Балдар адабияты

Нургазы Ахмедулин (Миңкара): Айткылачы, ким кыйын?

Түш

Төмөн жакты карасам:

Үй үстүндө баратам.

 

Мышык итти кубалап,

Жүргөн экен “ураалап!”

 

Коён кармап карышкыр,

Тишин жулуп салыптыр.

 

Топтой тепкен түлкүнү,

Көрдүм баатыр кирпини.

 

Эл кызыкка батыптыр,

Балык ырдап жатыптыр.

 

Чычкан, короз экөөлөп,

Пилди жүрөт жетелеп.

 

Кээде-кээде желдирип,

Пилди жүрөм мен минип.

 

Пилден жерге куладым,

Чуулдады кулагым.

 

Мына кызык, керемет!

Кулаганым керебет!

 

          Сен дагы

Күн мээрими төгүлүп,

Тоо башынан торолду.

Тунук мөлтүр тамчылар,

Тып-тып тамып жоголду.

 

Суулар тунуп, кашкайып,

Колот ылдый жүгүрөт.

Күнгө  ыраазы болгондой,

Балатылар күбүнөт.

 

Көктөм күнүн сагынып,

Куштар көккө талпынат.

Айлананын ажары,

Көркөм элес калтырат.

 

Күн таажысы – боорукер,

Жылуулугун аябайт.

Сен да туруп эртелеп,

Аткан таңга салам айт.

 

Беш өрдөк

Балбан болгом башында,

Туура эки жашымда.

Чап кармашып билектен,

Аюу менен күрөшкөм.

 

Күлүктүгүн билгенмин,

Ташбакага мингенмин.

Тоодон түшүп келатып,

Топоз алгам мен атып.

 

Барбайм десе, сүйрөшүп,

Балык менен сүйлөшүп.

Отун ташып токойдон.

Көпөлөккө дос болгом.

 

Айтсам дагы чынымды,

Айга учургам чымынды.

Айдан келип ал чымын,

Айтып берген бардыгын:

 

“Түн аларда күн экен,

Күн аларда түн экен.

Тең жартысы көл экен,

Тең жартысы чөл экен.

 

Төөлөр талдын башында,

Төрөлүшөт жазында.

Айтор, укмуш кызык көп,

Чычканы жок мышык көп.

 

Көргөнүм чын таңгалба,

Көрбөгөндөр арманда”.

–Десе, чымын маңдайда,

Ишеналбай андайга,

 

Өкүнгөнмүн ошондо,

Өзүм барбай калганга.

 

Чокуда

Жай мезгили жайлоодо…

Көз чаптырып койлорго.

Тал чокуда турамын,

Алпурушуп ойлорго.

 

Карап алды жагымды,

Жаям алаканымды.

Көкүлүмөн жай сылайт,

Тоонун жели жагымдуу.

 

Мурун кайдан билипмин,

Азыр тоодон бийикмин.

Эркелетип жаткансыйт,

Маңдайымдан тийип күн.

 

Кандай укмуш! Карасаң?!

Мага кызык, сага таң,

Булут көчсө тушумдан,

Мен да жылып баратам.

 

Көктөм

Жаз келди,

Гүлдөр жайнап.

Алма бак.

Бүчүр байлап.

 

Жел жүрөт,

Булут калкып.

Күн күлөт,

Нуру жаркып.

 

Аскалар,

Шиштей учтуу.

Коо-колот,

Жыпар жыттуу.

 

Жер-жашыл,

Асман көпкөк.

Ар кайсыл,

Гүлдөр: ак, көк…

 

Каркыралар

Каркыралар асманда,

Тизилишип саптарга.

Учуп бара жатышат,

Улам жылуу жактарга.

 

Желе тартып алышат,

Бирдей канат кагышат.

Жайлуу кооз жерлерден

Жаңы достор табышат.

 

Айткылачы, ким кыйын?

Көргүлөчү Калдарды,

Таңгалдырды балдарды.

Жүзгө чейин такалбай,

Санап берет сандарды.

 

Көргүлөчү Саматты,

Бир да билбейт санакты.

“Рга” тили келбестен,

“Ый” дей берип жадатты.

 

Бекинди көр бештеги,

Бышык чыгат сөздөрү.

Жаман жери дайыма,

Батинкеси тескери.

About the author

Жазуучулар Союзу