Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Көңүл буруңуздар, адабий сынак жарыялайбыз!
Урматтуу элге билим берүү тармагынын кызматкерлери,
Ардактуу кыргыз тили жана адабияты адистигине эгедер мугалимдер,
“Турар” басмасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Ала-Тоо” журналы мектеп окуучуларынын арасында атаандаштыкты пайда кылып, аларды адабий ишмердүүлүккө тартуу максатында кыргыз адабиятынын колдоочусу, маркум Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыгын изденип алуу үчүн сынак жарыялайт.
Сиздер тарбиялаган окуучулардын ичинен келечекте Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Төлөгөн Касымбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев сыяктуу заман залкарлары чыгышын каалайсыздарбы? Анда талант-шыгы бар окуучуларды адабий сынакка катышууга шарт түзүп бериңиздер.
Адабий сынак үчүн чыгармалар 12-арипте 5-10 бет компьютерде терилип, автордун сүрөтү, автор жөнүндө кыскача маалымат камтылып: ala-too2015@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүлүшү шарт.
Кабыл алуу мөөнөтү 2022-жылдын 5-декабрына чейин.
Байге фонду 100.000 сом
Бул каражат бардык адабий жанрларда(поэзия, проза, сын) жазылган чыгармалар үчүн төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт:
1- бир сыйлык – 30.000 сом Ардак диплому жана төш белгиси менен;
2- эки сыйлык -20.000 сомдон Ардак дипломдору жана төш белгилери менен;
3- үч сыйлык – 10.000 сомдон Ардак дипломдору жана төш белгилери менен;
Мындан тышкары адабий ишмердүүлүккө кызыктыруу максатында таланттуу окуучулар Ардак грамоталары менен сыйланышат.
Байланыш үчүн тел.: 0704 77 50 49