Кичинекей жалбырак
(Азербайжан)
Кичинекей жашыл жалбырак жазгы бүчүрүн жарып чыкты. Ал шакта туруп, ааламга көз жүгүрттү. Эми гана уйкудан көз ачкан кыпкызыл күн кичинекей жалбыракка жагымдуу тиктеди жана анын үстүнө алтын түстүү нур таратты. –Сен кимсиң? – деп кызыксынып сурады кичинекей жалбырак.
–Мен Күнмүн, – өзүн тааныштырды ал.
–Менде жашоо, бүтүн ааламдын жылуулугу камтылган. Мени бардыгы күтөт. Баары мени өзүнүн жакшы, жакын досу деп билет. Кичинекей жалбырак жаркын жана нурдуу күнгө назар таштап, кубануу менен мындай деди:
–Сонун! Демек, мен эч качан үшүбөйт экенмин да?
Күн барган сайын бийиктикке көтөрүлөт, көкөлөгөн сайын жерди көбүрөөк жылытат.
–Кудум ушундай, мен дайыма сенин жаныңда боломун. Күн эң туура айткан болчу. Ал ар күн сайын таңда кичинекей жашыл жалбырак менен саламдашат. Күндөрдүн биринде кичинекей жашыл жалбырак шакта турган болчу. Кокустан жүзүнө кандайдыр бир суук нерсе түштү. Ал ачууланды.
–Сен кимсиң өзү? – деп сурады андан жалбырак.
–Мен жамгырмын. Менде көп суу топтолгон. Булуттар сүзүп жүргөн асманда жашаймын.
–Сен жалган айтасың. Асманда Күн жашайт.
–Жок, мен алдаганым жок. Мен да асманда жашаймын. Мени сенин жаныңа Күн жөнөттү. Себеби мен сени сугарып, киринтишимди айткан болчу. Кичинекей жалбыракка жамгырда жуунуу, тазалануу, жеңилденүү жагып калды. Ал тамчылар түшкөндө дене-бою жыргап калган болчу.
–Ох, кандай жакшы! Мен мындан ары эч качан кир-пир болбоймун.
–Ооба. Кичинекей жалбырак, мен сени эч качан унутпаймын. Жамгыр өз сөзүн унуткан жок. Чаң болгондо шатыраган тамчылары менен жалбыракты бат-бат жууп, сугарып турду. Ал жуунган сайын өңү ачылып, өсүп баратты. Бир жолу жалбырактын үстүндө көп буттуу, тиши курч зыянкеч курт пайда болду. Жалбырак коркконунан: “бүттүм эми” деп жан далбастап калды. Бирок ошол учурда бир нерсе шакка отура калып, көк буттуу, тиши курч куртту жалбырактан уруп түшүрдү.
–Сен кимсиң? – деп сурады жалбырак.
–Мен кушмун, – деди ал. Бир күнү жалбырак саман шляпа менен желпинип өтүп кетип жаткан кишини көрүп калды.
–Кызык, бул ким болду экен? – деп шыбырады жалбырак. Жолоочу анын үнүн угуп, өзүн тааныштырды.
–Мен адаммын.
–Эмне үчүн сен шляпа менен желпинесиң?
–Себеби, ысып кеттим.
–Ысык! Андай болсо келип менин көлөкөмдө салкындап, эс ал. Адам кичинекей жалбырак таарынып калбасын деп, анын көлөкөсүнө келип салкындады. Сыймыктанып кеткен жалбырак тулку-боюн күнгө тосуп, “Ал адамды эмес, мени капа кылсын”, – деди өзүнчө. Адам кичинекей жалбыракка аябай ыраазы болду. Кетип жатканда кичинекей жалбырактын кылган ишине купулу толуп, мындай деди:
–Мындай көлөкөдө эс алуу кандай сонун!
–Эй адам, дагы кел. Албетте келгин… – деп суранды жалбырак. Канчадан бери кичинекей жалбырактын кылган ишин байкап турган дарак да аны мактады:
–Баракелде, чүрпөм! Эгерде сен жакшылыкты түшүнбөгөнүңдө, аны кадырлай билбегениңде, перзентим дебейт болчумун. Бирок күбөсү болуп турам, сенин аябагандай ак пейил жана берешен дилиң бар экен. Кичинекей жалбырак энесинин мактоосунан кызара түштү. Ал ошентип күн сайын кызарып баратты. Кээде жалбырак суудагы элесин көрүп ойлончу: “Мына мен кандай сулуу болдум. Менин жүзүмдө аптаптын нурлары кулпурат”. Бул өң кичинекей жалбыракка аябай жакчу. Акырындап ал батып бара жаткан күндөй сапсары түскө кирди. Бир күнү ал шактан үзүлүп жерге түштү. Алгач бул жалбыракка жаккандай болду. Кийинчерээк санаага бата баштады. Кокустан анын жанына куш келип конду. Жалбырак аны тааныды.
–Саламатсыңбы?
–Саламатчылык!
–Эмнеге келдиң?
–Сени өз уяма алып кетүү үчүн келдим.
–Ырас элеби?
–Албетте. Күн: “жалбыракты мага жакын жерге алып кел, сууктан үшүп калбасын”, – деди.
–Мен сеникинде эмне иш кылышым керек?
–Эч нерсе. Бир четте отурасың.
–Жок.
–Жатып уктайсың.
–Жок.
–Жакшы, анда менин үйүм болосуң.
–Кандайча?
–Мени шамалдан калкалап тосуп турасың. Ыраазысыңбы?
–Андай болсо ыраазымын. Максатсыз жашагым келбейт. Куш тумшугу менен сары жалбыракты жерден көтөрдү. Алар бийиктикке көтөрүлгөн соң, Күн көңүлдүү жылмайып койду.
Которгон: Гулнора Холматова