Джанни Родари: “Апчхини” эсептеген аял

Джанни Родари

(1920-1980)

Италиянын балдар жазуучусу

“Апчхини” эсептеген аял

Гавиратеде бир аял жашаган экен, ал күнү бою ким канча жолу чүчкүрөөрүн эсептеп чыгуу менен алек болгон, анан ал жөнүндө өзүнүн курбуларына айтып берип, ошолор менен бирге көпкө дейре калп-чынды аралаштырып “апчхи” жөнүндө айта беришчү.

-Аптека кармоочу киши жети жолу чүчкүрдү, – дептир ошол аял.

-Андай болушу мүмкүн эмес.

Кудай бар, эгерде мен калп айтсам менин мурдум түшүп калсын! Ал түшкө беш мүнөт калганга чейин туптуура жети жолу чүчкүрдү.

Алар ошол окуяны көпкө чейин талкуулашып, акырында аптека кармоочу киши ич алдырчу дарыга суу куят экен деген жыйынтыкка келишти.

-Сопу он төрт жолу чүчкүрдү, – деп аял элеп-желеп болуп, өңү-башы кызарып кайта-кайта айта берди.

-Сен жаңылышкан жоксуңбу?

-Эгерде ошол айтканымдан бирөө кем болуп калса, анда менин мурдум түшүп калсын.

-Эгерде мындан ары да ушундай боло берсе, дүйнө жүзү эмне болуп кетээр экен! Кайрадан калпты-чынды көпкө чейин айтып отурушуп, сопу өзүнүн салатына сууну көп куят экен деген жыйынтыкка келишти.

Бир жолу баягы аял жана анын курбулары (бир жумада жети күн болсо анын курбулары андан да көп эле) айткан сөздөрүн тыңшап бакан ооздук кылуу үчүн синьор Делионун терезесинин түбүнө жашырынып туруп алышкан. Бирок синьор Делио чүчкүргөн жок, анткени, ал асмай жыттап суук тийгизип алган эмес.

-Бир жолу да чүчкүргөн жок, – деп алиги аял кабагын түйдү.

-Мына ушул жерде бир балакет бар болуш керек.

-Албетте, – деп аны кубатташты курбулары.

Таксыр Делио алардын сүйлөшүп турган сөзүн угуп койду. Ал жанчылган калемпирди алып туруп аны суу бүрккүчкө салды жана терезенин түбүнө жашынып алган ушакчыга байкатпай туруп башына чачып койду.

“Апчихи” дегенди эсептеген аял ошол жерден чүчкүрүп жиберди.

-Апчхи! Апчхи! – деп курбулары анын чүчкүргөнүн эсептеп токтоно алышпай коюшту.

Баягы “апчхини” эсептеп жүргөн аял:

-Мен силерден көп чүчкүрдүм, – деди бир кезде.

-Жок, биз көп чүчкүрдүк, – деп кыйкырышты курбулары.

Ошентип, аялдар бири-бири менен чачташып, жулмалашып, токмоктошо кетишти. Алардын көйнөктөрү айрылып, ар биринин бирден тиштери сынып кетти.

“Апчхини” эсептеген аял ошондон тартып өзүнүн курбулары менен сүйлөшпөй калган. Ал аял кичинекей жазма китепче менен калем сатып алып, өзүнчө жападан жалгыз жүрө берген. Ар бир “апчхини” өзүнүн жазуу китепчесине кошуу деген белги коюп жүрө берген.

Ал киши бул дүйнөдөн кайткандан кийин анын жазма китепчесин адамдар таап алышып, алиги кошууларга толгон китепчени көрүшүп, алар таң калышкан.

-Карагылачы, мына бул кошуулар менен өзүнүн жакшы иштерин белгилеп жүргөн болсо керек! Ал адамдарга аябай көп жакшы иш кылган көрүнөт! Эгерде ал аял бейишке чыкпай кала турган болсо, анда бизди бейишке таптакыр жолотпойт.

Которгон: Самансур Бөлөкбаев