Мышык
-Жолборс, Илбирс кайдан чыккан, –
деп сурасаң, – тапчы? – деп.
-Ал балдары мышыктын, – деп,
Айтылат көп жакшы кеп.
Ушунчалык күчүктөрүн,
Мышык карап аябай.
Жолборс, Илбирс чоңойгондо,
Кетиптир да карабай.
Тууса мышык, үйдүн ээси,
көзөмөлдөп турбаса.
Жаман жорук баштайт экен,
Жан дүйнөсүн чыр баса.
Мышык ыйлап күчүгүн,
Өз энесин танганын.
“Жолборс, Илбирс болбосун!” – деп,
“Жеп коёт” – дейт балдарын.
Турмушта да ата-энесин,
Карабаган балдарга.
“Мышык болдум” дейт ата-эне,
Бир жолуккан жандарга.
Жолборс, Илбирс – таш боор күчүк,
Бир карасаң аялуу.
Эми алардын балдарындай,
Кызык мышык баяны.
Ак улак
Боз үй. Жайлоо. Ак улак
Ойноп турган секирип.
үй ээлери кошунага,
Кетсе, калган бекинип.
Келип баары таба албайт,
Өзүн-өзү куштаптыр.
Үйгө кирсе, ак улагы,
Жүккө чыгып уктаптыр.
Качыр
Боз тору бээбиз,
Төргө качып барыптыр.
Уялганбы жылкыдан,
Кодек тууп салыптыр.
Аны “Качыр” дейт экен,
Эшек тууса бээ эгер.
Сүтү дагы саалбайт,
Ишенбесең, көрө бер.
Кодекти эч көрбөйсүң,
Кулун турган желеден.
Алтын топ
Терезеден кечинде,
Ай көрүнө калганы.
Жазгүлү айтты балдарга,
Ача коюп каалганы:
-Ким тепкени белгисиз,
Алтын топту көргүлө.
Мен да ыргытып ойноймун,
Алып келип бергиле!
Жакын турат бактарга,
Жетесиңер чыксаңар.
Бийик учуп кетпесин,
Менин сөзүм уксаңар?.
Көтөрсөң эле айыгат
-Бутум, – деди Жазгүлү,
Баспай токтоп ордунда.
Жалынат коркуп апасы:
-Каралдым, эмне болдуң, а?..
-Билбейм, апа, эч качан,
Баса албаймын арылап.
Көп бар үйгө жетүүгө,
Көтөрсөң эле айыгат.
Токто, жетип алайын
Балдар менен жарышып,
Артта калды Жазгүл кыз.
Көзүн жаштап мындай дейт,
Ызалантып ар-намыс:
-Токтогула, эй балдар,
Азыр жетип алайын.
Андан кийин чуркайлы,
Кантип артта калайын.
Чымчыктардын тилдери
Чурулдашат, барбы деги билгени?
Сөздөрүбү же ушубу күлгөнү?
Жаз, жай, күздө, кышта өзгөрбөйт,
Качан чыгат чымчыктардын тилдери?
Бардыгы эле жаш бала өңдүү кичине,
Сүйлөшөбү өздөрүнчө түшүнө?
Төрт мезгилдин ырчысыбы талбаган,
Таң каламын табигаттын күчүнө!
Упа экен деп
Бети-башын ун кылып,
Жазгүлү келди кубанып.
Колу менен ун болгон,
Чачын улам сыланып:
-Көрдүңөрбү, эжемдей,
Аппак кылдым өңүмдү.
Чоң кыздардай өсөмүн,
Сулуу кылып өзүмдү.
Эжекеси сүйкөнгөн,
Упа экенин билбептир.
Көргүлөчү Жазгүлү,
Ундан сүйкөп кирдептир.
Ит мурун
-Жазгүлү, – деди апасы, –
Ит мурунду карачы.
-Ит көрүнбөйт, апаке,
Коюу го бадал арасы.
-Дурусураак байкасаң:
Ошол бадал – ит мурун.
Буга дейре бул жерге,
Келбегенбиз биз мурун.
Мөмөсү иттин мурдундай,
Окшоштугу жарашкан.
Андыктан ата-бабалар,
“Ит мурун” деп аташкан.