Карыя наркы – калыстык
(Б.Мурзубраимовдун “Элдин келечеги өзүнүн жана аны ээрчите билген лидерлердин колунда” макаласын окуганда …)
Кылым карыткан кыргыз элинде карыянын наркы анын калыстыгы менен бааланган. Чындыкты айтып турган кыргыздын аксакалдары калбай калгандай абалда турганыбызда, академик Бектемир Мурзубраимовдун “Эркин-Тоо” газетасынын 13-октябрдагы санына чыккан макаласы булуттан чыккан айдай эле болду окшойт. Аны окуп, тайманбай чынын айткан, эмгекти так баалаган калыс карыядан элибиз кур эмес экендигине кубандым. Маалымат сели каптаган азыркы доордун опурталдуу өнүгүү тенденциясынын таасириби же кутумчулук кыргыздын канындабы, бийлик менен элдин ортосундагы мамилеге бүлүк салган пикирлер кийинки кезде жаандан кийинки козу карындай эле жайнап кетти.. Же опурулуп-жапырылып жамандайт (сындайт эмес, жамандайт!), же жерге-сууга тийгизбей мактайт (баа берет эмес, мактайт!). Акыйкаттык болсо, акыйган бойдон ортодо кала берет. Ашыкча мактоо мактаганга да, макталганга да аброй алып келбейт экен. Ошондон улам бийликти ашыкча мактагандар “дакансалар” (башкасын кой, аталышы да сабатсыз) атка конуп, мындай акыйкатсыз пикирлер элдин кыжырын келтирүүдө. Ал эми Бектемир агабыздын макаласында жетишкендиктер да, кемчиликтер да далилдүү калыстык менен жазылыптыр. Мына калыс карыянын нарктуулугу! Макалада өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон жетишкендиктер менен ага кедерги болуп жаткан кемчиликтер да конкреттүү фактылар менен бекемделген. Академик коомубузда болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып, аларга калыс баасын берген экен. Чындыкты ким жокко чыгара алат? Калыстыктын күчү ушунда эмеспи. Көрсө, ар кандай сөздү, сынды да, баалоону да токтоо, таразалап, салкын кандуулук менен айтса болот турбайбы. Үйрөнө турган нерсе көп экен.
Калыстыктын айтылганы маанилүү, ошол эле учурда айтылган калыстыкты ара жолго таштабай аны баалай билүү андан да маанилүү. Ошондуктан окурмандар бул макала боюнча пикир айтат деген ойдобуз.
Култаева Үмүт