Карачал Курманбаев: Максат, ойдун жок өңдөнөт ченеми, Тар сезилет бул дүйнөнүн кенени

*****

Небак өлгөн жарды, ыйык, кандарың,

Кайсыл жакка бекитишкен жандарын

Эгер чындап карап көрсөң жакшылап,

Эч ким билбейт кайсыл жакта калганын.

 

*****

Акыл жыйып аздан болсо басканың,

Сен көрөсүң Теңиримдин жазганын.

Сага укмуш кубулуштай көрүнөт,

Сан жылдызга толгон көкмөк асманың.

 

*****

Максат, ойдун жок өңдөнөт ченеми,

Тар сезилет бул дүйнөнүн кенени.

Өмүр учкул өтүп кетет тез эле,

Кандырбайсың каалаганча денени.

 

*****

Жүрөк иштейт тынымы жок кан айдап,

Жүрүштөрүн сен тилейсиң кудайлап.

Кан айдасын жүрөк иштеп тынбастан,

Калса жаман кара жаның карайлап.

 

*****

Тагдыр салган жашоолордун тизгинин,

Аны үзүп кете албайсың эч кимиң.

Учкан куштай баары кетип баратат,

Ким токтотот бул ааламдын мезгилин.

 

*****

Аалам жасап, адам жасап миндеген,

Арты кандай болор чагын билбеген.

Ач өлүмдөн айла – амал табалбай,

Адамдарды көрчү азыр дүрбөгөн.

 

*****

Коркунуч салып адам акыл, күчүнө,

Вирус чачты Теңир жердин жүзүнө.

Карап койбойт кармап жаткан динине,

Карап койбойт улут, өңү, түсүнө.

 

*****

Уу-чуу, ушак желдей жортот тынбаган,

Дүрбөлөңү элге нени кылбаган.

Элибиздин келечеги не болот,

Эгер болсо жаманчылык ырбаган.

 

*****

Жакшы иштесең өмүр, күнүң жалындайт,

Көздү жумсаң жарык күнүң табылбайт.

Мезгил шумдук кара мүртөз башынан,

Ал-күчүңө, акылыңа эч убакта багынбайт.

 

*****

Дүйнөнүн пейили берешен,

Бере салат не десең.

Жаның кантип жай алат,

Жакшылап тамак жебесең.

 

*****

Эмгексиз байлык табылган,

Суудай болот агылган.

Жандан болуп чыгасың,

Жаман ишке кабылган.

 

*****

Бай, жарды деп бөлүнгөн,

Бул жашоодо көрүнгөн.

Биринин артык жагы жок,

Бирдей, кийин өлүмдөн.

 

*****

Колуң болсо тынбаган,

Жашооң болот жыргаган.

Жаның калат багылбай,

Жалкоолук болсо ырбаган.

 

*****

Көп болсо да тапканы,

Өзүнөн аяп акчаны.

Ачка, жыртык жүргөн көп,

Аларга ушул жакканы.

 

*****

Ишти артка калтырба,

Ичип-жештен тартынба.

Минип алчу мойнуңа,

Мителер жүрөт артыңда.

 

*****

Тоолор сүйкүм жазда гүлдөр жайнаган,

Толкун куруп түркүн куштар сайраган.

Алп сыйкыр күч кай жагында билалбайм,

Акыл – эсти алыстатпай байлаган.

 

*****

Жашоолорго тоскоол ушул – сопулар,

Окууларын угуп турсаң, окуулар.

Айткандары акыл-эске кармалбайт,

Аны сезип өчөт жүрөк отуңар.

 

*****

Ала-Тоодо көңүл болот жайланган,

Асмандагы булутун көр айланган.

Жагымы артып күндөн-күнгө күч алып,

Жашоо, акылың жипсиз болот байланган.

 

*****

Адам агат чогулушка жыйылып,

Алар жатат билбейм кимге сыйынып.

Аба булгап, ооруларды таратат,

Терс жактары калмак беле тыйылып.

 

*****

Ким көрбөгөн ушул жарык дүйнөнү,

Бакыт болгон бардыгынын сүйгөнү.

Элестери такыр калбай жок болуп,

Эч көрүнбөйт ал адамдар күйгөнү.

 

*****

Күн жүрүшү кылым санап токтобойт,

Бүгүнкүсү эртеңкиге окшобойт.

Азыр билим, техника өскөн кез,

Ачылыштар кантип жүрөк козгобойт.

 

*****

Тениримдин устаттыгы ашынган,

Көп нерсени өткөр деген башыңдан.

Ыйлап-зардап издесең да таппайсың,

Ыйыктыктар табылбастай жашынган.