Зинакан Пасанова: Уулума кат

Уулума кат

(ыр түрмөк)

Перзент

Ак-карасы аралашып бириккен,

Аңтарылып акса дүйнө жиниккен.

Ала-салбай, бек карматкан өзүмдү,

Балдарыма байлап турган илинчек.

 

Жол арбыта жүрмөйүнчө билбеген,

Жадаганда жалганы көп дүйнөдөн,

Жашоого мас жаш баламдын жарыгы,

Жаз чакырат жан дүйнөмө кирдеген.

 

Уяң мүнөз, мажүрөөмүн, чабалмын,

Түз эместир дайым эле кадамым.

Арданбасын деп азамат уулдарым,

Ар-намысты гана бийик кармадым.

 

Элдей эле пендечилик жактарым,

Улуулугум: энелик барк-салмагым.

Улашар деп өмүрүмдүн  чаласын,

Уулдарыма улуу үмүт артамын.

 

Турмушумдун катасы көп бейчеки,

Түзөөр аны артымдагы перзентим.

Өз ордумду басуучулар турганда,

Өмүрдөн эч арманы жок кетермин.

 

Уул урматы

Чалып калсаң, уулум, сурап абалым,

“Чарчабаң, – деп, – Өзүңүздү караңыз?”

Камкор үнүң май сүрткөндөй дарылайт,

Көңүлүмдүн сыздап жүргөн жарасын.

 

“Апакелеп” төгүп турсаң мээримиң,

Күздөй жоомарт бактылуу го өмүрүм.

Кадыр-сыйы балдарымдын жашартар,

Калган кезде жашоодон сууп көңүлүм.

 

Кирпигимден аккан жашты тамызбай,

Соороторду эми издебейм алыстан.

Силерсинер бийиктетер баркымды,

Көр пенделер басынтуудан айбыккан.

 

Кыш элегиясы

Күтүүсүз жаап берди биринчи кар,

Көӊүлүм али кышты күтүнбөгөн.

Үйрүлүп мага тонун жылуу жапкан,

Уулумдун жылый түштүм мээриминен.

 

Жаап жатат сабап-сабап апаппак кар,

Кыш түнү зериктирме, сыртта аяз…

“Баягы-ы жомоктордон айтып бериӊ?” –

Балдарым бала чагын эске салат.

 

Балалык жомок менен бактылуудур,

Турмуштун таанып кийин өӊү-түсүн.

Ал кезден эмне калды эстеринде:

Кышпы же… оор өтчү, жарык өчүп.

 

Жарыксыз, суук үйдө отсуз калып,

Наристе эки уулумду боорго басып.

Аларга айтып берчү жомоктордун,

Бактылуу бүтчү аягы таӊ каларлык.

 

Азыр кыш ызгаар эмес мурдагыдай,

Жылытат уулдарымдын үйрүлгөнү.

Таптым мен издегеним бул турмуштан,

Өкүмүӊ жүргүзө бер, Өмүр эми!

 

*****

Эки уулум, эки кубатым!

Эки үмүтүм, эки жалын-от.

Өтсө дагы учуп убакыт,

Эки жаштык менде бар болот.

 

Өчүрбөстөн өмүр отумду,

Экөө берет мага өлбөстүк.

Эки күнүм тиет балкытып,

“Энекелеп” сыйга бөлөшүп.

 

Эки уулум, эки тирегим,

Эки аалам-дүйнө курушат.

Эңкейткенде мени карылык,

Эки жактан жөлөп турушат.

 

Эркек бала төрөп-өстүрүү,

Эки эселүү эмгек эненин.

Эрезеге толуп, эр жетти,

Эркелөөчү эми кезегим.

 

Ак бата

Жолун издеп тагдырына буюрган,

Кең дүйнөгө тобокелчил бой урган,

Аттанарда алаканым жайылып,

Ак жол каалап бата бердим уулума.

 

Жолго чыкты таза ойлор жетелеп,

Балапан баш барга-жокко быша элек.

Булгана элек жүрөгүндө ишенич,

Дымагы күч максатына жетем деп.

 

Бийиктикти самап күндө сезими,

Бул турмуштун ачып жаңы эшигин.

Эрте учса да туулуп-өскөн үйүнөн.

Эл-жер таанып, эрктүү болуп жетилди.

 

Күүлөндүрсө жаштык кыял алысты,

Бул жашоонун сырын издеп жаңычыл,

Жолго түштү күчтүүлөрдү ылгаган,

Албаса экен эрте канат талытып!

 

Жакшы адамдар болсо экен жан шерик,

Татаал жолдо тайыз болсун кечмелик.

Кыйын күндө кайратынан жанбастан,

Калбаса экен бул жашоону жек көрүп.

 

Сапар жолу… Убактылуу бул дагы,

Туулган жердин тартып турар туз-даамы.

Эсиңе түй:  “Өз элиңдин кулу бол,

Болгонунча башка элдин султаны!”.

 

*****

“Деңиз көрдүм, эңсөөм эле ээликкен,

Даамы туздуу, суусу тунук, жылуу экен”, –

дедиң уулум. Сүрөттө: ак көйнөкчөн

кош толкундар сени тосуп жүгүргөн.

 

Издегендей жетер жолду деңизге,

Из чалбаган дүйнө издейсиң өзүңө:

– Эвересттин бар экенин билген соң,

Эми кыйын эртеңдерди күтүүгө!

 

Күтпө, уулум, бүгүн канат күүлөй бер!

Кыл чокуну мелжесин жаш үмүттөр.

Кумурскадай мээнеттенип өтсөм да,

Мени тартпа: майда кыял, жөнөкөй.

 

Уулума

Ээнсиретип жетпей мага жарыгың,

Эңседим сен жүргөн жердин баарысын.

Кайратымдан кээде тайып каламын,

Кусалыктын таба албастан дарысын.

 

Бийиктикти самап күндө сезимиң,

Бул турмуштун ачып жаңы эшигин.

Эрте учсаң да туулуп-өскөн үйүңдөн.

Эл-жер таанып, эрктүү болуп жетилгин.

 

Күүлөндүрсө жаштык кыял алысты,

Бул жашоонун сырын издеп жаңычыл,

Жолго түштүң күчтүүлөрдү ылгаган,

Канатынды алба эрте талытып!

 

*****

Жамгырдай жаш төгүлүп көздөрүмдөн,

Жан балам, жетпей калдым көрүшкөнгө.

Жашоодо кээде кыска жарым саат да,

Жашоодо кээде узун жарым мүнөт.

 

Алыска алып учар темир тулпар,

Ал жакта сен эңсеген жаңы жол бар.

Тапталган турмуш нугун тандың дагы,

Тагдырың тапкың келди татаалдыктан.

 

Көңүлүң көктү каалап элеп-желеп,

Кыялың көк мелжиген улуу Эверест.

Кишенин күнүмдүктүн үзө албаган,

Энекең жүрөр сага өмүр тилеп!

 

*****

Билип турам, жол чакырып кайрадан,

Беленделип жүк баштыгы байланган.

Ээнсиретип кетерине түтпөйбү,

“Энекелеп” карегимден айланат.

 

Кармабайын, ичке катып каалоомду,

Канатыма батпай, уулум чоңойду.

Көздөп турат таза, улуу бир максат,

Көкүрөккө топтоп бийик ойлорду.

 

“Абайла” деп канча айтып-дебейин,

Азырынча бербейт го өз билгенин.

Баёо карайт булгана элек көз менен,

Бала сымал, таза жагын дүйнөнүн.

 

Жеңил болбос ага жолу турмуштун,

Жаш кезинен жесе дагы көп мушун.

Өргө умтулуп, өрт-жалынга бой урган,

Өжөрлөргө өмүр берсин уп-узун!

 

*****

Ыр жазам деп, жыйнай албай оюмду,

Үйдө олтурсам, чала байлап жоолукту,

Уулум тартып билгизбестен сүрөткө,

Бөлмөсүнүн төрүнө илип коюптур.

 

Көргүм келип көзү менен аялдын,

Мен өзүмө катаал сынай карадым.

Кабагыма түштү анан көлөкө,

Илгенине сүрөтүмдүн жаманын.

 

Балам, дедим, жакпады бул сүрөтүм,

Жасанбаган түрүм экен күндөгү.

Портретте турсам боло жаркырап,

Жөнөкөй бир аял эмес үйдөгү.

 

“Апа – деди сылап саамай чачымдан, –

Мага дайым сулуу жана жашсыз да.

Жашоом жарык Сиз бар үчүн Умайым,

Бейиш нуру Сиздин таман алдында”,

 

Өз уулуңа жагуу бакыт демекмин

Жасалмасыз бар турушум, келбетим.

Өткөн өмүр өзүң менен бааланат,

Өзөгүмдөн жарып чыккан перзентим.

 

Жаралгандан жан эмесмин ажардуу,

Жолду бастым билинбей көп катары.

“Жакшы” атка конуп-конбо ак жашап,

Тирүүлүктүн берер баасы-балдарың.

 

Тилек

Башы көккө жете түшөт энеңдин,

«Багам, – десең, – Сизди колго көтөрүп».

Бар бол, уулум! Кудай берсин тилегиң,

Ошол күнгө аман-эсен жетелик.

 

Эр жигитке эне багуу кеп бекен,

Бир тиргилик өтөр көптүн катары.

Энем десең элге коргон болуп бер,

Ошол мени колго салып бакканың!

 

Калайык-калк жүдөп турган кезинде,

Хан сарайда жашаганың эп дебейм.

Пейил күтүп, бей-бечараны жерисең,

Мен төрөгөн азамат уул Сен дебейм.

 

Ата-Журтуң – сен таянар тамырың,

Керт башыңдан бийик койгун намысын.

Акты “кара”, “аппак” дебе караны,

Ак ийилип, тайып турса калыстык.

 

Кара туман каптап калган асманын,

Кузгун-жору тарп аңдышып айланып,

Ата-Журттун керегине жарарда,

Оор болсо да туура жолду тандагын.

 

Жаштык менден кеткенине кейибейм…»

Күрмө кийип, күзгү алдында каранып,

Каада күтөт, жигиттерче таранып.

Жаш өмүрдүн гүлдөр маалы келди бейм,

Жашчылыкка жол бошотуп балалык.

 

Боюн сыпаа, кызга жагар күтүнүп,

Ойго арбалып, калчу болду үшкүрүп.

Жүрөгүнө ээлик кылган уулумдун,

Жаш селкини мен да турам сүйсүнүп.

 

Он сегиз жаш – шамалдай тез, өрт кезиң,

Бул жашыңда даанышман бол дебесмин.

Акыры бир күн адам, турмуш жөнүндө,

Жеке өзүңдүк тыянакка келерсиң.

 

Көптөр басып өткөн улуу өмүрдүн,

Сага таандык буюрган бир өлчөмүн,

Сен өзүңчө маани, даам, көрк берип,

Кайталангыс кылып жашап өтөрсүң.

 

Бала экен го көркү өмүрдүн эскирген,

Жаңылантып жашагыңды келтирген.

Жаштык менден кеткенине кейибейм,

Жаштыгымды көрүп туруп өзүңдөн!

 

Алыстагы уулума

Бизде агарып тан атканда, сен жак түн,

Биз уйкуга баш койгондо, сенде күн.

Сени  йлоп,  күндү-түндү ылгабай,

сагынычтуу кагат энелик жүрөгүм.

 

Кең дүйнөдө алыс болуп сапарың,

Кымбаттыгың артып мага ансайын.

Мени күткөн өзүң жогуң ойлосом,

Үйгө киргим келбейт ачып каалгасын.

 

«Апа!» деген сөзгө ороп илептүү,

Күндө үч маал каттарыңды жөнөтүп,

Билгизбейин десең дагы жоктугуң,

Ээнсиретип турат сенсиз дүйнөм бүт.

 

Сапар жолу… Убактылуу бул дагы,

Туулган жердин тартып турар туз-даамы.

Эсиңе түй: “Өз элиңдин кулу бол,

Болгонунча башка элдин султаны!”.

 

Асан кайгы

Уулум, сага айткым келген башка акыл:

“Кең пейил бол, жакшылык көп жасагын”.

Көрүп туруп көбөйгөнүн шумпайлар,

“Көрүнгөнгө ишенбе?” – деп какшадым.

 

Жаш кезинде досторуң көп, билемин.

Ак көңүлсүң, алабарман мүнөзүң.

Арам ойлуу арабызда жок эмес,

Ачпай жүрчү ар кимге эле жүрөгүң?

 

Берсем дегем сага өчпөс жылуулук,

Баккым келген жүрөгүңө тунуктук.

Бирок корком: кадам сайын кыянат,

Торун жайып тооруп турат бузуктук.

 

Кааласам да жалаң гана жакшылык,

Калдым азыр мен аргасыз саксынып.

Ач көз дүйнө, азуулуу бул заманың,

Аябайт го ала көөдөн жаштыгың.

 

Мүмкүн, мунум асан кайгы себепсиз,

Куру акылды айта берүү керексиз.

Ак жолуңдан адашпастан түз жүрсөң,

Акыр түбү ак караны жеңеттир.

 

Уулум тапкан нан таттуу

Алган күнү эң алгачкы маянаң,

Сатып келдиң эки ысык тандыр нан.

Ооз тийдим мен эбеденим эзилип,

Мындай таттуу нанды эзели татпагам.

 

Балам тапкан нандын даамы таттуу-ов!

Уулдун нанын жеген кандай жакшы го!

Ак пейилден ак батамды берейин,

Арзып тургун ар убакта алкоого!

 

Алкап-алкап ак батамды берсем деп,

Апаң сага кош алакан жайып тур.

Аман жүрсөң эл ичинде, берекем!

Ак сүтүмдү актарыңа көөнүм тынч.

 

Калк ичинде кадыр тапкын, каралдым!

«Кимдин уулу!»,–деп көргөндү тамшантып.

Кыйын чыкса кымбат көргөн перзенти,

Кайсы энеге андан артык бар бакыт!

 

Күнүм бүтсө мен да өтөрмүн дүйнөдөн,

«Апам ой!” – деп жоктоп ыйлап турарсың.

Көзүм барда миң айланам өзүндөн,

Бул жашоодон тапкан жалгыз кубанчым.

 

Жараткандын мага кылган тартуусу,

Жандай сүйгөн эки уулум –эки шер.

Мен силерге тилейм өмүр бактылуу,

Тагдыр тилейм жоомарт жана берешен!

 

Кечир

Кечир, уулум? куржуну бош, жөө кеттиң,

Эрте татып шорун кара эмгектин.

Балдарыма даяр оокат белендеп,

Байлык топтоп, акча жыйып-тербепмин.

 

Өмүр сүрдүм ырыскысы таптаза,

Силерге да ыйман тилеп ар качан.

Адал нандын, ак мээнеттен табылган,

Арман болор, акыбети кайтпаса.

 

Бууп-түйүп жыйнабадым көр оокат,

Таптым бирок эмгегимден сый-урмат.

Эки уулума жүрөгүмдү арнадым,

Мурас барбы тарбиядан да кымбат.

 

Акыл топтоп, акыры баа берерсин,

“Ак жашапсыз, апа, ырахмат!” – дээрсиң

Арманым жок адал колдон көктөгөн,

Татып турсам жемиштин бал мөмөсүн.

 

Тар бөлмөдө тоскон кышты сагынып

Пенде болсом көзгө түшпөс көп элге,

Эки жанга канат жайган энемин.

Бири-бирибизди демибизге жылытып,

Бир бөлмөдө кыш өткөрүп келебиз.

 

Жаңы жааган аппак карга сүйүнүп,

Тар бөлмөгө батпай туйлайт балдарым.

Мен алардын тоңгон колун жылытып,

«Оорушпасын”, – деген ойдон чарчадым.

 

Кыш да өтөр, добул токтор, кар эрип…

Балалыктай артта калар баарысы.

Күтүп турар уулдарымды улуу иш,

Алып кетер арбап жолдун алысы.

 

Учарсыңар канат күүлөп алыска,

Мен калармын тууруңарды жай кылып.

Хан сарайда жашарсыңар, а бирок,

Тар бөлмөдө тоскон кышты сагынып…

 

Уулдарыма насаат

Күндөр кандай тез өткөнүн карачы,

Күүлөп канат, талпынасың учууга.

Кыл мурутуң чыгып калды карайып,

Тойбой жүрсөм балапан ууз жытыңа.

 

Жүрбөстүрбүз жетелешип эми биз,

Жүрөгүмдү төшөсөм да сага бүт.

Балалыктын уясынан учурам,

Асыл милдет артып сага жигиттик.

 

Уулум, сени бакыт үчүн төрөгөм,

Багып келдим балапандай бөпөлөп.

Балалыгың өткөн эле бактылуу,

Өмүрдү да сүйгүнчүктүү жашап өт!

 

Куттуу үйдү жарык кылар чырагым,

Саябандуу бак болор деп турамын.

Адам туулат аркалоого бир милдет,

Ал милдеттин өтөсүнөн чыга алгын!

 

Балам, дайым адал нан жеп чоңойдуң

Ак жашап өт! Ыйман болсун жолдошуң.

Амандыгың ар убакта тилөөгө,

Ата-энең да бешенеңде бар болсун.