Абдилаат Доор (поэма) Төрт саптарды, Өрт саптарды, Сегиз саптарды, Сары жөжөдөй Чакан дастанды Жазып жүрүп, Сөздүн тамырын Казып жүрүп, Өң- турпаттан Азып- тозуп, Акын болду Абдилаат Доор. Абдилаат Доор – Баш тамга менен, Ай тамга менен Жазылган акын. Калемчен болуп, Казатка келди. Сөз менен ооруп, Азапты жеңди. Абдилаат Али уулунун Кичи мекени – Лейлек аймагы, Жердин каймагы. Лейлек – Илек- илектин, Изги тилектин, Ачык жүрөктүн, Замзам, мүрөктүн Түнөгү. Шылдыр, шыр үн чыгат, Лейлектен күн чыгат. Булактын добушун Эч болбойт кулпулап. Көптөгөн көсөмдөр, Ак таңдай толугу менен…..