Максуда Ормонова: Менин апам

Менин апам

Апамды сагындым. Аябай сагындым. Сагынычымдын чеги жок. Менин апамдай апа бул дүйнөдө жок! Жок! Албетте, жок! Ох-х, кандай гана мээримдүү. Боорукер, жүрөгү нурдан жаралган. Ар бир тамырынан кан ордуна нур агат. Сөзү балдан таттуу. Көзүн караган сайын карагың келет, жылуулугуна тойбойсуң. Апамдын баскан-турган ар бир кыймылы, сүйлөгөнү, күлгөнү, уктаса уйкусу да мени суктандырат. А жытычы, эч кимде жок жыты, мага дайым жыттанып турат. Апакай көйнөк, ак жоолук апама өзгөчө жарашат. Менин апам ак кийимдерди жакшы көрөт. Бул апамдын жүрөгүнүн таза, мөңгүлөрдөй бийик экендигин далилдейт. Апам да мени сагынды, аны сезип турам. Кандай гана оор күндөрдү баштан кечирди… *****

–Оо, чыккыла тез! Болгула! Болгула тез! – чоң машина дарылдап, биздин көчөнүн так ортосунда токтоп турчу.

–Шырман чык! Тазагүл! Зыйнат эже! – Жапар акенин үнү машинеге кошулуп, апамдардын шаштысын алчу. Апам саап келген сүттү бышырып үлгүрчү. Кээде үлгүрбөй калса агаларыма дайындап машинага чуркап кетчү. Мен болсо күнүгө кайталанчу бул көрүнүшкө көнүп калгам. Уйкусураган абалымда, апамдын желпилдеп кеткен ак гүлдүү күрөң көйнөгүн карап кала берчүмүн. Анда апам сөөктүү, кайраттуу чоң аял эле.

Тамекиде күйүп, капкара болуп калган үчүнбү, көптөрү апамды «кара катын» дешчү. Буга мен аябай ызаланчумун.

–Менин апам кара катын эмес, – деп ыйлагым келчү. Тамеки талаага таң атпай кетишип, ошол бойдон түш чамалап келишчү. Апам дагы деле шашып: –Садага болоюндарым, өпкө жүрөгүмдү кагайындарым! Тамак жедиңерби, чай ичтиңерби? – деп кирчү. Биз кичинекей болгондуктан, эми апам шуулдап үй жыйнап баштачу. Эжемдер да жаш, али жумушка анча жарай элек. Агаларым колдорунан келген жумуштарын жасап, апама жардам кылышчу. Эптеп биздин курсагыбызды тойгузушар эле. Эгилген картошка-пияздарды, бакты карашчу. Апам тамекиден келген соң, эми баарыбыз сарайга барчубуз. Чоң сарайда эл көп болчу. Берки көчөнүн, наркы көчөнүн элдери болуп баарыбыз тамеки тизчүбүз. Үйлөрдө эч ким калчу эмес. Апамдар таң атпай кетип, үзүп келген тамекини эми ар ким өз үй-бүлөсү менен тегерете төшөк салып, отуруп алып узун шиш ийнелерге тизе башташчу. Сарайдын ичи шарактаган күлкүлөр менен шаңдуу болуп турчу. Жумуштун оордугуна карабай, күжүрмөн эл күлүп-жайнап, оюн-тамаша менен күндү өткөрүшчү. Мен али тамекини тизе алчу эмесмин. Апамдын бутуна оролушуп, басып жүрчүмүн. Шырман эжем менен апам ушунча элге илүүчү эле. Жипке өткөрүлгөн тамекини атайын даярдалган, кургатуучу зымдарга илип турушчу. Апамдын үнү баарынан көп угулчу. Сүйлөгөн сөзүнө эле элдер шарактап күлө беришчү. Апамдын тамашакөйлүгүн баары жактырчу. Апам тизилген жиптерди алуу үчүн шуулдап сарайга киргенде, дагы да күлкүлүү бир нерсени уккулары келип, үмүттүү ооздору жарым күлкү менен катуу күлкү үчүн даярданып турушчу. Сарайдын аркы четинен да моюндарын созуп, апама бирдемкелерди күлүп айтышчу. Апам болсо алдыларынан тизилген тамекилерди чогултуп жатып баарын күлдүрүп, тамашалап үлгүрчү. Агаларымдын, эжелеримдин жанына барчумун. Тамекинин так ортосуна төгүлгөн алманы ийненин бирөөсү менен сайып алып беришчү. Колдору менен кармаганга болбойт, тамекинин ширеси колдорун чаптап калган. Тамекинин ачуу даамы алмага аралашып кетчү. Көнүп калгандыктан, шашып-шашып жеп койчумун. Апамдын колдору кайкалап, куш канатын жайгандай болуп, тамеки илип жатканын улам карап турчумун. Ал сагынычым азыр да жүрөгүмдү ээлеп алган. Мынчалык сагыныч, мынчалык сүйүү болбос бул дүйнөдө. Оо, Кудайым ай! Мына быйыл апам 92 жашта. Апамдын бийлегенин көрүп, жүрөгүм жарылып кетчүдөй болот. Апам кандай гана сымбаттуу. Ак көйнөгү, кара желеги көйкөлүп, жалтылдаган кара маасысын бир көргөзүп, бир көргөзбөй желпилдейт. Жеңил салынган ак жоолугу ажарын ачып, жүзүнөн нуру тамат. Апам эч качан бирөөнүн көңүлүн оорутпайт. Гүлдөрдү сүйгөн гүл жандуу адам. Апамдан уруш эшиткенимди эстей албайм. Туура эмес кылган ишиңе нааразылыгын көзүнөн окусаң болот. Ал балта менен чапкандан катуу мен үчүн. Менин апамдан эң эле корккон жерим көңүлүн оорутуп алуу. Баарын эстейм. Апамдын бизди кандай азаптарда чоңойткондугун кайра-кайра ойлой берем. Эне он баланы да багып өстүрөт. А он бала бир энени бага албайт деген туура кеп экенине ынанамын. Мына мен, сагынсам да жете албай, жумушумдан бошобой отурганыма капаланып да кетем. Кечээ мага кулпунай жөнөткөн, телефондон сүйлөшкөндө кыям кайнатарымды айткан элем. Апам менден алыс, а мен базардан эле сатып алмакмын. Апам болсо белинин ооруганына карабай мага эки чака кулпунай терип жөнөтүптүр. Эжем урушуп жатпайбы, апам сага кулпунайдын чоң-чоңдорун бүт терип бериптир деп. Мына, менин апам. Мен кандай гана бактылуумун. Менин аска зоом, жанар тоом апам бар. Менин сагынарым, күтөрүм бар. Базарга кирсем тандап көйнөктүн көйнөгүн, жоолуктун жоолугун алам. Ага татыктуу менин апам бар. Канча эмгек кылбайын ал аз. Алтын сарайга отургузсам да аз! Жол кырсыгынан улам колдоруңуз сынып, алты ай ооруканада жатып да өзүңүз жебей бизге деп, сизди көргөнү баргандардын алып баргандарын бизге берип жиберчүсүз. Эх, апам! Бүгүн жамгыр жаады, сынган колдоруңуз жамгырдын болорун эки-үч күн алдын сезет эмеспи. Азыр сыздатып оорутуп жаткандыгын жүрөгүм сезип турат. Кана, ошол сыздаткан ооруну өзүмө ала алсам. Сиздин жаныңызды кыйнамак эмесмин. Сиздин кайратыңызга дайым таазим этем, апо-о!