамчы табылган турбайбы.

Мираида: (Күлүп) –Эми Өткүрдөй жигитке баарыбыз эле жардамдашкыбыз келет. (Тийишип, тамашалап) ай.. ай.. ааай… бирок мен жардамдашканга жетишпей калбадымбы.

Ринат:  -Сен бетине торт шыбап атсаң кантип жетишесиң?

Мираида: –Шыбап туруп анан кайра тазалап коймокмун да.

Ринат: -Тамаша. Өткүргө албетте бардыгы жарашат. Жардамчылуу болгон дагы, мектепти кармаган дагы.

Мираида:-Мектепти кармаган?

Ринат: -Ооба, куттуктап койсоңор болот. Өткүр бүгүн мектептин биринчи атаманы болду.

Мираида: (кызыгып) –Өтө кызык… Кандайча?

Ринат: -Ушундайча эле биринчи атаман… Жок, жок, жок, керек болсо “рыцарь” деп койсок туура болот. Анткени драконду өлтүрүп принцессасын сактап калган рыцардай эле эрдик кылды.

Өткүр: -Ринат досум токтотчу, башка темага өтпөйлүбү?

Ринат: (Жайдарыланып) -А болду, болду. Улуу урматтуу Рыцарь, мен токтоттум. Болду, анда башка темага өтөлү. (Үнүн башкача кылып) Ди-джей, кеп кезеги сизде, программаңда эмне кызыктар бар?

Дж: (шымаланып) -Менде кызыктар өтө эле арбын. Адегенде оюндан баштайлык.

Мираида: -Урматтуу алып баруучу, мен суроо берсем болобу?

Дж: -Албетте болот. Бүгүн эмне кааласаңар ошонун баары болот.

Мираида: -Менин каалоом Өткүр рыцардын принцессасы ким болду экен? Абдан кызык болуп жатат?( Ринат Мираиданы суроолуу карап койду)

Дж: (Кубаттап) -Өтө кызыктуу суроо. Принцесса “ал менмин”- деп, өзү эле чыга калабы же… рыцарь прицессасын кантип куткарып калганын өз оозу менен айтып берип, анан тааныштырабы? Эгерде “принцесса” ушул жерде болсо?

Ринат:- Ушул жерде эле.

Дж:- Абдан кызык, ким болду экен?

Мираида:- (шайырланып) Мен эмесминби?

Ринат:- Жо-ок, сен болсоң айтмак да.

Мираида:- А сен кайдан билесиң, балким рыцарь сюрприз кылган жатат мага. (Бардыгы Өткүрдон жооп күтүп, карап калышат.) Ээ Өткүр туурабы? (Өткүр унчукпайт. Пауза)

Дж: -Эч ким унчукпайт. Демек, урматтуу депутаттар, бул сунушту жалпы кароого коёбуз. Мунун жообун угуу мага кызык дегендер кол көтөрөбүз.

(Өткүр менен Нурпери кол көтөрбөйт. Калгандарынын бардыгы колдорун көтөрүшөт)

Бардыгы макул, экөөнөн башкасы. Эми каршыбыз дегендер кол көтөргүлө.

(Жалгыз Өткүр колун көтөрөт)

-Каршы бир, калыс бир, макул алты (болжолдуу). Демек…

Нурпери: -Жок, мен ойлондум. Макул жетөөбүз. Өткүр кимди кантип куткарганы мага да кызык “кошуна” катары.

Дж: -Оп-па-а-а ошондойбу?

Ринат: -Кошуна катары элеби?

Нурпери: -Ооба.

Ринат: -Жакшы. Өткүр өзүң айтасыңбы же мен айтып берейинби?

(Өткүр сен айта бер дегендей ишарат кылды)

Дж: -Кана анда мен сөздү тилинен чаң чыккан, тили менен далай, далай спортсменди прогип чапкан Ринат досума берип коёюн. Башта досум.

(Фондо рыцарлардын заманындагыдай музыка. Айтып баштайт.)

Ринат; -Илгери, илгери бир заманда, оозунан от жаадырган ажыдаарлардын учурунда бир кичнекей окуучу бала болгон экен. Ал мектепке баратканда, күнүгө параллель класста окуган кичинекей классташ кызынын үйүнүн жанынан өтчү. Кыз экөө ээрчишип алып мектепке келишчү. Мына ошол, эгиз козудай ээрчишип чогуу өскөн бала менен кыздын ортосунда бир сезим пайда болгон. Жарк этип искра чачырап кеткен болчу. Бирок бала да, кыз да ал тууралуу бири-бирине айткан эмес. Күндөр өтө берди, алар чоңоюшту. Бала рыцарь, кыз принцесса болду. Экөөнүн ортосундагы “искра” дагы деле өчкөн жок. Тескерисинче мурдагыдан да күчөгөн. Бирок сырларын айтышчу эмес. Анткени экөө тең “гордый” болуп чоңоюшту. Бирөөсү болсо аябагандай билимдүү, а бирөөсү болсо, мектепте авторитетный красавчик болчу.

(Мурдагыдан да кызытып, күчөтүп)

Балээнин бардыгы кайсыл жактан башталды дебейсиңерби?

Бардыгы: -(чогуу) Кайсыл жактан?

Ринат:- (баса белгилеп) Диско-тека-дан! Бир жолку мектепте өткөн дискотекада рыцарь ал кызды бийге чакырганы бараткан. Ак бийге. Бийлеп атып баардык сырымды ачык айтам деп ойлогон. Аңгыча болбой ал жеткенче, капыстан… алдынан “дракон” чыгып принцессаны илип кетет.

(Түшүндүрүп)

-Эми илип кеткенде кандай… Рыцардан биринчи бийге тартып кетет.

(Мурдагы тондо, улантып)

-Рыцарь ошого жини келип ал драконду, мектептеги эң кыйын драконду былчылдатып сабап салган  экен. Ушунчалык катуу сабаганынан, дракон ордунан тура албай калыптыр.

(баары тынчтанып, тунжурап калышты)

Ринат: -Мына ошентип чыныгы Рыцарь “Манты кулак” деген драконду сабап, өзүнүн принцессасын дракондун колунан куткарып алыптыр. Анан дагы мектептеги бийликти бүт бойдон өз колуна алыптыр!

(Өткүр менен Нурперинин колун кармаштырып)

Мына алдыңыздарда тургандар Рыцарь жана Принцесса! (Ринат кол чабат, айрымдар да кубаттап кол чабышты. Кээ бири үн чыгарбай туруп калышты. Баарынын көздөрү Өткүр менен Нурпериде. Нурпери Өткүрдөн колун күтүүсүз шак тартып алды.)

Нурпери: (Ринатка) Жомок кылып айтып бергениң жакшы экен. Абдан кызыктуу болду. Чындыгы да бар. Андагы кичинекей кыз “Рыцарды” дагы деле жакшы көрөт, болгону анын кичинекей кезин, ак көңүл, элпек, жакшы чагын, азыркыдай өзгөрүлгөн кезин эмес.

Сен айтып аткан принцесса (Өткүрдү карап) анын оозунун шишигенин, көйнөгүнүн канын көрүп, бирөөдөн кордук көргөн го деп ойлоп, боору ооруган. Жакшы сөзүн угуп жибиген, мурдагыдай адамкерчиликтүү, түшүнүктүү эле окшойт деп ойлогон эле. Көрсө жаңылыптырмын, андай эмес экен. Алы жеткендерге, колунан келгендерге чоң болуп, аларды кордогонго гана акылы жетет окшойт рыцарыңдын.

Ошондуктан, принцесса рыцарды канчалык жакшы көрсө да, анын зөөкүрлүгүн көрүп туруп, андан алыс качып кеткиси келет экен. Себеби сиз айткан (Ринатка карап ) жанагы дракон принцессага эч жамандык кылган эмес болчу. Алар жөн гана бий бийлешкен эле. Болгону ошол.

Ал эми кара күч менен бирөөлөрдү кордоо менен жакшы иш кылдым деп ойлосо анда рыцарыңыз жаңылат. Ошону айтып кой!

(Нурпери айтып бүтүп, кийимин алып кетип баратканда Өткүр ызалуу.)

Өткүр:- Нурпери!

(Нурперинин колунан тартат, ал күчтөнүп колун сууруп чыгып кетет)

Өткүр:- (бардыгына ) Силер да чыгып кеткиле… Эмне карап турасыңар? Чыгып кеткиле дейм?

(Четинен чыгып кете беришет. Ринат чыгып баратып Мираиданы карайт, анан экөө кол кармашып чогуу кетишет. Өткүр эки колу менен башын мыкчыйт. Сахна караңгылайт)

8-картина

Өткүр:- (жалгыз олтурат)- Мына мен бүгүн да уруштум? Эмнеге жашоом уруш –талашка, чыр чатакка айланып бара жатат. Мындай болбошу керек эле. Менин кыялданганым бул нерсе эмес болчу. Менин кыялым архитектор болуу! А эгерде ушул жол менен жүрө берсем эч качан архитектор боло албайм.

Атам менен апам болсо мен үчүн деп чет жерде иштеп жүрүшөт. А менин кылганым болсо бул. (Ордунан туруп) Жок, болбойт. Болбойт… Алардын менден күткөнү башка. Чоң ата, чоң энесине караан болот, орто мектепти аяктаса өз кызыккан кесибине тапшырат деп жатышат. (мурдакыдан жанданып)

Кайсыл жолду тандайм? Эртерээк чечишим керек… Эртең кеч болуп калат! Эх… Нурпери… .Нурпери… Сен ачуу болсо да, чындыкты айтыптырсың? Мага күйүптүрсүң, мени колдоптурсуң! А мен түшүнбөптүрмүн!

9-Картина

(Кечки жолугушуу. Ай чыгып турат. Теректин жанында Өткүр менен Нурпери.)

Нурпери: -Өткүр, сүйлө угуп жатам.

Өткүр: -(Унчуккан жок.)

Нурпери: -Айт… угуп атам, эмне айтайын дедиң эле?

Өткүр: -А сен кандай деп ойлойсуң?…

Нурпери:- Менде таарынычы бар деп ойлоп атам. (тыным) Өткөндөгү сөздөрүмдү башка учурда деле айтсам болмок экен. Туулган күнүңдө эмес, досторуңдун көзүнчө эмес. Ал үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип атам. Мен туура эмес кылыптырмын.

Өткүр: -Эч нерсе эмес. Сен чындыкты айттың. Өзүңдү күнөөлөбө, сенде таарынычым жок.

Нурпери: -Сени мени менен урушканы келди го деп ойлогом.

Өткүр: -Жок, андай эмес Нурпери. Тескерисинче мен чындап эле туура эмес жолго түшүп баратыптырмын. (тынымдан кийин) Бүгүн чоң атам айтып жүргөн “Төшү түктүүгө” жолуктум.

Нурпери: -Кандай? Кимге?

Өткүр:– Чоң атам көп айтат –“Балам өзүңдү, өзгөнү да сыйлап жүр. Алың жеткендин баарына эле чоң болуп баштаптырсың, “төшү түктүүгө”, өзүңдөн күчтүүгө жолугуп калып жүрбө”- дечү эле. Бүгүн дал ошондой болду… (тыным) Ал менден күчтүү экенин кечирээк билдим. Ката кетиргенимди түшүндүм. Анткен менен ал мага кол көтөргөн жок. “Атаңа наалат” деп туруп басып кетти. Мен эч нерсе кыла алган жокмун. Ошол сөз балка менен башка чапкандай болду. (тыным) Мына ушул бүгүнкү болгон окуя, бая күнкү сенин айткандарың мени эсиме келтирди! Көп жерден туура эмес кылыптырмын. Бетке айтылган чындык сөз ачуу болот экен. Анткен менен өзүм тууралуу чындыкты эрте билгеним жакшы болду.

Сенин айткандарың туура экен. Мен башка жолго түшүп баратыптырмын.

Нурпери: -Айтканымды туура кабыл алганыңа кубанычтамын. Эми эмне кылсам дейсиң?

Өткүр: (Жылмайып ) –Биринчиден, мен сен үчүн урушкан “дракондон” кечирим сурайын.

Нурпери: -Ошондо кайсы, мени бийге чакырган дракондонбу?

Өткүр: -Ооба, дал ошол дракондон. Күнөөсүз дракондон.

Нурпери: -Абдан жакшы, анан…?

Өткүр: -Экинчиден сендей болуп убактымды окууга, билимге жумшашым керек. Анан өзүмдүн келечектеги максатымды, ким болушумду азыртан такташым керек.

Нурпери: (Тамашалап) –Демек башкача рыцарь болом дечи?.

Өткүр: –Ооба, так ошондой.

Нурпери: -Мен сени билем да.Сен ички дүйнөңдө мурдагыдай эле болчусуң.

Өткүр: -Сен жакшы көрүп жүргөндөгүдөйбү?

Нурпери: -Ооба, мен жакшы көрүп жүргөндөгүдөй. Анан да сенде лидерлик мүнөз бар.

Өткүр: –Аныңа рахмат! Эми мен уруштун лидери эмес билимдин лидери болом! Нурпери кечирип кой мени.

Нурпери: -Кечирем, мен сага түшүнөм. Бул биздин өткөөл курагыбыз, “Переходный возраст!” Чырпыкпыз, буюрса келечекте чынар болобуз!

(Экөө бири бирин жылуу көз караш менен тиктеп калышат.)

Көшөгө

21.01.2022.