Эгемберди Эрматов: Гарсия Федерико Лорка жөнүндө…

Лорка

*****

Гарсия Федерико Лорка испан поэзиясынын жыйырманчы кылымдагы эң табышмактуу, эң сырдуу, эң музыкалдуу акыны. Анын поэзиясында чек билбеген фантазия, таң каларлык салыштыруулар, күтүлбөгөн эмоциялар ээн-эркин жашайт. Лорка элдик поэзиянын кыртышынан өнүп чыгып, бүткүл европалык жогорку деңгээлге жеткен. Поэзия сүйүүчүлөрүнүн кумирине айланган.

*****

Чыныгы поэзиядан, элдин жүрөгүн ойготуп жан дүйнөсүнө канат берген поэзиядан тирандар өрттөн корккондой коркуп, аны жок кылууга, үнүн өчүрүүгө тынымсыз аракеттенишип келет. Ошон үчүн Испаниянын фашисттик режими жүрөгү лакылдап соккон Лорканы мыкаачылык менен атып өлтүрүшкөн. Бирок анын поэзиясын, акыйкатчыл тунук үнүн өлтүрө алышкан эмес. Поэзия менен фашизм деген түшүнүк эч качан элдешпес душман экендигин Лорканын өлүмү далилдеп кетти.

*****

Лорканын драматургиясы өз кучагына өмүр менен өлүмдү, сүйүү менен жек көрүүнү, караңгы менен жарыкты камтыган керемет конфликттерден, улуу поэзиядан турат. Ал драма менен кошо жашап, көчмө театр менен эл арасын кошо кыдырып ырахат алган. Анын «Кандуу той», «Дон Бернардо Альбанын үйү», «Иерма» сыяктуу драмалары классикага айланып, дүйнөнүн көпчүлүк театрларында коюлууда.

*****

Биринчи жолу Лорканын поэзиясы менен Мичуринск шаарында окуп жүргөнүмдө таанышкан элем. Ошондон бери ал менин сүйүктүү акыныма айланды. Ал жөнүндө кандай китеп чыкпасын, кандай макала жарык көрбөсүн жата калып окуймун. Томдуктары китеп текчемдин көрүнүктүү жеринде турат. Айрым бир анын макалаларын кыргызча которуп, гезитке чыгардым. Тилекке каршы, акындын поэзиясы кыргыз тилине жакшылап которулбай келе жатат. Менимче, аны которуу үчүн кыргыздардын арасында Лорка сындуу таланттуу акын төрөлүшү зарыл. Анын шыңгырап турган метафораларын, ыр саптарындагы эмоционалдык чыңалууларды кыргызча сүйлөтүү тозоктун тозогу.

*****

Лорканы жөнөкөй адам катары же феноменалдык акын катары түшүнүү үчүн замандаштарын жакшылап окуп үйрөнүш керек. Ал Рафаэль Альберти, Пабло Неруда сыяктуу акындар менен чыгармачылык, турмуштук алакада болуп, бири-биринин калыптануусуна өз ара түздөн-түз таасирлерин тийгизишкен. Өз заманынын көйгөйү менен жашап, оорусу менен оорушкан. Лорка эрте өлүп калбаганда Неруда сыяктуу Нобель сыйлыгын алмак. Анткени Неруда досу Лорканын ырын пир туткан. Төш чөнтөгүнө салып жүрүп окуган.

*****

Эгер жүрөгүм картайбасын десең, жаштыгыңды жоготпой алып жүрөйүн десең, жылдыз менен, жылдыз курт менен сүйлөшкүң келсе, анда убакыт таап Лорканы оку. Лорка менен дидарлашып сүйлөш, аны менен жан бирге дос бол. Ошондо жарык дүйнөгө келгениң үчүн эч качан өкүттө калбайсың.