Сыйкырдуу балта
Илгери ашынган сараң бай болуптур. Ал байлыгынын ашып-ташып турганына карабай, малчыларынын акысын бербей картайганча иштетип, кийин карыганда кууп жиберчү экен. Мына ошол бай бир койчусун кырк жыл иштетип туруп, аягында чычкак улак бербей кууп жиберет. Айласы кеткен абышка ачуусу келип байдын үстүнөн казыга арызданат. Бирок, казы кедейге болушкандын ордуна байдын сөзүн сүйлөп жардынын өзүн айыпка жыгат.
-Ушунча жыл сени багып келген байга ырахмат айткандын ордуна, ага доомат койосуң, – дейт ал. Натыйжада бечара абышканын он чакты коюн, музоолуу уюн, минген өгүзүн тартып алат.
Ошентип абышка кемпири менен же жумуштан жок, же анча-мынча жан сактап келген малынан жок жепирейген кепеде ачка калат. Акыры айласы кеткен чал токойдон отун алып базарга сатып жан сактамак болуп токойго жөнөйт. Бирок, отун кыяр балтасы да, отун жүктөр өгүзү да жок болчу. Бечара чал эптеп отун чогултуп, жонуна артайын десе бели ооруп, буту сыздап алы келбейт. Ошондо ал бир дүмүргө отура калып буркурап ыйлап баштайт.
-Жок дегенде отун алар балтам болсочу, же отун артар өгүзүм болсочу, – деп буркурайт. Ал ошентип отурганда жакын эле жерден бирөөнүн чыйылдаган үнү угулат. Абышка алгач аны чымчыктын сайраганына окшотот. Бирок, дагы бир нече жолу кайталанганда кимдир бирөө сүйлөп атканын байкайт. Ошондо элеңдеп тура калып эки жагын кунт коюп тыңшайт. Байкаса жанагы үн:
-Атаке, атаке! Менден отун алар балта сураган сизсизби? – деп сүйлөп жатыптыр. Үн чыккан жакты ээрчий карап отуруп тээ куураган карагайдын үстүндө турган тыйын чычканды көрөт.
-Сенсиңби айланайын мага сүйлөп аткан? – деп сурайт андан абышка.
-Ооба атаке, менмин. Сиз эмнеге ыйлап отурасыз бул жерде? – дейт тыйын чычкан.
Арманы аттын башындай көп абышка ага болгон дартын айтып берет.
-Өмүр бою байдын малын багып, коюн кайтардым. Бирок, акыры минтип картайып калганымда ал мени кубалап жиберди. Натыйжада, кылаарга ишим жок кантип жан сактаарымды да билбей турам. Жок дегенде отун кыяр балтам жок же отун артар өгүзүм жок, – дейт ал. Тыйын чычкан аны угуп бир саам отурат дагы куураган карагайдын коңулундагы уясынан кичинекей балта сууруп чыгып абышкага берет.
-Меңиз, мобул балтаны алыңыз. Бул балта жөнөкөй балта эмес. Бул сыйкырдуу балта. Муну менен каалаган жыгачтан каалаган оокатыңызды жасап алсаңыз болот. Болгондо да аларды алтын, же күмүш кылып жасап берет. Сиз балтаны кармап турсаңыз эле болду. Ал баарын бир заматта өзү кылат, – дейт тыйын чычкан.
Бечара абышка тыйын чычкандын айтканын угуп, балтасын алып сүйүнгөн бойдон үйүнө жөнөйт. Жолдо баратканда анын алдынан баягы өзүн кубалап ийген бай жолугат.
-Ии, койчум, кандайсың? Кайдан келетасың? Негедир бүгүн кабагың жарык көрүнөт, олжолуу келетасың го, – дейт ал. Абышка байдын кергиштеп сүйлөгөнүн көрүп ага бир сыр көргөзгүсү келет.
-Ээ байым, сага чоң ыракмат. Мен сенин коюңду багып жүрүп устачылыкты аябай жакшы үйрөндүм. Эгер ишенбесең карап тур. Сага азыр тетиги турган дөңгөчтөн күмүш ээр чаап берем, – дейт. Бай анын айтканына ишенбей каткырып күлүп, шылдыңга алат.
-Дөөрүп калгансың го сен. Кайдагы устачылыкты айтып жатасың? Жаман өгүзүңдүн ээрин токуп мингенге жарачу эмес элең, – дейт бай.
Бирок, абышка анын күлгөнүнө көңүл бурбай түз эле илгери кыйылган карагайдын дүмүрүнө барат. Тыйын чычкан берген кичине балтаны сууруп чыгып, ары-бери тоңкулдатып ура баштайт. Чынында, абышка балтаны башкарбай эле балта абышканы башкарат. Бай болсо анын сырын байкаган жок. Ага абышка укмуштуудай уста болуп кеткендей көрүндү. Себеби, ал урган сайын тоголонуп жаткан дүмүр ээрге окшошуп бараткан эле. Ошентип арадан чай кайнам убакыт өтпөй, абышка байга келишкен күмүш ээр жасап берди.
Бай абышканын бул өнөрүнө таң калып, көзү чакчайды. Жаңы эле жасалган ээрдин кооздугуна суктанып аны сурабай эле алып кетмекчи болду. Ошондо абышка,
-Мейли, алсаң ала бер. Андай ээрлер мага байлык деле эмес. Мен керек болсо жыгачтан алтын ээр чапканды билем, – деп камырабай үйүн карай жөнөдү. Алтын дегенди укканда көзү ого бетер чакчая түшкөн сараң бай абышканын артынан бөйпөңдөй чуркады.
-Айланайын, токтой тур. Алтын ээр жасаганды билем дейсиңби? Кана тээ тиги дүмүрдөн мага алтын ээр жасап берчи, – деди ал. Байдын жалдырап турганын көргөн абышка ичинен кымыңдап сүйүндү. «Сенден өч ала турган маал келди» деп кубанды ал.
-Ээ, байым, ушунча жыл малыңды багып, корооңдо жан сактадым. Эми ушул тилегиңди кантип орундатпай койоюн.
Абышка ушуну айтып дагы бир жыгач дүмүргө барды да, акырын тоңкулдата ургулап отуруп тайдын ээриндей чакан алтын ээр жасады. Бай муну көргөндө өзүн кармай албай ээрди басып жыгылды. Дароо жонуна артты да атына минип жуп жөнөй турган болгондо абышка дагы кымылдап сүйлөндү.
-Мейли, кетсең кете бер. Бирок бир аз чыдай турсаң бул өнөрдү сага да үйрөтмөкмүн.
Сараң бай муну угуп бир саам буйдалып калды. Өзүнүн алтын ээрлерди толтура жасап, үйүнө жыйнап атканы көз алдына тартылды. Ал тургай тээ тиги тоо боорунда турган токойдун баары алтынга айланып кеткендей сезиле баштады. Ошондо ал минип турган атынан кулап түшүп, жөрмөлөгөн бойдон абышканын бутун кучактады.
-Айланайын, олуям! Айланайын атакем. Сенин жолуңа кара башым садага болсун. Мага ушул өнөрүңдү үйрөтчү. Кыл дегениңди кылайын, бер дегениңди берейин, – деп жалынып-жалбарды ал. Качантан берки көргөзгөн кордугун эстеп ууртунан жылмайып турган абышка токойдогу тыйын чычканга алкышын айтып, ичинен ыраазы болду. Анан байды карап кебин минтип улады.
-Бул өнөрдү үйрөнүп алсаң мобул турган токойдун, тоо таштын баары алтынга айланып колуңа түшөт. Албетте, мындай байлык сага гана жарашат эмеспи. Мага окшогон жардылар алтынга ээ болгондо деле эмне кылмак эле. Ошондуктан бул өнөрдү тезирээк үйрөн.
-Туура, туура айтасыз оо улуу урматтуу кеменгерим, – деп ого бетер чөгөлөдү бай.
-Анда эмесе кеп мындай. Күнүгө таңга маал туруп койлоруңду тээ тиги тоону карай жайып чык. Күн чыккыча мобул капчыгайды ашып, Чоколок таштын бетине жетип калышың керек. Ошол жерден карап турсаң так ошол тоонун кырынан күн чыккан кезде ак койлордун бирөөсү тогуз коргоол чычат. Ошону тапкын дагы үйүңө алып келип сууга кайнатып ич. Баса, муну эч кимге айтпа. Айтсаң, эч качан бул өнөрдү үйрөнбөй каласың.
Сараң бай анын айткандарынын бирин калтырбай угуп миң мертебе ырахматын айтып үйүн карай жөнөдү. Ал эми абышка болсо тигинин аңкоолугуна боору эзиле күлүп жолуна түштү. Ошол күндөн баштап сараң бай күнүгө таң атпай туруп койлорун өзү кайтарып калыптыр. Кийин элдер анын улам бир койдун артынан түшүп коргоолун санап жүргөнүн көрүп «бул сараңдыгынан коюнун коргоолун санап калыптыр» деп айтып жүрүштү. А абышка болсо өзүнүн сыйкырдуу балтасы менен каалаган убагында алтын-күмүш оокаттарды жасап, жыргап-куунап бактылуу өмүр сүрүптүр.