Арууке Нурбекова: Салижан Жигитовдун “Жаңырык” ыр жыйнагына адабий сереп

Салижан Жигитовдун ырлары азыркы жаштардын көзү менен

Салижан Жигитовдун “Жаңырык” ыр жыйнагына адабий сереп

Алым Токтомушев кезинде мындай деген экен: “Сакенин ушул сакадай бою сары алтын жыйнагына бетачар жазам деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Башка бирөөлөр жазат деп элестетпегем да. Негедир а киши башкаларга гана жазса жарашчудай сезип алыпмын”. Анын сыңарындай, адабият дүйнөсү менен жаңы гана таанышып келе жаткан 4-курстун студенти үчүн бүтүндөй түрк адабият аренасына өзүнүн кылган ишинин майын чыгарган профессионал адабиятчы, сөзмөр, чындыкты так кесе сүйлөгөн реалист, юморист, акын жана жазуучу, драматург, чебер котормочу, кошоматы жок сүйлөгөн мыкты сынчы жана элим үчүн деп жан үрөгөн чыныгы патриот катары таанылган Салижан Жигитовдон аманат катары калган жумурай журтка белгилүү “Жаңырык” аттуу ырлар жыйнагына рецензия жазуу такыр ойго келген эмес. Анткени менин оюмда Салижан Жигитов “идеалдуулук”, “профессионалдуулук” деген сөздөр менен ассоциацияланат. Ошого карабастан, мен бүгүн анын жан дүйнөсүнө ырлары аркылуу киришүүгө кадам таштадым. «Жаңырык» деп акындын эмнени жаңыртып айткысы келгенинин тамырын издедим. Баса белгилеп кетчү жагдай, Салижан Жигитов жана анын адабий бейнеси тууралуу буга чейинки жазылган булактар пайдаланылган жок. Улуу адам жөнүндө жазган ар бир жазуучу кандайдыр бир деңгээлде өзү үчүн Салижан агайдын дүйнөсүн ачып алган сыяктуу, мен дагы өз алдынчалуулукка басым жасап, өз призмамдан баш багууну туура көрдүм.

«Жаңырык» аттуу ырлар жыйнагында Салижан Жигитовдун калемине таандык жалпы 53 ыр орун алган. Андагы жалпы тематикалар боюнча:

  1. «Сүйүү Салижан Жигитовдун көзү менен»;
  2. «Акындын ымандай сыры»;
  3. «Сатирик-Салижан» деген топторго бөлсө болот.

Эмнегедир Салижан Жигитов дегенде эле ойго тиш өткүс татаал темалар келе берчү. Ал эми акындын эң көп кайрылган темасы «сүйүү» экенин байкаганда, өзүмө өзүм ишене албай турдум. Бул темадагы ырларынын жалпы саны 10: «Кыз мээрими», «Сүйкүмдүү күн», «Чакырык», «Сагыныч», «Сен», «Жайкы түндө», «Жооп берчи», «Сага», «Мен барам», «Муңдуу баян» (поэма).

Акындын «сүйүүсү» «асмандагы айды алып берем, жылдыздар да сеники» эмес, мында реалдуулук менен айкашкан романтика сүрөткө тартылат. Балким Салижан агайдын өзгөчөлүгү анын реалдуулугунда. Анткени чындап эле анын «чындыгын» бардык чыгармаларынан тапсаң болот. Ал эми сөз акындын сүйүүсү тууралуу болуп жатса, демек, бул орусча айтканда «приятное с полезным». Чындап эле ырларына үңүлүп жатып, анын ырларын өз башынан өткөргөн тагдырлаш чыгармалары деп атоого негиз бардай. Жеке менин баамымда, ар бир таланттуу инсандын өзүнө гана тиешелүү илхам булагы боло турган сыяктуу Салижан Жигитовдун да өзүнүн музасы бар эле. Агайдын музасы жогоруда саналган чыгармаларында бүтүндөй сүрөттөлсө, кээде эки сап менен «тийишип» өткөн жерлери бар. Бирок бул дастан кылчу сүйүүнүн акыбети көрүнбөйт. Ага «Башка түшсө түйшүктүү тиричилик/ сүйүү эмес үмүттү унуттурат», – деген ыр саптары мисал боло алат. Кайра акын өзүн өзү жооткотуп, «Ал эми мен – оокатка чара барбы / эстей бербей эскини шуу үшкүрүп/ кажаң-кажаң карч уруп кара жанды/ токоч таап жеп жүрөм, шүгүрчүлүк!» («Мундуу баяндан» үзүндү) деп тагдырдын «тамашасына» түшкөн эки жаш эки башка жолду тандоого аргасыз болгонун сездирип турат. Бул жерде ачкыч сөз – аргасыздык. Балким эки «көгүчкөн» сүйүү үчүн күрөшүүгө алсыздык кылгандардан болуп жүрбөсүн? Ар жолу окуган сайын ар кандай жооптор… Бирок акындын бир эле музасы болгонуна өзүмчө кудуңдай берем. Көпчүлүк көйрөң «короздордой» бир күнү «кызыл көйнөктү сүйдүм», эртеси «сарысына» ашык болдум эмес, бул берилгендик. Ошол эле берилгендиги үчүн акын кайра өзү эле жапа чегип келет. Ар жолу окуган сайын ар кандай жооптор…

«Акындын ымандай сыры» аттуу топто 6 ыры орун алган: «Ооруканада жазылган ыр», «Өткөн бир күнү эске түшүп», «Кошоктор», «Акбоз атка айтам салабат» (поэма), «Элегия», «Бөбөк». Бул топто, негизинен, акындын өмүр таржымалынан алынган үзүндүлөр кирет. Ооба, акындын ар бир чыгармасы өз «чындыгындай» жазылган. Ошол себептүү «Акындын ыймандай сырынын» саны ар бир окурманга карата өзгөрүлүшү мүмкүн. Бирок чыгармаларынын өзгөчөлүгү – акындын муң аркылуу «чындык күрөшү» менен алпурушу. Салижан Жигитов өзгөгө эмес, биринчи кезекте өзүнө баа берет. Кээде «Сая түшпөй артынан бир өнөрдүн/ Сай ташындай быркырап үбөлөндүм», – десе, кээ бир ырында:

«Табиятка акым жок таарынгыдай:

Талант, зээн, мээримдин баарын кудай

Ушу мага бүкүлү берген экен

Упуратпай майдалап таарындыдай», – деп кайра өзүнө өзү канат байлап жаткан сыяктанат…

Ал эми «Сатирик Салижан» аттуу бөлүм агайдын куйкум сөздүүлүгүн чагылдырган чыгармалар топтомун өз ичине камтыйт. Мында:

  1. «Дарбыздан дарбыган сөз» бөлүмүндө: «Дарбыз жеп жыргап келем» (Темиркул Үмөталиевге), «Эгер мен дарбыз болсом» (Насирдин Байтемировго), «Дарбыздарга саякат» (Сүйүнбай Эралиевге), «Акын жана дарбыз» (Түмөнбай Байзаковго), «Согуш жана дарбыз» (Сооронбай Жусуевге), “Кыргызымдын дарбызы” (Байдылда Сарногоевге), «Дарбыз жок биздин дарбыздай» (Байдылда Сарногоевге), «Дардаңпоз дарбыз» (Мухтар Борбугуловго), «Дарбыздык манифест» (Рамис Рыскуловго).
  2. «Ысык-Көл», «Көсөө калемгер Түгөлбайга кашка калемгер Салижандан» (юбилейлик азил), «Медербектин Эсенбегине» аттуу төрт саптуу ырларынан турган биринчи «дарбыз» тобунан айырмаланган өзүнчө бөлүмдү да байкоого болот.

Жалпысынан «Сатирик Салижан» аттуу бөлүм 13 ырдан турат. Бул бөлүмдө тамашалуу чындыктын ыр менен төгүлүшү байкалат. Акындын баса белгиленчү касиетинин бири атайылап өзү арнаган ар бир өкүлдү «дарбыз» кылып кубултуп, ар бирине тиешелүү ыр формалары менен өз «тилинде» сүйлөтүп жатканындай сезим калтырып, бирде «дарбыздын» тамшандырып, моокумду кандырган ширинине таңыркасаң, бирде чытырап турган «дарбыздын» ичи көңдөйлүгүнөн кабар берилип, «мындай «дарбыздын» барынан жогу жакшы»» делген ыр саптарын жолуктурасың. Чынында эле адам баласы «дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» деп эле «чындыкты» кашкайтып бетине чаптап салгандан көрө, балким ушундай методдор аркылуу «чымчыгылап» «тарбиялап» койсо болбойбу деген суроо туулат.

Мындан тышкары, «Жаңырык» аттуу ырлар топтомунда атайылап бөлүнгөн бөлүмдөр боюнча учкай кеп кыла турган болсом, анда:

  1. ««Портреттер» циклынан»: «Булбул, Дзержинский жана тоту куш»; «Бир досум бар»; «Бир акын бар».
  2. «Табият таасирлери»: «Жаз», «Күз маалы» (Көлдүк кыштагында), Кеч күздө. «Токойчунун тамында өткөргөн түн», «Кышкы кайың» аттуу ырлардан турган атайын алдын ала түзүлгөн бөлүмдөрдүн да бар экендигинен кабар берип кетүү туура болчудай. Бул бөлүмдөрдө акындын белгилүү бир ырында негизги объекттин портрети таамай берилет. Сүрөтчүлөр натюрмортто максаттуу нерсени чагылдыргандай эле Салижан Жигитовдо дагы болгону сөздүн кудурети курал катары пайдаланылып, объект ырааттуу, систематикалуу түрдө баяндалат. Чыгармаларында киришүү, өнүгүү, негизги проблема таасын ачылып берилет.

Ал эми «Табият таасирлеринде» болсо, акын көп сөздүүлүктөн качат, курулай жамактоо дээрлик кездешпейт, ар бир сөз өз ордунда, ар бир саптын өзүнүн милдети бар сыяктанат. Уйкаштык дайыма эле сактала бербейт. Бирок проблема негиздүү өнүгөт. Бир ойдун башталышы биринчи сапта уланып, экинчи саптын ортосунда жыйынтыкталып, кайра эле ошол сапта кийинки маселенин тамырлары жайыла баштайт. Акындын логикалык деңгээлде «сөздөр» менен оюн ойношу таң калтырат. Салижан Жигитов «акын» деген бул жөн эле романтик эмес, математик да болушу керек экендигин туюндурат жана анын ырларын окуу аркылуу ар окурмандын өзүнүн табитинин табылуусуна өбөлгө түзүлөт.

Салижан Жигитов – сөздүн чыныгы устасы. Ары кыргыз тилинин казынасы бай экендигине шыктанып отуруп, ары акындын учу-кыйыры көрүнбөгөн образдуу ой-жүгүртүүсүнө таңыркайсың. Арийне, көркөм салыштыруу же образдуулук десе эле ойго коёндой окшош сөздөрдүн биринин үстүнө биринин минишин элестетебиз. Бирок, жогоруда белгилегендей эле, акында баары «аз жана саз». Ал эми өзгөчөлүгү реалдуулукка жакын образдын күтүлбөгөн жерден акын тарабынан фантазияга айландырышы байкалат.

Салижан Жигитовдун «Жаңырык» аттуу ырлар топтомун окуган адам бир аз да болсо акындын адабий бейнесин тааный алат деп айта алам. Анткени ырларынын ар бир сабында акындын жан дүйнөсүнүн бир бөлүгү калып калгандай. Чындыгында, мен үчүн акындын бул китебин окуу жана анын ырларына анализ жасоо кыйынга турду. Сөз акындын профессионалдуулугун дагы бир жолу белгилөө максатында эмес, анын ырлары аркылуу «баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» экендигин туясың. Салижан Жигитов – адам. Ал баарыбыз сыяктуу эле Жараткандын бир пендеси. Бирок ал өзүнүн өзгөчө аналитикалык ой жүгүртүүсү, элге окшобогон сырдуу дүйнөсү менен айырмаланат. Акындын дүйнөсү катардагы адамдыкына окшобойт. Жеке менин пикирим боюнча, ар бир ыры өзгөчө муңдун обонун салат. Ырдын темасы кашкайып жазылып турган менен теманын аркасына бекинип, башка эле элес тургандай. Татаал ойлор. Жөнөкөй сөздөр. Терең философия. Акын өкүттө… Буга жалгыз акындын бутун тушаган кесел эле эмес, «ачыла элек сандыкта» «жазуусу жок китептер» да себепчи болушу ыктымал. Болушу ыктымал.

«Жаңырыкты» окуган ар бир адам өзү жана жашоосу үчүн бир нерсени «жаңыртса» керек.

Ал эми Салижан Жигитов:

«Дүйнө калкы кажылдайт канча тилде?

Айтышат: үч миң тил бар.

Бирок көбү – биттей тилдер.

Киттей тилдер – кош колдун манжасындай.

Азап тартат адамзат тил көбүнөн.

Андан бетер мен кыйналам.

Өмүрүмдүн өзөгүн өрттөп чыккан

Өкүнчүм бар, муң-зарым бар,

Ыйманыман сыгылып сызып чыккан

Сырларым бар, ойлорум бар,

Жан дилимин жалынын жарып чыккан

Жарыбаган кубанчым бар,

Анын баары айдыңдуу ыр тилинде

Жаңырыктуу шаң менен шаңгыратып

Адамзатка жар салып айткым келет!

 

А бирок айта келсем,

Эне тилим жолум торойт

Каргашасын катар коюп.

 

Ымылдыктай чыккан үнүм

Тар тамында тилинин өз элимин

Жаңырыктай чабылып дубалдарга.

Мен ошол өз тилимин

Туткунумун,

Туткунумун!» («Туткун ыры»).

Арууке Нурбекова

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин

түркология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти