Мидин Алыбаев: Китеп жана Эркинбек

Китеп жана Эркинбек

Рас,

Биздин Эркинбек,

Магазинден алат

Нечен түрдүү китеп.

Ал,

Биологиядан,

Географиядан,

Адабияттан,

Маданияттан

Баарынан жыят.

Сандыкка салат,

Терезеге жыят,

Антпесе–

Кай жакка сыят?

Бирок,

Биздин Эркинбек,

Окуймун деп,

Ачып карабагандыгы уят.

 

Анын үйүндө:

Пушкин,

Некрасов,

Толстой!

Томдор толуп жатат–

Ой, о-ой.

Бирок, Эркинбек,

окубаган соң

кантет анан –

Кары Толстой?–

капа болбой!

Бир күнү Эркинбек,

Алып дагы,

Жаңы

Китеп.

Жаңы китеп,

Таң калды,

Эски китептерди тиктеп.

Чочуп кетти,

Жүрөгү “дик” деп.

Себеби:

Көбү турат кирдеп,

Бир тобун таштаган

Жөн эле бүктөп.

Саламдашып туруп,

Жаңы китеп сурады:

–Эркинбектики болосуңарбы

ушунун баары?

Эмне үчүн шыпырылбайт

Үстүңөрдүн чаңы?

Көп туруп калгансыңар го,

Өңүңөр сары?

Болсом да жаңы,

Силерге окшобосом экен

Мен дагы.

Анда жооп берди бир китеп:

–Ой досум,

айтпагын аны,

биз дагы,

сендей болгонбуз жаңы.

Бизди Эркинбек

Аларын алат,

Мына ушинтип,

Жыйып салат.

Кээ бирөөбүздү коёт,

Жөн эле шкафка камап.

Эң жок дегенде,

Жакшы эле го

Анда-санда жүрсө карап.

Айласыздан турабыз да,

Биз андан –

Сурамак белек тамак?

Кайра өзүбүз болобуз тамак.

Этек-жеңибизди

Чычкандар талап…

Дагы бирөө сөз алды:

–Жолдош жаңы китеп,

чындыкты айтсам,

жаман көрбөңүз,

биз дагы,

жаңы

болуп көргөнбүз.

Карачы,

Бизден мурункуларды,

Желелеп турат жөргөмүш.

Анда бир китеп:

–Бизди жыят Эркинбек,

“Китеп көп окуйт экен” –

десин деп.

Ушинтип тура беребиз,

Кайда,

Биздин барактарыбыз кесилмек.

Дагы чыкты бир китеп:

–Мактанчаак Эркинбек,

Көп окуймун дейт,

Бул жөн эле кеп!

Бизди көргөндөр,

Кантип ойлосун

Көп окулган китеп деп,

Эмесе, жолдош китептер,

Арызданганыңар эп!

Окуучулар!

Бул сөздүн

Мазмуну мындай:

(Жүрүшөлүчү,

бири-бирибизди сындай)

Ар дайым сыйлайлы,

билимдин кенин…

китепти

капа кылбай!

 

Кайсы бир жолдоштор,

Китепти жыярын жыят.

Бирок

Окубагандыгы чоң уят.

 

Бала

Гүл да гүл, бала да гүл, баары бир гүл,

Жадырап, жайнап өсүп кең өмүр сүр.

Суу берип, нур төгүлткөн заманыңды,

Оюнда, окууда да эске ала жүр.

 

Таалайың татынакай кандай жарык,

Күн сайын гүл жыттанган таң агарып.

Бактынын булагына жүзүн жууган,

Силердей дүйнөдө жок эч балалык.

 

Аппак үй, заңгыраган сулуу мектеп,

Аталар куруп берди балдарга деп!

Учкуч бол, Илимпоз бол, Жазуучу бол,

Ар дайым силердики кең келечек.

 

Эскини уккандырсың чоң атаңдан,

Силерде кайдан болот андай арман.

Үйүңдө, мектебиңде гүлдөп турат,

Багбандар тигип кеткен кызыл алмаң.