Акын, элдик табып Гүлсина Өмүрбекова акка моюн сунду

Кыргыз адабияты жоготууга учурады.

“Манас” темасындагы кайып дүйнө түшүнүгүн, эзотерикалык көз карашты камтыган, автордук жеке ою бар акын Гүлсина Өмүрбекова 74 жаш курагында дүйнө салды.

Акын Г.Өмүрбекова 1947-жылы Аксы районунун Аркар айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку окуу жайын бүтөрү менен Фрунзедеги Политехникалык окуу жайына окутуучу болуп менен эмгек жолун баштаган. Кийин, педагогикалык илим изилдөө институтунда кичи илимий кызматкер болуп иштеген. Музыкага кызыгып, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге кирип, ал жерде эмгектенип жүрүп алгачкы обонун жараткан. С.Жусуевдин сөзүнө жазылган “Сүйүү вальсы” ыры жалпы элге жайылып, бул ыр Япон, Кытай, Казак ж.б. элдерде ырдалып келет. К.Кутуевдин аткаруучулук даңазасын көтөргөн “Жаш нөшөрү” (Сүйүү балы) обону бүгүнкү күнгө чейин ырдалып жүрөт. 46 жашында элдик медицинага жан дили менен киришкен акын Капан Кененбаевдин жардамы менен “Элдик медицина борборун” ачкан. Акындын “Манас тамга”, “Жан сапары” аттуу эки китеби чыккан. 2019-жылдан бери КР Улуттук жазуучулар оюзунун мүчөсү.

Акындын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы