Балапан
Канаттуулар дүйнөсүнүн сырлары мени ойноо бала чагымдан бери жандырмагы чиеленген табышмактан бетер, көбүрөөк кызыктырат.
Биздин 3-4 үйдөн баш кошкон тепкедей айыл жылдын үч мезгилинде төштүн түбүндөгү ийрилип аккан кара суунун боюнда отурушуп, жайкысын гана бөксө жайлоолорго ташыныша турган. Анда эл колхоздошкон менен кыштакташа элек убак. Биздин үйдүн айланасында жана ага жанаша агып жаткан кара суунун боюнда өйүз-бүйүз өскөн калың дарак ошол айылдын береке-көркүндөй көрүнчү. Ал эми айылдын жарашыгы болгон бак-дарактар түркүн-түркүн куштар менен, өзгөчө, келгиндер келген маалда шаңга бөлөнчү.
Менин чоң атам өлөөрүндө жетимчелерине: «Силерге берер энчим ушул», – деп тал-теректерин керээз калтырыптыр. Атам Абдыкалык, иниси Жалил – экөө бак-дарактарын жакшы багышып, эскилерин кесип алышса, жаңыларын өстүрүшүп, маркумдун керээзин көздөрүнүн карегиндей сакташты. Мага жыгачтан көрө ага имерчиктеген ар түрдүү кооз жана таңшып сайраган акын куштар сонун көрүнчү. Менин кубанчым жазгы келгиндердин келишинен башталчу. Адегенде келгин куштардын кабарчысындай болуп жылкычы чымчык жетип келчү. Аны чоң энем башкача тосо турган.
–Сенден мурда мен көрдүм, – деп жылкычы чымчыкка өзүнүн көрөнөөктүгүн баяндап туруп, анан суроо берчү: – Умай энемдин көзү айыктыбы?
Чоң энем андан чын пейли менен сөз сураса да, көйрөңдөнгөн жылкычы чымчык жооп берүүдөн эрингенсип, кейкең-кейкең басып, анан чыйп-чыйп этип учуп кете турган.
–Умай эненин көзү эмне болгон? Чымчык аны кайдан билет? Умай эне деген ким? – деп чоң энеме суроолорду жаадырар элем. Ал эринбей жооп кайтарчу. Анын сөзү мага ишенимдүү угулчу. Жылкычы чымчыктын жооп кайтарбаганы гана Умай эне жөнүндөгү жомоктун чындыгына шек туудурчу. Анын соңунан ар түрдүү сарала моюн чымчыктар келчү. Биз, балдар, баарынан да сайроочу чымчыктарды сүйөр злек. Сасык үпүп жаңы келгенде тамагы бүткөнсүп, кыш-кыш этип, төбө чачын үрпөйтүп, бир нерсени айтууга көп эле ыкластанчу. Бирок бечаранын үнү чыгуучу эмес. Анын соңунан күкүк… Күкүктүн келиши бизге чоң кубаныч эле. Анткени анда жер көгөрүп, бак-дарактар гүлдөп калат. Күкүк да алыскы жолдон үнү кардыгып, сайрай албай, буга өзү да нааразы болуп, бактан-бакка учуп-коно бере турган. «Кара жамгыр төгүлмөйүнчө, күкүктүн үнү ачылбайт» – дей турган кары адамдар. Ырас эле кара жамгыр күчөгөн кезде күкүктүн үнү ачылып, күнү-түнү менен сайраар эле.
Кимге күйөөнүн келиши – өзүнчө тамаша. Анын чоңдугу торгойдой, айырмасы эле канат-куйругу узун, мойну койкойгон, сары ала чымчык. Эркеги болсун, ургаачысы болсун «мен кимге күйөө» деп сурайт. Биз анда кимге күйөөнүн баары эркек болот экен го деп ойлоочубуз. Ошондуктан өзүбүздүн курбу кыздарга карап:
–Сен Айшага күйөө, сен Алымканга күйөө, – деп жооп берер элек. Кыздар кадыресе чычалап, биз менен урушууга чейин барчу.
Эң акырында булбулдун келиши турмуштун майрамындай туюлчу. Уккан кулагыбызга алымсынбай, булбулдун өзүн көрүү үчүн бакты керели кечке аралоочубуз. Ошондо королудан москолураак боз чымчыктын таңшып сайраганын байкасак да, ага мындай кебетени эп көрбөй, булбул эмес деп, аны издей берчүбүз…
Бизге жаман көрүнүүчү куштар да жок эмес эле. Алар сагызган, байкуш куш, таранчы жана башкалар. Сагызганды суук көрсөткөн сугалактыгы. Жоор атка жабышып алып, силкинсе да ой-боюна койбой, жонун чокуганы бизди гана эмес, чоң кишилердин да кыжырын кайнатчу. Биз аны көргөн жерден таш менен урар элек. Байкуш кушту кишилер кара ниеттиги үчүн жаман көрүшчү. Алар дайыма эски коргон, ээн талаалардын ураган дубалында жүргөндүктөн, адамдардын турак жайлары дайыма бизге артса экен деп тилешет имиш. Биз байкуш куштун тилегине көзүбүз жетпесе да чоң кишилерди туурап, аны да көрүнгөн жерден ташка алчубуз. Ал эми таранчы орула элек буудайды бүлдүргөндүгү үчүн кыйыгыбызга калчу.
Мага канаттуулардын кайсы бири жакшы, кайсы бири жаман көрүнгөнү менен, алардын кайсынысынын болсо да балапаны сүйкүмдүү учуроочу. Сагызган менен таранчылардын балапаны башка куштардыкынан көрө көп жана оңой табылат. Мен курбуларым менен алгач балапан багууну сагызган менен таранчыдан баштадым.
Ал кезде биздин айылда тоок менен өрдөк-казды баккан кыргыз жок болчу. Ал эми ата-энелерибиз менен калаага каттаганда өзбектердин өрдөк-казы жана тооктору көзгө укмуштуудай сонун көрүнөр эле. Сууда нары-бери сүзүп, канаттарын каккылап, жуунуп-таранып турган аппак каздардан узаганча көзүмдү албоочумун. Ал эми желбирөөчүн салбыраткан кызыл короздор мойнун кержейтип кыйкырганда, кызыкканымдан оозумду ачып селейип калар элем… Мүмкүн биздин айылда үй куштары болбогондуктан, бизге балапан багуу сонун көрүнгөн чыгар.
Эс тарта баштаган кезде таандын балапанын үйрөтө турган болдук. Башка жапайы куштарга караганда чөкө таандын балапаны адамга бат үйүр болуп жана чоңойгондо да качпайт. Бирок балапандар менин колумда эки-үч айдан ашык жашоочу эмес. Көпчүлүгү кайнаган сууга же ысык сүткө түшүп өлчү.
Мен акырында борбаштын балапанын бактым. Анда 2-классты жаңы эле бүткөмүн. Биздин окуу китебибизде «Кыраан борбаш» деген кичинекей жомок бар эле. Жомоктун ээси борбашын кулжага салат. Кыраан борбаш кулжанын эки көзүн чокуп, сокур кылат. Карайлап калган кулжаны ээси оңой эле колго түшүрөт. Биз борбашты кармаганда жомоктогудай кыраан болгой эле деп тиледик. Бирок тилегибизге жетпедик. Борбашты сынаш үчүн биринчи жолу жөрөлгө катарында чымчыкка салганда эле, ал качып кетти.
1935-жылдын жайында менин атам ителгинин балапанын кармап келди. Ителги жалаң мен үчүн эмес, бүткүл айылдын балдары үчүн чоң кубаныч болду. Мына ошондон баштап, биз сагызгандын, таранчынын, таандын балапандарын үйрөтүүнү койдук. Биздин балалык доорубуздун кандайдыр бир жаңы кадамы башталгандай туюлду.
Менин жолдошторумдун баары айылдаштарым эле. Ал убакта биздин айылда урук-жилигине карай топ-топко бөлүнүшүп отурчу.
Жолдошторум: Асанкул, Даглат, Кудуң – биздин үйдөн чыккылары келишпейт. Анан калса ителгинин балапаны да кишиден чоочуркабай, тууруна тыпыйып отуруп, бизге бир нерсени түшүндүрүүчүдөй сапсары ийри тумшугун ачып-жумуп чыйпылдайт. Үнү сүйкүмдүү, жалынычтуу жана аянычтуу. Тыпыйган канаттарын таранып, өткүр көздөрү менен «силер эмнеге бою-башыңарга карабайсыңар» дегенсип, бизге үңүлө карап коет. Атам анын бутуна кайыштан боо тагып, боз үйдүн улага жаккы капшытындагы туурдан орун берди. Бул туур үч ачакей арчадан жасалган. Мен эс тартканы ал жайы-кышы биздин үйдөн жоголбойт. Атам ага көбүнчө куш кондуруучу. Эми аны ителгинин балапаны ээледи.
Биз ителгини таранчы жана сагызган менен багабыз. Бара-бара ал малдын жаңы этине көнө баштады.
Жем берерде атам «пө!» «кыйтуу!» – деп кыйкырат. Ошондо ителги аны көздөй ыкыс берип, канаттарын далбайта көтөрүп, жаны калбай чыйпылдайт да туурунан учуп, анын колуна конот. Жеми бүткөнчө канатын жыйбай, улам эки жагын карап коюп, шашылып чокуй берет.
Бир аз күндөн кийин ийленген териден жасалган мээлейди колума кийип, мен да балапанга жем берчү болдум.
–Кыйтуу! Пө! – дейм.
Мүнүшкөрдүн айтымына караганда башка жырткыч куштардан айырмаланып бүркүт менен ителгинин табы катуу болот. Бирок балапанынан колдо өскөнү үндөккө бат келет да, тапка оңой үйрөнөт. Бүркүт менен ителги кыйкырык-сүрөөндө жаалына келет. Муну мага атам айтып берген. Ал эми мен колума ителгини кондуруп, сыртка чыкканымда ээрчип алышкан жолдошторума куштарды кантип таптоо керектигин айтып, билгичтигиме таң калтырам. Айылдагы чоң кишилер да мени «Бул тукумун тарткан мүнүшкөр», – деп тамашалашат. Анткени атам Абдыкалык да, иниси Жалил да кичинекейинде эле кушка ынак экен. Атам 13-14 жашында кыргый салып, кекилик алыптыр. Жалил сегиз жашарында аксарыны тузакка илинтип алып, кадимкидей тапка келтириптир. Баланын тамашасына кызыккан чоң атам ага кара өгүзүн токуп берип:
–Кушуң тапка келди. Бар эми өрдөккө сал, – дейт.
Жалил өгүзгө минип, аксарыны колуна кондуруп, кара сууда сайрандап жаткан көп өрдөккө жетип:
–Ал! – деп кушун ыргытат. Өрдөктөр бир жакка, аксары экинчи жакка карап учат…
–Пө! Пө! – Аксары чакырыкка кайрылбайт. Жалил үйгө ыйлап кайтат… Биздин айылдыктар муну анекдот катары айтышат.
Чоңойгондон кийин атам да, агам да илбээсинге мергенчилик кылышат, куш салышат…
Ителги экөөбүз бири-бирибизге абдан үйрөнүштүк. Мени көргөндө жем берүүгө келдиңби же эрмектешели дейсиңби дегенсип, дайыма чыйпылдап турчу болду. Балдар менен бирге сарымсак терүүгө же саякатка чыкканда аны дайыма кондуруп алам.
Бир күнү Асанкул, Даглат, Кудун – төртөөбүз көгүчкөндүн балапанын алуу үчүн «Сары-Булактын» башына бардык. Бул пикирди Даглат ойлоп тапты. Ал бою пас, арык чырай, бирок тырышчаак бала. Башкабызга караганда талга жана аскага чыгууга маш болчу. Асанкул бизден улуураак болгондугу үчүнбү, айтор, оюндан көрө талашып сүйлөшүүнү, бирөө менен урушууну жакшы көрө турган. Ал тоого барууга балапан алуу үчүн гана макул болду. Эгер балапан табылбаса, биз менен сөзсүз урушмак. Кудун болсо көпчүлүктүн ыркы менен жүрө берген момун бала. Айылдан болжолу үч километрдей узадык. Ителгини асканын көлөкөсүндөгү соройгон таштын үстүнө кондуруп, боосун ташка бастырып коюп, өзүбүз уя издедик. Бир топ убакыт өттү.
–Муну талпынтып, көгүчкөндүн баарын үркүттүң, – деди мага Асанкул. Мен ителгимди талпынтпоо үчүн аны далдаа жерге алып баратканымда Даглат кыйкырды.
–Мен көгүчкөндүн уясын таптым.
Ителгини ташка кондуруп коюп, Даглатты көздөй жүгүрдүм.
Ошондо боосу бош калган ителги учуп жөнөдү. Мен аны пө-пөлөп чакырдым. Ал менин куру колумду билдиби, айтор, мага кылчайбай асманга айланып уча берип, бир маалда белгисиз тарапты көздөй сызды.
Мен үңүлдөп ыйлай баштадым. Даглат мени сооротуу үчүн көгүчкөндүн балапандарынын ичинен тандап туруп эң чоңун мага берди. Менин капамды көгүчкөн баса албады.
–Мындай сонун ителги табылбайт, – деп курбуларым да жолдо катар кейип келишти.
«Эми атама эмне жооп айтам», – деген суроо маган экинчи жактан кайгы болду. Балким, ал мени мүнүшкөр боло албайсың деп сөгөр бекен же урар бекен деп да чочуймун.
Ичим бук болуп үйгө ыйлап кирдим.
–Сага эмне болду? – дешип, атам менен апам орундарынан тура калышты.
Мен жумган көзүмдү ача албай шолоктодум.
Аңгыча улага жактан күткөнүн көрө койгонунан кубангансып, чыйылдаган ителгинин үнүн угуп, жалт карадым. Ителги ордунда. Жашымды жеңим менен сүртүп алып, ителгиме умтулдум. Менин эмне үчүн ыйлап келгенимди атам менен апам ошондо гана билишти.
Ошондон кийин талаага чыкканда ителгимдин боосун бош кое турган болдум. Ал мени күтүп отурса отурду, болбосо менден мурда үйгө жетип барып, мени тосуп алат.
–Ителги жетилди. Эми аны качан саласың, – деди атам бир күнү.
–Качан салабыз, ыя! – Мен анын сөзүнө жооп бердим.
–Эртең.
Мен ошол заматта курбуларыма эртең ителгини салабыз деп кабарлап чыктым. Ителги кандай кыраан болор экен деген ой менен ал түнү уктай албадым.
Айтылган күнү атам ителгини чала тоют кылып, өз колуна кондуруп, Асанкул, Даглат, Кудун – төртөөбүздү ээрчитип жөнөдү.
Бөксө жайлоонун чөбү саргайып калган кез. Бул убакта кекилик, чил балапандарын учуруп калган, бирок эттери балыр татып турган учур. Атам ителгини таан менен көгүчкөнгө салабыз деди. Биз, албетте, макулбуз. Иши кылып, ал эмнени болсо да тээп түшүргөнүн көрсөк болгону. Бирок бизге издегенибиз учурабай койду. Аңгыча эски таш короолордун тегерегинде жүргөн бир топ сасык үпүптөрдү көрдүк.
–Бар, жаныбар, – деп атам ителгини шилтеп калды. Баягы селпектеп жүргөн үпүптөрдүн быт-чыты чыгып, короонун коңулуна житип-житип жоголушту. Биз анын качырганына эле жетине албай шаңдуу кыйкырдык Ителги короонун кырына барып олтуруп калды.
Дагы нарылап жөнөдүк. Бир белестен ашар менен алдыбыздагы борчуктан салпаңдаган бир неме учуп жөнөдү. Атам ителгини шилтеп калды. Баарыбыз чурулдап кыйкырдык. Баягы салпаңдап учкан кушка ителги улам жакындап баратат. Качан тебээр экен деп биз күтүп турабыз. Бир маалда экөө тең эски короонун ичин көздөй куюлушуп түшкөндөй болду. Биз соңунан чуркадык.
Асанкул баарыбыздан мурда жүгүрүп жетти.
–Экөө алышып жатат! – деп кыйкырды.
Жанагы салпаңдап учкан неме байкуш куш экен. Короонун коңулуна жеткизбей ителги салганда, ал да каяша берип, балтырлашып калыптыр. Атам байкуш куштун көзүн тостойтуп туруп башын жулуп, анын жылуу этин ителгиге чокутту.
–Ушундай болорун билгемин, – деп ар бирөөбүз ителгинин кыраандыгын күн мурунтан билгенибизге мактандык.
Байкуш кушту атам бая жаңы учканда эле таанып, ителгини ага атайылап салыптыр. Себеби, ал байкуш кушту өтө жек көрө турган.
Менин ителгим тырмак алдында ошондой, адамга кыянаттык тилеген зыяндуу кушту алгандыгын укканда ого бетер кубандык…
Биздин үйгө белгилүү мүнүшкөр Кубатбек деген чокчо сакал сары кишинин келишинен кийин ителгим экөөбүз ажыраша турган болдук.
Кубатбектин айтымына караганда жаш ителги табына келе элек. «Табына жетсе карчыганы куткарбас кыраан болот», – деди. Атам: «Эмесе бул ителгини таптап бер, акысын төлөйм», – деди. Мүнүшкөр макул болду. Мен аны чоочун кишиге бергим келген жок Бирок өзүм да шаарга окууга жүрө турган болгондуктан, айласыздан тим болдум.