Табихат Тынарбекова: Сеникиндей каректи көрбөгөнмүн, Көргөн сайын алоолоп өрттөнөмүн

Тынарбекова Табихат Тынарбековна 1999-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 2017-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, борбор калаабыздагы И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин бюджеттик бөлүмүнө тапшырган. Учурда 4-курста окуйт. Үзүрлүү эмгек жумшоонун натыйжасында окууда, университетте жана университеттен тышкаркы уюштурулган көптөгөн сынактарда жакшы ийгиликтерге жетишкен. Ырлары “Арабаев пресс” газетасына басылып чыккан. “Жаш калемгерлер” клубунун жана “Заман” адабий мектебинин мүчөсү. Университет тарабынан көптөгөн баалуу сыйлыктар, громаталар, дипломдор менен сыйланган.

Жылдызын жашырган шаар

Түнкү шаар үнүн тыңшасам,

Терезе түбүн энчилеп.

Тургандыр да бир санаалаш,

Термелип ойго менчилеп.

 

Бүлбүлдөп кай бир үйлөрдүн,

Жарыгы өчпөй, уйку жок.

Жумушу бүтпөй түндө да,

Жаман да, жакшы жан жүрөт.

 

Көчөлөр сонун жаркырап,

Таштанды жатпайт самтырап.

А бирок….

Жашынып чыкпайт жылдызың,

Көрө албай канча кыйылдым,

Балкондон карап сени азыр,

Эки-үч сап ыр кылдым.

Көрсөтчү мага жашырбай,

Асмандагы жылдызың

Көксөөсү кансын бир кыздын.

 

Сенин көзүң

Карашың сенин от коюп жүрөгүмө,

Кадалып турса саамга каректерим.

Куйкаланып бараткан махабатка,

Кандай айла кылышым керек менин?

 

Бир сезим чагылган оту сымал,

Жанып да жарк дей калат көздөрүңдөн.

Ошол отко жылынып калсам эгер,

Армансыз өтөөрмүн өмүрүмдөн.

 

Тартып анан өзүнө арбап алган,

Сыйкыры укмуштуу көздөрүңдүн.

Бүт ааламды ичине катып алган,

Сеникиндей каректи көрбөгөнмүн

Көргөн сайын алоолоп өрттөнөмүн.

 

Кыска ой

Жан дүйнөм жалгыздап, сезимдер күбүлүп,

Үмүттөр уланбай, баратат үзүлүп.

Бактылуу анан сүйүүдөн жолдуу адам,

Калганбы туура эмес жанга сүйүлүп.

 

Тирүүлүк

Араласа топ гүлдүү белестерди,

Шуулдап турса кайыңы, теректери.

Шаңшып учса шумкары асманында,

Ким жашоону тангысы келет деги?!

 

Маңдайында садагалап эне турса,

Жүрөгүнүн согушун күндө туйса.

Анан кантип наалат айтат өмүргө,

Жүрөк ээси багытын ага бурса.

 

Кең пейилдик, жароокерлик курчаса бүт,

Тазаланып акактай жан дүйнө, дит.

Жаркып турса айлана нурга толуп,

Жашоонун ырахаты бүтпөйт эх, түк.

 

Сага

Асыл жансың ак жарык ичиндеги,

Сени мага тартуулап теңир берди.

Сан миң жылдыз ичинен тапканым чын,

Айланып бүт аалам, асман, жерди.

 

Ажайып кооз дүнүйөң, ойлоруң да,

Жылыйт андан жүрөгүм, колдорум да.

Мен өзүмдү жаш баладай алсыз сезем,

Сен жанымда, сен жанымда болгонуңда.

 

Тагдыр кошкон таалайлуу өмүрлөшүм,

Жүрөгүмдүн түпкүрүндө, төрүндөсүң.

Кесеге мелт-калт толгон ак сүйүүбүз,

Муздабасын, эскирбесин, төгүлбөсүн.

 

Өзгөчөсүң, өзүң да, ырдаганың,

Бакыттын шамалына ыргаламын.

Жагат мага мамилең, бүт кылганың,

Ак сүйүүм, асылым …………..

 

Аттиң

Кыттай уюп тээ жүрөк түпкүрүндө,

Сага деген арзуу калат катылып.

Ээн өсүп, эркин сайрап таңшыбай,

Өтөт аттиң көлөкөгө жашынып.

 

Кайдан жүрүп жазылдың тагдырыма,

Сүйүү мени камады сандыгына.

Кайыл элем кишендеп алса алсын,

Капа болдум экөөбүзгө тардыгына.

 

Жылдызым сен көктө жайнаган,

Түндөсү бир жарк этип чыгасың да.

Башка сени таппаймын, көрбөймүн эч,

Таң агарса өчүп, болду, тынасың да.

 

Башкага ыраа көрбөйм, менчик кылып,

Жаркыратып жакама тагып алсам.

Өзгөгө ыраа көрбөй мендик кылып,

Атүгүл чөнтөгүмө салып алсам

 

-деп курулай үмүткө азгырылам,

Бир жакшылык күткөндөй тагдырыман.

Сүйүүнүн кайырчысы болгучакты,

Кечип кетсем оңойбу же бардыгынан.

 

Үнсүз диалог

Жигит:

Суу ичинде күйүп жаткан от сымал,

Сүйүп калдым эх татына, ак жуумал.

Сымбатыңды башкага ыраа көрбөйм,

Суук көздөн сактасынчы ак тумар.

 

Жал жал тиктеп анчалык карабачы,

Жөн эле бир жан катары санабачы.

Жараткандын чоң белеги сүйүү экен,

Жүрөгүңдүн жылуулугун аябачы.

 

Кыз:

Эх, жан сырым, дартымды түшүнбөдүң,

Билсең эгер ар түнү түшүмдөсүң.

Айтчы асылым кыз кантип, кандайынча

Шер жигиттен озунуп сүйөм десин?..

 

Күтүп жүрөм ашыктык саптарыңды,

Сыр төгүлгөн, ыр төгүлгөн каттарыңды.

Түшүнө албай келе жатам эмне үчүн,

Арзууларың айталбай жатканыңды,

Көргөзбөй карегиңе катканыңды.