Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата
Улут сыймыгы – улуу аалым Хусеин Карасаев
Кыргыз элинин улуттук сыймыгы, улуу аалым, Кыргызстанда түркология илимин негиздегендердин сап башында турган алгачкы окумуштуу-лексиколог, агартуучу, кыргыз журналистикасы, фольклористикасынын башатында турган, алардын көз жарып, калыптануусуна зор эмгек жасаган, кыргыз котормо адабиятынын өнүгүшүнө алгачкылардан болуп салым кошкон ар тараптуу инсан, чыгаан педагог, кыргыз элиндеги өрнөктүү үй-бүлөнүн эталонун жараткан мээрман ата, сүйүктүү жар Хусеин Карасаев агайыбыздын быйыл 120 жылдык мааракеси.
Х.Карасаев агай белгилүү илимпоз, замандашы Зияш Бектеновдун 80 жылдык юбилейинде минтип айткан экен: “Адам баласы өзүнүн көзү тирүү кезинде өзүнө эстелик тургузушу керек. Ал иш менен турат”. Бүгүн 120 жылдык мааракеси өтүп жаткан мээнеткеч илимпоз агайыбыз да өзү айткандай, өзүнө көзү тирүү кезинде иши менен өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп кеткен инсан. Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ырындагыдай, Х.Карасаев бүгүн абай салып карасак, элине “бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыз” эмгек калтырып кеткен экен. Аларды улам кийинки муун “аӊтарып” үйрөнүп жатат. Мен бул макаламда аалымдын түркүн түс эмгектеринин баарын санактап (аларды ансыз да жалпы журтубуз жатка билет), алардын бардыгы тууралуу узун сабак сөз кылып отурууну максат кылбадым. Тек гана бул мааракелик жылда агайымдын өмүр белестерине байланышкан материалдарды кайрадан көздөн кечирип жатып, ошолордон улам пайда болгон айрым бир ой толгоолорум менен бөлүшөйүн дедим.
Х.Карасаевдин өмүр жолу оош-кыйыштуу болгону менен кудай таала өмүрүн узун кылып, өзүнүн дилиндеги бардык жасайм деп тилек кылган нерселерин көзү тирүүсүндө жасап кетишин насип кылган экен. Бактылуу карылык тартуулаптыр. Мунусуна миӊ мертебе шүгүрчүлүк.
Агай 90 жашты аша жашап өмүр бою бир гана адамзаттагы ыйык нерсеге, улуттук тилге, тил илимине кызмат кылган. Эне тилине талыкпаган, чыныгы илимпоздук кызматын кылуу менен инсандын Ата-Мекенине, эли -журтуна өтөөчү ак кызматынын үлгүсүн кийинки муунга көрсөтүп кеткен. Анан дагы кыргыз тилинин байлыгы, кудурет-дарамети боюнча кийинки урпактарга улуу сөзүн, баасын айтып, кенч капкагын ачууну керездеп кеткенин бүгүн жаштар, айрыкча филологиялык багыттагы илимпоздор, дегеле коомчулук жакшы билип, жадына түйүшсө сонун болор эле. Эмесе Хусеин Карасаевдин жерде калбас пикирлеринен азыноолагын эсибизге сала кетейин:
“Тилибиз – көп кылым өмүр сүргөн, ааламда теӊдеши жок “Манас” дастанын түзгөн бай тил”.
“Кыргыз тилинин грамматикалык эрежелерин үйрөнүү менен гана чектелүүгө болбойт. Тил эрежелерин билүү зарыл. Ал – тилдин кабыгы. Аларды үйрөнүү менен катар тилдин ширесин, даамын татуу керек”.
“Тил – оюбуздун сандыгы, андагы мүлктү элге тартуулашыбыз керек”.
“Тил – баскан жолубуздун күзгүсү. Тил аркылуу жаштар кыргыз элинин өмүрү менен таанышат”.
“Тил – каада-салтыбыздын ачкычы. Тил аркылуу байыркы салтыбызды түшүнөбүз. Жаштардын аӊ-сезимин арттырат ”.
“Тил – оюбуздун булагы. Мээдеги элестердин бардыгы сөз түрүндө булак сыяктуу мээден агып чыгып, адамдарга түшүнүктүү болот”.
“Тил – маданиятыбыздын күчтүү көрсөткүчү”. Жогорку айтылгандардын бардыгын ата-бабаларыбыз сүйлөп келген. Кыргыз эли “өнөр алды кызыл тил” деп айтат. Урматтуу жаштар, тил казынасын аӊтарып, анын капкагын ача билсеӊер даанышман да, сөзмөр да болосуӊар, аӊ-сезимиӊер жогору болот. Сөзүӊөрдү эл кунт коюп угат.
“Тилиӊди сүйгөнүӊ – улутуӊду кадырлаганыӊ!” (Х.Карасаев. Миӊ түркүм суроого миӊ түркүм жооп. – Б.: – 1998, – 104 – б).
Эмне деген керемет сөз, керемет ойлор! Менимче, Х.Карасаевдин бул накыл сөздөрү ар бир кыргызмын деген адамдын жан дүйнөсүнүн бой тумары катары жашашы абзел!
Х.Карасаевдин муунуна бардыгын өздөрү баштоо шыбагасы туш болгон. Жаӊы гана түптөлгөн Совет мамлекетинин алгачкы жылдарында “жетим өз киндигин өзү кесет” болуп эл арасынан тыӊ чыгып, билим алган кыргыз жаштары, мейли жаш Кыргыз мамлекетинин саясий-экономикалык, мейли социалдык-маданий, агартуучулук иштерин өнүктүрүүдө болсун билектерин түрүп таштап, шымаланып иштөөгө туура келген. Мына ошол мезгилдерде Хусеин агайдын “колу эмнелерге тийип”, эмнелерди жасаган деген суроого келсек, анын толук эмес санагы төмөндөгүчө болмок:
Х.Карасаев айылдарды кыдырып өнөрлүү адамдарды издеп таап, аларды борборго алып келип чыгармачылык руханий дүйнөгө аралаштырган. Залкар манасчы Саякбай Каралаевди жана манасчы-акын Тоголок Молдону тапкандыгы тууралуу Хусеин агай зор сыймыктануу менен “бул эки залкар адамды чыгармачылык руханий дүйнөгө тартканым менин жалпы кыргыз журтчулугуна жасаган эмгегимдин эӊ чоӊу болуу керек” деп эскерет (Жогорудагы китеби, – 6-бет).
Эл арасынан чыккан таланттарды издөө, алардын мурастарына маани берип жыйноо, аларды архивге, кол жазмалар фондуна тапшыруу иши Х.Карасаевдин көп тармактуу ишинин бир багыты болгон. Мисалы, жазгыч акын Тагай Эмил уулунун “Ахывалы Кыргызыя” аттуу 1100 жол ыр саптарынан турган, кыргыз элинин 1916-жылдагы көтөрүлүшүн чагылдырууга арналган чыгармасын бир убакта казак эл адабиятын жыйнаган Абубакир Диваев алып кеткен экен, аны М.Ауэзов “Дүрбөлөң заман” чыгармасында колдонуптур, анан ал чыгарманы казак академиги Аликей Маргуланга берген. Ал академик 1938-жылы Хусеин агайга тапшырат. Агай аны азыркы биз колдонуп жүргөн кириллицага өткөрүп, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна оригиналы менен бирдикте тапшырган. Азыр бул кол жазма академиянын кол жазмалар фондунда сакталып турат. Мындан 4-5 жыл мурда менин Американын Сиэтл шаарындагы Вашингтон университетинин докторантурасында окуган кызым Жыпар да аталган кол жазмадан пайдаланганы эсимде. Демек, агай жасап кеткен баа жеткис эмгектер бүгүн да илим үчүн чоӊ кызмат кылганын айтып, агайга таазим этишибиз керек. Х.Карасаев бул казалдын “микро-фильмин” 1965-жылы Казакстандан көчүрүп алып келип, архив фондуна да өткөргөн.
Кыргыздын туӊгуч гезити “Эркин-Тоонун” чыгышын Хусеин Карасаевдин ысмысыз элестетүүбүз мүмкүн эмес экенин ар бир кыргыз жакшы билет. Агайдын колу сулуу болгондуктан, газетанын бир канча санын кол жазмада жазып чыгарган. 2021-жылдын 5-январында Кара-Колдо Х.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында делегация менен агайдын “Үй-музейине” барганымда “Эркин-Тоонун” №1 санынын дубалда илинип турганын көрдүм. Эмне деген гана таберик!
“Эркин-Тоо” газетасын чыгарууну демилгелешип, кыргыз журналистикасына негиз салган, өздөрү кабарчы, өздөрү автор болушкан Хусеин Карасаев, Садык-Карач уулу, Мустапа-Акмат уулу, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстановдордун ысымдары бүгүн карт тарыхыбыздын алтын барактарына жазылып, элибиздин эсинде түбөлүк калышты.
Калкты, айрыкча жаш жеткинчектерибизди туура жазууга үйрөтүү да ошол мезгилдин эӊ актуалдуу маселелеринен болгон. Сабаттуу жазууга үйрөтүү үчүн үйрөтүүчү адамдын өзү биринчи кезекте сабаттуу болушу керек эле. Тилекке каршы, ал кезде сабаттуулар да саналуу гана болушкан. Бул маселе туурасында Хусеин агай минтип эскерген: “Кызуу талаш-тартыш чыгарган маселе сөздөрдүн жазылышы болду. Ошон үчүн орфографиялык сөздүктү түзүү жалгыз гана Карасаевдин мойнуна жүктөлгөн”. Мына ушул мойнуна жүктөлгөн жоптуу ишти Х.Карасаев ийгиликтүү аткарып, мектепке арналган биринчи орфографиялык сөздүктү Яншансин менен бирдикте түзүп чыгарышып, (1948-жылы) колдонууга беришкен.
“Мына ушул оор, жооптуу иш азыркыга чейин Карасаевдин мойнунда келе жатат” – деп эскерген экен агай “Миӊ түркүм суроого, миӊ түркүм жооп” деген китебинде.
Сөздүктү түзүү Хусеин Карасевдин илимий иш жүргүзүү багытынын негизи болгон. “Манас” эпосундагы архаикалык сөздөрдү бүгүнкү окурман түшүнбөй калбасын деп “Камус нааманы” түздү, башка тилдерден кыргыз тилине кирген сөздөрдү изилдеп “Өздөштүрүлгөн сөздүгүн” түздү. “Карасай сөздүк” деген оригиналдуу сөздүк да сөз табиятына арналган баалуу эмгеги. Эми ушулардын ичинен Х.Карасаевдин эӊ көп эмгеги кеткен, бирок кеткен эмгегинин кыпындай да үзүрүн көрбөй калган, агайдын өмүр-жашоосунун арылбаган арманына айланган бүгүнкү күндө биз К.К.Юдахиндин сөздүгү катары кабыл алып, таанып жүргөн “Кыргызча-орусча сөздүгү”. Жогоруда мен агайдын “арылбаган арманына айланган” деп сөздүк жөнүндө айтып өттүм. Анткени агай өзүнүн көзү тирүү кезинде “сөздүктүн” тарыхы, өзүнүн ага байланышкан эмгеги, арманы боюнча кенен-кесири жазып кеткени бар. Менин жеке көз карашымда кеч болсо да коомчулук агайдын сөзүнө (жөн салды эле айтылган сөз эмес, “кан какшап, ичинен кан өтүп бир канча ирет айтылган сөзү) көӊүл буруп, кулак төшөп, учурунда кетирилген катаны оӊдоп, агайга автордук укугун кайрып беришибиз керек деген тереӊ ишенимдемин. Мен маселенин юридикалык жагы тууралуу эч нерсе деп айта албайм, бирок да агайдын эмгегинин моралдык – укуктук жагын эске алып, эч болбогондо дайыма коомчулукта айта жүрүшүбүз парз деп эсептейм.
Өзүнүн “Миӊ түркүм суроого миӊ түркүм жооп” деген эскерүү китебинде агай “Кыргызча-орусча сөздүктүн” жазылыш, басылыш ж.б., тарыхы тууралуу буларды жазып кеткен.
“Кыргызча-орусча сөздүктү” түзүү демилгеси СССР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, атактуу түрколог, профессор Сергей Ефимович Малов тарабынан көтөрүлгөн. Сөздүктү түзүүнүн зарылдыгы боюнча ошол кезде Ленинграддагы Чыгыш институтунда окуп жаткан Х.Карасаев Кыргызстандагы “Тил-адабият институтуна” кат жазып жиберет. Ошондон кийин “Кыргызча-орусча сөздүк” түзүү боюнча Тил-адабият институту тарабынан атайын токтом кабыл алынып, “Кыргызча-орусча лугат түзүү жумушу Карасай уулу менен К.Юдахинге тапшырылсын” деген чечим 1928-жылдын 19-февралында чыгат. Ошол мезгилде К.К.Юдахин да Чыгыш институтунда кенже мугалим болуп иштеп жүргөн экен.
Ушул асыл максатты ишке ашырыш үчүн К.Юдахин менен Х.Карасаев ээрчишип, Ленинграддан Х.Карасаевдин туулуп-өскөн айылы Токтоянга келип материал жыйноону башташат. Х.Карасаевдин ата-энесинин колу жетиштүү адамдар болгондуктан, К.Юдахинге өзүнчө үй тигип, шартын түзүп беришет. Орус илим адамына кыргыз тирилигиндеги сөздөрдүн колдонулушун түшүндүрүү ишин жүргүзүү үчүн көп эмгек кетет. (Боз үйдү тигип чечүү, жабдыктарын түшүндүрүү, балдардын оюнун көрсөтүп, алардын орусча аталыштарын табуу ж.б.). Ошентип, 1928-жылдын сентябрында башталган жумуш 1931-жылдын июнуна чейин созулуп, сөздүктүн кол жазмасы негизинен бүтөт. Аӊгыча Карасаевдин окуу мөөнөтү бүтүп, Бишкекке кетет, бирок бул жакка келгенде да материалдарды тынбай К.К.Юдахинге, Ленинградга жиберип турат.
Ушул жылдары Х.Карасаев “улутчул” деген жалаа менен камалып кетет. Бүтүп калган сѳздүктү чыгаруу маселеси бышып-жетилип калгандыктан, К.К.Юдахин кол жазманы алып Бишкекке келет. Кол жазма жактырылат. Ал учурда авторлору К.К.Юдахин жана Х.Карасаев деп белгиленип турган экен. Сѳздүктүн чыгышы тууралуу Х.Карасаев “мына ошол 1935-жылы К.Юдахинди Обкомдун үгүт жана насият бѳлүмүнүн башчысы Акматбек Жумабаев чакырып алып: “Карасаев улутчул, жат элемент, аны биз сѳздүккѳ автор кылбайбыз. Сиз жалгыз автор болосуз” деп сунуш кылат.
“Сѳздүк 1936-жылы жарык кѳрдү. Автору жалгыз К.Юдахин. Сѳздүктүн башкы сѳзүндѳ К.Юдахин: “Карасаев 1928-жылдан 1933-жылдын аягына чейин сѳздүккѳ катышты, андан кийин шарт, мүмкүндүк бербеди” деген (Миң түркүм…145-б).
Кыргызда “аттанганда эле кѳчүгү кыйшык отурган” деген ылакап бар. Автордук укугунан “улутчул, жат элемент” катары шыпырылган Х.Карасаев улам кийинки учурларда акырындап сѳздүктү түзүүчү автордук укугунан да алыстай берет. Мисалы, 1965-жылы толукталып, жүз элүү басма табак болуп чыккан сѳздүктѳгү К.Юдахиндин жазган баш сөзүндө Х.Карасаев консультант жана сѳздүктүн акырын гана окуган киши катары гана кѳрсѳтүлүп калат. Бул тууралуу Хусеин агай “Консультант гана эмес, кошо түзүшкѳнмүн. Ал гана эмес, уюштуруу ишин, бастыруу ишин мен иштедим дей берген (К.Юдахинди айтып жатат – Л.Ү). “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлѳсүн” деген ушул дейт Х.Карасаев (Миң түркүм…145-б).
Биргелешип түзгѳн “Кыргызча-орусча сѳздүктүн” урмат-сыйын К.К.Юдахин жакшы эле кѳргѳн экен. 1936-жылы Х.Карасаевге келип, “Кымбаттуу Хусеин, сен коргоо комиссиясына барып, “ушул сѳздүктү жалгыз Юдахин түзгѳн” деп күбѳ ѳтчү. Мен кандидат болуп алайын. Ошондон кийин дайыма иштеген иштеримдин биринчиси сен болосуң” деп жалдырады. Мен досумду аяп макул болдум. К.К.Юдахин “филология илимдеринин кандидаты” деген наамды ушул сѳздүктѳн алды. “Адам офасыз”деген чын экен. Сѳзүнѳ турбады” – деп эскерет Х.Карасаев (145-б).
Сѳздүктүн жеке авторлугун алгандан кийин К.К.Юдахин анын аркасы менен “филология илимдеринин доктору илимий даражасын, профессор наамын алат. “Кыргыз илимине эмгек сиңирген ишмер” наамын алып, Сталиндик сыйлык ж.б. эл аралык сыйлыктардын ээси болот. Ленин орденин алат, Кыргыз элинин депутаты болот. Кыскасы, шуру-берметтин бардыгы К.К.Юдахинге тагылды” деп белгилептир агай. Ал эми ѳзүнѳ болсо “Улутчул, эл душманы, эскичил, жат элемент” деген кара жарлыктар тагылып, түрмѳгѳ тыгылат”.
Хусеин Карасаев түзүшкѳн экинчи бир “Русско-киргизский словарь” да агайды автордук укукка ээ кылбаптыр. “Миң түркүм суроого миң түркүм жооп” эскерүү китебинде агайдын бул сѳздүктүн тарыхы боюнча да жазып кеткени бар. “Сѳздүктү ким түздү?” деп суроо коюп, ага мындайча жооп жазган. “Сѳздүк 100 басма табак эле. Анын токсон процентин Х.Карасаев түзгѳн. Он басма табагын Ж.Шүкүров түзгѳн. Үч басма табагын Б.Жунусалиев түзгѳн. К.Юдахин жооптуу редактор болуп дайындалган. Алы жетпей баратканда “Х.Карасаев кошо редактор болсун” деген приказ Тил-адабият институтунан келген”. Экинчи суроо коёт: “Кандай себептер менен К.Юдахин “Русско-киргизский словарга” автор да болуп калды?”. Буга жоопту Х.Карасаев мындайча берет. “1940-жылы жазылган К.Юдахиндин башкы сѳзүндѳ ким эмне иштегендиги толук кѳрсѳтүлгѳн. Бирок, дүйнѳлүк согуштун кесепетинен сѳздүк токтоп калып, 1944-жылы кайта чыкканда К.Юдахин автор болуп алыптыр. 1941-жылы К.Юдахин жазган башкы сѳздү ѳзү ѳчүрүп салыптыр. Бул митаамчылыктын эң жогорку түрү эле” (189-б).
Эми “Русско-киргизский словарды” түзүү процессинин кандайча жүргѳндүгү тууралуу маселе боюнча агайдын эскерүүлѳрүнѳ бир аз орун бере кетели. Мисалы тилдик идиомаларды которуу боюнча Х.Карасаев минтип жазган: “Идиомаларды эң алды менен толук түшүнүү үчүн атактуу тилчи А.А.Реформацкийден сурайм. “Манастын” кѳркѳм котормочулары Пенковский жана Тарловскийден сурайм. Толук түшүнгѳндѳн кийин, кыргыз тилинен идиома таап которуп, К.Юдахинге берем. Экѳѳбүз акылдашып отуруп, бир пикирге келебиз. Мисал катары бир нече идиомалардын котормосун келтире кетейин “заморит червячок – ѳзѳк жалгоо, шам-шум этүү, дело по горло – иш чачтан кѳп” ж.б. Кудай буйруп, бул сѳздүк жѳнүндѳгү эмгеги бааланып, Х.Карасаев 1945-жылы СССР Илимдер академиясынын 220 жылдык мааракесинде Академиянын Ардак Грамотасы менен сыйланган экен. Бирок ошончо мээнети кеткен “Русско-киргизский словардын” экинчи толукталып басылышын даярдап жатканда “сѳздүктүн токсон процентин жазган Х.Карасаев түзүүчүлѳрдүн составына кирбей калат”. Бул түзүүчүлѳрдү ылгаган ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын секретары К.Орозалиев менен Константин Кузьмичтин акылдашуусу менен болгон иш экендигине Хусеин агай токтоло кеткени бар.
Дегинкиси “Кыргызча-орусча сѳздүк”, “Русско-киргизский словарларды” түзүүгѳ башынан аягына чейин катышып, кѳп мээнети кеткен Хусеин агайга бул эки сѳздүккѳ байланышкан учурундагы акыйкатсыздык кѳп эле санаркоо, нааразылыкты жараткан экен, ал тургай ишке ашпаган арманга айланганын агайдын жазып калтырган эмгектеринен бир канча жолу жолуктурабыз.
Хусеин агай кийин карып, тирмийип тиктеп илим жазууга шайы келбей баратканда ѳз мезгилинин “күлкүсүн” мурастайын деген ниетте “Күлкү наама” китебин жазат. (Бишкек, Шам басмасы. – 1997). Мына ушул китебинде да “Сѳздүктѳргѳ” байланышкан ич күптүүсүн ырга айлантып, “Атырбайга ачуу аралаш чындык” деген казалында кѳркѳмдѳп жазган. Учурунда К.К.Юдахин, Б.Жунусалиев, А.Токомбаев, Х.Карасаев, З.Бектеновдор жакын жүргѳн замандаштар экен. Оюн чындан бири-бирине ылакап ат коюп алышыптыр. Х.Карасаевдики – Алдар Кѳсѳ, К.Юдахин – Атырбай, А.Токомбаев – чык таттырбас Чынарбай, Б.Жунусалиевдики Шыгайбай экен. Мына ошол Атырбайга Алдар Кѳсѳ минтип жазып жатпайбы. (ϴзүнѳ да окуп берген экен). Айрым гана үзүндүлѳрүн келтирейин.
Жоо сайсак бирге сайышып,
Казатташ элек бир кезде.
Сѳздүктү бирге жазышып,
Сабакташ элек бир кезде.
……………………………………..
Алгыңды бирге алыштык,
Атырбай кай жерден кѳңүл калыштык.
………………………………….
Бирге түзгѳн сѳздүктү,
“Автору ушу киши деп”,
Калп жеринен күбѳ ѳтүп,
Кандидат болуп алсын деп,
Наам алперген ким эле?
Адамзаттын баласы,
Опаасыз деген чын экен.
Кырк төртүнчү жыл басылган
“Орусча-кыргызча сөздүктүн
Баарын жазган мен элем.
Ошол сѳздүк чыгаарда,
Машташа коюп култулдап,
Редактор болгонго
Ыраазы болбой кулкулдап,
Авторлош болгон сен элең.
………………………………………..
Кыргыздын макал сѳздѳрүн,
Кырк жылдан бери жетелеп
Сени үйрѳтүп келген ким эле?
…………………………………………
Экѳѳбүз түзгѳн сѳздүктѳн
Чоң сыйлыкты алганда
Мостоюп туруп уялбай,
“Сѳздүктү жазып жүргѳндѳ,
“Сурадым” дейсиң чалдардан.
Кеп-сѳздѳрдүн маанисин,
Үйрѳндүм дейсиң уялбай,
“Ойноп жүргѳн балдардан.
……………………………………………
“Кыргызча сѳздүк” түзгѳндѳ,
Булуң менен бурчтарда,
Билинбей аткан сѳздѳрдүн
Маанисин ачып, дааналап,
Үйрѳтүп келген ким эле?
Адамзаттан арамза,
Чыгат деген ушу экен.
Чамалап кѳрчү, Атырбай,
Сен мактаган чалдардан,
Эселек жаш балдардан,
Менин билимим качан кем эле?
…………………………………………
Кырк жыл жүрүп кашыңда,
Кыргыздын тилин үйрѳтсѳм,
Сен кымындай жерин айтпайсың.
………………………………………………….
“Мен – мен” деп, тѳштү каккылап,
Мактанып бекер сүйлѳбѳ!
Мен жазышкан сѳздүктѳн,
Сенин атагың кетти дүйнѳгѳ!
……………………………………
Чоң улутка кичине эл,
Көшөкөр деген чын экен:
Кыргыздын кээ бир чоңдору,
“Сѳздүктүн баарын түзгѳн”деп,
Кѳрүп-билип турса да
Аябай мени жектеди.
ϴзѳктѳн чыккан ѳрт жаман.
Өздөн чыккан жат жаман
………………………………………..
Көп алдап жүрүп сен мени,
Дасып калган экенсиң.
Атыр жытың жоготуп,
Сасып калган экенсиң.
………………………………….
Гонорарды бүт жедиң,
Эч болбосо байгени,
Камчыга ченеп бѳлсѳңчү.
…………………………………..
Алдап жүрүп ар качан,
Ачуума кѳп тийип,
“Акун” кылдың, Атырбай.
Акымды азыр бербесең,
Акыретке калтырбай,
Артта калган элдерге,
Айыбыңдын баарысын,
Чала-моңол ыр менен
Жазып кетем калтырбай (24-29-беттер).
Ооба, ошентип, “аттын башындай арманын”, бир кездеги жакын досу, кесиптеш, кызматташы К.К.Юдахинге нааразычылыгын (анын ичинде пендечилик нааразылыктары да бар) кѳзүнүн тирүү кезинде эле Х.Карасаев жазып калтырган. Чындык ушундай болгону менен ошол күндѳн ушул күнгѳ чейин Х.Карасаевдин сѳздүктѳрдү түзүшүүдѳгү опол тоодой эмгеги ѳзүнүн баасын алып, коомчулук тарабынан таанылбай келгени ѳкүнүчтүү. ϴз учурунда академик Бүбүйна Орузбаева баштаган бир катар тилчи-окумуштуулар да “Сѳздүктү бир гана К.Юдахин түзгѳн” дешип, аны далилдей турган факты катары К.К.Юдахиндин сѳздүк түзүү убагында түзгѳн картотекасын бетке кармашкан. (ал азыр КМУУнун китепканасында сакталып турат). Ырас, К.Юдахин материалдарды иретке келтирип, атайын ал боюнча картотекалар түзүп иштегенин эч ким танбас. Бирок, да ошол картотекаларга түшкѳн материалдарды жыйноону уюштуруп, жыйнашып, чогуу 40 жыл кыргыздын тилинин маани-маңызын тереӊ түшүнүүгѳ К.Юдахинге жардам берип, жанында жүрүп, чогуу иштешкен Х.Карасаевдин асыл эмгегин эстен чыгарып салууга мүмкүнбү? Адамкерчилик, академиялык калыстык болобу? Ырас, бир убакта эл душманы катары караланып, камалып жүргѳндѳ анын атын сѳздүккѳ авторлош катары жазылуусу мүмкүн болгон эмес. Анын үстүнѳ Совет доорунда идеология да башка эле. Х.Карасаев ѳзү жазгандай, “чоң улутка кичине, көшөкөр деген чын эле” да. Ошондуктан Совет мезгилинде, Х.Карасаев акталгандан кийин да, бул маселеге кайра кайрылып, автордук укукту ордуна коюу балким мүмкүн болбогондур. Экинчиден, репрессиядан запкы кѳрүп калган Х.Карасаевдин да аталган маселени козгоп, ага батыл киришүүгѳ батынбашы да мүмкүн. Ал кишинин бардыгына аяр карап, аярлап сүйлѳп калганын ал киши менен жакын жүрүп, жакындан сүйлѳшүп калган замандаштарыбыз бүгүн да айтып, эскерип жүрүшпѳйбү?
Бул макаланы жазууну ойлонуп жүргѳн чагымда биздин курсташыбыз, филология илимдеринин доктору, профессор Райымжан Эгембердиев дүйнѳ салып кетти.
ϴмүрүнүн акырында “Апа, апа – аа!” (2020) деген аталышта эскерүү китебин жазып кеткен экен. Барактап олтуруп К.Юдахин менен Х.Карасаевге байланыштуу бир кызыктуу материалга кез келдим. Ал мындайча: Р.Эгембердиев университетте окуп жүргѳн кезинде Кыргыз ССРинин радио уктуруу жана телеберүү комитетинин редакциясында редактор болуп иштеп калып, ал кезде абдан популярдуу болгон “Бейпил түн” берүүсүн даярдап калат. Бир жолу берүүнү эфирге чыгарууга уруксат берчү редактор Р.Эгембердиевдин берүүнүн эң акырындагы “Түнүңүздѳр бейпил болсун!” деген сѳзүн “Түнүңүздѳр бейкут болсун!” деген сѳз менен алмаштырып коёт да, ал эфирден окулуп кетет. “Бейпил” менен “Бейкут” сѳздѳрүнүн мааниси түндүк, түштүк аймактарда ар түрдүү түшүнүлгѳндүктѳн, угуучулардан нааразычылык каттар келип, радиокомитетте “чыр” чыгып кетет. Ошондо Райымжан адегенде бул сѳздѳрдүн маанисин “кыргызча-орусча”, “орусча-кыргызча” сѳздүктѳрдѳн карайт да түшүндүрмѳлѳрүнѳн эч айырма таппайт. Акыры университетте ошол жылдары иштеп жүргѳн агайы К.Юдахинге кайрылат:
“Сизден сурайын дегем, “бейпил жана бейкут” деген сѳздѳрдүн мааниси бирдейби же алар бири-бирине антонимби? – дедим. Константин Кузьмич мага бир аз карап турду да,
- Мен кыргызча сѳздѳрдү орусча котордум. Бул сѳздѳр ошол сѳздүктѳ кандай берилсе, мен ошондой ойдомун. Агай дагы бир аз ойлоно калып, сѳзүн кайра улады.
- Мен кѳптѳгѳн түйшүк менен, кѳп жылдар эмгектенип жүрүп, ушул сѳздүктү жараткам. Аны түзүүдѳ мага кыргыз тилчилери абдан кѳп жардам беришкен. Анын – бири Кусеин агайың. “Кыргызда бѳдѳнѳнү сойсо дагы касапчы сойсун” деген сѳз бар эмеспи, анын сыңары бул сѳздѳрдүн маанисин дагы тереңдетип билгиӊ келсе, ошол агайың менен талкуула, ал киши мага берген жардамын сенден да аябайт деди”. (236-б.)
Бул кичинекей эпизод, аңгемелешүүдѳн дархан ойдун дарбазасы ачылып жатканын, баамчыл окуучум, ѳзүң да аңдагандырсың. Менин жогорудагы ойлорго басым жасап жатканымдын себеби да ошол атактуу эки сөздүктү түзүүдө аткаруучулардын мүчөсү эле эмес “жото жилиги” болгон, “бөдөнөнү сойгон касапчынын” эмгеги бүгүнкү күнгө чейин олуттуу маани берилип, эске алынбай жаткандыгы.
Улуу окумуштуу, кыргыз тил илимине опол тоодой эмгек сиңирген, жан дүйнөсү менен “кыргыз” болуп калган, кыргыз эли сыйлап-урматтаган Константин Кузьмич Юдахиндин баа жеткис эмгегинин беделин эч түшүрбөстөн туруп, анын жанында Х.Карасаевге автордук укугун кайрып бере албасак да эч кур дегенде анын ак эмгегин унутпасак, кийинки муундарга айта жүрсөк, алар да бул чындыкты билип калышса деген эле изги тилек.
Х.Карасаев өз учурунда бааланбай калган акындар Молдо Кылыч, Барпы жөнүндө учурунда калыс сөзүн айтып: “Кылыч өңдүү, Барпы өңдүү сөзгө бай акын чыгып жарыбайт. Бул эки акындын сөздөрүн өзүнчө эле “Камус наама” кылып чыгаруу керек. Экөө тең сөзгө бай, ойчул акындар”-дейт. Анан дагы Кылыч айткандай:
Соодагердин коюндай,
Айдап келем көп сөздү.
Мен да билишимче далай сөздөрдү койдой айдап келе жатам. Кылыч айткандай, далай сөздүн капкагын да ачып келе жатам. Келечек муун – өз баасын берер!” (126-б.) дегени бар. Менимче, келечек муун улуу аалымга өз баасын берер мезгил азыр келип олтурат, биз бүгүн киши көзүн карабаган, өз чечимин өзү кабыл ала турган эгемен Кыргыз Мамлекетинде жашап жатабыз! Ошондуктан тиешелүү мекемелер бул маселеге кайтадан кайрылса да жаман болбойт эле деген ойдомун.
Көп жашап, көптү көргөн улуу инсан өз заманындагы залкарлар Молдо Кылыч, Барпы, Осмонаалы Сыдык, Касым Тыныстанов ж.б. тууралуу пикирлерин да жазып кеткен. “Мен билгенимди ортого салып жатам, ал менин ыйык милдетим” деп, “Молдо Кылыч өңдөнүп, канаттууларды, жан-жаныбарларды сүрөттөгөн акын түрк элдеринен чыгып жарыбаганын”, “анын “Зар заманы” Баласагундун чыгармасынан алда канча жогору турарын”, “Баласагундук Жусуп өзүнүн чыгармасын Бугра ханга арнап жазса, Кылыч өзүнүн чыгармасын элге арнап жазгандыгын”, “Кылыч өтө калыс акын болгондугун” баса белгилеп жазып кеткен экен, ал тургай “Кылыч өңдүү ойчул акын турганда аны четке шилтеп, Бишкектеги университетти Баласагундун атына койгонуна мен таң калам” деп нааразы да болгон учуру бар (“Мин түркүм…126-б).
“Кыргыз урууларынын таралышы жөнүндө эң биринчи тарыхчыбыз, санжырачыбыз” Осмонаалы Сыдык уулунун 1913-жылы Уфада чыккан “Мухтасар тарых Кыргызия”, “Тарых кыргыз Шадмания” эмгектерин жогору баалап, “бул эмгектер кыргыз тарыхынын алтын барагына жазылат” (Миң түркүм..56-б) деген баасын берет. Эскере кетчү нерсе бул эки китепти Х.Карасаев 1990-жылы араб алфабитинен кирилл алфавитине которуп жарыялаган. Ошондо “Мындай машакат чеккен эмесмин. Чеккен машакатым бир тыйын. Кийинки тукум окуп, алгачкы документ катары, бааласа мен ыраазы”. “Кыргыз тилинин эстелиги катары кийинки тукум билсин деп убараландым”-дейт китепке жазган баш сөзүндө. (Осмонаалы Сыдыков “Мухтар Тарих кыргызиа”, “Тарих кыргыз Шадмания”. Бишкек – 2019.-292-293-беттер).
Жогорудагы баалуу эмгекти жаңы алфавитке которуудагы агайдын асыл максатын кийинки муун туура түшүнүп, баалашыбыз биздин ыйык парзыбыз болушу керек.
Х.Карасаев “эл душманы” делип, куугунтукка алынып, кызматсыз калганда бекер олтурбастан, орус жана дүйнөлүк адабияттын бир катар мыкты чыгармаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз котормо адабиятынын өнүгүшүнө да өз салымын кошкон авторлордун бири. Ал М.Горькийдин 2 томун, А.Радищевдин “Петербургдан Москвага саякат”, Джанни Родаринин “Чипполинасын”, Л.Кручковскийдин “Кордиан жана хам” деген романын, А.Буяновдун “Укмуштуу атом”, Р.Тагордун чыгармаларынан, “Го-Мо-Жонун чыгармаларынан которгон. Бул чыгармалар кыргыз окурмандарын башка элдердин адабияты менен тааныштырууда учурунда өтө маанилүү роль ойногонун айтпасак да бүгүн түшүнүктүү.
Агай узак жана жемиштүү өмүр сүрдү. “Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” демекчи жаш кезинде куугунтукталып, акыйкытсыздыктан азап чексе да өмүрүнүн акырында бактылуу карылыкты башынан өткөрүп, сый-урматта байбичеси Айша апа менен бапырап жашады. Мамлекеттик жогорку сыйлыктарды алды. Эң негизгиси агай көкүрөгүндө эмне болсо, эмнени элине айтып, калтырып кетем десе бардыгына жетишти. Ооба, илим чексиз, ага бир өмүр жетпейт. Агайдын да бир өмүрүндө көзү жетип, бирок да колу жетпеген иштери да жок эмес. Хусеин агай аларды өзүнөн кийинки муунга табыштап калтырды. Алардын бири – башка тилдерге оошуп кеткен кыргыз сөздөрүн изилдөө. Ал тууралуу “кыргыз тилинен башка тилдерге оошуп кеткен сөздөр көп. Бирок мен эң мурда бөлөк тилдерден оошуп келген сөздөрдү гана чечмелөөгө аракеттендим. Башка тилдерге оошуп кирген кыргыз сөздөрүн кийинки муун изилдешет деген тилектемин!” деген (Миң түркүм…104-б)
Экинчи дагы бир илим үчүн маанилүү багыт акын-жазуучулардын тил байлыктарын, өзгөчөлүктөрүн изилдөө, сөздүктөрүн түзүү. Бул тууралуу Х.Карасаев акындар Молдо Кылыч, Барпынын сөз байлыктарына байланыштырып айткан: “Бул эки акындын сөздөрүн өзүнчө эле “Камус наама” кылып чыгаруу керек!” (Миң түркүн…126-б)
“Камус (сөздүк) – бир канча түрү болот. Чыгаан жазуучу – акындардын өзүнчө “камусу” болуу керек. Тилекке каршы бизде бул жок. Чыгаан жазуучулардын тилин иликтеген адамдар да жок. Муну да колго алуу зарыл” (Миң түркүм…154-б)
Тил илиминде эле эмес, адабият таануу илиминде да бул багыт бүгүнкү күндө таптакыр эле унутулуп калды десем жаңылышпайм. Ошондон улам мээнеткеч Хусеин агайдын бул тапшырмасын жаш изилдөөчүлөр жадыларына бекем түйүп, ишти колго алып, аракет жасашса жакшы болор эле.
Жогоруда айтылган ойлорумду жыйынтыктап жатып айтаарым, кыргызда “той да болот, тойдун эртеси да болот” деген сөз бар. Сыңарындай Хусеин Карасаевдин тил илими аркылуу кыргыз элине, Ата-Мекенине жасап кеткен баа жеткис кызматын мааракелик жылда эле эскерип, эстеп тим болбой, ал киши жасап кеткен иштердин учугун улап кетүүнү урпактарыбыз унутпаса…
Экинчи бир маанилүү маселе, бүгүн Х.Карасаевдин эмгектерин таап окуу да мүмкүн болбой калды. Ошондуктан КРнын Мамлекеттик тил комиссиясы эч болбосо агайдын эмгектеринин тандалмаларын чыгарып, электрондук вариантын да даярдап сайтка коюуну колго алса эң сонун болор эле.
Үчүнчүдөн, Хусеин Карасаев агайдын 120 жылдыгына арналган иш-чаралар республикалык эле деңгээлде өтүү менен чектелип калбастан, Эл аралык деңгээлде да өтүүсү керек. Мисалы, юбилейге арналган Эл аралык Түркологиялык симпозиум өткөрүүнү тиешелүү министрликтер жана мекемелер ойлонуштурса да жакшы болор эле.
Ар дайым улут сыймыгы болгон улуу инсандарыбызды унутпайлы. Алар өз милдеттерин, атуулдук парздарын татыктуу өтөп кетишти. Алардын улуу иштерин татыктуу улап кетүү кезеги эми биздики, биздин жаштардыкы, биздин мамлекетибиздики!
Лайли Үкүбаева
Филология илимдеринин доктору, профессор
Кыргыз-Түрк “Манас” университети
10.03.2021