Чыгармачыл чөйрөгө “Юморалиссимус” деген ат менен таанылган Жаныбек Өмүралиевдин чыгармачылык жолугушуу кечеси өттү. Бул жолугушуу кечени Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын ээси Д.Орозалиевдин колдоосу менен уюштурду.
Жолугушууга калемдештери К.Бакиров, К.Кадыракунов, Д.Керимов, Ө.Тиллебаев ж.б. акындар, автордун туугандары, “Жаңы толкун” адабий клубунун чыгармачыл жаштары катышты.
КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков өз сөзүндө адабиятка активдүү аралашып жүрүп, узак жылдар чыгармачылыктан алыстап кеткен таланттарды кайрадан эл алдына алып чыгып, шыктандыруу максатында ай сайын бирден автордун чыгармачылык жолугушуу кечесин уюштуруп турарын билдирди. “Таанышың барда таңкасың, таанышың жокто маңкасың”, “Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен” деген саптардын автору ушул киши. Бүгүнкү күндө экинин бири айтып жүргөн “айла жок, бирок, ай лав ю” деген да бул кишиге таандык. Мындай сөздөрүнүн, ыр саптарынын көбү элдик болуп айтылып кеткен. Авторун жакындан тааныштырып коюу максатында жолугушуу уюштурдук. Биздин максат – ушундай көмүскөдө калган таланттарды кайрадан алып чыгуу.
Жолугушууга келгендер автордун ырларынан окуп, кенен баарлашып, жылуу маанайда тарашты.