Сынактын мөөнөтү 20-октябрга чейин узартылды

Урматтуу калемгерлер, адабият күйөрмандары, КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналып уюштурулган республикалык поэзия сынагы 20-октябрга чейин (10 күнгө) узартылды. Баткен окуясына байланыштуу, мааракелик иш-чара ноябрь айына жылдырылган. Мындан улам, катышуучуларга дагы убакыт, мүмкүнчүлүк берүү максатында чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтүн 20-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алдык. Кабыл алуу 20-октябрь күнү саат 18:00дө аяктайт. Чамдаңыздар! Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын ЖОБОСУ Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас толугу менен…..

Чек арачыга даңк!

Урматтуу калемгерлер, чамдаңыздар, конкурс! КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү “Нуркелди” курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен мекен чегин коргогон аскерлерге жана чек арада жашаган мекендештерге арналган поэзиялык чыгармалардын сынагын жарыялайт. Сынакка элдин, аскерлердин духун көтөргөн жана аларга дем берген ырлар кабыл алынат. Ырлардын көлөмү 20 саптан ашпашы керек. Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Бардык аймактан жана дүйнөнүн бардык жеринен катышса болот. Мурда жарыяланбаган ырларга артыкчылык берилет. Сынакка чыгармаларды кабыл алуу 2022-жылдын 16-октябрь күнү токтотулат. Байге фонду: 100 000 (жүз миң) сом. Чыгармаларды jazuuchu.osh@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр. Байланыш тел.: 0700 37 88 толугу менен…..

Б.Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагы старт алды

Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын ЖОБОСУ Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтү. Сынактын максаты Байдылда Сарногоев атындагы республикалык сынакты уюштуруу 2 этап менен өткөрүлөт; Байдылда Сарногоевдин чыгармачылыгын жайылтуу; Акындарга чыгармачылык дем берүү; КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү планынын алкагында уюштурулат; Сынак 2 (эки) жылда бир уюштурулуп турат. Чыгармаларды каттоого коюлган талаптар Сынакка катышуу толугу менен…..

«Жаш толкун 2022» II республикалык конкурсуна чыгармаларды кабыл алуу уланууда

«Жаш толкун 2022» II республикалык конкурсунун шарттары Конкурска катышуунун шарттары: Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Катышуучулардын жаш курагы катышууга арыз берген учурда (электрондук почта же кадимки почта менен жиберилген датага карата) белгиленет. Конкурска катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени 2022-жылдын 15-июнуна чейин тапшырышы керек. Конкурстук арыздардын берилиши: Электрондук почта аркылуу (tursunbekov@gmail.com адресине «Конкурска» деген белги менен); Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Фонддун Бишкек шаарындагы толугу менен…..

БМУда Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы өттү

К.Карасаев атындагы БМУда Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата адбий – маданий илимий – агартуу форуму болуп өттү. Ага КР мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, академик А.Эркебаев, А.Акматалиев, акын, жазуучулар, маданият өкүлдөрү катышты. Форумду БМУнун ректору А.Мусаев уюштуруп, өзү модератор болду. Бул уюштурулган форумдун максаты кыргыз тилин жана адабиятын байытуу, өнүктүрүү болгон. Иш чаранын алкагында китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. БМУнун студенттери Т.Сыдыкбековдун чыгармаларын сахналаштырып коюп беришти. Иш чаранын соңунда концерттик программа тартууланды.

Кайра жаңыланган китеп

Психологиялык романдын мыкты үлгүсү болгон У. Абдукаимовдун “Майдан” романы “Мезгил” басмасы тарабынан кайрадан басылып чыкты. У. Абдукаимов советтик аскердин көнүмүш болуп калган, схемага түшкөн образынан оолактап, кан майдандагы адамдардын чыныгы турмушун таасын ачып берет. Романды жазууда совет бийлигинин эрежелеринен чыгып кеткенинин айынан убагында көп каршылыктарга туш болгону менен “Майдан” романы адабиятка жаңылык алып кеген чыгарма катары бааланган. Себеби согушту өз көзү менен көрүп келген жазуучу катары башынан өткөн күндөрүн күндөлүк кылып жазып, чогултуп жүргөн. У. Абдукаимов “Майдан” романы аркылуу жогорку чеберчилик менен адам концепциясын алгачкылардан болуп көтөрүп чыгат. Бул тууралуу толугу менен…..

“Жаш толкун 2022” II республикалык поэзия сынагы старт алды

Жарыя! «Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд» Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен “Жаш Толкун 2022” II республикалык поэзия сынагын жарыялайт. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындар катыша алышат. Конкурстук чыгармалар 2022 – жылдын 15 – июнуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 200 000 сом. Конкурстук арыздар fond.tursunbekov@gmail.com электрондук почта аркылуу же Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010 дарегине жиберилиши зарыл. Сурап билүү үчүн телефондор0312 658-658, 0557 27-23-07. Так маалыматты фонддун соц. тармактагы баракчасынан жана КР Улуттук жазуучулар союзунун интернет баракчасынан алсаңыздар болот.

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Көңүл буруңуздар, адабий сынак жарыялайбыз! Урматтуу элге билим берүү тармагынын кызматкерлери, Ардактуу кыргыз тили жана адабияты адистигине эгедер мугалимдер, “Турар” басмасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Ала-Тоо” журналы мектеп окуучуларынын арасында атаандаштыкты пайда кылып, аларды адабий ишмердүүлүккө тартуу максатында кыргыз адабиятынын колдоочусу, маркум Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыгын изденип алуу үчүн сынак жарыялайт. Сиздер тарбиялаган окуучулардын ичинен келечекте Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Төлөгөн Касымбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев сыяктуу заман залкарлары чыгышын каалайсыздарбы? Анда талант-шыгы бар окуучуларды адабий сынакка катышууга шарт түзүп бериңиздер. толугу менен…..

Көңүл буруңуздар, конкурс

«МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ – ЫЙМАНДАН» аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү мекенчил ырларды көркөм окуу сынагынын ЖОБОСУ Жалпы маселелер ⟡-Сынак «Мухаммед Умар» жана «Китепкөй эл» коомдук бирикмелеринин демилгеси менен, ошондой эле «Бактынур» продюсердик борбору, «Мундуз-турист» агентствосу, «Silk Way» мейманканасы жана «КИТЕП.kg» дүкөнүнүн уюштуруусу аркылуу өткөрүлөт. ⟡-Сынакты уюштуруу, өткөрүү, ошондой эле катышуучуларды баалоонун критерийлерин тактоо, сыйлыктарды даярдоо жана катышуучуларды сыйлоо тартибин аныктоо менен байланышкан бардык маселелер уюштуруу комитети аркылуу ишке ашырылат. ⟡-Уюштуруу комитети сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө жарыяларды жарыялоого, маалыматты калктын кеӊири катмарына жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, сайттар аркылуу таратууга тийиш. толугу менен…..