Тики
(Замбия)
“Мен Африкадагы эң бактылуу баламын, – деди кубанып Тики. – Эртең менин укмуштуу кубулуштарга бай күндөрүм башталат”.
Сапарга чыгуусун ойлоп аябай толкунданды, себеби ал канча-канча жаңы нерселерди, көп окуяларды башынан өткөрөт да!
***
Бул окуя өткөн жумада Кафунди агайы Чоң шаардан кат алган күнү башталган болчу.
Албетте, бул сөз бир паста бардыгына белгилүү болду, себеби айылга анда-санда убакта гана кат келер эле, ар бир келген сайын ал чакан айылдын эли үчүн чоң окуяга айланчу…
–Мен бу катты окуп көрөйүн, – деди Кафунди агай.
Ал катты окуп жатканда ошол жерге (айылдын мектеби деп аталган тамдын алдына) акырындап эл топтоло баштады. Бирок алардын баары карыялар менен жаш балалуу аялдар болчу. Кетмен кармаганга жарагандардын баары жүгөрүзарда иштеп жаткан учур эле.
Күндүн аёосуз ысыгына карабай, эч бири кыбыр этип койбой, кыңк эткен үн да угулбайт, бардыгы Кафунди агайдын оозун аңдып турат. Алар катта эмне жөнүндө жазылганын тезирээк билүүгө кызыгышар эле.
Кафунди катты окуп бүтүп, топтолгондорго бир көз салып, көз айнегин колуна алды. Бирок ошол замат кайра көз айнегин мурдунун үстүнө кондуруп, токтоолук менен колунда кармап турган кагазды мурдуна жакындатты.
–Кана, эмне деп жазышыптыр? – баш-аламан сөздөрдүн арасынан чыдамы кеткен бир үн угулду.
Кафунди кайра көз айнегин колуна алып, жөтөлүп койду.
–Бу кат Чоң шаардагы орто мектептин директорунан келиптир, – деп билдирди ал. – Кат өзүңүздөр жакшы тааныган адамга тиешелүү. Ал Тикинин атына жазылыптыр…
Ошол замат чуру-чуу сөздөр башталып кетти.
–Бул жерден өтө алыста – Чоң шаарда жашаган абройлуу директордун айылдык жаш бала Тикиде эмне жумушу бар экен?..
Кафунди агай топтолгондорго дагы бир жолу көз жүгүртүп чыкты: ал баштаган сөзүнүн аларга канчалык таасир бергенине курсант эле. Себеби сөз анын эмгегинин акыбети – окуткан окуучусу жөнүндө болуп жаткан тура!
–Бул катта жазылгандай, – деп сөзүн улантты ал эл тынчып калган соң, – Тики мектебибизде бардык балдардан жакшы окуйт, ошол себептен ал орто мектепте окууну улантуусу зарыл. Ошондо ал дагы башка көп предметтерди үйрөнөт, жетишээрлик билим алат, окумуштуу болуп жетилет, айылыбыздын аброюн көтөрөт.
Топтолгондор кол чаап жиберишти, андан соң өз ара сүйлөшүп кетишти. Чоң шаардан келген бул кат эң кубанычтуу кабар экен да!
Тики өзүн коёрго жер таппай калды. Каттын мазмунун билип алган соң ал ушунчалык сүйүндү дейсиң: орто мектепте окуу үчүн айылдык окуучулардын арасынан аны, Тикини тандап алышканы эң жакшы окуя болду да!
Ал атасы менен апасынын талаадан кеч кайтып келишин да күтүп отурбады. Бул укмуш кабарды аларга тезирээк жеткирүү үчүн өзү талаага ашыкты.
Тики аркы өйүздөгү жүгөрүлөр өсүп жаткан жерге бадалдарды аралап чуркап жөнөдү.
Ал асма көпүрө менен аркы жээкке өтүп алды да, бир аз жүргөн соң ата-энесин көрдү: алар чарчашкандыктан кетменди зорго шилтеп жатышкан экен.
–Ата! Апа! – деп кыйкырды ал. – Кубанычтуу кабар апкелдим!.. – Тики Чоң шаардан келген катта жазылгандарды шашып–бушуп сүйлөп жатты.
Апасы кубанганынан жылмайып койду, атасынын жүрөгүн да сыймыктануу сезимдери ээлеп алды. Бирок бир мүнөт өтүп-өтпөй атасы карбаластап калды.
–Апкелген кабарыңа абдан кубандык… аябай кубандык, уулум, – деди ал.
–Бирок Чоң шаардагы ошол мектепке кантип барасың? Ушул учурда же мен, же апаң, же айылдагы башка бир киши сени жеткирип баруу үчүн талаадагы кызуу жумушун таштап кете албайт да. Азыр дыйканга ар бир күн, жада калса, ар бир мүнөт да кымбат! Таштап койсок түшүм набыт болуп калат, жетишээрлик оокат кыла албай калабыз.
–Өзүм эле кете берем, – деди ойлонуп отурбай Тики. – Мен күчтүүмүн! Күнгө карап бара берем да, туура айтылган дарек менен жетип алам.
–Жада калса, чоңдор мындай алыс жерге жалгыз барганга жүрөксүнүшөт, – деди муңайып атасы. – Өзүң ойлончу, жети күндүк жол э! Бийик тоолордон, шар аккан дарыялардан өтүүгө туура келет.
–Мага эч кимдин кереги жок, – деп чымыркана сүйлөдү Тики. – Мен коркпоймун. Тоолордон да, дарыялардан да өтүп кете берем.
–Жолуңда канча жапайы, коркунучтуу айбандар учурап калышын ойлоп жатасыңбы өзүң? – деп сөзүн улантты атасы. – Сенин баатыр экениңди го билем, бирок Имбвил жолборсуна каршы туруштук бере алар бекенсиң? Же Нкаламо арстанына каршы чыга аласыңбы? Же Нсофу пилине каршылык көрсөтө аласыңбы? Жок, жок, муну тыкыр ойлоп көрүш керек.
Тикинин кубанычы өчө түштү: мындай мүмкүнчүлүк бир келди эле, башка эч качан болбойт, демек, Чоң шаарда окуу анын колунан келбейт!.. Ал артына бурулуп кете турган болду.
–Тики, – деп артынан акырын чакырды атасы. – Капа болбо, балам. Аксакалдын алдына барабыз, акыл сурайбыз. Ал киши, албетте, бир жолун ойлоп табат. Ушу бүгүн кечинде анын үйүнө барабыз.
Күн батары менен аксакал жана анын кеңешчилери Гүлхандын айланасына топтолушту. Тики менен атасы арыраакка чөктүшүп. Аларга аксакал менен кеңешчилердин кебин угууга уруксат берилсе да, маектерине аралашуу, сүйлөөгө тыюу салынган болчу.
Гүлхандын маанайы ой баскан кишилердин көңүлүн көтөрүп турар эле…
Токойдон курбакалардын бак-бак этип бакылдашы жана саратандардын токтоосуз чыркылдашы угулуп, баары тым-тырс отурушат. Тики толкундануу менен ар бир кеңешчинин жүзүнө үмүттүү жалдырайт.
“Иши кылып, бир жолун ойлоп табышар! – деп миң ирет кайталайт ичинен.
–Мен орто мектепте сөзсүз окушум керек!”
Чоң кеңешчи сөз баштады:
–Азыр талаада абдан кызуу жумуш жүрүп жаткан мезгил, – деди ал. – Мындай учурда чоңдордон эч кимдин колу бошобойт. Тикини шаарга да жеткире албайт.
–Бирок бала шаарга барышы керек, – деп өз оюн билдирип кесе сүйлөдү пакене бойлуу, толмоч кеңешчи. – Эмне, башка ойдо да болушубуз ыктымалбы?
–Анда кимди жиберебиз? – деп сурады чоң кеңешчи.
Алар дагы ойлонуп калышты. Ортодогу жымжырттыкты аксакал бузду.
–Мафутаны жиберсек болбойбу? – деди ал.
Кеңешчилер таң калышып, бири-бирине карап калышты.
Мафута өтө айбаттуу болгону менен, аябай жалкоо эле. Жада калса аны балдар да жактырбайт болчу.
–Хм, Мафутаны дечи! Ал андан бетер болбойт! – деп ачуулана түштү узун бойлуу кеңешчи.
–Ал айылдагы эң бекерчи адам, – деп кошуп койду толмоч кеңешчи.
–Анын эч бир пайдасы жок! Күнү бою мээ кайнаган ысыкта бекер күн өткөрөт…
–Жомок айткандан оозу түк бошобойт!..
–Камыш сурнайын чалып жүргөнү-жүргөн…
–Бу айтканыңардын бардыгы чындык, – деди чоң кеңешчи. – Ал, балким, бүт Африка боюнча эң мыкты жомокчу, балким эң мыкты сурнайчы болушу ыктымал, демек ал ошол иштерине гана жарайт. Бирок, менимче, мындай татаал жумушту ага ишенип тапшырууга болбойт. Айрыкча, баланы ага кантип ишенебиз?
Чоң кеңешчи сөзүн бүткөнчө акырын баш чайкап отурду да, анан дагы бир кеңешчи мындай деди:
–Сөзүңөр туура. Мафута жалкоо жана камырабас неме, анын эч кимге деле пайдасы жок. Бирок силерден ушуну суранам, деги бул адамдын акылы барбы?
–Ооба, бар – деп жооп берди толмоч кеңешчи. – Анын пайдасы тийбесе да, кудай акылдан кем кылбаган.
–Ден-соолугу жакшы эмеспи? – деп кайра сурады аксакал. – Жок, жок, – деди арык кеңешчи. – Бул жалкоонун күчү эки буканы жыкканга жетет.
–Ал жаман адам эмеспи?
–Жок, жок, жаман адам эмес, – дешти бир добуштан кеңешчилер хор менен. – Мафутаны анча сыйлабасак да, эч кимибиздин ага карата өчөшкөн жагдайыбыз жок. Тескерисинче, ал адамдарды күлдүрүп, өзүнүн жомоктору менен көңүлүбүздү жазат. Ак көңүл адам.
–Демек, бардыгы белгилүү болду, – деп кеңешүүнү жыйынтыктады аксакал. – Тикини Мафута жеткирет. Анын күчү, акылы жана парасаты алыскы жолдо баланы коргоп барганга жарайт. Мафутанын сурнайы жана жомоктору Тикинин зеригип калуусуна жол бербейт.
Кеңешчилер баш ийкеп ыраазычылык билдиришти.
–Мафутанын бир канча күнгө жок болгону, – деди арык, сөзмөр кеңешчи, – жумуштун кызып жүрүп жаткан учурунда баарыбызга пайдалуу. Себеби адамдарыбыздын баары тер төгүп иштеп жүрүшөт. Албетте, Мафута да иштеши керек эле… Бирок анын кылган иши иштеп жатат деп айтууга болор бекен?! Кетменге сүйөнүп алып, күнү бою оозу токтобойт. Өзү да иштебейт, башкаларды да иштетпейт.
–Анын үстүнө, сурнайын чалса барбы, элдин бардыгы кетменин ыргытып, талаада эле бийлеп кетишет, – деп кошуп койду толмоч кеңешчи.
–Ооба, Мафута убактылуу айылдан чыгып кетсе, кайра жумуштарыбыз тездеп кетүүсү турган кеп, – деди аксакал.
Ошентип, Тикини шаардагы орто мектепке Мафутанын жардамы менен жеткире турган болушту.
Мындай чечимди угуп Тикинин кубанычы койнуна батпай атасына карады.
–Эми шаарга окууга барамын да, э?
–Ооба, кудай буюрса, – деп күлүп жооп берди атасы. – Чоң шаарга окууга барасың.
–Мафута менен бирге баруума каршы эмессизби?
–Менимче, Мафута менен бирге барганың жакшы. Аны бала кезинен бери билем. Акылдуу бала болчу. Азыр деле жакшы адам.
–Кана, эми бар, бара кой, Мафутаны издеп тап. Аксакалдар кеңешинин жыйыны чыгарган чечимден аны кабардар кыл.
Тики Мафутанын үйүнө чуркап кетти.
Кичинекей, көрүнүшү анча деле эмес үйдүн жанында чоң от жагып алып, Мафута казанга жүгөрү ботко бышырып жаткан экен.
Мафута Тикини көрүп жылмайды: ал дайыма үйүнө келген конокту ачык маанай менен тосуп алчу.
-Ии, сенсиңби, Тики! – деди үнүн бийиктетип. – Кечки тамакты бирге жейбиз, отко жакыныраак отур. Сени менен тамактануу мен үчүн чоң кубаныч.
–Жок, – деди Тики. – Мен сизге аябай зарыл кепти айтайын деп келдим…
Тики болочоктогу жол сапары тууралуу ага төкпөй-чачпай айтып берди.
–Сиз макул болосузбу? Жок дебейсизби? – деп сурады андан кабатырланып.
Мафута бир аз убакыт ойлонуп отурду. Тики бул учурда чочулагандай тиктеп турду ага.
–Макул, – деди Мафута. – Сени менен бирге барам. Жүгөрүзардагы оор эмгектен кутулат турбаймынбы!
Эми жол сапарына даярдык көрүү калды. Ар ким өз-өзүнчө Тикиге акыл-насаат айтып жатышты. Апасы суук токойдо түнөгөн учурда жакшылап оронуп жатууну кайра-кайра дайындады. Атасы токойдо адашып калбоону, жырткыч айбандардан абайлап жүрүү керектигин айтат. Кафунди агай аны бир четке чакырып, орто мектепте өзүн алып жүрүү эрежелерин кулагына куят. Аксакал Тикини үйүнө чакырып, ага жолдо учурай турган тоолор жана дарыялар жөнүндө кеңири сүйлөп берди.
Тикинин достору да курсант болуп жатышты.
–Аябай ооматтуу экенсиң, – деди Муленганын көзү күйүп.
–Канча жаңылыктарды, кызыктуу нерселерди көрөсүң!
–Африкадагы эң мыкты жомокчу менен бир жума сапарда болосуң. Бул эң чоң бакыт! – деди Мвана дагы.
Алар жолго чыга турган күн да келди. Асман чайыттай ачылды. Тикинин чоң билим сапарына аттанганына кубангандай, куштар да аларга жакын келип сайрап жатышты.
Апасынын гана бир аз маанайы чөгүңкү жүрдү. Ал Тикини кучагына бекем кысып, ага түндө оронуп жатуу үчүн калың жууркан, суу толтурулган идиш, жүгөрүнүн сотолору салынган тор баштык, күн ысып талыкшыганда жеп кубаттанып алыш үчүн үч даана анбах мөмөсүн берди.
Атасы анын колун бекем кысып, бир убакта чоң атасынан калган аңчынын бычагын жана тумарын – кабыландын тишин ага белек кылды. Тики тумарды мойнуна асып алды.
–Бычакты абайла, – деп дайындады атасы. – Аны дайым таза жана курч абалда сактап жүр. Ошондо бычак сага бир убакта чоң атаңа кызмат кылгандай керегиңе жарайт. Кабылан Имбвилдин тиши сени ар кандай жамандыктардан коргойт. Аны эч качан мойнуңдан түшүрбө.
Анан Тики аксакал, устаты Кафунди, достору жана ата-энеси менен коштошту.
Мафута Тикинин колунан бекем кармап алды.
Которгон: Гулнора Холматова