Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өтөт

Айтылуу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси, “Асаба, “Агым”, “Баягы Асаба” басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунун эскерүү кечеси 25-апрелде Улуттук филармонияда өткөнү турат. Акын “Асаба” гезитине “Записки от скуки” аталышта кыска-нуска турмуштагы окуяларды жазчу эле. Ошондон үзүндү беребиз!

Записки от скуки

Чымчык

«Кудайым жараткан жаныбар да, куштарды карап көп нерселерди билсең болот» деп калчу чоң апам. «Эмнени?» деп олтурган жеримен тура калам. «А-аа, чунагым десе, көп эле нерсени, аба-ырайын, жутчулукту, токчулукту, молчулукту, эл пейилин…» деп терезе тарапты карап, ойлонуп калар эле.

Мен эшикке чуркап чыгам. Асманды карайм, күндү карайм, бак-шакты карайм. «Илюбой» чымчык издейм. Анан короодо кокулдап жүргөн тоокторго көзүм түшөт. Аларга жем чачып кирем. Анан ойноп кетем. Сыртка эмнеге чыкканымды унутуп калам…

Азыр да сыртка чыктым. Бутакта эки таранчы конуп турат. Соңку кезде таранчылар да азайып кетти. «Кыямат-кайымда дал ушул таранчылар учуп баратып эле топ этип жерге түшө баштайт имиш. Өлүк таранчылар жаайт имиш» деп калаар эле чоң апам.

Эл пейилин ойлойм. Колумда чылым түтөйт…

2013

Жалган, Чындык жана Көз

«Менин түшүнүгүмдө, жалган – бул калп, чындык – бул калп эмес. Бирок мени экөө тең алдап келишкен» деди. Тунжурап калдык. Сыртта түн эле. Үйдө жарык жок болчу. Көз айнексиз олтургам. Асманды карадым. Жымыңдаган жылдыздарды көралбадым. «Көз айнексиз жүргөндөр кандай бактылуу» дедим. Кайрадан тунжурадык. «Көз алдайт, көз алдайт» деген сөздөрдү эстедим…

2013

Акыйкат дейби?

«Жаңы акыйкат – эски акыйкаттын өлгөнү» деди. Жооп бербедим. Жубайым «Бийик болуп кой» деди. Менин тилим кычышып турду. Бийик болгум келген жок. Жооп бербедим. Бийик болдум. А бийиктиктен кулаш кандай азап?! Бийиктикке жеткен кишилерди ойлоп, боорум ооруп кетти. Кандай кулашат, ээ? «Күн баткыча көзүңдү жумсаң, ал жаркырап тура бермек» деди. Дагы унчукпадым. Көрсө, баарын унчукпай жеңет экенсиң…

2013

Булут

Жөө баратабыз. Келинчегим экөөбүз талаада баратабыз. Эч нерсе сүйлөшпөй эле баратабыз. Асман ачык эле. Көк-мөк эле. Мандайыбызда гана кебездей бир булут турат. Бир жерди карайм, бир булутту карайм. Булут эч нерсеге окшошпойт. Кебездей керилип жатат. Чоң апамды эстейм. Колун пешенесине алып, асманды карап, «Ий, байкушумдун жатканын? Жата бер, жата бер, булганбасаң болду» деп койчу. Мен аңырайып асманды карап, эч нерсе түшүнбөй калчумун. Көрсө, булут менен сүйлөшчү экен. Ушуларды эстеп баратып эле, мүдүрүлүп кеттим. Жыгылып кете жаздадым. Келинчегим билегимен кармап калды. Унчуккан жок. Мен дагы. Булутту карадым. Кебездей керилип жаткан булут заматта тытылып-тытылып кетиптир. Көз ачып-жумганча тытылганына таңгалдым. Чоң апамдын бир сөзүн эстедим. «Кудай булуттар аркылуу белги берет» деп калчу. Ошол сөзүнөн кийин булуттарды карап калгам. Тытылганы эмне белги? Кыргыз баарын жакшылыкка жоруйт. «Кемпир, жакшылык болот экен?» дедим. Келинчегим «жалт» мени карады. «Эмне жакшылык?» деди. «Билбейм» дедим…

2014

Кечирим

Өз учурунда кечирим сураганды билбейт экенбиз. Бири-бирибизди көралбай, көралбагандан өлалбай, кыска жашоону ого бетер кыскартып, тытынып жүрүп өтүп кетебизби? Анан жараткандан кечирим сурап койгонубузду кантели? Кечирим өзү бычак мизиндей болот окшойт. Ошондуктан адамдар кечирим сурагандан коркушатпы деп калдым. Кечирип койгондон өткөн айкөлдүк барбы? Анан «Айкөл Манас» деп коебуз. Же тырмагына татысакчы? Кыргызстан экиге бөлүнчүдөй абалда туру. Сезген бар, сезбеген бар. Андай абалды кечирим гана сактап калаарын ойлонгон жокпуз. Ойлонбойлубу, ыя? Эртең менен караңгыны жамынып, «мыйоолоп» бир «чокчолой баатыр» чуркап өттү. Ошол «мыйоологону» жаккан жок мага. «Кыргыздар мыйоолоп калган окшойбуз» деп жибериптирмин. «Мыйоолобойлучу»! Мышык ыйлачудай заман болсо да, кечиримди унутпайлычы. Башка не дейм? Башка сөз да жок…

2014

Бакыт

Бак сугарып жатам. Сүйүнүп жатам. (Табийгаттан алыстап кеткениме күйүнүп жатам). Чоң апам айтты эле: “Бак сугарганга бак берет” деп. Түшүнчү эмесмин. Кичинекей баламын да. Чоң апам сүйлөп-сүйлөп алып, “Чоңойгондо түшүнөсүң!” деп кекиртегимден жыттап койчу. “Чоңойгондо” деп манчыркап мен калам. Бирок чоңойбой койдум. Дене карыса да, жандилим бала бойдон калды. “Бак сугарганга бак берет!” Кандай сөз? Көчмөндөрдүн көөнө сөзү. “А бак деген эмне?” десем, “Бакыт” дейт. “А бакыт деген эмне?” десем, “Өткөргөн өмүрүңө өкүнбөгөнүң” дейт. “Өкүнбөгөн деген эмне?” дейм? “А-аа, балам, чоңойгондо түшүнөсүң” дейт. Же мен чоңойбой койдум. Түшүнбөй калат окшойм да. Анан кайра чолок мээм менен ойлоп коем: “Түшүнгөнүң бакыт окшойт” деп. Түшүнбөгөндөр түшүнбөй бактысыз өтүп кетет окшобойбу. Түшүнүү укмуш экен, эй! Бакыт укмуш экен. Күн ысыкы, абдан көлөкө экен. Элиңди, жериңди түшүнсөң (койнуңдагы эриңди түшүнсөң), анан өкүнбөй жашасаң, ошол бакыт экен да. “Экен” деп калдык. “Экен” деп Ээсиз калдык. Аңгырап эле турубуз. Асманыбыз деле ачык. Болгону түшүнбөйт окшойбуз. Ажоң баш болуп, алжыган чалың каш болуп түшүнбөйт экенбиз. А түшүнүү – бакыт экен. Келгиле, түшүнүп, бактылуу болобуз! “Бир жетеней айтты эле” дейсиңер…

2015

Уктап калба!

Ой басканда сыртка атып чыктым. Ой жөн баспайт да. Өсүп турган өсүмдүк, чөп, гүл, дарактар алаксытабы дейм. Тоо томкоргондой, ой омкоргондой ойлор басып турганда сыртка чыктым десем болот. Жаман чарпаябыз бар. Чарпаяга барып жаттым. Кайра эле тоо томкорулуп, ой омкорулуп жатты. “Ушундай да болобу?” деп жатсам, аяр аялым (“аяр” деген кандай алтын сөз, ошондой аялдар эле болсо) келип, “Уктап калба!” деди. Укмуш сөз болду. Ушундай кыргыздын алтын сөздөрүнө маани беребизби, же шылдыңдайбызбы? Ал ыкыбалыңда. Менин айтайын дегеним… Айтчу эмес элем… Кыргыздын азабы эмнеде? Уйкуда. Уйку таттуу да. Таттууну жакшы көргөн элбиз. Уктап калсаң, бүт унутта калат. ”Уктап калба!” дегенди укпайбыз. Уктап калганда, иш калат, тиш калат, кадалган көз калат, айтылбай калган сөз калат, кыскасы, баары калат. Мас болгондой эле. Кыргыздын өнүкпөгөнү да ошондон. Ушундай жөнөкөй нерседен. Жөнөкөйгө маани бербейбиз да. Жанбашка тээп ойготчу Конфуций жок кашайып. “Кыргызым, ойгон!” деп ураа-патриоттор кыйкырат. Өздөрү уктап жатканы менен иштери жок. Түшүнбөстүк да.

Чын эле чарчайсың. Чачырайсың. Высоцкийдей кыйкыргың келет тим эле. Анан Джо Дассендей мээлүүн болгуң келет. Келет, келет, бирок келгениң аткарылбайт турбайбы. Анан уктап каласың. Уктап калып, баарынан каласың. Жашоо каратып туруп өзгөрүп жатат, заман өзгөрүп жатат, аалам аласалып жатат. Ушундай учурда уктап калба, бир боорум! Айтор, уктабачы!

2015

Эрнис Асек уулу