Калемгерлер арасында сынак жарыяланат

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,
КРнын Улуттук жазуучулар союзу

Калемгерлер арасында поэзия, проза, драматургия жана адабий сын боюнча адабий сынак жарыялайт

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ

• Адабий сынак жүзөгө ашырыла турган жер:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

1. Адабий сынактын катышуучуларынын курамы:
Жаш курактары чектелбейт

2. Адабий сынактын максаты жана милдети:
• Эгемендүүлүк жылдардан кийинки кыргыз адабиятындагы адабий процесстин деңгээлин жогорулатуу;
• Кыргыз окурмандарына чыгармачылык чеберчилиги кынтыксыз, эстетикалык табити жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты чыгармалардын үлгүлөрүнө тете авторлорду тааныштыруу;
• Акын-жазуучулардын анын ичинен драматургдардын, адабий сынчылардын, адабиятты илимий жактан изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын эл арасына кеңири жайылтуу;
• Адабий чыгармачыл жаш күчтөрдү коомдук-маданий турмушка активдүү аралаштыруу;
• Кыргыз маданиятынын жана адабиятынын идеялык-көркөмдүк деңгээлин өнүктүрүү, анын коомдун өнүгүшүнө жана инсандын калыптанышына тийгизген таасирин күчөтүү;

4. Адабий сынактын уюштуруучулары:
• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
• Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу.

5. Уюштуруучу топтун милдеттери:
• Адабий сынакты уюштуруунун жана өткөрүүнүн иш-планын иштеп чыгуу;
• Адабий сынактын калыстар тобун түзүү;
• Жалпы чыгымдардын сметасын түзүп чыгуу;
• Катышуучуларга толук маалыматты жеткирүү;
• Өнөктөштөр менен тыгыз иштешүү;
• ЖМКлар менен тыгыз кызматташуу.
• Адабий сынакка келип түшкөн чыгармаларды калыстар тобунун курамына автордун ысымдары көрсөтүлбөгөн шартта тапшырат.

6. Калыстар тобу:
• Калыстар тобунун курамы КРнын Улуттук жазуучулар союзу менен макулдашуунун негизинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу аркылуу бекитилет.
• Калыстар тобунун мүчөлөрү сынактын катышуучуларынын чыгармаларын карап чыгып, көз карандысыз баа берет;
• Адабий сынактын жыйынтыгы калыстар тобунун көпчүлүк бөлүгүнүн чечими менен кабыл алынат;
• Катышуучулардын чыгармалары боюнча кыскача пикир билдирет.

7. Адабий сынакка катышуунун шарттары:
• Адабий сынак төмөнкү 4 (төрт) жанр боюнча жүргүзүлөт:
1. Поэзия
– Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты поэма гана кабыл алынат;
2. Проза
– Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты аңгеме гана кабыл алынат;
3. Драма
– Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты пьеса гана кабыл алынат;
4. Адабий сын
– Тематикалык чектөө коюлбаган бүгүнкү күндөгү адабий процесстин өсүп-өнүгүү, өксүк маселелерин так-таамай чагылдырган адабий эмгектер кабыл алынат;
5. Чыгармалардын көлөмүнө чектөө коюлбайт.
• Чыгармалар Times New Roman 14 арибинде 1,5 сап аралыкта жазылууга тийиш;
• Чыгармалар электрондук түрдө гана кабыл алынат;
• Адабий сынакка катышкан чыгармалар авторго кайра кайтарылып берилбейт;
• Адабий сынакка катышууну каалаган авторлор мурда эч жерде жарыяланбаган жаңы чыгармаларын сунуштайт.
• Жогорудагы талаптар аткарылбаган учурда автоматтык түрдө катышуудан четтетилет;
• Сынакка чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 30-ноябрына чейин жүргүзүлөт;
• Сынактын кабыл алуу мөөнөтүнөн кечиктирилип тапшырылган чыгармалар кабыл алынбайт;
• Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, Е-mail: synak.2020@mail.ru
• Байланыш үчүн тел.: (0312) 62-34-97, 0707 71 05 71, 0703 72 58 58.
• Адабий сынакты өткөрүү боюнча толук маалыматтар жана сынактын жыйынтыгы www.mkit.gov жана www.adabiyat.kg сайттарына жарыяланат.