2022-жылдын 9-декабрына белгиленген марафон соңуна чыкты

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо максатында 2022-жылдын 9-декабрына белгиленген Марафон жыйынтыкталды. Марафонго КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин өкүлү Б.Секимов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият ишмерлери, ишкерлер, акын-жазуучулар катышты. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер да четте калган жок. Багыт Бапанов баштаган калемгерлер 20000 рубль которду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин өкүлү Б.Секимов өз сөзүндө КР Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен жакынкы аралыкта Жазуучулар союзуна жаңы имарат берилерин, карызы жоюларын, акын-жазуучулар колдоого алынарын билдирди. Марафондун жүрүшүндө Кыргыз улуттук “Манас” театрынын чыгармачыл жамааты толугу менен…..

Айнуру Алтыбаева: “Көйгөйдү чогулуп чечүү кыргыздын канында бар”.

Марафонго акын-жазуучулар, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, маданият ишмерлери, окурмандар активдүү катышууда. Жогорку Кеңештин депутаттары, экс депутаттар да салым кошуп, жазуучулардан кабар алууда. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу чыгармачыл жамаат менен келип, жагымдуу маанай тартуулап, театрдын атынан 20000 сом салым кошту. КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин төрайымы Айнуру Алтыбаева көмөк көрсөтүп, “Көйгөйдү чогулуп чечүү кыргыздын канында бар. Ынтымактуу, биримдиктүү элибиз менен сыймыктансак болот” деген пикирин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты 20 000 сом тапшырды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафонуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы 20 000 сом тапшырды. Ыраазычылык билдиребиз!

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафону уланууда

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафонуна Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчилиги 100 доллар. Ишкер Маматкадыр Тиллебаев 20 000 сом, Казакстандагы “Мурас” кыргыз этномаданий бирикмеси 10 500 сом Дордой-Дыйкан базарынын директору Салымбеков Эркин Мааткабылович 10 000 сом Гүлмира Кулумбаева 10 000 сом салым кошту.

Улуттук китепканада Жазуучуларды колдоо марафону өтүүдө

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо боюнча марафон башталды. МарафондуЖазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков ачып берип, өтүп жаткан марафон ийгиликтүүболушун каалады. Маданият, маалымат, спорт жана туризм министринин катчысы Б.Секимов катышты. Марафонго жалпы акын-жазуучулар, белгилүү адабиятчылар, коомдук –мамлекеттик ишмерлер, ишкерлер ж.б катышууда. Кыргыз Республикасынын Эл акыны М.Ааматов: “Бул марафон адабияттын ойгонушу болсун, акын-жазуучуларга шарттар түзүлүп, дүйнөлүк деңгээлге чыга турган чыгармалар жазылсын” деген тилегин билдирди. Марафон кечке чейин уланат.

Марафондун өтө турган орду А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына которулду

Урматтуу мекендештер, Урматтуу калемдештер жана адабият сүйүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу 2022-жылдын 9-декабрында саат 10:00дө марафон өткөрөт. Марафондун өтө турган орду өлкөбүздө өтүп жаткан ЕАЭБ саммитине байланыштуу Мамлекеттик тарых музейинен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына которулду. Катышуучуларды Улуттук китепканадан күтөбүз. Марафондун максаты: КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасына 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1457071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызын төлөө; КР Улуттук жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоо; Улуттук адабиятты колдоо. 1934 – жылы уюшулуп, 2004 толугу менен…..

Улуттук жазуучулар союзу марафонго чакырат

Урматтуу мекендештер, Урматтуу калемдештер жана адабият сүйүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу 2022-жылдын 9-декабрында саат 10:00дө Улуттук тарых музейинде марафон өткөрөт. Марафондун максаты: КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасына 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1457071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызын төлөө; КР Улуттук жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоо; Улуттук адабиятты колдоо. 1934 – жылы уюшулуп, 2004 – жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынын “Улуттук” макамга ээ болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун марафонуна активдүү катышууга чакырабыз. Банктык толугу менен…..