Шалом Алейхем
(02.03.1859–13.05.1916)
Классик еврей жазуучусу.
ЮНЕСКО тарабынан М.Твен, А.П.Чехов жана Б.Шоу сыяктуу дүйнөлүк адабияттагы улуу юморист-жазуучулардын бири катары таанылган. Шалом Алейхем – идиш тилинде «Силерге тынччылык!», орусча «Саламатсыңарбы!» дегенди түшүндүргөн псевдоним. Шалом Алейхемдин чыгармалары дүйнө жүзүндөгү ондогон тилдерге которулган. Кыргыз тилине анын бир нече аңгемесин 1968-жылы жазуучу, котормочу Касымбек Эшмамбетов которгон.
МАКИ
(Балдар үчүн)
«Уурдаба».
Жетинчи осуят
Балдар, угуп турсаңар, мен силерге азыр маки жөнүндө, болгондо да ойдон чыгарылган эмес, чынында эле менин башымдан өткөн окуяны айтып берем. Балалык кыялымда ак эткенден так этип, бассам-турсам такыр эси-көөнүмдөн кетпей, «өзүмдүн маким болсочу» дегенден башка бул жарык дүйнөдө мени аябай саматкан эч нерсе болгон эмес. «Тентек чокмор жыйнайт» дегендей, мен ошол «макини чөнтөгүмө салып жүрсөм, аны каалаган убакта алып чыксам, каалаганымды кессем, бүт досторумдун ичин күйгүзсөм», – дечүмүн…
Иосел Дардекенин хедерине барып жүргөнүмдө менин маким, чындыгында эптеп эле ошого окшогон бирдеме болчу. Каздын канатынан сууруп алып, бир жагын кыскартып, экинчи жагын узунунан тилип туруп, аны мен өзүм жасап алып, оюмда – бул маки деп элестетип, ал тургай муну менен бир нерсени кесүүгө да болот деп жыйынтык чыгарып койдум…
– Эй, мунуң дагы эмне, каяктагы бир каздын канаты го? Эмне эле аны кечке чейин кармалап-сермелеп отурасың? – деп, бети каткан теридей бырышып-тырышкан, өлө оорукчан атам мени жекирди да, адатынча ыкшып жөтөлүп калды. Омурткаң сынгыр! Муну ойнотуп эле койсо! Канаттары! Өхө-өхө…
– Сага эмнеге эле бул баланын ойногону жакпай жатат? Ойной берсин! – деп, болуша кетти түйтөйгөн кичинекей бойлуу, башына шайы жоолук салынган миштектей апам. Эмне эле ага кейип-кепчип жатасың? Кудайым кейигенди душмандарга эле берсин!
Кийинчерээк, Пятикнижняны1 окуп үйрөнө баштаган мезгилде менин жөнөкөй эле маким бар болчу, аны да өз колум менен жасап алгам. Мен апакемдин болот чач сайгычынын кичинекей бир сыныгын таап алып, аны жыгачтын таарындысына эптеп-септеп жатып киргизип, анан кумурага көпкө чейин өгөдүм, ал аз келгенсип, өгөйм деп жатып, манжаларымдын баарын канжалаттым.
– Карачы сенин балаңдын колдорун, карасаң эмне кылганын? – деп атам ач кыйкырык салып, манжаларымды кууштура кармап өзүнө тартканда, сөөктөрүм сынып кеткенсип кычырай түштү. Энесинин сүйүктүү алтын баласы! Өхө-өхө- өхөө…
– Олдо шору каткан жаным ай! – деп, атама жини келген апам менин боздоп ыйлап, тырышып каршы болгонума карабай, макимди күйүп жаткан мешке салып жиберди. Мына эмесе, деги экөөңөрдүн тең жаныңар жай алсынчы! Бирок мен көп убакыт өтпөй эле, ачылып-жабыла турган, ийрийген мизи бар, болгондо да жыгач сабы келишкен дагы бир башка макини таап алдым. Аны кантип таптың дебейсиңерби? Мага эртең мененки тамакка берген акчаны кезерип жүрүп ичпей-жебей чогултуп, анан Шлеймелеге он чейрек тыйындын жетисин нак берип, үчөөнү карыздап…
Эх, ал макини кандай гана жанымдай жакшы көрчү элем, кандай гана сүйчүмүн!
Хедерден ачка, чарчап-чаалыгып, таяк жеп жүрүп, (мен меламед2 Мотядан талмудду3 окуй баштагам, ал мугалимди элдин баары «Өлүм периштеси» деп коюшчу. «Уйду сүзгөн бука…» деген жерди окуй баштаганымда эле анын негедир куйкасы курушуп, мени жаакка чаап жиберчү) мен шоркелдей үйгө келер замат адегенде эле шкафтын астына катып кеткен сүйүктүү макимди алып чыкчумун. Хедерге аны алып барууга болбойт да, ал эми үйдө болсо, эч ким менин маким бар экенин билбеш керек болчу. Мен сүйүктүүмдү өөп-жыттап, аны менен ойноп, кагаздарды кесип, самандарды кыркып, анан нанды майда, аябай майда бөлүктөргө кесип, макинин учуна сайып туруп, рахаттана оозума салчумун. Кечинде уктар алдында тамдын чатырынан таап алган өгөөгө түкүрүп-түкүрүп туруп, макинин мизин жаркырата жакшылап тазалап, андан кийин дагы аябай өгөчүмүн.
Атам топусун кийип алып, адаттагыдай эле улам жөткүрө жөтөлүп коюп, талмудду окуп, кайра жөтөлүп, кайра окуп отурган. Апам ашканада камыр жууруп жаткан болчу. Мен болсо макимди өгөгөндүн кызуусуна кирип, анымды улам өгөп коюп… Анан эле, бир убакта уйкудан чоочуп ойгонгонсуп, ит көргөн кармүштөктөй атам чаңырып жиберди:
– Деги бул ким өзү, кечке эле чыйкылдатып жаткан? Эмне кылып жатат, бул айбан? Эй, эмне кылып жатасың дейм?
Анан менин жаныма жакын эңкейип, өгөөнү көрө коюп, тим эле бир жети баштуу желмогузду көргөнсүп, кулагымдан толгой кармап:
– Бул эмне, ыя? Эмне бул? Макиби? Өхө-өхө… Бычак менен өгөөнү колумдан жулуп алып кыйкыра баштады:
– Кем акыл, шүмшүк! Андан көрө колуңа китеп албайсыңбы? Өхө, өхө…өхө…
Мен адегенде акырын үңүлдөп, анан өкүрүп-бакырып ыйлап баштадым. Аксым, кыялы чатак атам мени жаактан ары бир нече жолу тартып жиберди. Жеңин шымалана түргөн апам ашканадан чуркап чыкты:
– Ыя, каран күн! Деги эмне болуп жатат дейм бул жерде? Эмне уруп жатасың баланы? Кудай алкагыр, сен эмнеге эле бул балага ысык боткодой жабышып калдың?
– Маки! – деп, ыкшып жатып, кышылдай кыйкырды атам. Бул эмне кичинекей балабы? Жалкоо, жан бакты десе! Өхө, өхө… Андан көрө китеп окубайбы? Таркыйып сегизге чыгып калды! Бул акмакка мен көргөзөм макини! Карасаң тапкан оюнун! Өхө, өхө…
Алда Кудайым ай! Бу менин макиме эмне мынча асылып калды, ал эмне кылыптыр ага?
Мен билгенден эле «Адам алсызы – урушчаак» дегендей, атам качан болсо кыжынып, дайыма ар кимге ызырынып, бүт дүйнөнүн баарын жек көрүп, бетинин чүкөсү чыгып, өңү ант ичкендей сапсары, өмүр бою оорудан көзү ачылбаган адам эле. Болбогон бир нерсе үчүн кыжыры кайнап, көп учурда мени тим эле бышырып жеп койгусу да келип кетчү. Дагы жакшы, андай учурларда апам байкуш чырылдап ортого түшүп, мага болушуп жатып, андан коргоп калчу.
Ал макимди дагы ыргытып жиберишти… Ыргытканда да кулак угуп, көз көргүс кылып, бир жума бою шимшилеп издесем да таптакыр таппай турган жерге жоготушту. Аны кандай гана жоктободум дейсиң … канча гана боздоп ыйлабадым, кайран гана менин татынакайым, сүйүктүү маким ай…
Хедерде олтуруп, Мотей-Өлүм периштеси «Бука уйду сүзгөнү үчүн» жаагымды шишитип, кыпкызыл болгончо чойгон кулактарымды делдейтип үйгө келгенимде – мени аягансып, боору ооругансып, мени түшүнгөн жалгыз гана досумдун мындан ары жоктугу, анын эч качан табылбасын эстегенимде, тим эле дүнүйө жүзү мен үчүн караңгы болуп, кайгы-муңга батып, аябай кайгы-капага түшчүмүн.
Жалгызмын… мен шордуу, жетим баладай жапжалгызмын. Түн ичинде акырын солуктап ыйлап жатып көлдөткөн көз жаштарымдын жаздыкка чыланганын эч ким көрбөйт. Хедерден келип, күнүгө эч кимге угузбай шолоктоп, ошол досумду эстеп, сыздап-боздоп ыйлап жатып уктайм.
Эртеси кайра эле хедерге бармай… «Уйду сүзгөн бука» жөнүндө кайталайм деп Мотей-Өлүмдүн периштесинен жаакка жеп, шишип-көөп, кыпкызыл болуп делдейгенче кулактарымды чойдуруп, үйгө келмей… кайра эле атамдын каарданып ачууланганынан калтырап-титиреп коркуу, анын жөтөлүн, каргап-шилегенин угуу, айланамда дегеле бир күлүмсүрөгөн пендени, көңүлдүү адамды көрбөй, бир мүнөт дагы маанайы жарык жашоо дегенди билбеген куураган көр турмуш… Мен бул чексиз чоң дүйнөдө жападан-жалгызмын, шорум шорподой кайнаган бактысыз баламын, менин эч кимим жок…
2
Бир жыл өттүбү, же бир жарым жылбы, айтор, баягы ызы-чуулуу калайман түшүргөн бычагым жөнүндө акырындап унута баштагам. Бирок менин деги эле бүт балалык кезимде маки үчүн азап тартуу бешенеме жазылган окшобойбу. Ошондуктанбы, айтор, менин шорума, укмуш, болгондо да жапжаңы, тим эле жаркыраган, өлүп кетейин, эң эле сонун, келишкен маки пайда болду. Ал тим эле устарадай курч, кош миздүү, жез алкактуу, сабы аппак сөөктөн, мыктары кыпкызыл жезден бөрктөлүп кадалган, иши кылып, ээ, кайсы бирин айтайын, анык керемет эле. Мага окшогон бечара балага мындай үч уктасам түшүмө кирбей турган баа жеткис маки кайдан келип калды? Оо, бул өзүнчө эле тарых, болгондо да кайгылуу, ошентсе да өтө кызыктуу, кунт коюп уксаңыздар экен!
Биздин үйдө батирде кандайдыр бир уюмда жалданып иштеген Герц Герценгерц деген еврейлик немис жашачу. Ал еврейче сүйлөбөсө, жылаңбаш жүрсө, еврейлердей капкара сакалы да жок болсо, кечиресиз, денесинин өйдө жагын гана жапкан күрмө кийип жүрсө… анан мен ага кандай мамиле кылмак элем? Мен сизден сурап жатам, бул еврейлик немис же немистик еврей менден минтип сурап турса, бооруң катып күлбөстөн, канткенде чыдап тура аласың?
– Айтчы, сүйкүмдүү кнабе4, Пятикнижнянын кайсы бөлүмүн бул ишембиде окушуңар керек?
– Хи-хи-хи, – деп бышкыра күлүп, жүзүмдү жапчумун.
– Айтчы, сүйкүмдүү киндхен5, Пятикнижнянын кайсы бөлүмүн бул ишембиде окушуңар керек?
– Ха-ха-ха, мен каткыра күлүп, андан дыргаяктап каччумун.
Мунун баары мурдараак, мен аны жакшы биле элек кезде болгон. Кийинчерээк бул немис Герц Герценгерц төрө менен жакындан таанышканда (ал биздикинде туптуура бир жыл жашады) мен аны аябай жакшы көрүп калдым да, анын сыйынбаганы, тамак ичээрде даарат албаганы менен такыр ишим жок болуп калды. Адегенде балалык кылып: «Бул адам жарык дүйнөдө кантип жашайт? Жер кантип аны жутпай көтөрүп жүрөт? Тамак эмне үчүн алкымына туруп калбайт? Эмне үчүн баш кийимсиз жүргөнү үчүн таз болуп калбайт?»– деп түшүнө албай жүрбөдүм беле. Анын үстүнө: «Бул еврей немис – соо адам эмес, кубулма киши, еврейге айланган немис, ал карышкырга да, жылкыга да, ал тургай өрдөккө да айлана алат»– деп Мотя-Өлүм периштесинин какшанып айтып жатканын өз оозунан уккам. Өрдөккө? Хи-хи-хи…Мына кызык…– деп ойлоп, ал тургай ичимден аны аячумун. Эмне үчүн Кудайга берилген, Кудай деген атамдын ага дайыма төрдөн орун берип, биздикине келген башка еврейлер да ага урмат-сый көрсөтүп:
– Саламатсызбы, Герц Герценгерц! – Сиз менен тынчтык болсун, Герц Герценгерц төрө! Олтуруңуз, Герц Герценгерц төрө! – дешкенин такыр түшүнө алчу эмесмин. Бир жолу чыдай албай, ал жөнүндө атамдан кызыгып сурасам:
Ал сенин ишиң эмес, жогол нары! Сен эмне эле бул жерде дайыма бутка илешип жүрөсүң? Андан көрө талмудду окубайсыңбы! – деп, мени кубалап жиберди.
Дагы талмуд! О, Кудайым ай!.. Мен деле немистин сөздөрүн уккум, аны көргүм келет!
Бир жолу бөлмөгө уурдана акырын кирип, бурчка тыгылып алып, алардын сөзүн тыңшай баштадым. Герц Герценгерц төрө жыты жагымдуу буркураган жоон кара сигарасын тартып, бир нерселерди айтып боорун тырмап, каткырып күлүп жатты. Капыстан эле атам мени көрө коюп жаныма келип, жаактан ары бир тартты:
– Сен дагы ушул жердесиңби, шүмшүк! Деги сен киши болор бекенсиң, дөдөй десе! Кудайым ай, бул баланын акыр түбү эмне болор экен? Өхө- өхө- өхө….
Герц Герценгерц төрө мага болушуп жиберди:
– Тийбеңиз балага, урбаңыз аны…
Бирок анын болушканына карабастан, атам ал жерден мени кууп чыкты. Мен колума талмудду алып, шүмүрөйүп отуруп калдым, бирок аны каяктан эле окуп жибергим келсин? Эмне кылуу керек? Мен бөлмөлөрдү аралап жүрүп, акыры Герц Герценгерц төрө жашаган эң жакшы делген чоң, жарык бөлмөгө келдим. Ал жер аябай кооз жана көрктүү болчу! Чырактар жапжарык күйүп, күзгүлөр жаркырап… Столдун үстүндө – чоң күмүш сыя челек, канаттан жасалган калем саптар, кишилердин, келишкен аргымактардын фигуралары, ар кандай таштан, сөөктөн жасалган оюнчуктар жана… маки. Кандай гана жасалгасы кооз маки! О, менде ушундай маки болсо гана? Анда кандай бактылуу болмокмун! Мен ал маки менен эмнени гана жасабайт элем? Кана, курч бекен, көрөйүнчү? Айиий… Тим эле чачты да опоңой эле шыпыра турган устарадай курч тура! Кандай гана асемдүү маки, пай-пай-пай!..
Көз ирмем, мына маки менин колумда. Эки жакка элеңдей, «бир мүнөткө, бир эле мүнөткө чөнтөгүмө салып көрөйүн»– дедим. Колдорум калтырайт… Жүрөгүм тим эле оозумдан ыргып чыгып кетчүдөй алеп-жалеп болуп, кулагыма тез-тез түрсүлдөп соккону угулууда. Кимдир бирөө келатат, баскан сайын өтүгүнүн кычыраганы угулуп… Бул Герц Герценгерц төрө болсо керек! Эмне кылуу керек? Маки менде кала берсин. Анан ордуна коюп коём, азыр бул жерден жоголуш керек, кетүү керек… Качуу, качуу керек!
…
…Кечки тамакты иче албадым. Апам чекемди басып көрдү. Атам мага кыжырлана тиктеп: «Бар, укта!»– деп кууп жиберди. Уктамак кайда? Көзүм жабылмак беле? Мен же өлүү, же тирүү эмес, жан кулактын учунда болгон абалдамын. Макини эмне кылам? Кантип ордуна коём?
– Кана, бери келчи: «Менин асылым!» – деп эртеси атам мени чакырып алып:
– Сен маки көргөн жоксуңбу? Адегенде мен коркуп кеттим. «Ал баарын, баарын билет болуш керек»– деп ойлодум. Аз жерден:
– Макиби? Мына, ал… – деп, айтып жибере да жаздадым. Бирок эмнегедир ал сөздөр көкүрөгүмө кептелип, калтыраган үн менен жооп бердим:
– Эмне деген маки? Кандай маки?..
– Эмне деген маки? Кандай маки? – деп коёт дагы.
Атам жини кайнай, мени туурады. Кандай маки болмок эле? Алтын маки! Биздин үйдө жашаган кишинин макиси, тентимиш! Өхө-өхө-өхө…
– Сен эмне эле бул балага дагы асылып калдың? – деп апам ортого түшө калды. Ал эчтеме билбейт, сен анын мээсин чиритип эле «маки, маки» дейсиң…
– Маки, маки! Кантип эле эч нерсе билбей калсын?– деди атам, жаны кашайып. Таң аткандан бери дүйнө астын-үстүн болуп, баарыбыз ызы-чуу түшүп, маки жөнүндө айтып жатабыз. Үйдүн баарын түп көтөрө аңтарып, издеп чыктык, а бул болсо:
– Эмне? Кандай маки?– деп сурайт. Жогол, бетиңди жуу, кеңкелес! Өхө-өхө-өхө…
Кудайга шүгүр, мени тинтишпегенине… Бирок эми эмне кылыш керек?
Макини тезинен такыр табылбай турган жерге катыш керек… Каякка катсам? Ии-и. Чатырга! Мен аны чөнтөгүмдөн тез алып чыгып, өтүгүмдүн кончуна сала койдум… Оокат ичип жатып, эмнени жеп жатканымды да сезген жокмун. Тамак кекиртегиме түйүлүп калып жатты.
– Эмне мынча шашып жатасың? – деп сурады атам.
– Хедерге шашып жатам,– деп жооп берип, манаттай кыпкызыл болуп кеткенимди сездим.
– Кандай гана тырышчаактык! «Адам жаманы – сопу, жыгач жаманы – соку» – дешет. Карасаңар, бул такыба сопуну? – деп жини келе карап, какшыктады атам.
Акыры тамак ичип бүтүп, дуба окудум.
– Ии, эмне хедерге жөнөбөйсүң, менин күл чачар такыбам? – деди атам.
– Эмне эле кубалап жатасың? Бала бир мүнөт болсо да жай отуруп алсынчы!
Чатырга чыктым… Макини айырмачтын ары жагына бекиттим.
– Эй, акмак, сен чатырга эмнеге чыгып кеттиң? Ал жерде сага суутуп коюптурбу? Түш батыраак! Азыр менден көргүлүктү көрөсүң, арам десе! Өхө-өхө-өхө…
– Мен бул жерден бир нерсе издеп жатам, – дедим, коркконумдан аз жерден чатырдан кулап түшө жаздап…
– Бир нерсе? Ал эмне деген бир нерсе экен, ыя? Эмне деп жатам?!
– Тал… эски талмудду издеп жатам.
– Эмне? Тал-муд? Чатырданбы? О, оңбогон арам порос! Азыр менден көргүлүктү көрөсүң, желмогуз десе! Өхөөхө-өхө…
Мен атамдын каарынан чоочулаган жокмун, коркконум эле макини таап албаса экен дегеним.Таап алышы мүмкүн да! Так бүгүн ошол жакка кир жайып, же түтүктөрдү сырдаш керек болуп калсачы! Кой, ал жактан макини алыш керек да, башка эч ким таба албай турган бир жакка катыш керек. Атам мени ар бир караган сайын жүрөгүм оозума тыгылып калтырайм, мага ал баарын билип-көрүп тургандай сезилет, дагы маки жөнүндө суракка алат го… Мен макини катар жер таптым. Сонун жер. Каердеби? Жерде. Дубалдын түбүндөгү чуңкурда. Аны көмүп туруп, кийин таппай калбайын деп, үстүн саман менен жаап койдум. Хедерден келер замат короого кирем да, акырын макини казып алам. Аны тазалап, сылап-сыйпап, моокумум канганча эле атамдын айкырыгы чыгат:
– Дагы каякка жоголдуң? Эмне сыйынганга барбайсың, сен –тилазар арабакеч, суу ташыгыч? Өхө-өхө-өхө…
Атам канчалык менин артымдан түшүп, куугунтуктабасын, ребе канча жолу урбасын, мен хедерден келип, менин асыл, жалгыз сүйүктүү жолдошум менен жолуккандагы рахаттануума салыштырганда, анын баары биригип бир болбогон эле нерсе. Бирок ал жыргалым мага ошончолук азап, жүрөктүн үшүн алган такай коркуу менен коштолуп жатпайбы.
4
Жай. Күн күүгүмдөнүп баратат. Аба салкындап калды. Чөптүн жыты аңкып буркурайт. Бакалар чардоодо. Самсаалаган булуттар айды жутуп алгысы келгенсип, анын артынан калбай көчүүдө. Күмүш табактай болгон ай бирде ага жашына калып, бирде чыга калууда. Ал такай эле жылып бараткандай… жылып бараткандай болсо да, негедир бир орунда эле турат. Атам чөптүн үстүндө жалаң күрмө жамынып, жылаңач отурат. Бир колу менен көкүрөгүн мыжып, экинчи колу менен жер сыйпалап, жылдыздуу асманды тиктеп коюп, ыкшып жөтөлөт… Айдын жарыгында анын өңү өлүк сыяктуу купкуу болуп, дал мен бычакты көмүп койгон жерде отурат. Астында эмне бар экенин билбейт да! Эгер билип калса эмне болмок? Эмне демек? Мен эмне болот элем?
– И-ии, сен менин эски макимди ыргытып жибердиң эле, менде эми андан да сонун, андан да жакшысы бар, – деп ойлойм мен. Сен азыр анын так үстүндө отурасың да, кай жерде отурганыңды деле билбейсиң. Ай-ай-ай, атакем!
– Сен эмне мышыктай болуп эле мени тикирейип тиктеп калдың? – деп жүзүн үйүрдү атам мага.
Эки колун куушуруп, тим эле байбачадай болуп отуруп калганын көр! Эмне, такыр эле кылар ишиң жокпу? Сен күйүп өлбөш үчүн, жубарымбек кетпеш үчүн кечки намазды окуган жоксуңбу? Өхө-өхө-өхө…
Атам: «Сен күйүп өлбөш үчүн, жубарымбек кетпеш үчүн» дегени анын ачууланбаганын, тескерисинче, анын көңүлү жайында дегенди билдирет. Чын эле, ушундай сонун, ар кимдин көңүлүн көчөгө азгырып турган жайкы түндө, ушундай таптаза абада кантип адамдын маанайы чөгүңкү болсун! Баары эшикте: атам, апам жана майда таш издеп, кумда ойногон кичинекей балдар. Герц Герценгерц төрө дагы короодо жылаңбаш басып, сигаретин тартып, немисче кыңылдап ырдап, мага карап күлүп коёт. Атамдын мени кубалап жатканына күлүп жатса керек. А мен болсом баарын шылдыңдап күлүп жатам. Бир аздан кийин баары уктаганы кетишет, а мен короого чуркап барып, (үйдүн ичи адам чыдагыс ысык болгондуктан, кире бериште жерде жатып уктайм) маким менен жыргап ойнойм.
Баары уйкуда. Айлана тыптынч. Эч кимге билдирбей, мышыктай болуп төрт буттап жөрмөлөп, абайлап короого жеттим. Мемиреген түн. Аба таптаза, сонун. Маким катылган жерге жетип, акырын казып алдым. Ал алтындай, жок, алмаздай жалтылдайт. Мен башымды көтөрсөм ай түптүз мага, менин макиме карап туруптур. Ал эмнеге минтип карайт? Терс бурулдум, дагы эле карап турат. Макини көйнөгүм менен жаап койсом деле, караганы-караган. Бул макини кантип алганымды… Кантип алганымды? Мен аны уурдап албадымбы!
Маки меники болгондон бери бул коркунучтуу сөз биринчи жолу менин оюма келди. Уурдаппы?
Демек, мен ууру турбаймынбы! Кадимки эле, чыныгы эле – ууру. Ал эми куран китептин онунчу хадисинде чоң тамгалар менен «Уурдаба!» – деп жазылуу турат. А мен болсом, муну уурдап алдым… Эми мени тозокто эмне кылышат? Ой-оой, уурдаган колумду кесишет… Казанга салып куурушат… Түбөлүк тозок отунда күйөм. Макини кайра бериш керек! Кайра ордуна коюш керек! Мага уурдалган мындай макинин такыр кереги жок! Эртең эле ордуна алып барып, коюп коём. Макини койнума салсам, мени тим эле куйкалап баратат. Жок! Эртеңге чейин аны көмүп коюш керек. Ай болсо, дагы эле бизди карап турат. Эмнеге карайт? Ал баарын көрүп турат. Ай – күбө… Мен акырын жылып барып, ордума жаттым, бирок кайдагы уйку? Таң атканча ары-бери оодарылып, чабалактап уктай албадым… Таңга жакын араң уктадым, анан түшүмө ай, темир чыбыктар, макилер кирди. Эрте ойгондум да, Кудайдан жалынып-жалбарып кечирим сурап, шашып-пушуп тамагымды ичип, хедерге чуркадым.
– Эмне мынча хедерге ашыгып жатасың? – деп сурады атам. Каякка жан талашасың? Кичине кечирээк барсаң деле эчтеме болбойт! Андан көрө тамактан кийин жакшылап сыйын, курандын сөздөрүн унутпай так айт. Диникайыр, оңбогур, Кудайды ойлобой, ойногонго шашып жатасыңбы, үлгүрөсүң, арам десе… Өхө-өхө-өхө…
– Эмне мынча кечиктиң? Бул жакты кара, – деди ребе мага, анан бурчта башын жерге салып мөгдүрөп турган менин бейтаалай жолдошум Сары Берлди сөөмөйү менен чукуп көргөздү. Көрүп жатасыңбы, бекерчи? Бүгүндөн баштап анын аты мурда айтылып жүргөндөй Сары Берл эместигин билип ал. Жок! Эми анын андан сонун аты бар: Азыркы аты : Береле ууру!
Кана, балдар менин артымдан кайталагыла: Бе-ре-ле уу-ру! Бе-ре-ле уу-ру! Бул сөздөрдү ребе созуп айтып, балдар аны хор менен кайталашты:
Бе-ре-ле уу-ру! Бе-ре-ле уу-ру! …
Мен таштай катып калдым, денем дүрүлдөп чыкты. Мээме эчтеке түшкөн жок.
– Сен эмне, маңбаш, унчукпай турасың? – деп, ребе катуу кыйкырып, мени жаакка бир чапты. Сен – кеңкелес, эмне унчукпайсың, баары ырдап жатпайбы! Сен дагы Бе-ре-ле уу-ру! Бе-ре-ле уу-ру! – деп ырда!
Менин тизелерим титиреп, колдорум калтырап жатты. Тишим тишиме тийбей шакылдайт. Айла жок, кошулдум: Бе-ре-ле уу-ру! Бе-ре-ле уу-ру!
– Эй, бекерчи, кемпай, катуураак, – деп кыйкырып жатты ребе. Катуураак! Катуураак!
Баарыбыз хор менен алыбыз жеткенче кыйкырып жаттык: Бе-ре-ле уу-ру! Бе-ре-ле уу-ру!
– Акырын, – деп күтүлбөгөн жерден ребе бизди токтотуп, столду колу менен тарс урду да, акырын, эми биз аны соттойбуз!
– Кана, Береле ууру, – деди созо сүйлөп ребе: «Менин кичине балам, бери келчи, кана ылдамыраак, ылдамыраак. Айтчы, бала, атың ким?
– Берл.
– Дагы кандай?
– Берл… Берл… ууру…
– Азаматсың, алтыным менин, – деп ырдагандай созо сүйлөп. Эми, менин сүйүктүүм, Кудай сага ден соолук бергир, кийимиңди чече гой. Ошентип, ооба, ошентип, бол ылдамыраак, суранам сенден! Дал ушундай, менин кымбаттуу Берлим!…
Берл энеден туума жылаңач болду. Шордуу, жер карап, кубарып, кыймылсыз, кудум эле өлүккө окшоп калды. Ребе жогорку класстагы окуучулардын бирин чакырып, андан сурады:
– Кана, Гершеленин чоңу, бул жакка тез чыккын да, мына мындай туруп, Береле кантип ууру болгонун толук айтып бер, а силер, балдар, кунт коюп муну уккула!
Гершеленин чоң энеси ар бир жуманын кечинде бир, кээде эки тыйын салган кереметтүү Меердин кружкасына Берлдин кол салганы жөнүндө болгон окуяны: Берл кружканын кулпусу болсо да кантип акчаны алганын; Берл чайырга малынган саман менен ал идиштен тыйын артынан тыйынды кантип алып чыкканын, анын апасы Злата кыркырак байкап калып, кружканы ачса, ичинен кара чайырга малынган саман чыкканын; Злата кыркырак аны айтып ребеге даттанганын; ребенин чыбыгынан кийин Берл жыл бою андан тыйынды алып чыгып, анан жекшемби күнү ал акчага таттуу токоч, момпосуй ж.б. сатып алып жеп жургөнүн мойнуна алганын ж.б. айтып баштады…
– Эми, балдар, аны соттогула! Силер кантип соттошту билесиңер. Бул силер үчүн биринчи жолку иш эмес. Ар бириң соопчулук идишинен тыйындарды уурдаган ууруга өзүнүн өкүмүн айтсын.
Гершеле, сен биринчи айт, саман менен соопчулук кружкадан тыйындарды уурдаган ууруну кантип жазалаш керек?
Ребе башын эңкейтип, көзүн жумуп, оң кулагын Гершелеге тосту. Ал эми Гершеле үнүнүн бардыгынча:
– Кружкадан тыйын уурдаган ууру кансыраганга чейин аёосуз сабалыш керек,– деп кыйкырды.
– Мойшеле, соопчулук кружкадан тыйындарды уурдаган ууруну кантип жазалаш керек?
– Соопчулук кружкадан тыйындарды уурдаган ууруну,– деди ыйламсыраган үн менен ал, – жерге жаткырып, экөө башынан, экөө бутунан кармап, дагы экөө туздуу сууга чыланган солкулдаган көк тал жаш чыбык менен уруш керек.
– Эми сен Топеле Тутарету, соопчулук кружкадан тыйындарды уурдаган ууруну кантип жазалаш керек?
Копеле Кукареку, «к» менен «г» тыбыштарына тили келбеген бала мурдун аарчып коюп, өз өкүмүн чыйылдап айтты:
– Тружтадан тыйындарды уурдатан ууру мындай жазаланат: балдардын баары ака жатын телип, анан бетине үч жолу үнүнүн бардытынча: ууру, ууру, ууру,– деп тыйтырыш терет!
Хедерде жер жаңырткан күлкү угулду. Ребе бармагы менен үнүн кооздоп жаткансып, кекиртегин кытыгылагансып койду да, синагогдогу кантордой болуп, мени чыгарды.
Алдыңарга чыккан Шолом, Нохум уулу! Кана айтчы, кымбаттуу Шоломка, соопчулук кружкадан тыйындарды уурдаган ууруга кандай жаза бересиң?
Мен айтайын десем, тилим бурууга келбей, безгек болгондой калтырайм. Аба жетишпей жатты.
Муздак кара терге түштүм. Кулагым чуулдайт. Мен алдымда турган ребени да, жылаңач ууру Берлди да, жолдошторумду да көргөн жокмун, менин көз алдымда аппак, жаактары ачылган, көп миздүү макилер, жалаң гана макилер. Ал эми эшик алдында ай илинип турат. Ал мага адам сыяктуу күлүмсүрөп кароодо. Башым айланып, көз алдымда баары: хедер, столдор, китептер, жолдошторум, эшикке илинип турган ай, курч миздүү макилер баары токтолбой эле тегерене баштады. Менин буттарым титиреп, жыгылганы турганымды сездим. Дагы бир көз ирмемде кулап түшмөкмүн. Эптеп, бардык күчүмдү жыйнап, жыгылбай калдым.
Кечинде эки бетим оттой күйүп-жанып, кулагым чуулдап, үйгө араң келдим. Мага бир нерселерди айтып жатышат, бирок түшүнгөн жокмун. Атам адатынча бирдемени айтып ачууланды, урайын деди эле апам канаттары менен жөжөлөрүн душмандан коргогон тооктой болуп, алжапкычы менен мени тосуп, болуша кетти.
Мен эчтеме уккан да, уккум да келген жокмун. Тезирээк эле түн кирсе, макиден кутулушум керек. Эмне кылуу керек? Мойнума алып, аны кайра ээсине берсемби? Анда мени таалайына таш тийген Берлдин тагдыры күтүп турат да… Акырын таштап койсомбу? Байкап калышсачы…
Ыргытып жибериш керек! Иши кылып андан кутулсам эле болду! Бирок аны таап алышпас үчүн кайда жоготом? Чатыргабы? Үнүн угушат да. Короогобу? Ал жерден таап алышсачы. И-ии, таптым, билем эмне кылышты. Айла бар! Сууга ыргытуу керек! Өлүп кетейин, эң жакшы чечим! Биздин короодогу кудукка… Бул ой мага абдан жаккандыктан, ойлонгонду токтоттум да макини алып, кудукка чуркадым. Менин колумда маки эмей эле адам жийиркенерлик өтө ыплас нерседей, уулуу чаар жыландай сезилди. Антсе да аянычтуу! Ушундай сонун маки! Жүрөгүм сыздап кетти. Бир мүнөттөй арсар боло аны кармап турганымда негедир ал кыймылдагансып, жандуу нерседей сезилип кетти. Кудайым ай, бул маки үчүн көрбөгөнүм көр болду го! «Арамдык азап тарттырат» деген чын турбайбы! Ичкеним ирим, жегеним желим болбодубу. Дагы аяп коём аны! Бар күчүмдү жыйнап туруп, колумду ачып жибердим… «Чулк!» деген дабыш болду, тынчтык… Маки жок! Дагы бир мүнөттөй кудуктун жанында үнсүз турдум, эчтеме угулбайт. Кудайга шүгүр, кутулдум!
Бирок жүрөгүм тызылдап турду. Кандай гана келишкен маки эле! Кандай гана маки! Жатайын деп төшөгүмө келе жатып, ай дагы эле алыстан мени аңдып жаткандай сезилип кетти. Ал асмандан баарын көрүп: «А сен, баары бир уурусуң! Карма! Сок ууруну! Чап ууруну!» – деп жаткансыды.
Төшөгүмө келип жаттым. Түшүмдө чуркап баратыптырмын, анан учуп баратам, ал эми колумда баягы маки, ай болсо алыстан мени карап: «Карма! Ууруну сок! Ууруну теп!» – деп кыйкырып жатты.
6
Узак, узак түгөнбөгөн түш. Жаман, кыжалат кылган түштөр. Этим от менен жалын. Башым көтөрүлбөйт, кулагым чуулдайт. Көз алдымда – кыпкызыл тосмо. Мени ысытылган темир чыбык менен сабап жатышат, кансырап, эсим ооп баратат. Айланамда капкара жөргөмүштөр заарлуу желесин жайып, миңдеген жыландар уулуу тилдерин соймоңдотушуп, мени чаккысы, өлтүргөнү сойлоп келатышты…Капыстан эле жаңырыктаган үн менен бирөө өкүрөт: Соккула аны! Ургула аны! Чапкыла аны! Ал – ууру! Ал – ууру!
А мен болсо кыйкырып жаттым:
– Айды алып таштагылачы! Макини ага бергиле! Эмне үчүн Берлди кыйнайсыңар? Ал күнөөлүү эмес! Мен – уурумун! Уурулук кылган – мен!
Андан ары эсимден тандым окшойт, айтор, эч нерсе билбей калдым.
…
Адегенде бир көзүмдү ачтым, анан экинчисин. Мен кайдамын? Төшөктө жатсам керек. Бул жерде эмне кылып жатам? Керебеттин жанындагы отургучта ким отурат? А, бул сенсиңби, апаке?
Апам! Ал мени укпай жатат. Апа! Апа! Апа! Бул эмнеси? Мен катуу, алымдын жетишинче эле кыйкырып жатпайымбы? Тыңшасам, ал акырын шолоктоп ыйлап отурат. Анан өңү керсары, арык, оорукчал атамды көрдүм. Ал талмудду алып, бир нерселерди шыбырап, жөтөлүп, онтолоп коёт да, оор үшкүрүнөт. Мен өлүп калсам керек… Чын эле өлүп калдымбы? Анан эле көзүм ачыла түштү, башым да жеңилденип, бүт денем жепжеңил боло түштү. Адегенде бир кулагым зыңылдап, анан экинчиси. Чүчкүрүп жибердим.
Дениң сак болсун! Дениң сак болсун! Кудайым жалгады! Куттуктайбыз!
– Сүйлөп жатсак, чүчкүрбөдүбү! Кудай жалгады!
– Кудай улук! Балабыз айыгып кетет, Кудай жардам берди, атыңдан айланайын Кудайым!
– Тезинен Минцаны, касапчынын аялын чакырыш керек. Ал көз тийгенге ырым-жырым жасаганды абдан жакшы билет.
– Доктурду чакырыш керек, доктурду!
– Доктурду? Эмнеге? Болбогон сөз. «Ал – доктур». Жараткан – баарынан мыкты дарыгер, атыңан айланайын Кудайым!
– Эки жакка жылгыла, айланайындар! Бул жерде дем алуу кыйын. Аба жетишпей жатат.
Бошоткула айланасын!
Баары менин карегим менен тең айланып бөпөлөшүп, ар кимиси келип башымды сылап жатышты. Мени көз тийгенден эмдеп-домдогон аял чекемди жалап, анан түкүрүп салып шыбырап-күбүрөдү, апам мага өнтөлөп, оозума ысык шорпону үйлөп бир аз муздатып куюп, варенье салып чай берип, далбастоодо.
Баары жанымдан кетпей, мени тим эле көзүнүн карегиндей коргоп, тооктун шорпосун, этин беришип, кичинекей баладан бетер бир мүнөткө да жалгыз калтырышпай… Апам жанымда такай болуп, мени кантип эс-учу жок жаткан жерден таап алышканын, эки жума бою ысып-күйүп, бака болуп чардаганымды, темир чыбык жана макилер жөнүндө жөөлүгөнүмдү улам-улам кайра башынан түшүп айтып жатты. Баары мени өлүп калат деп ойлошуптур. Анан эле мен жети жолу чүчкүрүп туруп, тирилип кетиптирмин.
– Азыр көрүп жатабыз, Кудайдын кудурети менен жакшы болгонуңду, – деп көз жашын сүртүп отурган апам жанагы сөздөрүн дегеле аяктачудай көрүнбөйт. Канча күн ыйлап-сыктап, көз жашыбызды төктүк, мен дагы, атаң дагы, тим эле кан жуттук го. Бизге Кудайдын боору ооруду окшойт! Жалгызымдан аз жерден айрылып кала жаздабадыкпы, алдыңа кетейин десе! Анын баары эмнеден, ким үчүн болду? Оңбогур ребе сабаган кайсы бир бала, Берл деген ууру бала үчүн, аны тигил ырайымсыз өлгүдөй сабаган тура! Сен хедерден келгенде же өлүү эмес, же тирүү эмес абалда болчусуң.
Мына каракчы, мына капыр, Кудай жазаңды гана бергир! Жок, балам! Кудай берсе, бутуңа туруп, жакшы болгон күнгө жетебиз да, сени каргыш тийген жанкечти, каракчы Өлүм периштесине эмес, башка ребеге беребиз!
Бул кабар мени аябай кубантты, мен апамды бекем кучактап, өөп жибердим.
– Менин сүйүктүү апакем!
Атам жаныма келип, өзүнүн кан-сөлү жок, муздак колун чекеме коюп ачууланбай, жумшак гана:
– Коркуттуң го бизди, шайтан десе! – деп койду.
А еврейлик немиси же немистик еврей Герц Герценгерц тамеки салынган канжасын тиштеген бойдон өзүнүн сакал муруту алынган бетин жакындата мага эңкейип, жаагымды сылап, немисче:
– Гут, гут! Жакшы, жакшы! Айыктың! – деди.
Эки жумадан соң, мен дурус болгондон кийин атам мага:
– Эми, уулум, хедерге баргын, башыңдагы маки жана ага окшогон болбогон нерселерди унут. Адам боло турган убагың келди. Сен онго чыктың, үч жылдан кийин, Кудай кааласа, сен кылган иштериң үчүн Кудай алдында өзүң жооп бересиң.
Ушундай насаат сөздөр менен атам мени жаңы ребеге, Хаим Котерге узатты.
Ачуулуу атамдан өмүрүмдө биринчи жолу ушундай жылуу-жумшак сөздөрдү угуп, мен анын дайыма мага ыксыз асылганын, каргыш-илкиштерин, жаакка чапкандарын дегеле эч качан болбогондой бир заматта унуттум. Эгерде уят болбосо, аны кучактап өөп жиберет элем, бирок… атасын кантип өпсүн?
Апам хедерге бара жатканда бир бүтүн алма, анан эки жарым пул берди. Немис дагы эки тыйын берип, жаагымды сылап, немисче:
– Жакшы бала! Гут! Гут! – деди.
Мен тим эле жаңы төрөлгөндөй, талмудду колтугума кысып алып, жан дүйнөм тазарып, башымда жалаң жакшы ойлор, аппак жүрөгүм менен, Кудайга жагар аруу ойлорго батып, хедерге жөнөдүм.
Күн мени карап, өзүнүн жылуу нурлары менен мага салам айтып жаткансыйт. Жел болсо эркелетип, саамайларымдан акырын сылагансып желбиретет. Айланамда түркүн куштар безеленип сайрайт. Мен баспай эле учуп бараткансыйм. Чуркагым, секиргим, бийлегим келет. Ах, ах, бул жашоодо ак ниет болуп, уурулук кылбай, калп айтпай жашаган кандай жакшы! Уурулук – ийнеден башталат да. Мен болсом, маки уурдап… Эми мындан ары эч качан, эч качан андай арамдыкка барбайм.
Мен көкүрөгүмө талмудду кысып, хедерге кубанычтуу шашылам. Талмудду кармап туруп, эч качан бирөөнүн буюмуна тийбейм, эч качан катып албайм, уурдабайм деп ант берем! Эч качан жашырбайм, ак ойлоп, адал жашайм, дайыма ак ниет, ак ниет, ак ниет болом!
1Пятикнижня –беш китептен турган диний окуу куралы
2Меламед – мугалим
3Талмуд – байыркы еврейлердин ыйык көргөн диний китеби
4Кнабе – бала (нем.)
5Киндхен – уулум, балам (нем.)
Орусчага которгон: Б.ПЛАВНИКА Чыгармалар жыйнагынын 5-тому. Москва, 1960.
Кыргызчага которгон: Афина Абдылдаева