Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болду

Бүгүн КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Ош облусундагы акын-жазуучулар менен жолугушту. Жолугушууда жазуучулар союзунун ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер, келечек максаттары боюнча маалымат берди. Акын-жазуучулардын ой-пикирлерин укту. Алдыда биргелешип аткара турган иштер боюнча баарлашуу болду. Көп жылдан бери чыгармачылык менен жигердүү эмгектенип, адабиятка салым кошуп келе жаткан акын-жазуучуларга Жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылды.

КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороевдин кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы жетекчи шайлоо маселеси каралды. Төрага Н.Калыбековдун буйругу менен А.Осмонов, Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Жзуучулар союзунун мүчөсү, акын Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Зор ишеним менен жооптуу ишти колго алган У.Омокеев улууларга ыраазычылыгын билдирип жатып: “Устаттарыбыз колдоо көрсөтүп, кеңештерин аябай берип турса, шилтеген камчыңыздар катары иштеп берүүгө даярмын” деди.

Улукбек Омокеев 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында төрөлгөн. Ошол эле айылда Беделбай Исаев атындагы орто мектебин 2006-жылы аяктап, 2011-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2011-жылдын сентябрынан тартып “Нур”гезитинде редактор болуу менен баштап, 2013-жылдын сентябрынан “Билим лицейинде, 2014-жылдын сентябрынан бери ОшМУнун журналистика кафедрасында окутуучу жана 2017-жылдын сентябрынан бери ОшМУнун Киноакадемия факультетинин директору болуп эмгектенген.   “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар” “Ата-сүйүү” ыр жыйнактарынын автору. А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын, Э.Эрматов атындагы адабий фестивалдын лауреаты ж.б сыйлыктардын ээси жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун негиздөөчүсү. ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору. 2019-жылдан бери КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.