Наталья Харлампьева: Уу бар, бал бар – бийкечтин махабатында

Наталья Харлампьева

(Саха-Якутия)

Наталья Харлампьева – якут акыны жана прозаик. 1952-жылы Саха

Республикасынын Маган кыштагында төрөлгөн.

Якутск мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Корректор, кабарчы, журнал, гезиттерде башкы редактор болуп эмгектенген.

Азыркы учурда – Саха (Я) Республикасынын жетекчисинин маданий

иштер боюнча жардамчысы. Саха-Якутиянын эркин жазуучулар бирдигинин төрайымы.

Жыйырмадай поэтикалык жана кара сөз жыйнактарынын автору.

Россиянын жазуучулар бирдигинин мүчөсү.

Саха (Я) Республикасынын эл акыны. РФсынын Маданиятына эмгек

сиңирген ишмер. А.Дельвиг атындагы Бүткүл россиялык адабий сыйлыктын ээси. Якутски шаарында жашайт.

World Poetry Movement (WPM) – Дүйнөлүк акындар кыймылынын Саха (Я) Республикасы боюнча улуттук координатору.

 

Кызыл байчечекей

Бир досум бар, назик жана делбирек,

Айтты мага суктануусун желбиреп,

Көргөндүгүн кып-кызыл бир байчечек,

Алыс жерде жүрүп, мындан ээнирек.

 

Көргөн эмес мындайды эч, эч бир жан,

Өмүрүндө көрө да албайт эч качан,

Кыялданып ошол гүлгө ажайып,

Кетти досум, карбаластап, эң шашкан.

 

Кетти аймакка, аяздуу да, шамалдуу,

Кандай тагдыр ага эми карамдуу?

Ошол гүлдү балким көрбөйт экинчи,

Балким кийин, башка бакыт таба алды?

 

Билер бекен, кусалыкка, сагынчка,

Толгон досум, кайраттуу да, назик да

Ошол укмуш ажайып байчечекей,

Гүл ачканын тереземдин алдында?. .

 

Сооротуу

Сапырганда бурганак жал-куйругун,

Жамгыр сабап жатканда же, жер үстүн,

Күтө бергин сабырдуулук менен кең,

Нургүн баатырыңды келчү, күнбү-түн.

 

Күтө бергин, сууруп чыгууга кайра,

Оттон, суудан, аман-эсен тирилтип,

Билет аны жалгыз бир аял гана,

Бүт кырсыктан алып чыгууну кантип.

 

Көрөт ал да көздөрүңдө жашыңды,

Түпкүрүнөн туңгуюктун үңүлүп,

Унутууга жетпейт алы, акыры,

Унуталбайт каректериңди сүртүп.

 

Үмүт менен тарбияла уулуңду,

Босогого чыгып жол кара күнүн,

Аялдардай бир кездеги, мурунку,

Күтө бергин Нургүн баатырды өзүң.

 

Күтө бергин, жанды кыйнап кыйналып,

Тагдырыңа таарынч кылбай көнгүнүң.

Бул да болсо маңдайдагы бир жазык,

Эзелтеден, аялга келген, түшүн…

 

* * *

Уу бар, бал бар – бийкечтин махабатында,

Уу бар, бал бар – онтоткон төрөт маалында,

Уу бар, бал бар – балаңды чоңойтконуңда,

Уу бар, бал бар – аялдын табиятында,

Аялды өзү, ушинтип жаратыптыр да.

 

Аялдын монологу

Мен – отмун.

Жылдыз болуп жаркырайм түнүндө!

Шамалдагы – өртмүн,

А, очокто жалындаймын тынч күйө.

 

Мен – отмун.

Жылуулугум адамдарга арналган.

Тартып турган чокмун,

Бириктирем бириндеген башты аган.

 

Мен – отмун.

Азгырууга мени шашылба.

Түшүнүүңө кыйын, жоксуң сен ага,

Түбөлүктүү, түптүү рухума.

 

Эч ким мени

Төмөндөтө, алсызданта да албайт…

Билип кой бир, мен жеңилчү нерсени –

Сенин мээрман жылмаюуң ал, мени арбайт.

 

* * *

Кыз күтөт жайкы майрамды,

Кийсем деп көйнөгүн жаңы.

Кирпиктери кайкалайт,

Толкутуп жаш боз уланды.

 

Аял да күтөт жай күнүн,

Тагынып жаңы сөйкөсүн,

Айтышат элдер суктанып:

“Бактылуу жанды көргүнүң!”

 

Чоң эне күтөт майрамды,

Жоолугун жаңы салганды,

Көргөндөр айтат: “Жанданды,

Адатта, ырдайт бу дагы!”

 

Ысыах – жандын майрамы,

Жашоо жок ансыз – жыргалдуу!..

 

* * *

Айбыктыргын! Токтотуп кал,

баш ийдирип макул кыл,

кыйкыр капыс,

же, шыбыра,

камчыдай түз тийген сөздү айтып сал!..

Эркиндикти баалап, жалгыз ээ туткан

көктүгүмдөн жеңилейин мен ыкчам,

көңүлүмдү ээликкен – бир эргиткен,

жүрөгүмө чок салган,

болсун ошол сөзүң – мени сактаган,

болсун ошол сөзүң – мени жылыткан,

болсун ошол сөзүң – каты кубанткан…

 

Сүйүп калсын десең – сүрдөт,

дал ошондо өзгөрөм,

тоңгон жүздүн музу эрип,

суз бийкечтен – башкага өтөм,

түбөлүк сендик болуп башымды ием,

чын махабат эмне экенин билдирсең.

 

Айбыктыргын!.. Токтотуп кал, тезинен!..

 

* * *

Биз бирөөнү коргоп, барктап, сыйласак,

Бул жөрөлгө жер үстүнө жайылмак.

 

Улуу жанды алсак сыйлап, кадырлап –

Кылымдардан берки салттар сакталат.

 

Улуу инсандар ар күнү эле төрөлбөйт,

Баалай билүү, баркын билүү өкүнтпөйт.

 

Мээрим төкпөй чечилбестир эч нерсе,

Жашоодогу жакшы үрөн бул – билгенге!..

 

Япониядагы жол дептерден

– 1 –

Күн төгөрөк – тунук көк бетиндеги,

Күн төгөрөк – аппак желек четиндеги.

 

Алоолонуп түбөлүк жанып келет,

Ак түсү кыялдарга жан киргизет.

 

Түрү катаал карыяга башын ийип,

Жаш улан урмат менен тизе бүгөт.

 

Бакыят барпайган чоң карагайлар,

Жаркырап нурун чачат чоң жылдыздар.

 

Бир келген конок болсом дагы мында,

Көргөнсүйм, түш сыяктуу келгеним да?

– 2 –

Токионун кечки оттору

Түркүн-түстө жаркырайт нурдуу,

Кереметтүү, сулуу, жылдыздуу,

Түшүндүм мен, дагы бир жолу…

Мекенимдин оту жупуну,

Такыр башка, жанашпай туру,

Андыктан мен, сездим өзүмдү

Жетимчедей, адашкан куду…

Жан-дүйнөмдү тартты шамалы –

Көчмөндөрдүн алыс жактагы –

Деңиздерден да ары-ары –

Жолдорунан достуктун дагы –

Токиодон сыйчыл – өйдөдө,

Токио туманы төмөндө –

Сапарда мекенге, үйүмө…

 

* * *

Күн деңизден баш көтөрдү,

Коштоп Чыгыш шамалы,

Кыз жүзүндөй нурдуу, сүрдүү,

Токтоо, уяң, албырды…

 

Кечте болсо, күн батаарда,

Толкундар оор карара…

Жүзү жездей бир кары чал,

Турган сымал каардана…

 

Күн чыкканы, батканы да,

Өзгөчө бир кызык маал да…

 

Небереме

– 1 –

Абасы айнек сымал

Ыйык Иерусалим өзүндө,

Ый дубалдары түбүндө

Тилек кылдым сен үчүн көпкө!

 

Менин жерим Магаданда,

Көгүш туман арасында,

Ак кайыңдар токоюнда –

Ат тандадым сага да.

 

Нөшөрлөгөн Москвада,

Коюу түндүн кучагында,

Кулак салдым ыйыңа,

Баркырап угулганда…

 

Неберем – келечегим,

Өкүмү зор бегим менин!..

 

– 2 –

Өкүмдарым, кайдан пайда болдуң сен?

Көктүн кайсы тарабынан келдиң кең?

Качан, кантип, бир ажайып көрүндүң,

Көздөрүмө бак-дөөлөтүм, берип дем?

 

Кай жылдыздар дирилдеген жаркырап,

Сенин узак жолдоруңа жагылат?

Нени издейсиң жер үстүнөн, не тандап,

Не максатта кадамдарың ташталат?

 

Азырынча бешик болду колдорум,

Ишеничтүү, жайлуу жана жып-жылуу,

Билип турам ишиң менен колдооруң,

Келечекте кезээр жолуң оң болсун.

 

Ак тилегим айта берем Кудайга,

Жан-дилимден, жаным сабап ак дилден,

Ушул сүйкүм алтын данек жанымда

Алтын канаттарым… болгун жетилген…

 

– 3 –

Сен бакытым – кармап көрөөр колума,

О, неберем, асыл алтын данегим,

Билген жокмун алдын-ала,

Капыс мага келээриң.

 

Билген жокмун өмүрүмдү

Жаркытаарын жылмаюууң,

Чачтарыңды жыттап өбүү,

Бактым болуп уюуруун.

 

Канаттарым жайып күндө

Үйрүлөмүн үстүңө,

Сен үчүн кам көрөм кечке,

Этек-жеңим түйүлө.

 

Өкүмү зор бегим менин,

Балапаным кичине.

 

* * *

Жамгыр ээлеп бу жарыкты,

Пекинде да,

Питерде да,

Якуттарда да куйду,

Нымдуу колу сылап кечке,

Жапты жумшак жоолукту,

Көчмөндөрдүн көгү төбөдөн,

Нөшөр болуп жерге төшөлгөн,

Эркелетип көшөргөн.

Айлананы аймап күз,

Шамал урду,

Туман жылды,

Суугуна ичиркентти.

Учту алтын жалбырактар,

Жай күнүндө жүргөн бактым үстүнөн,

Жайкы кубанычым жайпап,

Сапарлашым болду – жамгыр,

Жан курбалым – күз азыр.

 

Бата

Жайкы аптаптын саратанында,

кышкы аяздын кар-бороонунда,

кайсы кылым,

кай өлкө жакта,

болбо, жылуу-жумшак үйдөбү,

оттуу – түтүн бүрккөн түндөбү,

эл ичинде, же бир чөлдөбү,

түйшүгүмдө күндөгү,

түн уйкумдан түйшөлтчү

түштөрүмдө күрдөөлдүү,

коюу караңгылыкта,

тилегеним бир гана –

жалгыз сага –

тийбесе экен бирөөлөрдүн

оттуу, суук көздөрү,

тыңшабасын чала укчулар

ооздон чыккан сөзүңдү,

нааразылар кыйкырбасын

зулумданып тил кайрап,

карга калпты каркылдабай,

жүрсүн четте жөн сайрап,

түшпөсүн эч атыңа да, затыңа да көлөкө,

таарынычтар уялабай көөдөнгө…

Тилек кыла берем тынбай,

кылымдарды, ааламдарды,

адамдарды аралай,

жалгыз үйдө,

бата тилеп жолуңа,

атыңа да затыңа!..

Которгон: Алтынай Темирова, акын, драматург, котормочу