КР Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

КР Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында туулган.

1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт.

Эмгек жолун “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. “Ала-Тоо” журналынын редакциясында эмгектенген.

Анын ырлары “Кыргызстан маданияты”, “Эркинтoo” ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан.

Биринчи ырлар жыйнагы “Жаз” 1959-жылы жарык көргөн.

Ал кыргыз тилине А.С.Пушкиндин, В.В.Маяковскийдин, Н.А.Некрасовдун, Л.Вознесенскийдин, X.Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон.

1986-жылы “Ырлар” жыйнагы А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

1987-жылы СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон.

Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.

КР Эл акыны Рамис Рыскуловдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу акындын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы