Чыңгыз Айтматов: Атадан калган туяк

Атадан калган туяк

(аңгеме)

Мына ушундай күндөрдүн биринде чоң кашарга көчмө кинонун машинасы келип калса болобу. Аны элден мурун эле Авалбек көрүп, өпкөсү жарылып кете жаздап:

–Кино келди! Тигинекей кино келди!— деп, балдардан мурда озунуп, кыркынчыларга кабар салды.

Кино жумуштан кийин башталды. Ошого чейин эч бир чыдамы жетпей, күн кеч кирбей качан эми деп — зарыкты, думукту. Качан болот деп кыңкылдап, энесин да тажатып бүтүрдү. Ушунусуна жараша кино анын тилегин ойдогудай орундатты.

Кино — согуш жөнүндө экен.

Кашардын дубалына илинген аппак кездеменин үстүндө кым-куут салгылашуу жайнап жатып калды. Замбирек снаряддары жер челип, кулак тундура жарылып, удаа-удаа асманга ышкырына сызылган ракеталар түн караңгысын бир оокумга ийне көрүнчүдөй жапжарык тутандыра, боортоктоп жылган чалгынчылар жаткан жерин кулачтай селейип, кара түн, кара жер, кара асман астын-үстүн чатышып, сапырылып жатты. Ал эми пулеметтор жаакташа тытырап ок жаадырчы болсо — баланын жүрөгү алып учуп, аптыккан деми колкосуна тыгылат. Мына согуш деп ушуну айт! Мына согуш десе!

Замбирекчилер жети-сегиз адам экен. Арасында кебете-иреңи кыргызга окшогон бирөө (а балким, ал тек гана кандаш элдерден чыгар), экранда улам көрсөтүлүп көзгө жылуу учурай берди. Атам экен деп бала аны эч убакытта ойлобос беле, мындай ишти өзү капарына да албас беле… кандай десе болот… Энеси. Баарын энеси кылды.

–Тигиногу сенин атаң,— деп койду ал бир убакытта, баланын кулагына шыбырап.

Ушундан баштап жанагы замбирекчи Авалбектин атасы болду. Ушундан баштап кино анын атасы жөнүндөгү киного айланды. Совхоздо эле жүргөн жигиттер курдуу атасы жапжаш неме экен. Тыгырчыгынан келген, тоголок жүздүү, курч тиктеген көздөрү, көө, кир болгон бетинде жалт-жалт этип чагылат. Бала анын ачуулуу кабак-кашын, кашкайган тиштерин, башындагы темир каскасын, ыйыгындагы погондорун — баарын тең байкап отурду. Атасы мышыктай чапчаң экенине да баа берди. Мына азыр эле замбиректин дөңгөлөгүн карысына сала тирей берип, өзү артына чап кайрылып, алда кимге катуу кыйкырды. “Снаряддарды токтотпогула! Тез! Тез!”

–Апа, менин атам ушубу? — деди бала. Жээнгүл түшүнө бербей:

–Тынч отур. Алаксытпа,— деп койду.

–Менин атам дебедиңби өзүң.

–Ийи ошол. Жөн отурчу деги. Кишилер урушат.

Аттиң десе, эмне үчүн ушинтип айтты болду экен? Көңүлү миң бөлүнүп, согушта мерт болгон теңин эстеп, ошого кайра күйүп, кайра санааркап, оозунан кокус чыгып кетти бекен? Же анчейин эле кайдыгер сүйлөп койду бекен? Же алда кандай кылт эткен оюна алданып, “Тигиногу сенин атаң” дегени, атасы аскерге кеткенде боюнда калып, дүйнөгө көз жарганы, ата дегенди билбеген, укпаган чунак бала кинодон көрүп болсо да элестетип жүрсүн дегениби?

Мына эми ал да аталуу болуп чыкты. Энеси: “Тигиногу сенин атаң”, – дегенден бери, экрандагы солдат анын атасы болду. Ушуга эч шек койбой ишенип, бала атасына чын дили менен жан тартып эреркеп отурду. Мурда билип көрбөгөн аталуу балалыктын даамын ал эми оозанды. Атасынын бардык жүргөн-турганын жактырып ичи элжиреп, аны үйдөгү айнектин астында илинип турган өз атасынын сүрөтүнө айнытпай окшоштуруп жатты. Мурду, кашы, көзү — бүт эле өзү…

Жан ынтаасы менен тигиле, баланын азыр карап отурганын билгендей, анын атасы да кинодогу учкундай кыска өмүрүндө, өзүн эч убакта эстен кеткистей, кийин баласы сыймыктана тургандай жоокер кайратын кан майданда, эл алдында көрсөттү. Авалбек согуштун оюнчук эмес экенин эми сезди, окко учкан адамдын кулаганы тамаша эмес экенине да көзү жетти. Жоонун түрү каардуу, айбаттуу болуп бара жатты. Азыр эле тапкан атасы кантер экен деп, мына ошондо жакын кишиси үчүн мурда баштан өтпөгөн коркунуч туулуп, ал коркунуч баланын жүрөгүн камады.

Киноаппарат чыртылдап, согуш жүрө берди. Нары жакта каптап келе жаткан кылка танкалар көрүндү. Шакылдаган чоюн каз тамандары удургута топурак шилеп, ок атар тумшуктары алдыга сунулуп, өңгүл-дөңгүл аңызда өйдө-төмөн килеңдеп, болот кийген кара күчтүн күркүрөп келе жатканы сүрдүү да, шаңдуу да. Танкалар көтөргөн чаң алардын артынан ээрчип, кайнап келе жатты. А биздин үркөрдөй болгон топ аскер жалгыз замбирегин сүйрөшүп, ал кезде сай кырына чыгууга жакын калышкан. Аз эле жер калган экен. Аны көрүп Авалбектин дити качып: “Ата, бол эртерээк! Бол. Биртике эле калды. Биртике эле. Карачы танкалар келе жатат. Танкалар!” — деп атасын шаштырып сүрөп жатты.

Мына замбирек да кырга чыкты. Замбирекчилер аны майда бадалдын четине бура тартышып, танкалардын жолун тороп, ок ата башташты. Бир аздан соң танкалар да ок кайрышты. Алар көп экен. Танкалардын суук түрүнөн үрөй учат…

Атышуу кызыды. Өз кыялында Авалбек атасы менен кошо өрт жалынды аралап, салгылашууда жүргөнсүп жатты. Немецтин танкалары кара түтүнгө чулганып, каз тамандары быркырап, эки көзү оюлган дөөдөй албууттанып, ордунан жылбай калганда, энесинин алдына отурган бала кубанганынан тыбырчылап, туйлап жатты. Ал эми биздин замбирекчилер жарылган снаряддардын сыныгы тийип жыгылганда, бала боюн жыйрып, томсоруп калып отурду. Замбирекчилер четинен кулап, азая берди. Эненин бети ысык жашка нымданып, күйүп чыкты.

Киноаппарат бир үндө чыртылдап, согуш жүрүп жатты. Кармашуу күчөгөндөн күчөдү. Танкалар улам жакындап сүрүп келе берди. Замбиректин калканына далдаланып Авалбектин атасы телефондун трубкасын кош колдоп, алда-эмнелерди заардуу кыйкырып, бакырып жатты. Бирок анын эмне деп жатканы бул алааматта кулакка илешпейт. Балким, ал жардам сурап жаткандыр, балким, жардамга келчү замбиректер мына-мына жетип да келишер, согушта кандай деп болот… Аңгыча дагы бир солдат замбирек четинде жалп этти. Мүдүрүлүп кайра турууга умтулуп, жүз төмөнүнөн жерге жыгылды. Замбиректин жанында эми эки эле киши калды. Авалбектин атасы менен дагы бир солдат. Алар замбиректи токтолбой октоп, бир жолу, анан эки кайтара атууга үлгүрдү. Танкалар аларды кысмакка алды. Замбиректин тушуна жана бир снаряд келип жарылды эле, топурак, таш, кесектерди абага омкоро бүркүп, заң этти. Жерден эми бир гана замбирекчи өйдө турду. Ал Авалбектин атасы: Замбирекке жулуна жетип, өзү дүрмөттөп, өзү мээлеп, өзү атты. Бул анын акыркы атышы болду. Жана да келип тийген снаряд, замбиректи талкалап жайлады.

Кан жайылган бир жак ныптасын кармана, Авалбектин атасы теңселип жерден зорго турду. Үстүндөгү кийими түлөп, заарканткан түрү бир шумдук. Жакындап келе жаткан танканы көздөй гранатаны колго алып, ал тайманбай бет алды. Алдан тайып, кансырап, жыгылып кете жаздап, Авалбектин атасы гранатаны шилтөөгө камданып, бир оокумга кулачын кере туруп калды. Экран анын бул көрүнүшүн көз алдыга жүгүртүп алып келип такады. Өлүмгө баш койгон жоокердин айбат чачкан ажарынан, жалтанбас кудуретинен, “токто фа­шист!” — деген таш жарган бакырыгынан кино көрүп отургандар дүр дей түштү. Жээнгүл баланын колун бекем мыкчып жиберди. Бала атасына жетүүгө умтулуп, атасын көздөй жулунду. Дал ошол учурда танканын пулемет атар оозунан шалактаган ок төгүлүп, Авалбектин атасы кыйган теректей сулады. Ал эки-үч ала-сала оодарылып, турууга жүткүнүп, анан чалкадан түшүп, эки колун эки жагына таштап жатып калды…

Киноаппарат токтоду, согуш да үзүлдү. Бул бир бөлүктүн аягы эле. Жаңы лентаны аппаратка коюш үчүн киномеханик электрди күйгүзө салды. Кашардын ичи жапжарык боло түшүп, отургандар көздөрүн жумуп, алакан менен басып, кинонун дүйнөсүнөн, согуштун майданынан өз дүйнөсүнө, азыркы өз абалына кайтышты. Ушинтип ал эсин жыялекте кимдир бирөөнүн сүйүнүчтүү кыйкырыгы тынчтыкты жарды:

–Балдар, менин атамдын өлгөнүн көрдүңөрбү? Ал менин атам болчу! Көрдүңөрбү, менин атам…

Кишилер жапырт кайрылып эмне болуп кеткенин андабай айраң-таң болушту.

–Силер көргөн жоксуңарбы, ошол менин атам болчу! Аны пулемет менен атпадыбы, ал өлбөдүбү! — деп, кишилер унчукпаган сайын күчөп, алардын үн катпаганына ызаланып, булар эмне үчүн менин атамды жактырышпайт, эмне үчүн аны макташпайт деген ой менен кайта-кайта: “Ал өлбөдүбү! Ал өлбөдүбү!” — деп жатты.

Кимдир бирөө жактырбагандай чырт этти:

–Тек, антип айтпа, оозуңа таш!

–Ал эмнеси экен! — деди анда ары жактан мойнун созгон чал. — Эмнеси бар экен. Атасы согушта ноопат болгону жалган беле? — анан унчукпай калып, ылдый карап кобурады: — Атасы эмей, атасы да…

Ошондо мектепте окуп калган балдардын бири чындыкты бетке айтты:

–Ал сенин атаң эмес. Эмне кыйкырасың? Түк да сенин атаң эмес, ал артист. Ишенбесең, тигиногу киночунун өзүнөн сура.

Иштин жайын сезе калган эстүү-баштуулар атасыз баланын жасап алган таттуу да, ачуу да алданмасын бүлдүргүсү келбей, жок, ал сенин атаң эмес, башка дегенге ооздору барбай, балдардын талашына аралашпады. Кантсе да чындыкты кино алып келген чоочун жигит өзү айтсын дегенчелик кылып, баары тең киномеханикке бет алып, күтүп калышты. Тигил да кийлигишпеди. Аппаратын оңдомуш болуп жатты.

–Жок, ал менин атам болчу, менин атам!— дей берди ызага туталанган Авалбек.

–Кайсынысы эле сенин атаң? Айтчы, кайсынысы эле? — деп алиги окуучу бала да тилин тартпады.

–Сен көргөн жоксуңбу? Менин атам гранатты алып танкага минтип… Анан минтип жыгылбадыбы! — Авалбек боюн жерге таштап, атасынын кандайча окко учканын көрсөттү. Дал өзүндөй келтирип, эки-үч ала-сала оодарылып, анан чалкадан түшүп, экрандын алдында эки колун эки жакка таштап, өлгөн жоокердей жатып калды. Отургандар айласыздан дуу жарылып күлүп жиберишти:

–Ой, бул артист турбайбы!

–Ой, жоругуң түшкүр!..

Бирок Авалбек күлгөн жок. Былк этпей, баатыр атасынын кейпин кийгендей, ошол калыбында экрандын бери четинде сулап жатты.

Күлкү тыйыла калып, кашардын ичин дагы да жүрөк өйүткөн дым басты.

–Э, Жээнгүл,— деди баягы “тообалап” кино көргөн аял. Анын үнү каргылданып, титиреди. — Эмне шал болуп отурасың? Карабайсыңбы тетиги балаңы!

Эми элдин баары Жээнгүл жакка бурулду. Анын көзүнө жаш алып, унчукпай эрдин бек кымтып, түз басканын узата карашты. Жээнгүл баланын жанына келди да, аны өйдө тургузуп:

–Жүр, балам, жүрөгой. Ошол сенин атаң,— деп акырын айтып, аны колунан жетелеп тышка чыгып кетти.