Фестивалдын лауреаттары аныкталды

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын катышуучуларына сыйлактар тапшырылды.

З.Пасаңова, Т.Колдошов, Ж.Эсеналиев, А.Дооров,  А.Көкөева, А.Ражабалиев, Р.Арапова калыстык кылып,  катышуучулардын чыгармаларынын негизинде фестивалдын лауреаттарын, дипломанттарын аныкташты.

Э.Эрматов атындагы II республикалык фестивалынын лауреаты болуп Бердибек Жамгырчиев, Умар Нусубалиев жана Камчыбек Узакбай уулу табылды. Ал эми, Гүлүмкан Исаева, Садырбек Турдубек уулу  жана Замирбек Орозбай  уулу фестивалдын дипломанттары   болду.

Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда  КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун уюштуруусу менен өтүп жатат.

Фестивалдын жүрүшү ыр майрам менен улантылмакчы.