(Балдар үчүн)
Неберем Нурсултанга
Тардай ага болсо дагы жол кенен,
Окшош мага чаптагандай кол менен.
Топту көрсө томолонуп жөнөгөн,
Атын айтпай дароо эле гол деген.
Чыгарам деп бүт бардыгын бураган,
Түздөн көрө жерге жакын ураган.
Оюнчугу жайнап жатса өзүнүн,
Бирөөнүкүн жаны калбай сураган.
Билсе дагы жаман сөздү тилдеген,
Айтканыңды кулагына илбеген.
Түшүнсө да бүт бардыгын, а өзү
“Гол” дегенден башка сөздү билбеген.
Бала тура тууруңа кут кончу,
Колуңа кол, а бутуңа бут болчу.
Тили чыкты “апа” эмес, “гол” менен,
Болобу дейм чоңойгондо футболчу…
Кантип жетем
-Бөбөгүңдүн шымын жуудум,
Жардам берчи, тур Касым.
Күнгө илип койчу муну,
Бир заматта кургасын.
-Жок дебестен жасаймын го,
Жумуштардын неченин.
Боюм азыр кичине да,
Күнгө кантип жетемин?
Өзүм деле билемин
-Карап тургун сени Саадат,
Көз жашыңды көлдөтөм.
Сазайыңды берип, сага
Алма үзгөндү көрсөтөм, –
деди бактын күзөтчүсү,
Түрүп алып билегин.
-Көргөзбөгүн, алма үзгөндү,
Өзүм деле билемин.
Майы жок
Капысынан Саадат айтты,
Отурсак биз жайланып:
-Жылбай турат тээ вертолёт,
Бир орунда айланып.
Анда Султан мындай деди,
Билегине сүйөнүп:
-Калган окшойт вертолёттун,
Куйган майы түгөнүп.
Жакшы көрөм
-Кана, Саадат, ойлонуп көр,
Чыга электе эсимен.
Бүт барынан кимди жакшы
көрөсүң? Айт тезинен.
-Эң биринчи жакшы көрөм,
Балмуздакты жегенди.
Андан кийин мышыгымды,
жана дагы энемди…
Белек
Март майрамы келгенде,
Энекеме берем деп.
Саадат жүрөт алдын ала,
Белектерин белендеп.
Эрегишип аны менен,
Мен да артта калбадым.
Сүрөт тартып, сайма сайып,
Белегимди камдадым.
Эртели кеч болду биздин,
Өнөгүбүз аярдык.
Илим болсо камырабай,
Көрүп койбойт даярдык.
Майрам күнү тартууладык,
Белектерди бепбелен.
Илим болсо куттуктады,
Жаңы алган “5” менен.
Баканын ыры
Көлчүктөрдө өмүр сүрүп,
Такыр аша чаппайбыз.
Дос болгула жакын келип,
Коркпогула чакпайбыз.
Майпаң-майпаң бассак деле,
Биз да кээде күлөбүз.
Айырмабыз адамдардан,
Сазда өмүр сүрөбүз.
Муздатабыз теребелди,
Муздак биздин денебиз.
Кеч киргенде акы албастан,
Концерт коюп беребиз.
Эрежени билемин
Жол жүргөндө аярданып,
Бүт оюмду топтоймун.
Кызыл жарык күйгөн кезде,
Айттырбастан токтоймун.
Сакташ керек кайда болсо,
Эрежесин көчөнүн.
Жашыл жарык жанган кезде,
Шашпай басып өтөмүн.
Кеңеш айтса байкелерим,
Кулагыма илемин.
Жол жүрүүнүн эрежесин,
Ырдай жатка билемин.
Карыларга жардам беремин
Кызуу кыймыл менин туш-туш тарабым,
Машинелер чымын-куюн карагын.
Төтө жолдун чети менен аярлап,
Мектебиме шашпай басып барамын.
Белгилерге көңүл бөлүп мен келем,
Достор чыкса учурашып кол берем.
Тар жол болсо бара жаткан чоңдорго,
Дароо токтоп, өтүңүз деп жол берем.
Жардам сурап турса эгер ай-айлап,
Кары-картаң жол жээгинде карайлап.
Колдон кармап, шашпай гана өткөрөм,
Жашыл жарык күйгөн кезде абайлап.
Таргыл мышык
Телевизор көрүп жаттык,
Экранга тигилип.
Таргыл мышык уктап жаткан,
Буту-башы биригип.
Экранга чычкан чыкты,
Ары-бери жүгүрүп.
Таргыл мышык тура калып,
Басып калды түйүлүп.
Мурду тийип, тарс кулады,
Артка кетти чегинип.
Карады да экранды,
Басып кетти керилип.
Энем деп…
Кой тууганын айтты бизге,
Илим келип энтеңдеп.
Жетип барсак туулган козу,
Басып жүрөт темтеңдеп.
Энекеси маарап коюп,
Бизди карайт элеңдеп.
Этегимди козу жалайт,
Ойлогон го энем деп.
Кайра кирдейт
Уулуна айтты апасы:
-Бекер эле жатасың.
Кирдептир го жууп алсаңчы,
Көйнөгүңдүн жакасын.
Анда Илим ойго батып,
Шашпай мындай дебеспи:
-Жуусак аны эртең эле,
Кайра кирдейт эмеспи.
Кыялдана кызыгам
Мен байкеме суктанамын,
Кээде карап тышынан.
МАИде эмгек өтөсөм деп,
Кыялданып кызыгам.
Жол тартибин сактап ал,
Туура эмести түзөтөт.
Чекте турган жоокерге окшоп,
Жол кыймылын күзөтөт.
Артка качпайт эч качан,
Кыйындыкка кез келсе.
Дайым чекте так турат,
Кемчиликти эскерте.
Өмүр өтөт кан жолдо,
Алган милдет такталып.
Жол кыймылын күзөтөт,
Эл милдетин аткарып.
Жолдон өтөм шашпастан,
Калбайм такыр карайлап.
Эрежени колдоном,
Жол жүргөндө абайлап.
Эрежени так билип,
Каруу күчкө толомун.
Жол кыймылын күзөткүч,
Мен байкемдей боломун.
Тилсиз калат
-Айткан сөздү дайым кулакка,
Жакшы болот илип алганың.
Тилин алгын дайым апаңдын,
Өзүң ойлон андан калганын.
Десе атасы Илим мостоюп:
-Ушинтип да киши алдайбы.
Кантип алам тилин энемдин,
Анда апакем тилсиз калбайбы…
Неберем Илимге
Баратса кээде көзгө илинбеген,
Басканы бирөөлөргө билинбеген.
Ырыстуу чоң илимпоз болорлугун,
Ысымы айтып турат Илим деген.
Жүзүнөн жыттап алам дилим менен,
Жүрөгүм ага тартуу тилинбеген.
Тоорулам тээ ыраактан үнү чыкса,
Торгойдун добушундай дирилдеген.
Адам бол жакшылыктан түңүлбөгөн,
Адашпай майда ишке бүлүнбөгөн.
Алыстан дайым сени эңсеп келем,
Алтыным ар убакта күлүңдөгөн.