Казат Акматов: Күкүк

Күкүк

Эрте жаздан баштап канаттуулардын бардыгы уяларын сала башташты. Бир гана күкүк эч нерсе кылбай бекерпоз жүрдү. Эрте жатып кеч турат. Ошенткен сайын, билесиңер го, уйку ого бетер күчөйт эмеспи.

Ошентип жаз аягы болгон кезде куш аттуунун баары уяларына кирип, жалгыз гана күкүк ай талаада калды. «Кү-күк! Күкүк!» деп ыйламсырайт. Бирок бир да канаттуу аны уясына киргизбейт. Туура да, ар ким эле өз уясында тынч эс алып жашагысы келет эмеспи.

– Айе, сен эмне уя салып албайсың өзүң?! – деди Сагызган ага боору ооруп.

– Салат элем го, бирок ылайыктуу жер таппадым, – деп Күкүк ыйлап ийди.

– О койчу! Мен таап берейин жерди!

Ошентип Сагызган чоң эмендин бутагынан бир ажайып жай таап берди. Бир топ күн өткөн соң караса Күкүк дагы эле эч нерсе кылбай ар кай жерде учуп-конуп  жүрөт. Сагызган таң калды.

– Э, Күкүк! Уяңды эмне салбай жүрөсүң?

– Уяга жарай турган чөп-чар таппай жүрөм.

–О кокуй десе! Мага эле айтпайсыңбы. Жүрү мен таап берейин.

Сагызган чөп-чардын сонунун таап берген соң, Күкүк дале болбой  бекер жүрдү. Сагызгандын жини келип, бир күнү сурады:

– Эй, жалкоо! Дагы эмне шылтооң бар?! Эмне үчүн уя салбай жүрөсүң?

– Уяны го салам дечи, астына төшөй турган тыбыт таппайм…

– Ойе, жолуң болгур десе! Жүрү мени ээрчип уч!

Сагызган бир адамдын сарайына учуп келип Күкүккө сонун үлпүлдөгөн жумшак кебезди көрсөттү. –Момундан ал да каалашыңча алдыңа төшөп сал!

Арадан дагы бир жума өттү. Күкүк болсо баягындай эле салпылдап бекерпоз жүрө берип бир күнү жумуртка тууп салды. Уясы жок неме талаага тууйт да! Эми эмне кылыш керек. Ойлонуп ыйлап отурду да, Сагызган досун эстеди. Учуп барса досу жумуртка басып отуруптур.

Күкүктү көрөр замат Сагызган күлдү.

– Сендей жалкоо жер үстүндө барбы деги? Колуңда баары турат, бирок уя салбайсың. Деги эмне деген жансың өзүң?

– Ырас айтасың, досум. Баары эле бар уя салганга. Бирок убакыт таппадым, такыр колум бошобойт.

– Бали, досум. Сендей жалкоону жерди жети кыдырып табыш мүмкүн эмес. Боорду эзип салдың. Ха-ха-ха! Болду эми, досум, сага жардам бере албайм. Кадырың жан болсун!

– Жумурткамды кошо басып берчи, бай болгур. Баары бир өзүңдүкүн басып отурасың го… –Жо-жок! Оозуңан айлансын!

Сагызган кашайып такыр болбой койду. Анда Күкүк калган бардык тааныштарынан жалдырап суранса, бири да анын жумурткасын басууга макул эмес. Жо чын да, бирөөнүн жумурткасын басып, жоопкерчиликти моюнга алыш оңойбу?

Ошондон кийин Күкүк айласыздан ууру жолго түштү. Ээси жок кезде бирөөнүн уясына кире калып, жумурткасын кошуп коет.