Обид Колдош: Адабий-философиялык ойлор

Обид Колдош – 1985-жылы Бухара облусунун Жондор районундагы Кулиён айылында туулган. Анын “Кыялымды алган кыз”, “Маңызга сергүү” аттуу китептери жарык көргөн. Өзбекстан Жазуучулар союзунун «Талант мектеби» VII республикалык жаш калемгерлер семинарынын катышуучусу. «Узбекистон бахори» («Өзбекстан жазы») чыгармачылык фестивалынын проза багытынын жеңүүчүсү. Эл аралык Туран жазуучулар ассоциациясынын мүчөсү. «Жондор овози» («Жондор үнү»), «Бухоро окшоми» («Бухара кечи») гезиттеринде иштеген. Учурда «Маънавият сарчашмаси» («Руханият башаты») гезитинин башкы редактору.

Адабий-философиялык ойлор

*****

Тилекке каршы, ушундай күндөр келет; “табигый” деген сөз «Кызыл китептен» орун алат.

*****

Акча менен “тирүү” соодагер, дүкөнүнөн ажырап калса, өзүн суудан кургактыкка чыгып калган балыктай сезет.

*****

Бактылуумун деп айтууга акылуумун. Анткени менин көзүм бактысыздыкты көрбөйт.

*****

Жадагалса, жыйырма төрт саат өмүрү бар көпөлөктөн деле бир нерсени үйрөнсө болот.

*****

Дүйнөдө адамдан да ашкан шүгүрсүз жанды көргөн эмесмин.

*****

Адамзат жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жеп бүтөт.

*****

Бардык адам түшүнө турган тилде жазылган мыйзам гана ийгиликтүү болушу мүмкүн.

*****

Ыйлагандан көрө күлүп өлгөн жакшы.

*****

Балык суунун агымына салыштырмалуу тескери сүзөт.

*****

Адамзат дайыма кечигип жүрөт. Ал энесинин карыганын өзү балалуу болгондон кийин гана сезип, анын кадырына жете баштайт.

*****

Ал сүйлөөдөн угууну, жазуудан окууну артык көрөт.

*****

Алар сени апыртуу менен мактап жатканда, кемчиликтериң жөнүндө ойлон.

*****

Адамдар эки топко бөлүнөт: канаттуулар жесин деп дан себүүчүлөр жана канаттууларды уулоо үчүн дан себүүчүлөр.

*****

Сабыр уйку эмес, ой.

*****

Уят-сыйыт – бул конституция!

*****

Бакыттын кадырына жетпеген адам гана бактысыз болот.

*****

Жер жүзүндө бир гана философ бар, ал – убакыт.

*****

Адамдар ушак-айыңды, тагдырдан наалыганды жакшы көрүшөт.

*****

Чуркоо үчүн бут, сүзүү үчүн кол, учуу үчүн канат, жашоо үчүн аң-сезим керек.

*****

Психология — адамды өзүн өзү алдап жашоого үйрөтөт.

*****

Анын шылтоосу менен жакындары кеминде беш жолу каза болгон. Ал ушул шылтоо менен кабинеттен чыгып кетет.

Таң каларлык жери, мындай учурларда ал киши өз күнөөсүн сезип, кыпындай да өкүнбөйт.

*****

Анын бир көйнөгү менен намысынан башка эч нерсеси калбады.

*****

Китеп окубаган кишилер менен маегим аба ырайы тууралуу болот.

*****

Сак бол, бул мактоо жана сыйлоо сени колго үйрөтүү үчүн тузак болушу мүмкүн.

*****

Канчалык сыртка умтулганыбыз менен чыныгы бакыт биздин жүрөгүбүздө.

*****

Бир макаланын же китептин автору 3-4 адам болгон учурларга да туш болуп отурабыз. Бу кандай гана өкүнүчтүү жана күлкүлүү.

Ар бир чыгарма балаңдай. Баланын атасы бирөө гана болот.

*****

Бийликке жакындоону каалаган адам ынандыруу өнөрүн билиши керек.

*****

Өзүң амал кылбаган ишти башкаларга сунуштаба.

*****

Жазуучу – хирург. Ал өзүнө гана операция жасайт.

*****

Бүгүн социалдык тармактарга байланып калган элдин келечегин ойлосом, коркуп кетем. Алдынкы технологиялар адамгерчиликтин негизги курамдык бөлүгүн – ак пейилдикти, кичи пейилдикти тартып алууда.

Өзүмдү сооротуп жатам: каражатка нааразы болбо! ..

*****

Аял – бул кенч. Акылдуу адам өз байлыгын жаман көздөн сактайт.

*****

Кудай менен толгон жүрөк адамдарга муктаж эмес.

*****

Максатсыз адамдын жалгыз аяк жолдо адашып жүргөн аракечтен такыр айырмасы жок.

*****

Канакей, ушул жамгырлар жүрөктөгү кирлерди да жууп кетсе экен.

*****

Жашооңдо негизгиси – бул биринчи орунга эмнени коюп жатканыңды аныктоо. Демек, бул үй-бүлөбү же чыгармачылыкпы, балким мансаппы, байлыкпы?

*****

Бир гана Кудайга ишенсе болот.

*****

Эл мүрзө үстүндөгү таштарды жасалгалоого маани берип жатышат. Бул куураган дарактарды жашыл түс менен боёп койгондон башка нерсе эмес.

*****

Жөнөкөйлүк —улуулуктун белгиси.

*****

Кайгыга шүгүр кылбай, кубанычты баалай албайт.

*****

Жаңылбаган адам чоңойбойт.

*****

Адамды түшүнүү үчүн жылдар эмес, аны түшүнгөн жүрөк керек.

*****

Автобуста жаш жигит улгайган адамга орун бошотуп берди. Эртең бул бала окууну бүтсө, бир жашы улуу киши өз ордун ага бошотуп береби?..

*****

Акылсыз адам кул болот.

*****

Максаты жок адам акыры кор болот.

*****

Баары жашоого кандай караганыңыздан көз каранды.

*****

Жаман адамдардын бар болгону үчүн да жакшылар кадырлуу.

*****

Өзүн эң билимдүү деп эсептөө тек гана акмактардын колунан келет.

Өзбек тилинен которгон: Нодирбек Юлдашев