Тургунбай Эргешов
Тургунбай Эргешов 1960–70-жылдары басма сөзгө жарыяланган ырлары менен өзүнүн акындык жүзүн көрсөткөн эле. Ошол учурда жалпы хордон анын үнү айырмаланып турчу. Ырларындагы өзгөчө курч саптар окурман катары мени өзүнө тартчу. Тубаса таланттуу акын экендигин адабий чөйрөдө айтып жүрүшчү. Алгачкы чыккан ырлары менен эле элдин назарына илинүү оңой-олтоң иш эмес.
*****
Көзү тирүүсүндө бир дагы ыр китеби чыкпады. Буга, биринчиден, акындыктын жолун, тагдырын башкача түшүнүп алып ичимдиктин артынан кеткендиги тескери таасирин тийгизсе, экинчиден, ошол учурда басмада иштеген ичи тар, көралбас, таланттуунун жолун тоскон ортозаар акын сөрөйлөрдүн кесепетинен болду окшойт. Бир нече китептери басмаларда саргайып кезек күтүп жатып, акыры ың-жыңсыз жок болду. Бирок ошол бут тоскондордун ысмы адабияттан орун албай, Тургунбай Эргешов жыл өткөн сайын бараандуу болуп келатат.
*****
1993-жылы “Өлбөгөн жанга жаз келет” деген 3 басма табак көлөмүндөгү ыр китеби биринчи жолу жарык көрдү. Бул китепти чыгарууда жердештери Курбаналы Сарысейитов, Абдырасул Көкөш уулу, Маркабай Ааматов көмөк көрсөтүшкөн. Ошондон он жылдан кийин “Бийиктик” басмасынан “Булбулдардын тукуму аз” аттуу ыр китеби чыкты. Бирок бул эки китеп тең акындын толук чыгармачылык кудуретин ачып көрсөтпөсө керек. Качан гана Т.Эргешовдун ар бир ыр сабын, ал турсун замандаштарынын эскерүүлөрүн, каттарын топтоп толук жыйнак кылып чыгарсак максаттуу болот. Ошондо көзү тирүүсүндө татыктуу баасын албаган акындын жүзү толук ар тараптуу ачылары бышык.
*****
Эргешовдун поэзиясында жасалмалуулук жокко эсе. Ыр саптары жөнөкөй, нукура элдик тилде, элдик ой-жүгүртүүнүн негизинде түзүлгөн. Салыштыруулары турмушка жакын. Ойлору элпек. Көп ырларында кайгылуу маанай өкүм сүрөт. Айрымдары жаны көзгө көрүнгөн учурда жазылгандай. Эми бышып жетилип ыр жаза турган мезгилинде айыкпас оорунун кесепетинен айласыз көз жумуп бараткансып, ичинен кейиген учурлар бар. Акындын адабий мурастары Ата Журтту, эли-жерди сүйүүгө үндөйт. Эң негизгиси, адам болуп ыймандуу жашоого чакырат.
*****
Тургунбай Эргешов калтырган из акыры жүрүп олтуруп кыргыз адабиятына келип кошулгандыгы поэзия күйөрмандарын сөзсүз сүйүндүрөт. Кудай Таала Эргешовдун бешенесине мына ушундай тагдырды жазган экен, көз жумгандан кийин отуз жыл өтүп кайра кадыресе адабиятыбызга аралаша баштады. Мунун өзү чыныгы алтын чаңда калбайт деген сөз.