Пётр Чаадаев: Кулчулук намысын ойготпогон калк – Кудай урган калк

Пётр Чаадаев 1794-жылы 27-майда (7-июнь) Москвада дворяндык үй-бүлөдө туулуп, 1856-жылдын 14-(26) апрелинде Москвада каза болгон. Орус турмушунун чындыгын катуу сындаган чыгармалары үчүн бийлик тарабынан жинди аталып, Россия империясында чыгармаларын басып чыгарууга тыюу салынган орус философу (өзү айтмакчы “христиан философу”) жана публицисти. 1807–1811-жылдары Москва университетинде окуган. Декабристтерди колдогону үчүн сүргүнгө айдалган. 1812-жылы Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн св. Анна жана пруссиялык Кульмск крести менен сыйланган. 1829–1831-жылдары өзүнүн атактуу “Философиялык катар” сериясын чыгарган.

Жиндинин актануусунан

Ата Мекенди сүйүү – ажайып керемет парз. Чындыкты сүйүү – андан да керемет. Ата Мекенди сүйүү – баатырларды төрөйт. Чындыкты сүйүү – акылмандарды, адамзат камкорчулугун жаратат. Ата Мекенге болгон сүйүү улуттук араздашууну, айрым учурда жер үстүндөгү кызыл кыргын, ала сүргүндү алып келиши ыктымал. Чындыкты сүйүү илим жарыгын чачат, адам пендесин Кудайга жакындатат. Кудайга жеткирер жол Ата Мекен аркылуу эмес, Чындык аркылуу өтөт. Ырас, биз, орустар, чындык кайсы, жалган кайсы деп акыл айланткандан эринген калкпыз, андыктан анча-мынча кемчилигин айтсаң, кокуйлаган орус коомчулугуна таарынбаш керек.

*****

…жеке адам инстинктине караганда масса инстинкти ээ-жаа бербеген тажаал, тар, өзүмчүл келет, андыктан калың калктан кашкайган чындык жаралат деген бекер кеп; чындык топураган топтон чыкпайт; ал сан менен өлчөнбөйт; ал бардык күч-кубаты, чырайы менен жапжалгыз акыл аркылуу адамзат аң-сезимине жетет…

*****

…биздин мезгилде начар жазуучулар, адис эмес антикварийлер, акын болалбай калгандар немистин билими, таанымал тарыхчынын калемине ээ болбой туруп, эч кимдин эсинде жок, эч кимдин жүрөгүн жылытпаган мезгил менен нравалардын сүрөтүн эрдемсип тирилткиси келет: улут тарыхы боюнча бардык эмгектерибиздин эсеси ушул.

*****

…азыр эле айттым жана кайталайм: байыркынын жомогуна көзүбүздү чоң ачып карап, өткөндүн мезгил четке каккан “ыйык” түшүнүктөрү, эски элестери, идеялары азыр бизге эмне берет – ошону ойлонушубуз керек.

*****

…Мен Ата Мекенимди таңылган көз, ийилген баш, жабылган ооз менен сүйүп көнгөн эмесмин. Мен адам өз Ата Мекенине аны айкын көрүү менен гана адал кызмат өтөйт деп ойлойм; сокур сүйүү мезгили өттү, Ата Мекенге чындык менен кызмат кылар мезгил жетти.

*****

…Азырынча бизде патриоттук сокур сезим гана бар экендигин моюнга алуу парз. Биз эски улуттардын акыл эмгеги, илим-билими, чымырканган ой жүгүртүүсү менен жетип, тажрыйбасы менен тааныган аң-сезимдүү патриотизминен алда кайда алыспыз: биз Ата Мекенди акыл-эсине күч келтирбеген жаш калктардын манерасында сүйөбүз…

*****

Россия Европага да, Азияга да карабаган өзгөчө дүйнө дешет. Ошондой эле болгой! Арийне адамзат сөз жүзүндө Батыш, анан Чыгыш деп бөлгөндөн башка дагы бир дүйнө бардыгын далилдөө керек ко?!

*****

Мен Ата Мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам.

*****

Кулчулук намысын ойготпогон калк – Кудай урган калк. Алар кул болуш үчүн гана жаралган.

*****

Граф де Местрдин айтканы бар: “Апырта ойлонуу чынчыл адамдын акыйкаты”, б.а., ишенимге эгедер адамдар ансыз жашай албайт.

*****

Сөз дагы сөздүн баркын билген чөйрөгө өтөт.

*****

Карандай калпка сугарылган акылдан чыңырган чындык да калп болуп чыгат.

*****

Дени сактык жугуштуу эмес, оору жугуштуу; ошол эле сөздү чындык менен адашууга айтсак болот. Адашуу ошон үчүн бачым тарайт, чындык ошон үчүн өтө жай жетет.

*****

Дин – кудай таануу, илим – аалам таануу деген кеп.

*****

Сүйгөнүңдү сүйүүдөн ашкан оңой нерсе жок, бирок сүйбөгөнүңдү анча- мынча болсо да сүйүп коюу парз.

*****

Бактылуу болуштун үч жолу бар: же жалаң Кудай жөнүндө, же жалаң жакындарың, же жалаң бир идея жөнүндө ойлонууң керек.

*****

Дүйнөдө үч гана нерсени: генийди, эрдикти, анан төрөлүүнү жеңүүгө мүмкүн эмес.

*****

Алы жок душман – биздин эң жакын досубуз, бирок көралбас достон ашкан душман болбойт.

*****

Кудайга шүгүр, мен ыр менен да, кара сөз менен да Ата Мекенди туура жолдон адаштырган жокмун.

*****

Кудайга шүгүр, коомдук пикирди адаштырган бир дагы сөз айталекмин.

*****

Кудайга шүгүр, Ата Мекенди өз кызыкчылыгым үчүн эмес, ар дайым анын кызыкчылыгы үчүн сүйүп келдим.

*****

Кудайга шүгүр, Ата Мекенди даңктоо үчүн асман айдан система издеп, теория ойлоп чыгарбадым.

*****

Сен досторуң сыяктуу эле Ата Мекенге да чындыктан карызсың.

*****

Социализм өзүнүн тууралыгы менен жеңбейт, анын душмандарынын туура эместиги менен жеңет.

“Дүйнө классиктеринин ой берметтери” китебинен

Которгон: Алым Токтомушев